Telegram Web Link
Кыргызстандын делегациясы Азербайжанда Pre-COP29 жолугушууларына катышууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Баку шаарында (Азербайжан) Климаттын өзгөрүшү боюнча тараптардын конференциясынын (Pre-COP29) алдын ала иш-чаралары жана жолугушууларына катышууда.

Иш-чаралар “Амбицияларды көтөрүү жана аракеттерди камсыз кылуу” урааны астында өтүүдө. Жолугушуулар жаңы Жамааттык климаттык каржысынын сандык максаты (NCQG), глобалдык жыйынтык чыгаруу, адаптация, митигация жана климаттын өзгөрүшүнүн башка актуалдуу маселелери боюнча талкууларды камтыйт.

Кыргыз делегациясы өз сөзүндө тоолуу аймактардын жана экосистемалардын климаттын өзгөрүүсүнө, мөңгүлөрдүн эрүү процесстерине, табигый кырсыктардын жыштыгына карата алсыздыгын белгилеп, айыл чарба жана социалдык-экономикалык чөйрөдөгү актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн эл аралык кызматташууга жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын тоо демилгелерин колдоого чакырды.

Бул иш-чаралардын алкагында Кыргызстандын делегациясынын БУУнун Башкы катчысынын орун басары Амина Мохаммед, БУУнун климат боюнча алкактык конвенциясынын аткаруучу катчысы Саймон Стил, Азербайжандын экология жана жаратылыш ресурстары министри Мухтар Бабаев, Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Ялчин Рафиев жана башка чет мамлекеттердин делегацияларынын башчылары менен жолугушуулары болуп өттү.

Жолугушуулар учурунда Кыргызстан тарабынан көтөрүлгөн глобалдык туруктуу тоолорду өнүктүрүү боюнча демилгелер жана иш-чаралар Тараптардын конференциясынын 29-сессиясынын күн тартибинин алкагында талкууланды.

PreCOP БУУнун Тараптарынын Конференциясына (COP) бир ай калганда өткөрүлөт жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн негизги маселелери боюнча Париж келишиминин катышуучуларынын ортосунда позицияларды макулдашуу кызматын аткарат.

**********
Делегация Кыргызстана принимает участие в совещаниях Pre-COP29 в Азербайджане

Специальный представитель Президента Кыргызской Республики по реализации Пятилетия действий по развитию горных регионов Динара Кемелова совместно с Министром природных ресурсов, экологии и технического надзора КР Медером Машиевым принимают участие в предварительных мероприятиях и совещаниях Конференции сторон по изменению климата (Pre-COP29) в г. Баку, Азербайджан.

Мероприятия проходят под девизом «Повышение амбиций и обеспечение действий». В ходе совещаний обсуждаются такие важные вопросы, как новая коллективная количественная цель в области климатического финансирования (NCQG), глобальное подведение итогов, а также меры по адаптации, митигации и другие актуальные проблемы, связанные с изменением климата.

Кыргызская делегация в своих выступлениях, отмечая уязвимость горных регионов и экосистем к изменению климата, процессы таяния ледников, учащение природных катаклизмов, призывает к международному сотрудничеству для решения насущных проблем в сельском хозяйстве и социальной-экономической сфере, а также поддержки горных инициатив КР.

На полях мероприятий также состоялись встречи кыргызской делегации с Заместителем Генерального секретаря ООН Аминой Мохаммед, Исполнительным секретарем РКИК ООН Саймоном Стилом, Министром экологии и природных ресурсов Азербайджана Мухтаром Бабаевым, Заместителем министра иностранных дел Азербайджана Ялчином Рафиевым и главами делегаций иностранных государств.

Во время переговоров обсуждались инициативы и мероприятия по глобальному устойчивому развитию горных регионов, которые продвигает Кыргызстан в рамках климатической повестки на 29-й сессии Конференции сторон Рамочной конвенции ООН об изменении климата (СОР29).

Отмечено, что Pre-COP проводится за месяц до основной Конференции сторон (COP/КС) РКИК ООН и служит для согласования позиций участников Парижского соглашения по ключевым вопросам борьбы с изменением климата.
Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 11-октябрда Түркмөнстанга болгон бир күндүк иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумга катышты.

Иш-чарага Армения, Иран, Пакистан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Монголиянын Президенттери, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы, эл аралык уюмдардын жетекчилери, чет мамлекеттердин өкмөт мүчөлөрү, көрүнүктүү окумуштуулар, маданият ишмерлери жана дипломаттар катышты.

Форумда сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы Махтумкули Фраги — бул карт тарыхтагы жөн гана ысым эмес, ал – эркиндиктин, адамгерчиликтин жана жогорку адеп-ахлактын символу болуп, анын орошон ойлору жана чыгармачылыгы мезгилдердин, элдердин жана цивилизациялардын ортосунда көпүрө катары кызмат кыларын баса белгиледи.

Президент Махтумкули Фраги өзүнүн поэтикалык дүйнөсүндө элдик чыгармачылыктын бардык түстөрүн, байлыгын чогулта алганын айтты: анын чыгармалары биримдикке чакырган күч да боло алат, анткени поэзия - баарлашуунун универсалдуу жолу болуп саналат. Акын өз ырлары аркылуу адамдарды ыймандуу, мекенчил, айкөл, эр жүрөк жана ар-намыстуу болууга үндөгөн.

Форумдун жүрүшүндө Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгынын урматына медаль менен сыйлады.

Андан соң Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле соода, энергетика, транспорт жана логистика сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовго Махтумкули Фрагинин тандалма чыгармаларынын кыргыз тилиндеги китебин тартуу кылды.

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга болгон иш сапарын аяктап, 11-октябрда Бишкекке кайтып келди.
Завершился рабочий визит Президента Садыра Жапарова в Туркменистан

Завершился однодневный рабочий визит Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Туркменистан, состоявшийся 11 октября.

В рамках визита Садыр Жапаров принял участие в международном форуме «Взаимосвязь времён и цивилизаций — основа мира и развития», приуроченном к 300-летию туркменского поэта и философа Махтумкули Фраги.

В мероприятии приняли участие Президенты Армении, Ирана, Пакистана, Казахстана, России, Узбекистана, Таджикистана, Монголии, Председатель Великого Национального собрания Турции, руководители международных организаций, члены правительств иностранных государств, видные учёные, деятели культуры и дипломаты.

Выступая на форуме, Глава государства подчеркнул, что Махтумкули Фраги — это не просто имя в истории: это символ духа свободы, человечности и высокой морали, чьи идеи и творчество стали мостом между временами, народами и цивилизациями.

Президент отметил, что в своём поэтическом мире Махтумкули Фраги сумел собрать все краски и богатство народного творчества: его произведения выступают консолидирующей силой, потому что поэзия — универсальный способ общения. В своих стихах он призывал людей к чистоте нравственности, к таким высочайшим человеческим качествам, как патриотизм, гуманизм, мужество, честь и достоинство.

В ходе работы форума Президент Туркменистана Сердар Бердымухамедов наградил Садыра Жапарова медалью в честь 300-летия Махтумкули Фраги.

Далее Президент Садыр Жапаров встретился с Председателем Халк Маслахаты Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедовым.

Состоялся обмен мнениями по вопросам углубления торгово-экономического и культурно-гуманитарного сотрудничества, а также реализации совместных проектов в таких сферах, как торговля, энергетика, транспорт и логистика.

По итогам встречи Глава государства подарил Гурбангулы Бердымухамедову книгу избранных произведений Махтумкули Фраги на кыргызском языке.

Завершив рабочий визит в Туркменистан, Президент Садыр Жапаров 11 октября вернулся в г. Бишкек.
Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Протокол менен 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, аларга ылайык, ЕАЭБдин бажы аймагына электрондук соода товарларды ташып келүүнүн тартибин жана шарттарын, аларды ЕАЭБдин бажы аймагында жайгаштырууну жана пайдаланууну, бажы операцияларын жүргүзүүнү, электрондук соода товарларды убактылуу сактоого, бажылык декларациялоого жана чыгарууга, электрондук соода товарларга карата бажылык бажы кампасынын жол-жоболорун колдонуунун өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле бажы алымдарын колдонууну аныктайт.

Мындан тышкары, Протокол бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө жаңы институтту жана иштин түрүн – электрондук соода операторун түзүүнү карайт, ал мүчө-мамлекеттин аймагында электрондук соода товарларына карата бажы операцияларын жүзөгө ашырат жана бажы органы тарабынан электрондук соода операторлорунун реестрине киргизилет. Ошондой эле, Протокол электрондук соода операторуна талаптарды камтыйт.

******

Ратифицирован Протокол о внесении изменений в Договор о Таможенном кодексе Евразийского экономического союза

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О ратификации Протокола о внесении изменений в Договор о Таможенном кодексе Евразийского экономического союза от 11 апреля 2017 года, подписанного 25 декабря 2023 года в городе Санкт-Петербурге».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 18 сентября 2024 года.

Указанным Протоколом внесены изменения в Таможенный кодекс Евразийского экономического союза от 11 апреля 2017 года, согласно которым определены порядок и условия ввоза на таможенную территорию ЕАЭС товаров электронной торговли, их нахождения и использования на таможенной территории ЕАЭС, совершения таможенных операций, связанных с временным хранением, таможенным декларированием и выпуском товаров электронной торговли, особенности применения таможенной процедуры таможенного склада в отношении товаров электронной торговли, а также применения таможенных платежей.

Кроме того, Протокол предусматривает создание нового института и вида деятельности в сфере таможенного регулирования – оператора электронной торговли, который будет совершать таможенные операции в отношении товаров электронной торговли на территории государства-члена, таможенным органом которого он включен в реестр операторов электронной торговли. Также, Протокол предусматривает требования к оператору электронной торговли.
2025/01/10 08:14:11
Back to Top
HTML Embed Code: