Telegram Web Link
«Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгиси уюштурулду


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгисин уюштуруу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун урматына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгиси уюштурулсун.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгиси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
– «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгисине күбөлүктүн формасы 2-тиркемеге ылайык;
– «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунунтүзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгисинин сыпатталышы 3-тиркемеге ылайык.
3. «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгилерин жана алардын күбөлүктөрүн даярдоого, ошондой эле сыйлоо боюнча салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар КыргызРеспубликасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен жабылат деп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
– «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгилерин жана аларга 100 даана күбөлүктөрдү белгиленген тартипте даярдоону камсыз кылсын;
– «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгилери менен сыйлоодо салтанаттуу кырдаалды уюштурсун.

Тиркеме: https://president.kg/news/decrees/25829
Учрежден юбилейный знак «100-летие со дня образования Кара-Кыргызской автономной области»


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ «Об учреждении юбилейного знака «100-летие со дня образования Кара-Кыргызской автономной области».

В честь празднования 100-летия со дня образования Кара-Кыргызской автономной области, руководствуясь статьями 66, 71 Конституции Кыргызской Республики, постановляется:

1. Учредить юбилейный знак «100-летие со дня образования Кара-Кыргызской автономной области».
2. Утвердить:
– Положение о юбилейном знаке «100-летие со дня образования Кара-Кыргызской автономной области» согласно приложению 1;
– форму удостоверения к юбилейному знаку «100-летие со дня образования Кара-Кыргызской автономной области» согласно приложению 2;
– описание юбилейного знака «100-летие со дня образования Кара-Кыргызской автономной области» согласно приложению 3.
3. Определить, что расходы, связанные с изготовлением юбилейных знаков «100-летие со дня образования Кара-Кыргызской автономной области» и удостоверений к ним, а также проведением торжественного мероприятия по награждению, покрываются за счет средств Фонда Президента Кыргызской Республики.
4. Управлению делами Президента Кыргызской Республики:
– обеспечить в установленном порядке изготовление юбилейных знаков «100-летие со дня образования Кара-Кыргызской автономной области» и удостоверений к ним в количестве 100 штук;
– организовать торжественную обстановку при награждении юбилейными знаками «100-летие со дня образования Кара-Кыргызской автономной области».

Приложение: https://president.kg/news/decrees/25829
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде аймактын жашоо-тиричилигин камсыздоо жана жергиликтүү деңгээлде калкка кызмат көрсөтүү системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын
6-сентябрындагы № 256 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) төмөнкүдөй мазмундагы 4¹-пункт менен толукталсын:
«4¹. Төмөнкүлөр белгиленсин:

– жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин иши башталганга чейин административдик-аймактык реформанын алкагында чек аралары өзгөргөн шаарлардын мэрлерине жергиликтүү жыйымдарды киргизүү, жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджеттерге өзгөртүүлөрдү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды керектөөнүн тарифтерин жана ченемдерин, жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга карата тарифтерди, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жактырылуучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн муниципалдык менчикти пайдаланууга берүү тартибин бекитүү, укук бузуулар жөнүндө иштерди кароочу комиссиялар жөнүндө жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилет деп;

– шаарлардын мэрлеринин аталган чечимдери андан ары жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин сессияларында бекитилүүгө тийиш деп;

– ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш деп.»;

2) 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары убактылуу жок болгон мезгилде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарын ченем жаратуучу органдар деп аныктоочу ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.»;

3) төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:

«91. Административдик-аймактык реформанын алкагында чек аралары өзгөргөн шаарлардын мэрлери ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.».

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Внесены изменения в Указ «О роспуске местных кенешей Кыргызской Республики и назначении выборов депутатов местных кенешей Кыргызской Республики» от 6 сентября 2024 года № 256

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ «О внесении изменений в Указ Президента Кыргызской Республики «О роспуске местных кенешей Кыргызской Республики и назначении выборов депутатов местных кенешей Кыргызской Республики» от 6 сентября 2024 года № 256.

В целях организации бесперебойного функционирования системы жизнеобеспечения территории и оказания услуг населению на местном уровне в период подготовки и проведения выборов депутатов местных кенешей, руководствуясь статьями 66, 71 Конституции Кыргызской Республики, постановляется:

1. Внести в Указ Президента Кыргызской Республики «О роспуске местных кенешей Кыргызской Республики и назначении выборов депутатов местных кенешей Кыргызской Республики» от 6 сентября 2024 года № 256 следующие изменения:

1) дополнить пунктом 4¹ следующего содержания:
«4¹. Установить, что:
– до начала работы новых созывов местных кенешей мэры городов, границы которых изменены в рамках административно-территориальной реформы, наделяются полномочиями по введению местных сборов, утверждению изменений в утвержденные местными кенешами местные бюджеты, тарифов и нормативов потребления коммунальных услуг и товаров, предоставляемых органами местного самоуправления, тарифов на пассажирские перевозки на автомобильном транспорте общего пользования, порядка передачи в пользование муниципальной собственности для реализации инвестиционных проектов, одобряемых Кабинетом Министров Кыргызской Республики, внесению изменений в положения о комиссиях, рассматривающих дела о правонарушениях;

– указанные решения мэров городов в последующем подлежат утверждению на сессии новых созывов местных кенешей;

– решения по вопросам, указанным в абзаце втором настоящего пункта, подлежат включению в Государственный реестр нормативных правовых актов Кыргызской Республики в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики.»;

2) пункт 6 дополнить абзацами следующего содержания:

«– в установленном порядке разработать соответствующие проекты нормативных правовых актов, определяющие исполнительные органы местного самоуправления нормотворческими органами на период временного отсутствия представительных органов местного самоуправления;

– принять иные меры, вытекающие из настоящего Указа.»;

3) дополнить пунктом 91 следующего содержания:

«91. Мэриям городов, границы которых изменены в рамках административно-территориальной реформы, принять соответствующие меры, вытекающие из настоящего Указа.».

2. Настоящий Указ вступает в силу со дня официального опубликования.
Ысык-Көл облусунун аймагында “Асман экологиялык таза шаары” пилоттук долбоорун куруу концепциясынын негизги багыттары жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров экологиялык таза Асман шаарын курууну ишке ашырууда экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында “Ысык-Көл облусунун аймагында “Асман экологиялык таза шаары” пилоттук долбоорун куруу концепциясынын негизги багыттары жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

https://president.kg/news/all/25831

******

Подписан Указ об основных направлениях концепции строительства пилотного проекта «Экологически чистый город Асман» на территории Иссык-Кульской области

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ «Об основных направлениях концепции строительства пилотного проекта «Экологически чистый город Асман» на территории Иссык-Кульской области» в целях обеспечения экологической безопасности при реализации строительства экологически чистого города.

https://president.kg/news/all/25831
“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасында ар бир адам каза болгондон кийин керээзи боюнча каадаларды жана салттарды, диний жана табынуу үрп-адаттарын сактоо менен жайга коюлууга укуктуу. Сөөктү жайга коюу жалпыга таанылган адеп-ахлактын, этиканын принциптерине каршы келбеген дин тутуу каадаларын жана салттарын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын элинин көпчүлүгү тутунган ислам дининде сөөктү жайга коюнун өзүнчө үрп-адаттары жана маркумду узатуунун ырасымдары жана эрежелери бар.

Мусулмандардын мүрзөлөрүндөгү эстеликтердин сырткы көрүнүшүнө катуу талаптар коюлат: бул салттар христиан жана башка диндерден айырмаланып турат.
Ошол эле учурда азыркы кыргыз коомунда маркумду жайга коюуда текебердик, башка адамдардын социалдык абалына менменсинип мамиле кылуу, ашыкча ысырапкорлук, диний каадаларды жана салттарды этибар албоо сыяктуу терс көрүнүштөр жана кемчиликтер кездешет – маркумдун бир туугандары таштан, граниттен же мрамордон өтө чоң курулмаларды, күмбөздөрдү курууда, маркумдун статуясын орнотууда, мүрзөлөрдү кооз металл тосмолор менен тосууда.
Маркумдарды жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, кыргыз коомунун руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын коргоо, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын иш жүзүндө жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына сунушталсын:

– маркумдарды жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, мүрзөгө эстеликтерди коюуда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн төмөнкүлөрдү камтыган тиешелүү фатваларды чыгаруу:

“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөрдү кошпогондо, мусулман кабырларынын аймагында таштан, граниттен, мрамордон, металлдан жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салууну;

мүрзөдөгү эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдарынан даярдалат жана бийиктиги 0,70 метрден ашпайт деп аныктоону;

– маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча эл арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүү.

2. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

– үч айлык мөөнөттө “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иш жүзүндө жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрсүн;

– көрүстөндөрдү жайгаштырууга, жасалгалоого жана көрктөндүрүүгө, пайдаланууга жана күтүүгө экологиялык, санитардык талаптарды, мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдөрүн, аларды жасоо үчүн материалдарга жана орнотууга талаптарды жөнгө салган шаар куруу документтерин, типтүү жоболорду (нускамаларды) иштеп чыксын жана бекитсин;

– дин тутуу каадаларына жана салттарына жараша жана мүрзөгө эстеликтерди тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин эл арасында дайыма жүргүзсүн;
– ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
Подписан Указ о мерах по реализации Закона Кыргызской Республики «О погребении и похоронном деле»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ «О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики «О погребении и похоронном деле».

В Кыргызской Республике каждый человек имеет право на погребение после смерти согласно его волеизъявлению, с соблюдением обычаев и традиций, религиозных и культовых обрядов. Погребение осуществляется с учетом вероисповедальных обычаев и традиций, не противоречащих общепризнанным принципам морали, этики. В исламе, который исповедует большинство населения Кыргызской Республики, существует свое отношение к обряду погребения, собственные ритуалы и правила прощания с усопшим. К внешнему виду памятников на могилах мусульман выдвигаются довольно строгие требования: их традиции отличаются от христианской и других религий.

Между тем в современном кыргызском обществе при проведении погребений усопших встречаются такие отрицательные проявления и пороки, как тщеславие, пренебрежительное отношение к социальному положению других людей, чрезмерное расточительство, игнорирование религиозных обычаев и традиций – родственники усопшего возводят мавзолеи, сооружения из камня, гранита или мрамора огромных размеров, устанавливают статуи покойного, могилы окружают роскошные металлические ограды.

В целях упорядочения традиций и обычаев погребения усопших, защиты духовно-нравственных ценностей кыргызского общества, обеспечения социальной справедливости и практической реализации Закона Кыргызской Республики «О погребении и похоронном деле», Указа Президента Кыргызской Республики «О мерах по упорядочению семейных торжеств и поминальных обрядов в Кыргызской Республике» от 24 февраля 2022 года № 54, руководствуясь статьями 66, 71 Конституции Кыргызской Республики, постановляется:

1. Рекомендовать Духовному управлению мусульман Кыргызстана:
– издать соответствующие фетвы для упорядочения традиций и обычаев погребения усопших, предотвращения расточительства при возведении намогильных памятников:
запрещающие возведение и установку монументов, статуй, памятников и надгробных плит, ограждений на территориях мусульманских кладбищ, изготовленных из камня, гранита, мрамора, металла и сочетания этих материалов, за исключением захоронений, имеющих в соответствии со статьей 22 Закона Кыргызской Республики «О погребении и похоронном деле» историко-культурное значение;
определяющие, что намогильные памятники и ограды изготавливаются из деревянных материалов и не превышают 0,70 метров в высоту;
– проводить постоянную информационно-разъяснительную работу среди населения по вопросам погребения усопших.
2. Государственной комиссии по делам религий Кыргызской Республики, Государственному агентству архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Кабинете Министров Кыргызской Республики, Государственному агентству по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики, полномочным представителям Президента Кыргызской Республики в областях, местным государственным администрациям и органам местного самоуправления Кыргызской Республики:
– в трехмесячный срок принять меры по практической реализации Закона Кыргызской Республики «О погребении и похоронном деле»;
– разработать и утвердить градостроительные документации, типовые положения (инструкции), регламентирующие экологические, санитарные требования к размещению, оформлению и благоустройству, эксплуатации и содержанию кладбищ, размеры намогильных памятников, требования к материалам для их изготовления и установку;
– проводить среди населения постоянную разъяснительную работу по вопросам погребения усопших исходя из вероисповедальных обычаев и традиций и недопущения расточительства при возведении намогильных памятников;
– принять иные необходимые меры, вытекающие из настоящего Указа.
Президент Садыр Жапаров алдыдагы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда, алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады. Үгүт кампаниясы жакында башталат, ал эми шайлоо 17-ноябрда өтөт.

https://president.kg/news/all/25833

**
Президент Садыр Жапаров сделал обращение в связи с предстоящими выборами депутатов в местные кенеши


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 16 октября, сделал обращение к народу в связи с предстоящими выборами депутатов в местные кенеши. Агитационная кампания начнется в ближашие дни, сами выборы состоятся 17 ноября.

https://president.kg/news/all/25833
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров алдыдагы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады
**

🎥Видео: Президент Садыр Жапаров сделал обращение в связи с предстоящими выборами депутатов в местные кенеши
Президенттин Атайын өкүлү Динара Кемелова GIZдин Борбор Азиядагы Аймактык программалар боюнча директору Торстен Брецин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Германиянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин GIZ) Борбор Азиядагы аймактык программаларынын директору Торстен Брецин менен жолугушту.

Дүйнөлүк, аймактык жана улуттук деңгээлдеги тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин алкагында Кыргыз Республикасынын GIZ менен кызматташуусу маселелери талкууланды.

GIZ өкүлдөрү өлкөдө жашыл экономиканы, туруктуу өнүгүүнү, кайра жаралуучу энергиканы жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган учурдагы долбоорлор, анын ичинде тоо демилгелерин колдоо тууралуу айтып беришти.

Президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова эл аралык платформаларда Кыргыз Республикасынын алдыга коюлган тоо демилгелери жөнүндө айтып берип, ошондой эле «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдарга карата беш жылдык иш-аракеттердин» Жол картасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө, тоолуу аймактар климаттын өзгөрүшүнө, анын ичинде тоолуу коомдор жана экосистемалар эң аялуу экендигин белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин алкагында жигердүү өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы жана Борбор Азиядагы тоолуу аймактагы тургундардын социалдык-экологиялык шарттарын жакшыртуу жана тоо экосистемаларын коргоо боюнча келечектеги башка долбоорлор боюнча кызматташууну макулдашышты.

****
Спецпредставитель Президента Динара Кемелова встретилась с директором региональных программ в Центральной Азии GIZ Торстеном Брецина

Специальный представитель Президента Кыргызской Республики по реализации Пятилетия действий по развитию горных регионов Динара Кемелова встретилась с директором региональных программ в Центральной Азии Германского агентства по международному сотрудничеству (GIZ) Торстеном Брецина.

Обсуждены вопросы сотрудничества Кыргызской Республики с GIZ в рамках Пятилетия действий развития горных регионов на глобальном, региональном и национальном уровнях.

Представители GIZ рассказали о текущих проектах, направленных на развитие зеленой экономики, устойчивое развитие, возобновляемую энергетику и сельское хозяйство, в том числе на поддержку горных инициатив в стране.

Спецпредставитель Президента Динара Кемелова рассказала о продвигаемых горных инициативах Кыргызстана на международных площадках, а также о реализации Дорожной карты «Пятилетия действий развития горных регионов на 2023-2027 годы», отметив, что горные регионы наиболее уязвимы к изменению климата, включая горные сообщества и экосистемы.

В завершение стороны договорились активно взаимодействовать в рамках Пятилетия действий развития горных регионов, а также сотрудничать по другим будущим проектам по улучшению социально-экологических условий горных жителей и защите горных экосистем в Кыргызстане и Центральной Азии.
Президент Садыр Жапаров Бишкекте генерал-лейтенант А.Бакаев атындагы УКМК Академиясын ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда, Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.Бакаев атындагы Академиясынын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы катышуучуларды Академиянын ачылышы менен куттуктап, дүйнөдөгү жана чөлкөмдөгү саясий кырдаал Улуттук коопсуздук органдарынан алдыга коюлган тапшырмаларды так аткаруусу үчүн тиешелүү иш-аракеттерди талап кылып жатканына көңүл бурдурду. Ал ыкчам кызматкерлердин күжүрмөн кесиптик даярдыгынын, талдап-ой жүгүртүүсүнүн жана чечкиндүүлүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Кесиптик кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында Академия түзүү боюнча Президенттин Жарлыгы чыккан.

“Академия кесипкөй чекисттерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу багытында илимий жана усулдук борбору бар адистештирилген жогорку аскердик окуу жайы болмокчу. Бул окуу жайдан жаш адистер мамлекетибиздин конституциялык түзүмүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билимге, чеберчиликке жана жөндөмдөргө ээ болушат”, - деди Садыр Жапаров.

Ал ушул убакка чейин өлкөбүздүн улуттук коопсуздук органдарына керектүү адистер Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын адистештирилген аскердик окуу жайларында окуп келишкенин эске салды. Эми бул багыттагы адистер өзүбүздүн Академиядан даярдалып чыгарылат.

Мамлекет башчысы бул Академия улуттук коопсуздук органдарына, анын ичинде улуттук коопсуздук органдарынын ведомстволук бөлүкчөлөрүнө, ошондой эле Коргоо министрлигинин тиешелүү бөлүкчөлөрүнө кадрларды даярдай турганын сыймыктануу менен белгиледи. Анда Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, жетекчилик курамды окутуп чыгаруу, ошону менен бирге улуттук коопсуздукту камсыздоонун актуалдуу маселелерине илимий жактан изилдөөлөрдү жүргүзүү менен улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү иштери жүргүзүлөт.

Академия мындан сырткары, чалгындоо, чалгынга каршы жана ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон кесиптик жөндөмдөрдү өркүндөтүү жаатында иш алып барат. Мында аскердик адистер үчүн кесиптик даярдоо программасы боюнча 5 жылдык мөөнөттө окутуу каралган, ошондой эле ыкчам курам үчүн 1 жылдык мөөнөттөгү кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурулган.

Садыр Жапаров иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу ар кандай кырдаалдарда сабаттуу чечим кабыл алууга, ишенимдүү иш алып барууга жол ача турган теориялык, укуктук билимдерин жаңыртат, практикалык көндүмдөргө көнүктүрөт деп ишеним билдирди. Ал бул Академия улуттук коопсуздук органдарынын илимий, укуктук, кесипкөйлүк муктаждыктарын канааттандырган институтка айланарын жана мамлекеттин коопсуздугун бекемдөөгө маанилүү кадам болуп каларын айтты.

Мамлекет башчысы ачылыш аземинен кийин Академиянын инфратүзүмү менен таанышып, болочок адистердин окуулары жана машыгуулары өтүүчү заманбап окуу жана аскердик корпустарды кыдырды. Ал ошондой эле музей, спорттук зал жана курсанттардын ыңгайлуу жашоосун камсыздаган жатакананы көрүп чыкты. Кыдыруу учурунда Президент улуттук коопсуздук кызматкерлеринин дене тарбиялык даярдыгын жакшыртуу жана саламаттыгын бекемдөө үчүн жасалган стадиондо жана жабык бассейнде да болду.

Президент Садыр Жапаров келечектеги кызматкерлерди тандоо кесипкөйлүккө, компетенттүүлүккө жана кызматка берилгендигине көңүл буруу менен кылдат жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. Ал өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерди натыйжалуу аткара ала турган мыкты талапкерлерди тандоо маанилүү экенин баса көрсөттү.
2025/01/10 12:22:32
Back to Top
HTML Embed Code: