Telegram Web Link
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган форумга катышуу үчүн Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасына келди

****

🎥Видео: Президент Садыр Жапаров прибыл в Торгово-промышленную палату Туркменистана для участия в форуме, приуроченном к 300-летию туркменского поэта и философа Махтумкули Фраги
Президент Садыр Жапаров Ашхабадда түркмөн акыны Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган форумда сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) улуу түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдык мааракесине арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумда сөз сүйлөдү.

https://president.kg/news/all/25824


************

Президент Садыр Жапаров в г. Ашхабад выступил на форуме, посвященном 300-летию со дня рождения туркменского поэта Махтумкули Фраги

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 11 октября, в г. Ашхабад (Туркменистан) выступил на международном форуме «Взаимосвязь времен и цивилизаций – основа мира и развития», посвященном 300-летнему юбилею туркменского поэта и мыслителя Махтумкули Фраги.


https://president.kg/news/all/25824
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров Ашхабадда түркмөн акыны Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган форумда сөз сүйлөдү

****

🎥Видео: Президент Садыр Жапаров в г. Ашхабад выступил на форуме, посвященном 300-летию со дня рождения туркменского поэта Махтумкули Фраги
Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында Ашхабад шаарында Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле соода, энергетика, транспорт жана логистика сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаров менен жылуу учурашып, түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдык мааракесине арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Түркмөнстан Кыргызстан менен кызматташтыкты жогору баалаарын баса белгилеп, эки тараптуу күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгын айтты.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Кыргызстан Түркмөнстан менен терең маданий жана тарыхый байланыштарга таянып, товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулоого даяр экенин белгиледи.

Бул контекстте Мамлекет башчысы регионалдык интеграцияны жакшыртуу жана товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн энергетика тармагындагы кызматташтыкка жана өлкөлөр ортосунда жаңы транспорттук коридорлорду түзүүгө көңүл бурууну сунуштады.

Муну менен катар тараптар маданий кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин да талкуулашты жана бүгүнкү жолугушуу Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы боордоштук мамилелерди тереңдетүүнүн кезектеги кадамы болот деген ишенимин билдиришти.

Жолугушуунун аягында Президент Садыр Жапаров Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовго Махтумкули Фрагинин тандалма чыгармаларынын кыргыз тилиндеги китебин тартуу кылды.
Президент Садыр Жапаров встретился с Председателем Халк Маслахаты Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедовым

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 11 октября, в рамках рабочего визита в Туркменистан встретился с Председателем Халк Маслахаты Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедовым в г. Ашхабад.

Состоялся обмен мнениями по вопросам углубления торгово-экономического и культурно-гуманитарного сотрудничества, а также реализации совместных проектов в таких сферах, как торговля, энергетика, транспорт и логистика.

Гурбангулы Бердымухамедов тепло поприветствовал Садыра Жапарова и выразил благодарность за участие в международном форуме «Взаимосвязь времён и цивилизаций – основа мира и развития», посвящённом 300-летнему юбилею туркменского поэта и мыслителя Махтумкули Фраги.

Он подчеркнул, что Туркменистан высоко ценит сотрудничество с Кыргызстаном и выразил необходимость активизации взаимодействия по ключевым вопросам двусторонней повестки.

Президент Садыр Жапаров, в свою очередь, отметил, что Кыргызстан, основываясь на глубоких культурных и исторических связях с Туркменистаном, готов к обсуждению конкретных шагов по увеличению товарооборота и реализации совместных инфраструктурных проектов.

В этом контексте Глава государства предложил уделить внимание сотрудничеству в энергетическом секторе и созданию новых транспортных коридоров между странами для улучшения региональной интеграции и увеличения товарооборота.

Наряду с этим стороны также обсудили вопросы расширения культурного сотрудничества и выразили уверенность, что сегодняшняя встреча станет очередным шагом к углублению братских отношений между Кыргызстаном и Туркменистаном.

В завершение встречи Президент Садыр Жапаров подарил Председателю Халк Маслахаты Гурбангулы Бердымухамедову книгу избранных произведений Махтумкули Фраги на кыргызском языке.
2025/01/10 12:37:51
Back to Top
HTML Embed Code: