Telegram Web Link
🇰🇬🇦🇲 Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

“Сиздерди Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргелешкен аракеттердин аркасында келе жаткан 2025-жылы Армения Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын элдеринин бакубаттуулугу үчүн Ереван менен Бишкектин ортосундагы мамилелерди жемиштүү өнүктүрүүгө болот деп ишенем.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге жана Сиздин жакындарыңызга Жаңы жылда чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

*********

🇰🇬🇦🇲 Премьер-министр Армении Никол Пашинян поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом

Премьер-министр Республики Армения Никол Пашинян поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом.

«Сердечно поздравляю Вас по случаю Нового года. Уверен, что благодаря совместным усилиям, направленным на активизацию двустороннего взаимодействия и упрочение взаимовыгодного сотрудничества, в наступающем 2025 году будет возможно также продуктивно развивать отношения между Ереваном и Бишкеком, во благо благополучия народов Республики Армения и Кыргьпской Республики.

Пользуясь возможностью, желаю Вам и Вашим родным и близким в новом году доброго здоровья и успехов, а дружественному народу Кыргызстана— благосостояния и процветания», - говорится в поздравительной телеграмме.
Польшанын Президенти Анджей Дуда Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Польша Республикасынын Президенти Анджей Дуда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

"Жаңы жыл майрамына карата Польша элинин жана өзүмдүн атымдан Сизге жана Кыргыз Республикасынын жарандарына эң жакшы каалоолорду каалайм. Жаңы жыл бардыгыңыздарга гүлдөп-өнүгүүнү, ошондой эле өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелердин мындан ары өнүгүшүн жана эл аралык коомчулуктун бекемделишин алып келсин", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

*********

Президент Польши Анджей Дуда поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом

Президент Республики Польша Анджей Дуда поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом.

«По случаю Нового года от имени польского народа и от себя желаю вам и гражданам Кыргызской Республики наилучшие пожелания.
Пусть Новый год принесет всем процветание, а также дальнейшее развитие дружественных отношений между нашими странами и укрепление международного сообщества», - говорится в поздравительной телеграмме.
🇰🇬🇮🇷Ирандын Президенти Масуд Пезешкиан Президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкиан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады.

"Сизди жана өлкөңүздүн элин жаңы жылдын башталышы менен чын дилимден куттуктайм. Григориан календары боюнча жаңы 2025-жылы биргелешкен аракеттердин негизинде зулумдукту, согуштарды, геноцидди жок кылууга, ошондой эле дүйнө жүзүндө тынчтыкты, бейпилдикти орнотууга жана адеп-ахлакты тереңдетүүгө күбө болобуз деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

*******

🇰🇬🇮🇷Президент Ирана Масуд Пезешкиан поздравил Президента Садыра Жапарова и кыргызстанцев с Новым годом

Президент Исламской Республики Иран Масуд Пезешкиан поздравил Президента Садыра Жапарова и кыргызстанцев с Новым годом

«Искренне поздравляю Вас и народ Вашей страны с началом нового года. Надеюсь, что в новом 2025 году по григорианскому календарю, в свете совместных усилий станем свидетелями искоренения тирании, войн, геноцида, а также установлении мира, спокойствия и углубления нравственности во всем мире», - говорится в поздравительной телеграмме. поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и кыргызстанцев с Новым годом.
Египеттин Президенти Абдель Фаттах Аль-Сиси Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Аль-Сиси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине жаңы жыл менен куттуктоо жолдоду.

"2025-жылдын келишин куттуктап жатып, Сизге жана достук мамиледеги Кыргызстандын элине гүлдөп-өнүгүүгө жана бакытка толгон эң жылуу каалоолорумду айтам.

Ушул өзгөчө учур боюнча келерки жылы дүйнө жүзүндөгү адамдардын ортосундагы диалогду жана өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүү приоритет болооруна чын дилимден ишенгим келет. Келгиле баарыбыз кийинки муундардын жаркын келечегин камсыз кылуу үчүн зордук-зомбулукту жана жек көрүүнү четке кагып, тынчтыкты жана толеранттуулукту бекемдөөгө умтулалы.

Мындан тышкары, биздин өлкөлөр ортосундагы өзгөчө мамилелерди чыңдоого болгон бекем берилгендигибизди баса белгилегим келет. Биргелешкен аракеттердин жана өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди тынымсыз координациялоонун аркасында биз глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө олуттуу прогресске жетише алабыз деп ишенем. Жакынкы Чыгыш регионуна өзгөчө көңүл буруу керек, анда адам өмүрүн сактап калуу үчүн учурдун актуалдуу маселелерин адилеттүү жана тынч чечүү жолдорун издөө маанилүү.

Бул жыл Сизге жана элиңизге мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү, өнүгүүнү жана бекем тынчтыкты алып келсин", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

********

Президент Египта Абдель Фаттах Аль-Сиси поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом

Президент Арабской Республики Египет Абдель Фаттах Аль-Сиси направил поздравление Президенту Кыргызской Республики Садыру Жапарову и народу Кыргызстана с Новым годом.

«Приветствуя наступление 2025 года, имею честь передать Вам и дружественному народу Кыргызстана мои самые теплые пожелания, наполненные процветанием и счастьем.

По этому особому случаю хочу выразить искреннюю надежду, что в наступающем году приоритетом станет развитие диалога и взаимопонимания между людьми во всем мире. Давайте вместе стремиться укреплять мир и терпимость, отвергая насилие и ненависть, чтобы обеспечить светлое будущее для следующих поколений.

Кроме того, хочу подчеркнуть нашу твердую приверженность укреплению особых отношений между нашими странами. Уверен, что благодаря целенаправленным совместным усилиям и постоянной координации вопросов, представляющих взаимный интерес, мы сможем достичь значительного прогресса в решении глобальных проблем. Особое внимание следует уделить ближневосточному региону, где важно искать справедливые и мирные решения насущных вопросов современности ради спасения человеческих жизней.

Пусть этот год принесет Вам и Вашему дружественному народу дальнейшее процветание, прогресс и прочный мир», — говорится в поздравительной телеграмме.
Президент Садыр Жапаровдун дарегине Жаңы жылга карата куттуктоолор келип түшүүдө (тизме улам жаңыртылууда)

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Жаңы жыл менен куттуктап, тынчтык жана бактылуу жыл болушун каалады.

Норвегиянын Королу Харальд V Президент Садыр Жапаровду Жаңы жыл менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммаларын Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Россиянын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак, БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Каха Имнадзе жана Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдер да жөнөтүштү.

*******

На имя Президента Садыра Жапарова поступают поздравления от глав иностранных государств по случаю Нового года (список обновляется)

Федеральный Президент Федеративной Республики Германии Франк-Вальтер Штайнмайер поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова с Новым годом и пожелал мирного и счастливого нового года.

Король Норвегии Харальд V поздравил Президента Садыра Жапарова с Новым годом.

Поздравительные телеграммы также направили Председатель Правительства России Михаил Мишустин, Заместитель руководителя Администрации Президента России Дмитрий Козак, Специальный представитель Генерального Секретаря ООН по Центральной Азии Каха Имнадзе, а также Первый Президент Казахстана Нурсултан Назарбаев.
Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Ушул Мыйзам мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку саясий жетекчилигинин ички саясий курсунун чараларын андан ары ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазаны тактоо, катуулатуу жана чектөөлөрдү белгилөө жолу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштардын алдын алуунун таасирдүү рычагдарын түзүү максатында иштелип чыккан жана кабыл алынган.

Атап айтканда, кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизүү каралууда:

– 63-берене 21-бөлүк менен толукталып, анда көрсөтүлгөн Кодекстин 336-343-статьяларында, 344-статьясынын 2, 3, 4-бөлүктөрүндө, 345-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 346-348-статьяларында каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө же белгилүү иш менен алектенүүгө милдеттүү түрдө өмүр бою тыюу салууну дайындоо каралган;

– 65-берененин 3 жана 4-бөлүктөрүнөн, жогоруда аталган Кодекстин 337-346-беренелеринде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазалардын ичинен айыптарды белгилөө алып салынган;

– 79-берене 11-бөлүк менен толукталып, анда ушул мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн күнөөнү моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндө адам күнөөлүү деп табылганда статьяда каралган жазанын минималдуу мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоо каралган.

Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизилүүдө, атап айтканда:

– соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан, же болбосо аларга карата коррупциялык кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган учурда коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адамдарды мамлекеттик же муниципалдык кызматка кабыл алуудан баш тартуу;

– коррупциялык кылмыштарды жасоодо күнөөлүү деп табылган адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөсүнө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салуу.
Внесены изменения в некоторые законодательные акты в сфере противодействия коррупции


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 25 декабря 2024 года.

Настоящий Закон разработан и принят в рамках дальнейшей реализации мер внутриполитического курса высшего политического руководства Кыргызской Республики по искоренению коррупционных проявлений в государственных органах, а также с целью создания действенных рычагов профилактики коррупционных и иных преступлений против интересов государственной и муниципальной службы, путем уточнения, ужесточение наказания и установления ограничений для лиц, желающих вновь трудоустроиться в государственную и муниципальную службы, признанных виновными за совершения такого рода преступлений.

В частности, принятым Законом предусматриваются внести в Уголовный кодекс Кыргызской Республики (далее УК) следующие изменения:

– статья 63 УК дополняется частью 21, предусматривающей назначение в обязательном порядке пожизненного запрета занимать определенную государственную и муниципальную должность или заниматься определенной деятельностью за совершение коррупционных и иных преступлений против интересов государственной и муниципальной службы, предусмотренных статьями 336-343, частями 2, 3, 4 статьи 344, частями 2 и 3 статьи 345, статьями 346-348 указанного Кодекса;

– в частях 3 и 4 статьи 65 УК исключены требования, устанавливающие штрафы за совершение преступлений за коррупционные и иные преступления против интересов государственной и муниципальной службы, предусмотренные статьями 337-346 вышеуказанного Кодекса;

– статья 79 УК дополняется частью 11, устанавливающей, что при заключении лицом соглашения о признании вины и полного возмещения материального ущерба за преступления по ст. 336-348 (за коррупционные и иные преступления против интересов государственной и муниципальной службы), суд назначает наказание в виде лишения свободы на срок не меньше, чем половина минимального срока наказания, предусмотренного статьей, по которой лицо признано виновным;

Также вносятся изменения в законодательные акты в сфере регулирования трудовых отношений государственных и муниципальных служащих. В частности, внедряются в ряд законодательных актов положения, предусматривающие:

– отказ в принятии на государственную или муниципальную должность лиц, осужденных за совершение коррупционных преступлений, независимо от того погашена либо снята судимость, либо в отношении которых уголовное дело по коррупционным преступлениям прекращено по нереабилитирующим основаниям;

– обязательный и пожизненный запрет на занятие государственных и муниципальных должностей лицами, виновными в совершении коррупционных преступлений.
Президент Садыр Жапаровдун Жаңы 2025-жыл менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 2025-жаңы жыл менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын жаңы жылдык куттуктоосу:

https://president.kg/kg/news/21/26369

****

Поздравление Президента Садыра Жапарова с Новым 2025 годом

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров поздравил кыргызстанцев с Новым 2025 годом.

Текст новогоднего поздравления Главы государства:

https://president.kg/ru/news/21/26369
Поздравление Президента Садыра Жапарова с Рождеством Христовым

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 7 января, поздравил кыргызстанцев с Рождеством Христовым.

Текст поздравления Главы государства:

«Уважаемые граждане Кыргызской Республики!

Дорогие христиане!

Сердечно поздравляю вас с праздником Рождества Христова, который символизирует свет, надежду и любовь!

Этот великий праздник напоминает нам о важнейших ценностях милосердии, сострадании, заботе о ближнем и о том, что каждый из нас несет ответственность за мир и гармонию в обществе. Рождество Христово объединяет миллионы людей по всему миру в молитвах о доброте, единстве и справедливости.

Кыргызстан гордится своей многовековой историей, традицией межконфессионального согласия и дружбы народов. Наша страна – это дом для представителей разных культур и религий, которые живут в духе взаимоуважения и дружбы. Эта гармония – наше общее богатство, которое мы обязаны беречь, лелеять и передавать следующим поколениям.

В этот торжественный день хочется особенно отметить важный вклад православной общины в развитие нашего общества. Ваш труд, духовное служение, стремление к добру и созиданию являются ярким примером верности высоким идеалам.

Пусть свет Рождества наполнит ваши сердца радостью и вдохновением, принесет мир и благополучие в ваши дома. Пусть каждый из нас найдет силы и желание быть опорой для тех, кто нуждается, делиться теплом и светом с окружающими.

Желаю вам крепкого здоровья, душевного спокойствия и счастья. Пусть новый год принесет вам и вашим семьям радость, успех и процветание!»
Президент Садыр Жапаров Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпинге Тибеттеги жер титирөөдөн улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

"Кытай Эл Республикасынын Тибет автоном районунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адам каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм.
Ушул оор мезгилде биз орду толгус жоготуунун азабын бөлүшөбүз", - деп айтылат телеграммада.

***

Президент Садыр Жапаров выразил соболезнования Председателю КНР Си Цзиньпину в связи с гибелью людей в результате землетрясения в Тибете

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров направил телеграмму с соболезнованиями Председателю Китайской Народной Республики Си Цзиньпину.

«С глубоким прискорбием воспринял новость о жертвах землетрясения в Тибетском автономном районе Китайской Народной Республики.
От имени народа Кыргызской Республики и от себя лично выражаю искренние соболезнования семьям и близким погибших, а также желаю скорейшего выздоровления пострадавшим.

В этот тяжёлый момент мы разделяем боль невосполнимой утраты», - говорится в телеграмме.
“Калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктык түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, салыктык түйшүгүн азайтуу жолу менен калкка жана ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү жана кыйла натыйжалуу салыктык администрациялоого өтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) эки айлык мөөнөттө:

а) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна төмөнкүлөрдү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин:

– транспорт каражаттарына мүлк салыгын жоюуну;

– 2025-жылдын 1-январына чейин аткарылбаган жана ага карата өндүрүү жөнүндө сот актысы жок транспорт каражаттарына мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмесин аткаруудан бошотууну;

– 2025-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын 0 пайыз өлчөмүндөгү ставкасын белгилөөнү;

– уюмду жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда пландан тышкаркы текшерүүлөрдү кошпогондо, 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилине салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салууну;

– 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилдеринде пайда болгон салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карыздарын эсептен чыгарууну;

б) жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз колдонулуучу товарлардын тизмесин аныктоо боюнча бир айлык мөөнөттө сунуш киргизсин;

2) андан ары ушул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан тобокелдиктерди болтурбоо максатында жергиликтүү салыктарды жоюуга байланыштуу жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин түшпөй калууларын компенсациялоо боюнча альтернативдүү чараларды иштеп чыксын.

2. Салык жол-жоболорун санариптештирүү маселелерин ыкчам чечүү максатында «Альфа Телеком» жабык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы «Салык Сервис» мамлекеттик мекемесинин санариптик долбоорлору үчүн сим-карталарды жана интернет-кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү болуп аныкталсын.
Подписан Указ «О мерах по уменьшению налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства и совершенствованию администрирования налогообложения»


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому в целях оказания поддержки населению и субъектам предпринимательства путем уменьшения налоговой нагрузки и перехода к более эффективному налоговому администрированию, руководствуясь статьей 71 Конституции Кыргызской Республики, постановляется:

1. Кабинету Министров Кыргызской Республики:

1) в двухмесячный срок:
а) внести на рассмотрение Жогорку Кенеша Кыргызской Республики проект Закона Кыргызской Республики, предусматривающий:

– упразднение налога на имущество на транспортное средство;

– освобождение от исполнения налогового обязательства по налогу на имущество на транспортное средство, неисполненного до
1 января 2025 года и в отношении которого отсутствует судебный акт о взыскании;

– установление ставки налога на имущество на сельскохозяйственные угодья в размере 0 процентов с 1 января
2025 года по 31 декабря 2030 года;

– запрет на проведение налоговых проверок, за исключением внеплановой проверки при ликвидации организации и прекращении деятельности индивидуального предпринимателя, на налоговые периоды до 1 января 2022 года;

– списание налоговой задолженности, признанной налогоплательщиком, возникшей за налоговые периоды до 1 января 2022 года;

б) в месячный срок внести предложения по определению перечня товаров, при обороте которых применяется электронная товаротранспортная накладная;

2) в целях исключения рисков, связанных с реализацией настоящего Указа в последующем, проработать альтернативные меры по компенсированию выпадений доходов местных бюджетов в связи с упразднением местных налогов.

2. В целях оперативного решения вопросов цифровизации налоговых процедур определить закрытое акционерное общество «Альфа Телеком» поставщиком сим-карт и интернет-услуг для цифровых проектов Государственной налоговой службы при Министерстве финансов Кыргызской Республики и государственного учреждения «Салык Сервис» при Государственной налоговой службе при Министерстве финансов Кыргызской Республики.
2025/01/10 16:23:38
Back to Top
HTML Embed Code: