Telegram Web Link
Алмазбек Усенов Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Усенов Алмазбек Жумабекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.

****

Алмазбек Усенов назначен директором Государственного агентства по защите персональных данных

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал распоряжение, согласно которому в соответствии с пунктом 5 части 1 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Усенов Алмазбек Жумабекович назначен директором Государственного агентства по защите персональных данных при Кабинете Министров Кыргызской Республики.
“Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө” жана “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен саясий жүйөөлөр боюнча куугунтукка алынган, коомго коркунуч жаратпайт деп таанылган жосундар, бузуулар, жоруктар үчүн Кыргызстандын аймагында 1961-жылга чейин колдонулган РСФСРдин Кылмыш-жаза кодексинин негизинде соттолгон адамдарды актоо каралган.

Мыйзамга ылайык саясий репрессиянын белгилери болуп 1917-жылдан тартып 1953-жылга чейинки мезгилде кабыл алынган актыларынан келип чыккан мазмунга жана маңызга жараша кылмыш-жаза жана/же администрациялык тартипте колдонуудагы негиздемелер боюнча бийликтин, башкаруу органдарынын, аткаруу органдарынын, советтик коомдук жана коомдук-саясий уюмдардын, анын ичинде партиялык, комсомолдук, профсоюздук жана кооперативдик уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдери саналат.

Ушуну менен бирге Мыйзамга ылайык Кыргызстандын аймагында аскер кызматына чакырылган жана аскер кызматчыларынын же командалык курамдын катарында Экинчи дүйнөлүк согушка жана 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан адамдын Мекенге жасаган чыккынчылыгы үчүн кылмыш иштеринин материалдарында жоопко тартуунун негиздүүлүгүн ырастаган далилдери бар адамдар акталууга жатпай тургандыгын белгилөө зарыл.

******

Внесены изменения в законы «О правах и гарантиях реабилитированных граждан, пострадавших в результате репрессий за политические и религиозные убеждения, по социальным, национальным и другим признакам» и «О Национальном архивном фонде»


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики «О правах и гарантиях реабилитированных граждан, пострадавших в результате репрессий за политические и религиозные убеждения, по социальным, национальным и другим признакам», «О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики»)».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 20 ноября 2024 года.

Законом предусмотрена реабилитация лиц, осужденных по политическим мотивам на основании Уголовного кодекса РСФСР, действовавшего на территории Кыргызстана до 1961 года, за деяния, нарушения, проступки, которые не признаны представляющими опасность обществу.

Согласно Закону признаками политической репрессии являются решения власти, органов управления, исполнительных органов, советских общественных и общественно-политических организаций, в том числе партийных, комсомольских, профсоюзных и кооперативных организаций и их должностных лиц, принятые по существующим обоснованиям в уголовном и/или административном порядке на основании вытекающих из содержания и сути актов, принятых в период с 1917 года по 1953 год.

При этом необходимо отметить, что согласно Закону не подлежат реабилитации лица, в отношении которых в материалах уголовных дел имеется совокупность доказательств, подтверждающих обоснованность привлечения их к ответственности за предательство Родины, совершенное лицом, призванным на военную службу на территории Кыргызстана и принимавшим участие во Второй мировой войне и в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов в рядах военнослужащих или командного состава.
“Билим берүү жөнүндө” Мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты балдардын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында акысыз билим алуу укугун ишке ашыруу болуп эсептелет.

Мыйзам менен башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында (жалпы билим берүүчү мектеп) финансылык жана башка материалдык каражаттарды мыйзамсыз жана мажбурлап чогултууга тыюу салуу каралып, ошондой эле мындай аракеттерге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик киргизилди.

Мындан сырткары, Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында (жалпы билим берүүчү мектеп) финансылык жана башка материалдык каражаттарды мыйзамсыз жана мажбурлап чогултуу боюнча иштерди кароо жана жаза чараларды көрүү боюнча ыйгарым укук берилди.

******

Внесены изменения в Закон «Об образовании» и Кодекс о правонарушениях


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики «Об образовании», Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 27 ноября 2024 года.

Целью Закона является реализация права детей на получение бесплатного образования в государственных и муниципальных общеобразовательных организациях.

Законом предусмотрен запрет на незаконный и принудительный сбор финансовых и иных материальных средств в государственных и муниципальных общеобразовательных организациях начального, основного и среднего общего образования (общеобразовательная школа), а также ответственность за такие действия в соответствии с Кодексом Кыргызской Республики о правонарушениях.

Также, Законом органы внутренних дел Кыргызской Республики наделяются полномочиями по рассмотрению дел и наложению взыскания за незаконный и принудительный сбор финансовых и иных материальных средств в государственных и муниципальных общеобразовательных организациях начального, основного и среднего общего образования (общеобразовательная школа).
🇰🇬🇷🇺Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

"Чын жүрөктөн чыккан Жаңы жылдык куттуктоолорду кабыл алыңыз. Россиялык-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери абдан ийгиликтүү өнүгүүдө. Биздин өлкөлөр саясий, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда активдүү кызматташып, КМШ, ЕврАзЭС, ЖККУ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу өз ара аракеттенүүдө.

Биз, албетте, конструктивдүү эки тараптуу байланыштарды андан ары арттыруу, ошондой эле Евразия мейкиндигинде өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди илгерилетүү жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу максатында биргелешкен тыгыз иштерди улантабыз.

Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана жаңы 2025-жылы ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына - бакыт жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

***

🇰🇬🇷🇺Президент России Владимир Путин поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом

Президент Российской Федерации Владимир Путин поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом.

«Примите сердечные новогодние поздравления. Российско-кыргызские отношения стратегического партнерства и союзничества развиваются весьма успешно. Наши страны активно сотрудничают в политической, торгово-экономической, гуманитарной и других областях, эффективно взаимодействуют в рамках СНГ, ЕврАзЭС, ОДКБ, ШОС и других многосторонних структур.

Мы, конечно, продолжим тесную совместную работу в целях дальнейшего наращивания конструктивных двусторонних связей, а также продвижения взаимовыгодных интеграционных процессов на Евразийском пространстве и обеспечения региональной безопасности.

Искренне желаю Вам крепкого здоровья, благополучия и успехов в Новом 2025 году, а всем гражданам Кыргызской Республики - счастья и процветания», - говорится в поздравительной телеграмме.
🇰🇬🇨🇳Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин Президент Садыр Жапаровду жаңы жыл менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктап, бактылуу жаңы жыл болушун каалап, даректүү кат жөнөттү.

***

🇰🇬🇨🇳Председатель КНР Си Цзиньпин поздравил Президента Садыра Жапарова с Новым годом

Председатель Китайской Народной Республики Си Цзиньпин поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом и направил адресную папку с пожеланиями счастливого нового года.
🇰🇬🇰🇿 Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

"Келе жаткан 2025-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Боордош кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн Сизге көөнөрбөс энергия жана жоопкерчиликтүү ишиңизге чоң ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

*************

🇰🇬🇰🇿 Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом

Президент Республики Казахстан Касым-Жомарт Токаев поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом.

«От всей души поздравляю с Наступающим 2025 годом!
Желаю Вам неиссякаемой энергии и больших успехов в Вашей ответственной деятельности во благо будущего братского Кыргызского народа», - говорится в поздравительной телеграмме.
🇰🇬🇺🇿 Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

"Сизди жана достук мамиледеги Кыргыз Республикасынын элин келе жаткан жаңы — 2025-жыл менен куттуктап, эң жакшы каалоо-тилектеримди жолдоо мага чоң кубаныч тартуулайт.

Сиздин жетекчилигиңиз астында жүргүзүлүп жаткан масштабдуу саясий жана социалдык-экономикалык реформалардын натыйжасында боордош Кыргызстанда бүгүнкү күндө бардык чөйрөлөр динамикалуу өнүгүп жатканына биз абдан кубанычтабыз.
Бекем саясий эрк жана биздин биргелешкен аракеттерибиздин жана умтулууларыбыздын жемиштүү болушу менен катар акыркы жылдары Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелери барган сайын тереңдеп баратканын баса белгилеп кетким келет.

Баарын камтыган жана узак мөөнөттүү кызматташтык мамилелер боордош элдерибиздин жалпы жыргалчылыгы үчүн өз ара ишеним, урматтоо жана колдоо духунда мындан ары да динамикалуу өнүгө берет деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

*****

🇰🇬🇺🇿Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом

Президент Республики Узбекистан Шавкат Мирзиёев поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом.

«Мне доставляет огромное удовольствие от всей души поздравить Вас и дружественный народ Кыргызской Республики с наступающим Новым — 2025 годом и направить самые добрые пожелания.
Мы безмерно рады, что в результате осуществляемых под Вашим руководством масштабных политических и социально-экономических реформ сегодня в братском Кыргызстане динамично развиваются все сферы.

Хотел бы особо подчеркнуть, что наряду с твердой политической волей и плодотворностью наших совместных усилий и стремлений в последние годы отношения стратегического партнерства между Узбекистаном и Кыргызстаном все более углубляются.

Уверен, что отношения всеобъемлющего и долгосрочного сотрудничества будут и впредь динамично развиваться в духе взаимного доверия, уважения и поддержки во имя общего благополучия наших братских народов», - говорится в поздравительной телеграмме.
🇰🇬 🇹🇯Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы 2025-жыл менен куттуктады.

“Узап бараткан 2024-жылы тажик-кыргыз мамилелеринин маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттерибиздин оң натыйжаларын канааттануу менен белгилегим келет.

Бул процессти достук, ынак коңшулук, түшүнүү, өз ара урматтоо жана ишеним духунда ырааттуу илгерилетүү максатында бардык деңгээлдерде конструктивдүү диалогду улантууга бекем ниеттебиз.

Мындан ары да биз мамлекеттер аралык мамилелерибизди бекемдөөгө жана аларды биздин өлкөлөрдүн жарандарынын түпкү кызыкчылыктарына ылайык жаңы практикалык мазмун менен толтурууга ар тараптан көмөк көрсөтөбүз деп ишенем.

Сизге чың ден соолук жана жаңы ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине – тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

****

🇰🇬 🇹🇯Президент Таджикистана Эмомали Рахмон поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом

Президент Республики Таджикистан Эмомали Рахмон поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым 2025 годом.

«С удовлетворением хочу отметить позитивные результаты наших совместных усилий по решению вопросов таджикско-кыргызских взаимоотношений в уходящем 2024 году.

Твёрдо настроены на продолжение конструктивного диалога на всех уровнях с целью последовательного продвижения этого процесса в духе дружбы, добрососедства, взаимопонимания, взаимного уважения и доверия.

Уверен, что мы и впредь будем всемерно содействовать укреплению наших межгосударственных отношений и их наполнению новым практическим содержанием в соответствии с коренными интересами граждан наших стран.

Желаю Вам крепкого здоровья и новых успехов, а кыргызскому народу – мира, благополучия и дальнейшего прогресса», - говорится в поздравительной телеграмме.
🇰🇬🇹🇲Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин жаңы жыл менен куттуктады.

"Сизди келе жаткан Жаңы 2025-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге чың ден соолук, бардык иштериңизге жана башталыштарыңызга чоң ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине - тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм. Жаңы жыл баарыбызга бакыт жана бакубатчылык алып келсин", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

**

🇰🇬🇹🇲Президент Туркменистана Сердар Бердымухамедов поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом

Президент Туркменистана Сердар Бердымухамедов поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом.

«Сердечно поздравляю Вас с наступающим Новым 2025 годом. Желаю Вам крепкого здоровья, больших успехов во всех Ваших делах и начинаниях, а братскому народу Вашей страны – мира и процветания. Пусть Новый год принесёт всем нам счастье и благополучие», - говорится в поздравительной телеграмме.
🇰🇬🇦🇿 Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

"Сизди келе жаткан Жаңы 2025-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм жана жакшы тилектеримди билдирем.

Узап бараткан 2024-жыл азербайжан-кыргыз мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү жана чыңдоо жагынан ийгиликтүү жыл болду. Жыл бою өз ара сапарлар, көптөгөн достук жана чын ыкластуу жолугушуулар, сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар натыйжалуу жана жемиштүү болду. Ушул жылдын апрель айында Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарыңызды канааттануу менен эстейм, анын жыйынтыгын жогору баалайм.

Келе жаткан 2025-жылы боордош элдерибиздин ортосундагы биримдик жана тилектештик дагы бекемделет деп ишенем. Жалпы тарыхый жана маданий тамырлар, өз ара ишеним жана колдоо сыяктуу принциптердин негизинде бекем курулган азербайжан-кыргыз мамилелери жаңы мазмун менен байытылып, өлкөлөрүбүздүн жана жалпы эле региондун туруктуу өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Келе жаткан Жаңы жылга байланыштуу Сизге жана Сиздин үй-бүлөңүзгө чың ден соолук жана бакыт-таалай, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

**

🇰🇬🇦🇿 Президент Азербайджана Ильхам Алиев поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом

Президент Азербайджанской Республики Ильхам Алиев поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Новым годом.

«От всей души поздравляю Вас с наступающим новым 2025 годом и передаю наилучшие пожелания.

Уходящий 2024 год был успешным с точки зрения всестороннего развития и укрепления азербайджано-кыргызских отношений. Проведённые в течение года взаимные визиты, многочисленные дружеские и искренние встречи, переговоры и достигнутые договорённости были эффективными и продуктивными. С удовлетворением вспоминаю Ваш государственный визит в Азербайджан в апреле сего года, результаты которого высоко оцениваю.

Уверен, что в наступающем 2025 году единство и солидарность между нашими братскими народами ещё больше укрепятся. Азербайджано-кыргызские отношения, построенные на прочной основе, на таких принципах, как общие исторические и культурные корни, взаимное доверие и поддержка, обогатятся новым содержанием и будут способствовать устойчивому развитию и процветанию наших стран и в целом всего региона.

В связи с наступающим Новым годом желаю Вам и Вашей семье крепкого здоровья и счастья, успехов в ответственной государственной деятельности, а братскому кыргызскому народу благосостояния и процветания», - говорится в поздравительной телеграмме.
🇰🇬🇧🇾Беларустун Президенти Александр Лукашенко Президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады.

"Сизди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм.
2024-жыл татаал, бирок бай жана жемиштүү жыл болду.
Бул жыл достуктун жана конструктивдүү кызматташуунун өзгөчө маанилүүлүгүн ырастап, бул жолдо туш болгон кыйынчылыктарга карабастан, тынчтык жана жаратмандык жолу менен алдыга жылууну улантуунун маанилүүлүгүн жана зарылдыгын эскертти.
Келерки жылы биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку динамикасын сактап, мезгил сынагынан өткөн белорус-кыргыз мамилелерин жаңы мазмун менен толуктайбыз деп ишенем.
Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге жана Сиздин жакындарыңызга ден соолук, түгөнгүс сергектик жана бакубатчылык, Кыргызстан элине бакыт жана гүлдөп-өнүгүү каалайм.
Сизди меймандос Беларусь жергесинде тосуп алууга дайыма кубанычтамын", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

*****

🇰🇬🇧🇾Президент Беларуси Александр Лукашенко поздравил Президента Садыра Жапарова и кыргызстанцев с Новым годом

Президент Республики Беларусь Александр Лукашенко поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и кыргызстанцев с Новым годом.

«От всей души поздравляю Вас с наступающим Новым годом.
2024 год был непростым, но насыщенным и плодотворным.
Он подтвердил особую значимость дружбы и конструктивного сотрудничества, напомнил о важности и необходимости продолжать движение вперед дорогой мира и созидания, несмотря на трудности, встречающиеся на этом пути.
Уверен, в следующем году мы сохраним высокую динамику взаимодействия между нашими странами, наполним проверенные временем белорусско-кыргызские отношения новым содержанием.
Примите, уважаемый Садыр Нургожоевич, мои самые искренние пожелания здоровья, неиссякаемой бодрости духа и благополучия Вам и Вашим близким, счастья и процветания народу Кыргызстана.
Всегда рад приветствовать Вас на гостеприимной белорусской земле», - говорится в поздравительной телеграмме.
2025/01/10 02:54:07
Back to Top
HTML Embed Code: