Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге азербайжандык жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты.

«Көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген азербайжандык жүргүнчү учагынын трагедиялуу кыйрашы тууралуу бүгүнкү суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана ушул трагедиянын кесепетинен жабыр тарткандардын бардыгына тезирээк сакайып кетишин каалайм. Орду толгус жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөм», - деп айтылат Мамлекет башчынын телеграммасында.

********

Президент Садыр Жапаров выразил соболезнования Президенту Казахстана Касым-Жомарту Токаеву

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров выразил соболезнования Президенту Республики Казахстан Касым-Жомарту Токаеву в связи с крушением азербайджанского пассажирского самолета.

«С огромной болью в сердце узнал о произошедшем сегодня трагическом крушении азербайджанского пассажирского самолета в Казахстане, повлекшем за собой многочисленные человеческие жертвы.

От имени народа Кыргызской Республики и от себя лично выражаю самые глубокие соболезнования семьям и близким погибших и желаю скорейшего выздоровления всем пострадавшим в результате этой трагедии. Разделяю боль и горечь невосполнимой утраты», - говорится в телеграмме Главы государства.
Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге азербайжандык жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында Актау шаарына жакын жерде жүргүнчү учагынын кыйрашынын кесепетинен Россиянын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Орду толгус жоготуунун аза-кайгысын тең бөлүшүп, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтып, жабыр тарткандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат Мамлекет башчынын телеграммасында.

***********

Президент Садыр Жапаров выразил соболезнования Президенту России Владимиру Путину

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров выразил соболезнования Президенту Российской Федерации в связи с крушением азербайджанского пассажирского самолета.

«От имени народа Кыргызской Республики и от себя лично приношу глубочайшие соболезнования в связи с гибелью российских граждан в результате крушения пассажирского самолета вблизи города Актау 25 декабря текущего года.

Разделяя боль и горечь невосполнимой утраты, прошу передать искренние слова поддержки родным и близким погибших и скорейшего выздоровления всем пострадавшим», - говорится в телеграмме Главы государства.
Ленинград облусунда КМШ Мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу болуп өттү

Бүгүн, 25-декабрда, Ленинград облусунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейрасмий жолугушуусу болуп өттү.

Салтка айланган саммитке Президент Садыр Жапаров менен катар Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын Президенти Владимир Путин, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Өз сөзүндө Владимир Путин 2024-жылы КМШга төрагалык кылуучу өлкө катары Россиянын негизги аракеттери Евразия мейкиндигинде интеграцияны өнүктүрүүгө, Шериктештиктин эл аралык аброюн бекемдөөгө, анын аткаруу органдарынын натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыздоого багытталганын белгиледи. Артыкчылыктуу көңүл экономикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин кыймылын камсыз кылууга, соодадагы тоскоолдуктарды жоюуга жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө бурулду.

Ошондой эле ал Шериктештик өлкөлөрү мындан ары да социалдык-экономикалык өнүктүрүү, туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо маселелерин чечүүнүн үстүндө биргелешип иш алып барарына ишенимин билдирди.

Андан кийин КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Автоклуб жана Автомузей жайгашкан “Игора Драйв” автодромуна барышты. Ал жерден алар кышкы спорт оюндарын көрүштү. Маданий программа “Муз үстүндөгү шоу” көрсөтүү менен аяктады.

Мамлекет башчылары бейформал түрдө баарлашып, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашты.

2025-жылдын 1-январынан тартып Шериктештикке төрагалык кылуу функциялары Тажикстанга өтөт.

**********

Состоялась неформальная встреча глав государств СНГ в Ленинградской области

Сегодня, 25 декабря, в Ленинградской области состоялась неформальная встреча лидеров стран Содружества Независимых Государств.

Наряду с Президентом Садыром Жапаровым в традиционном саммите участвовали Президент Беларуси Александр Лукашенко, Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев, Президент России Владимир Путин, Президент Таджикистана Эмомали Рахмон, Президент Туркменистана Сердар Бердымухамедов и Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев.

В своем выступлении Владимир Путин отметил, что в 2024 году основные усилия России как председательствующей в СНГ страны были направлены на развитие интеграции на евразийском пространстве, укрепление международного авторитета Содружества на обеспечение эффективной деятельности его исполнительных органов. Приоритетное внимание уделялось углублению экономического взаимодействия, обеспечению свободы движения товаров, услуг, устранению торговых барьеров и упрощению таможенных процедур.

Он также выразил уверенность, что страны Содружества и далее сообща будут работать над решением задач социально экономического развития, укрепления стабильности и безопасности.

Далее лидеры стран СНГ направились на территорию автодрома - "Игору Драйв", где расположены Автоклуб и Автомузей. Оттуда они наблюдали за зимними видами спорта. Культурная программа завершилась показом "Ледового шоу".

Главы государств побеседовали в неформальной обстановке, обменялись мнениями по актуальным международным и региональным темам.

С 1 января 2025 года функции председательства в Содружестве переходят Таджикистану.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчилиги менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ирак жана Сирия лагерлериндеги Кыргызстандын жарандарын (аялдар жана балдар) мекенине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу Балдарга жардам берүү эл аралык фондунун (ЮНИСЕФ) жетекчилиги Джунг Таппа Самман жана Хил Силви менен жолугушту.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын балдарына ар тараптуу жардам көрсөтүү жана аларды коргоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Марат Иманкулов Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын координациясы жана ЮНИСЕФтин активдүү колдоосу менен Ирак жана Сирия лагерлеринен Кыргызстанга аялдар жана балдар кайтарылганын белгиледи. Азыркы учурда бул жарандар тажрыйбалуу психологдордун, социалдык жана дин кызматкерлеринин жардамы менен кайра социалдаштыруу, коомго реинтеграциялоо жана аларды реабилитациялоо процессинен өтүп жатышат.

Өз кезегинде Джунг Таппа Самман Президент Садыр Жапаровдун Ирак жана Сирия лагерлеринен Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу маселесиндеги чечкиндүү позициясын жогору баалап, бул ишке тартылган бардык мамлекеттик органдардын жакшы иш алып баргандыгын белгиледи.

*********

Секретарь Совета безопасности Марат Иманкулов встретился с руководством ЮНИСЕФ в Кыргызстане

Cекретарь Совета безопасности Кыргызской Республики Марат Иманкулов встретился с руководством Международного чрезвычайного фонда помощи детям при Организации Объединенных Наций (ЮНИСЕФ) Джунг Таппа Самман и Хил Силви в рамках работы проводимой по репатриации граждан Кыргызстана (женщины и дети) из лагерей Ирака и Сирии.

В ходе рабочей встречи были обсуждены актуальные вопросы по оказанию всесторонней помощи детям Кыргызстана и их защите.

Марат Иманкулов отметил, что по поручению Президента Садыра Жапарова при координации секретариата Совета безопасности и активной поддержке ЮНИСЕФ из лагерей Ирака и Сирии в Кыргызстан были возвращены женщины и дети. В настоящее время данные граждане с помощью опытных психологов, социальных работников и представителей духовенства проходят процесс ресоциализации, реинтеграции в общество и их реабилитация.

В свою очередь, Джунг Таппа Самман высоко оценил решительную позицию Президента Садыра Жапарова в вопросах репатриации граждан Кыргызстана из лагерей Ирака и Сирии, где они находились в тяжелых условиях, а также отметил хорошую работу всех задействованных в этой работе государственных органов.
Президент Садыр Жапаров Ленинград облусунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Ленинград облусунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышууда.

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары - Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян (видеоконференция форматында), Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын Президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев Армениянын төрагалыгынын жылындагы ЕАЭБдин ишинин жыйынтыктарын чыгарышат, Бирликтин ишинин актуалдуу маселелерин карашат, интеграциялык процесстерди тереңдетүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашат.

ЖЕЭКтин чакан курамдагы жыйыны башталаар алдында иш-чарага келген делегация башчыларын Россиянын Президенти Владимир Путин тосуп алды.

Андан кийин отурум ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлери сөз сүйлөп, делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен кеңири курамда улантылат.

Анда бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу пландаштырылууда, анын ичинде ЕАЭБдин бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жана үчүнчү тарап (үчүнчү тараптар) жөнүндө Макулдашууга жана Бирлик жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколго кол коюлат.

******

Президент Садыр Жапаров принимает участие в заседании ВЕЭС в Ленинградской области

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 26 декабря, в Ленинградской области принимает участие в заседании Высшего Евразийского экономического совета (ВЕЭС).

Главы государств Евразийского экономического союза - Президент Кыргызстана Садыр Жапаров, Премьер-министр Армении Никол Пашинян (в формате видеоконференции), Президент Беларуси Александр Лукашенко, Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев, Президент России Владимир Путин и председатель коллегии Евразийской экономической комиссии Бакытжан Сагинтаев подведут итоги работы ЕАЭС в год армянского председательства, рассмотрят актуальные вопросы деятельности Союза, обсудят перспективные направления углубления интеграционных процессов.

Перед началом заседания ВЕЭС в узком составе глав делегаций, прибывших на мероприятие, приветствовал Президент России Владимир Путин.

Далее заседание продолжится в расширенном составе с участием членов делегаций, где выступят лидеры государств ЕАЭС.

Ожидается принятие ряда важных решений и документов, в том числе будут подписаны Соглашение о единой системе таможенного транзита ЕАЭС и третьей стороны (третьих сторон) и Протокол о внесении изменений в Договор о Союзе.
2025/01/03 21:38:50
Back to Top
HTML Embed Code: