Telegram Web Link
Айбек Молдогазиев Кыргызстандын АКШдагы Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Молдогазиев Айбек Бейшеевич Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

****

Айбек Молдогазиев назначен Послом Кыргызстана в США

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому Молдогазиев Айбек Бейшеевич назначен Чрезвычайным и Полномочным Послом Кыргызской Республики в Соединенных Штатах Америки.
Ленинград облусунда өткөн ЖЕЭКтин кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

26-декабрда Ленинград облусунда (Россия Федерациясы) өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Кеңейтилген курамдагы отурумда мамлекеттердин лидерлери ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекеттердин башчыларына жана чакырылган Иран делегациясынын башчысына сөз берүү чечимин кабыл алышты, анткени негизги талкуулар чакан курамдагы отурумдун жүрүшүндө өттү.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев сөз сүйлөдү, Кубанын Президенти Мигель Марио Диас-Канель Бермудестин видео кайрылуусу болду, чакырылган мамлекеттин делегация башчысы - Ирандын өнөр жай, кен жана соода министри Сейед Мохаммад Атабакка сөз берилди.

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаевдин сөзүнөн кийин бир катар маанилүү чечимдер жана документтер кабыл алынды.

Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин башчылары бир келишимге жана бир протоколго кол коюшту - ЕАЭБдин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө Макулдашуу жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге иликтөөлөрдү жүргүзүүдө жана атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууда өзгөчө механизмге тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол.

Мындан тышкары ЖЕЭК 18 актыны кабыл алды.

2025-жылы ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуу Армениядан Беларуска өттү.

***

По итогам очередного заседания ВЕЭС в Ленинградской области подписан ряд документов


По итогам очередного заседания Высшего Евразийского экономического совета (ВЕЭС), прошедшего 26 декабря в Ленинградской области (Российская Федерация), подписан ряд документов.

На заседании в расширенном составе лидеры государств ЕАЭС приняли решение предоставить слово главам государств-наблюдателей при ЕАЭС и приглашенному главе делегации Ирана, поскольку основные обсуждения прошли в ходе заседания в узком составе.

Выступил Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев, было заслушано видеообращение Президента Кубы Мигеля Марио Диас-Канель Бермудеса, дали слово главе делегации приглашенного государства - министру промышленности, рудников и торговли Ирана Сейеду Мохаммаду Атабаку.

После выступления председателя коллегии Евразийской экономической комиссии Бакытжана Сагинтаева был принят ряд важных решений и документов.

Главы государств — членов Евразийского экономического союза подписали одно соглашение и один протокол - Соглашение о единой системе таможенного транзита Евразийского экономического союза и третьей стороны (третьих сторон) и Протокол о внесении изменений в Договор о Евразийском экономическом
союзе от 29 мая 2014 года в части, касающейся особого механизма при проведении расследований и принятии решений о применении или неприменении специальных защитных, антидемпинговых и компенсационных мер.

Кроме этого приняли 18 актов ВЕЭС.

В 2025 году председательство в органах ЕАЭС переходит от Армении к Беларуси.
Президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 24-26-декабрда Россия Федерациясына болгон иш сапары аяктады.

Мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Россия тарап жыл сайын демилгелеп келген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Эки иш-чара тең Ленинград облусунда өттү.

КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери үчүн жаңы жылдын алдындагы маданий программа тартууланды.

Иш сапарын аяктап, Президент Садыр Жапаров 27-декабрда Ош шаарына келди.

*

Завершился рабочий визит Президента Садыра Жапарова в Россию

Завершился рабочий визит Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Российскую Федерацию, состоявшийся 24-26 декабря.

Глава государства принял участие в очередном заседании Высшего Евразийского экономического совета, также в неформальной встрече лидеров стран Содружества Независимых Государств (СНГ), традиционно ежегодно инициируемой российской стороной. Оба мероприятия прошли в Ленинградской области.

Для лидеров стран СНГ была предусмотрена предновогодняя культурная программа.

Завершив рабочий визит, Президент Садыр Жапаров 27 декабря прибыл в г. Ош.
2025/01/01 00:31:52
Back to Top
HTML Embed Code: