Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров Италиянын Президенти Серджо Маттарелла менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-октябрда, Италия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында өлкө Президенти Серджо Маттарелла менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Садыр Жапаровду жылуу тосуп алган Серджо Маттарелла Кыргызстандын Президентине Римге жасаган сапары үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарга кошумча дем берет деген ишенимин билдирди.

Италиянын Президенти Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) жана башка эл аралык түзүмдөрдүн алкагында Кыргызстан менен Италиянын өз ара аракеттенүү маселелерине токтолуп, эл аралык мамилелер системасын чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Серджо Маттареллага Италияга расмий сапар менен келүүгө чакырганы жана кыргыз делегациясына көрсөтүлүп жаткан меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, бул жолугушуу Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы акыркы 25 жыл ичиндеги биринчи жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп саналат. Буга чейин мамлекеттер аралык байланыштар БУУ жана ЕККУ багыты боюнча иш-чаралардын алкагында тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги байланыштар менен гана чектелип келген.

Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу жана жалпысынан Италияга болгон расмий сапары кыргыз-италиялык мамилелердин тарыхында жаңы баракты ачат, деген ишенимин билдирди. Ал өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн потенциал абдан чоң экенин айтты.

Президент Кыргызстан Италия жана жалпы Европа Биримдиги менен саясий диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстандын ушул жылдын июнь айында Брюсселде Европа Биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюусу - Европа Биримдиги өлкөлөрү, анын ичинде Италия менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Кыргызстан демократиялык жана укуктук мамлекет катары мындан ары да ишенимдүү өнүгүүгө ниеттенип жатканына өзгөчө басым жасады.

“2021-жылдан тартып реформалар өлкөнүн жашоосунун дээрлик бардык негизги багыттарында жүргүзүлүүдө. Мен Кыргызстанды ар бир жаран жана чет өлкөлүк, ал тургай чет өлкөлүк инвестор өзүн толук коопсуз сезип, өз ишин тынч жүргүзө ала турган өлкөгө айлантууга умтулам. Салык мыйзамдарын реформалоонун натыйжасында өлкөдө либералдуу салык режими иштеп жатат”, - деп белгиледи ал.

Ошондой эле тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер тууралуу пикир алмашты.

Президент Садыр Жапаров Серджо Маттарелланы өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Президент Садыр Жапаров провел переговоры с Президентом Италии Серджо Маттареллой

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 3 октября, в рамках официального визита в Итальянскую Республику провел переговоры с Президентом страны Серджо Маттареллой.

Тепло приветствуя Садыра Жапарова, Серджо Маттарелла поблагодарил Президента Кыргызстана за визит в Рим и выразил уверенность, что результаты сегодняшних переговоров придадут дополнительный импульс двусторонним политическим, экономическим и культурно-гуманитарным связям.

Президент Италии отметил важность укрепления системы международных отношений, остановившись на вопросах взаимодействия Кыргызстана и Италии в рамках ООН, ОБСЕ и других международных структур.

Президент Садыр Жапаров выразил благодарность Серджо Маттарелла за приглашение посетить Италию с официальным визитом и гостеприимство, оказываемое кыргызской делегации.

Он подчеркнул, что данная встреча является первой встречей на высшем уровне между Кыргызстаном и Италией за последние 25 лет. До этого межгосударственные связи ограничивались лишь контактами на уровне министров иностранных дел в рамках мероприятий по линии ООН и ОБСЕ.

Садыр Жапаров выразил уверенность в том, что сегодняшняя встреча и в целом официальный визит в Италию откроют новую страницу в истории кыргызско-итальянских взаимоотношений. Он отметил, что потенциал для развития сотрудничества между странами весьма велик.

Президент подчеркнул, что Кыргызстан придает важное значение развитию политического диалога и сотрудничества с Италией и Европейским Союзом в целом.

Садыр Жапаров обозначил, что подписание Кыргызстаном в июне этого года в Брюсселе Соглашения с Европейским Союзом о расширенном партнёрстве и сотрудничестве способствует дальнейшему укреплению взаимодействия со странами Евросоюза, в том числе с Италией, в политической, торгово-экономической и культурно-гуманитарной сферах.

В ходе беседы Садыр Жапаров особо акцентировал внимание на том, что Кыргызстан намерен и далее уверенно развиваться как демократическое и правовое государство.

«С 2021 года реформы проводятся практически во всех ключевых направлениях жизнедеятельности страны. Я стремлюсь к тому, чтобы Кыргызстан стал страной, где каждый гражданин и иностранец, а тем более иностранный инвестор, ощущал себя в полной в безопасности и мог спокойно вести свое дело. В результате реформы налогового законодательства, в стране действует либеральный налоговый режим», - отметил он.

Также стороны обменялись мнениями об актуальных вопросах международной повестки.

Президент Садыр Жапаров пригласил Серджо Маттарелла посетить Кыргызстан в удобное для него время.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров Италиянын Президенти Серджо Маттарелла менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

**

🎥Видео: Президент Садыр Жапаров провел переговоры с Президентом Италии Серджо Маттареллой
Президент Садыр Жапаров Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелони менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-октябрда, Италия Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Италия Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелони менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Сүйлөшүүлөрдүн алдында Киджи Сарайында расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелони ардак кароолдун катарын өтүп, чогуу сүрөткө түшүштү.

Андан соң сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери, ошондой эле инвестиция, энергетика, транспорт, логистика, туризм жана башка негизги багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнүн перспективалары боюнча пикир алмашуу болду.

Италиянын Премьер-министри Джорджа Мелони Президент Садыр Жапаров менен учурашып жатып, бул сапар кыргыз-италиялык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи.

Ал Италиянын Кыргызстан менен байланышты бекемдөөгө даярдыгын ырастады.

Президент Садыр Жапаров Джорджа Мелониге Италия жеринде жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Менин расмий сапарымдын негизги максаты – Кыргызстан Италиянын ишенимдүү өнөктөшү экендигин тастыктоо. Биз Италия менен достук мамилелерди жогору баалайбыз жана аларды мындан ары чыңдоого умтулабыз”, - деп Кыргызстандын Президенти белгилеп, өзүнүн жеке чечкиндүүлүгүн жана өз командасынын эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон чечкиндүүлүгүн ишендирип өттү.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Кыргызстан туруктуу өнүгүү багытында жигердүү иштеп жатканын, өлкөнүн жашоо-турмушунун дээрлик бардык негизги багыттарында реформалар жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ал бүгүнкү күндө башкы милдеттердин бири - эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана чет элдик инвестицияларды тартуу экенин кошумчалады. Бул жагынан Италия Кыргызстан үчүн келечектүү өнөктөштөрдүн бири болуп саналат.

Сүйлөшүүнүн аягында Президент Садыр Жапаров Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелонини Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Президент Садыр Жапаров провел переговоры с Председателем Совета Министров Италии Джорджей Мелони

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 3 октября, в рамках официального визита в Итальянскую Республику провел переговоры с Председателем Совета Министров Италии Джорджей Мелони.

Перед началом переговоров состоялась церемония официальной встречи во Дворце Киджи.

Президент Кыргызстана Садыр Жапаров и Председатель Совета Министров Италии Джорджа Мелони обошли строй почетного караула, после чего сделали совместное фото.

Далее в ходе переговоров состоялся обмен мнениями по вопросам развития торгово-экономического сотрудничества между Кыргызстаном и Италией, а также перспективам взаимодействия в сферах инвестиций, энергетики, транспорта, логистики, туризма и других ключевых направлениях.

Премьер-министр Италии Джорджа Мелони, приветствуя Президента Садыра Жапарова, подчеркнула, что данный визит является хорошей возможностью для дальнейшего развития кыргызско-итальянских отношений.

Она подтвердила готовность Италии укреплять связи с Кыргызстаном.

Президент Садыр Жапаров поблагодарил Джорджу Мелони за оказанный теплый прием на итальянской земле.

«Основная цель моего официального визита – подтвердить, что Кыргызстан является надежным партнером Италии. Мы высоко ценим дружественные отношения с Италией и стремимся к их дальнейшему укреплению», - обозначил Президент Кыргызстана, заверив в своей личной решимости и решимости своей команды развивать взаимовыгодное сотрудничество между двумя странами.

Кроме того, Президент Садыр Жапаров отметил, что сегодня Кыргызстан активно движется в направлении устойчивого развития, проводятся реформы практически во всех ключевых направлениях жизнедеятельности страны. Он добавил, что сегодня одной из главных задач является укрепление международного сотрудничества и привлечение иностранных инвестиций. В этом плане Италия является для Кыргызстана одним из перспективных партнеров.

В завершение беседы Президент Садыр Жапаров пригласил Председателя Совета Министров Италии Джорджу Мелони посетить Кыргызстан с официальным визитом.
2025/01/01 07:19:44
Back to Top
HTML Embed Code: