Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров менен Италиянын Премьер-министри Джорджа Мелонинин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды

Бүгүн, 3-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Италия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында өлкөнүн Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелони менен сүйлөшүүлөр болуп, анын жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Мындан тышкары бир катар документтерге кол коюлду:

- Кыргызстан менен Италиянын ортосунда экстрадициялоо жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Италия Өкмөтүнүн ортосундагы аудиовизуалдык продукцияны биргелешип чыгаруу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстан менен Италиянын Юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

***********

По итогам переговоров Президента Садыра Жапарова и Премьер-министра Италии Джорджи Мелони принято совместное заявление

Сегодня, 3 октября, в рамках официального визита Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Итальянскую Республику состоялись переговоры с Председателем Совета Министров страны Джорджей Мелони, по итогам которых принято Совместное заявление.

Кроме того, подписан ряд документов:

- Соглашение между Кыргызстаном и Италией об экстрадиции;
- Соглашение между Кыргызстаном и Италией о передаче осужденных;
- Соглашение между Кабинетом Министров Кыргызстана и Правительством Италии о совместном производстве аудиовизуальной продукции;
- Меморандум о сотрудничестве между Министерствами юстиции Кыргызстана и Италии.
2025/01/04 03:02:32
Back to Top
HTML Embed Code: