Telegram Web Link
Нарын шаарында тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Нарын шаарында тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгын ишке ашыруу «Жол картасын» талкуулоого катышты.

Иш-чарага Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу, министрликтердин, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана жергиликтүү коомчулук катышты.

Белгиленгендей, Кыргыз Республикасы тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча эл аралык иш-аракеттерге жигердүү катышып, тоолуу калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу, жаратылыш ресурстарын коргоо, тоо экосистемасынын көйгөйлөрүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлун буруу жана жогорулатуу боюнча демилгелерди илгерилетүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен 2023-2027-жылдар Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыяланган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы Токтому менен анын Концепциясы жана Жол картасы бекитилген.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын жигердүү катышуусу менен тоолуу аймактардагы табигый кырсыткардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чаралары, тоо экосистемаларын өнүктүрүүгө, туруктуу башкарууга жана адаптацияга багытталган демилгелер, долбоорлор жана стратегиялар талкууланды.

*****
Состоялось обсуждение Пятилетия действий по развитию горных регионов в г. Нарын

Специальный представитель Президента Кыргызской Республики по реализации Пятилетия действий по развитию горных регионов Динара Кемелова приняла участие в обсуждении, посвященном «Дорожной карте» по реализации Пятилетия действий по развитию горных регионов в г. Нарын.

В мероприятии также приняли участие заместитель полномочного представителя Президента страны в Нарынской области Шабдан Абдыраим уулу, представители министерств, районных государственных администраций, органов МСУ, учреждений, предприятий и местные сообщества.

Отмечается, что Кыргызская Республика активно участвует в международной деятельности по устойчивому развитию горных регионов, продвигает инициативы по повышению уровня жизни горного населения, защите природных ресурсов, привлечению внимания мирового сообщества к проблемам горных экосистем.
Указом Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова 2023-2027 годы объявлены Пятилетием действий по развитию горных регионов. Также ее Концепция и Дорожная карта были утверждены распоряжением Кабинета Министров Кыргызской Республики от 24 ноября 2023 года.

В ходе круглого стола при активном участии местных сообществ обсуждались меры по предотвращению и ликвидации последствий стихийных бедствий в горных районах, инициативы, проекты и стратегии, направленные на развитие, адаптацию и устойчивое управление горными экосистемами.
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети “Даңк” ордени менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жарлыкка кол койду, ага ылайык Кыргыз Республикасында техникалык билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө, квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон зор салымы үчүн И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети “Даңк” ордени менен сыйланды.

***

Кыргызский государственный технический университет имени И. Раззакова награжден орденом «Данк»


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому Кыргызский государственный технический университет имени И. Раззакова за большой вклад в развитие технического образования и науки Кыргызской Республики, подготовку квалифицированных специалистов награжден орденом «Данк».
“Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

“Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентинин ишке ашырылышын координациялоо үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги он күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына “Коопсуз шаар” автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары – “Коопсуз шаар” АМС) өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:

– “Коопсуз шаар” АМСти андан ары эксплуатациялоо жана жүргүзүү үчүн аны өзүнүн карамагына кабыл алсын;
– “Коопсуз шаар” АМСтин техникалык оператору катары Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасын аныктасын;
– ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл уюштуруучулук, финансылык жана башка чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:

– “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен түзүлгөн 2023-жылдын 1-февралынан тартып азыркы мезгилге чейинки бузуулардын бардык маалыматтар базасын “Коопсуз шаар” АМСтин архивдерине өткөрүп берсин;
– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен
биргеликте:

“Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен катталган укук бузууларды иштеп чыгуу процессинин үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн;
“Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен катталган бардык бузууларды андан ары иштеп чыгуу үчүн “Коопсуз шаар” АМСтин толук жана үзгүлтүксүз иштеши боюнча чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен катталган укук бузууларды жасагандыгы үчүн алынуучу айыптардын суммаларын түзүүнүн жана пайдалануунун жаңы тартибин он күндүк мөөнөттө кабыл алсын;
– Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга республикалык бюджетинде каралган финансылык каражаттардын чегинде “Коопсуз шаар” АМСти техникалык тейлөөнү өз убагында каржылоону камсыз кылсын;
– өзүнүн чечимдерин белгиленген тартипте ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 12-майындагы № 122 “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1, 2-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
Подписан Указ «О вопросах реализации компонента «Безопасный город» проекта «Умный город»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ «О вопросах реализации компонента «Безопасный город» проекта «Умный город».

В целях повышения эффективности реализации компонента «Безопасный город» проекта «Умный город», руководствуясь статьями 66, 71 Конституции Кыргызской Республики, постановляется:

1. Определить Министерство внутренних дел Кыргызской Республики уполномоченным государственным органом, ответственным за координацию реализации компонента «Безопасный город» проекта «Умный город».

2. Министерству цифрового развития Кыргызской Республики в десятидневный срок передать в ведение Министерства внутренних дел Кыргызской Республики автоматизированную информационную систему «Безопасный город» (далее – АИС «Безопасный город»).

3. Министерству внутренних дел Кыргызской Республики:

– принять в свое ведение АИС «Безопасный город» для дальнейшей ее эксплуатации и ведения;
– определить в качестве технического оператора АИС «Безопасный город» государственное предприятие «Инфоком» при Министерстве цифрового развития Кыргызской Республики;
– принять необходимые организационные, финансовые и иные меры, вытекающие из настоящего Указа.

4. Генеральной прокуратуре Кыргызской Республики:

– передать в архивы АИС «Безопасный город» всю базу данных нарушений, сформированную с применением аппаратно-программного комплекса в рамках реализации компонента «Безопасный город» проекта «Умный город» с 1 февраля 2023 года по настоящее время;
– совместно с Министерством внутренних дел Кыргызской Республики и Министерством цифрового развития Кыргызской Республики:

принять необходимые меры по обеспечению бесперебойного перехода процесса обработки правонарушений, зафиксированных с применением аппаратно-программного комплекса в рамках реализации компонента «Безопасный город» проекта «Умный город»;

принять меры по полноценному и бесперебойному функционированию АИС «Безопасный город» для последующей обработки всех нарушений, зафиксированных с применением аппаратно-программного комплекса в рамках реализации компонента «Безопасный город» проекта «Умный город».

5. Кабинету Министров Кыргызской Республики:

– в десятидневный срок принять новый порядок формирования и использования сумм штрафов, взысканных за совершение правонарушений, обработанных в автоматизированной информационной системе «Единый реестр правонарушений», в том числе зафиксированных с применением аппаратно-программного комплекса в рамках реализации компонента «Безопасный город» проекта «Умный город»;
– обеспечить своевременное финансирование технического обслуживания АИС «Безопасный город» в пределах финансовых средств, предусмотренных в республиканском бюджете Кыргызской Республики на соответствующий год;
– в установленном порядке привести свои решения в соответствие с настоящим Указом.

6. Внести в Указ Президента Кыргызской Республики «О мерах по дальнейшему совершенствованию цифровой трансформации в сфере государственного управления» от 12 мая 2023 года № 122 следующее изменение:

– пункты 1, 2 признать утратившими силу.
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов жана анын жубайы менен Президенттин Администрациясынын “Ынтымак Ордо” имаратында жолугушту.

Мамлекет башчысы Апас Жумагуловдун Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон зор салымын, айрыкча, ал өкмөттү жетектеп турганда, өлкө татаал кырдаалга туш болгондо, саясий жана экономикалык кризистен чыгуунун жолун тапканын белгиледи. Садыр Жапаров Апас Жумагуловдун жетекчилиги астында өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн айтып өттү.

Президент Апас Жумагулов сыяктуу көрүнүктүү инсандардын жана мамлекеттик ишмерлердин портреттери мамлекеттик мекемелердин дубалдарында илинип турушу керектигин баса белгиледи.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров 2024-жылы Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана маданий калыптанышына зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдыгын белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан Апас Жумагуловдун параддык портретин Президенттин Администрациясынын “Ынтымак Ордо” имаратынын коридоруна орнотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына каражат бөлүнөрүн белгиледи.

Өз кезегинде Апас Жумагулов Мамлекет башчысына көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык айтып, мындан ары да өлкөнүн бакубаттуулугун жана гүлдөп өнүгүшүн чыңдоого активдүү көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Апас Жумагуловго эстеликке белектерди тапшырып, анын мамлекеттин өнүгүшүнө жана элге кызмат кылуудагы көп жылдык салымы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

****
Президент Садыр Жапаров встретился с Героем Кыргызской Республики Апасом Джумагуловым

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 19 сентября, встретился с Героем Кыргызской Республики Апасом Джумагуловым и его супругой в здании Администрации Президента «Ынтымак Ордо».

Глава государства отметил значительный вклад Апаса Джумагулова в развитие Кыргызстана, в частности, когда он возглавлял правительство, когда страна находилась в сложной ситуации, найдя выход из политического и экономического кризиса. Садыр Жапаров подчеркнул, что благодаря руководству Апаса Джумагулова страна вышла на путь устойчивого развития.

Президент подчеркнул, что портреты таких выдающихся личностей и государственных деятелей, как Апас Джумагулов, должны украшать стены государственных учреждений.

В этой связи, Садыр Жапаров отметил, что подписал распоряжение, согласно которому в целях празднования в 2024 году 90-летия Героя Кыргызской Республики Апаса Джумагулова, внесшего выдающийся вклад в экономическое, социальное и культурное становление Кыргызской Республики, из Фонда Президента выделяются средства Управлению делами Президента Кыргызской Республики на изготовление парадного портрета Апаса Джумагулова для установки его в коридоре в здании Администрации Президента «Ынтымак Ордо».

В свою очередь, Апас Джумагулов поблагодарил Главу государства за оказанное внимание и заверил, что готов и впредь активно содействовать укреплению благополучия и процветания страны.

Президент Садыр Жапаров вручил памятные подарки Апасу Джумагулову и выразил глубокую признательность за его многолетний вклад в развитие государства и служение народу.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов менен жолугушту
*****
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров встретился с Героем Кыргызской Республики Апасом Джумагуловым
Президент Садыр Жапаров бир катар чет мамлекеттердин сот тутумунун жетекчилерин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда “Ынтымак Ордодо” бир катар чет өлкөлөрдүн сот тутумунун жетекчилерин кабыл алды.

Мамлекет башчысы Түркия Республикасынын Жогорку кассациялык сотунун төрагасы Өмер Керкез, Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Инам Керимов, Молдова Республикасынын Жогорку сот палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу Стела Прокопчук, Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун төрагасы Алексей Дронов, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотунун төрагасы Андрей Плотников, Кытай Эл Республикасынын Жогорку элдик сотунун төрагасынын орун басары Дэн Сюмин, Беларусь Республикасынын Жогорку сотунун биринчи орун басары Валерий Калинкович, Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери боюнча коллегиясынын төрайымы Назгүл Рахметуллина, Тажикстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Саидали Сабзали, Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Шухрат Полванов, Армения Республикасынын Кассациялык сотунун Коррупцияга каршы палатасынын төрагасы Артур Давтян жана Европа комиссиясынын демократия үчүн укук боюнча вице-президенти (Венеция комиссиясы) Вероника Билковаларды кабыл алды.

Президент сот органдарынын жетекчилери менен салам алышууда Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 100 жылдык мааракеси – мамлекеттин өнүгүү жолундагы тарыхый окуя экенин айтты. Буга байланыштуу ал бул тарыхый окуяга жогорку даражалуу коноктордун катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров ар бир мамлекеттин өнүгүшүндө сот системасынын ролу жогору экенин белгилеп, Кыргызстандын сот тутуму, анын ичинде судьялар менен сот системасынын кызматкерлери укуктук мамлекеттин калыптанышына баа жеткис салым кошуп, жарандардын мыйзамдуу укуктары менен эркиндигин ишенимдүү коргоп келатканын айта кетти.

Мамлекет башчысы Кыргызстан башка мамлекеттер менен көп тараптуу интеграциялык процесстерди толугу менен колдой турганын кошумчалады. Буга байланыштуу ал боордош өлкө жана стратегиялык өнөктөш санаган мамлекеттер менен достук мамиле жана өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн укуктук, маданий, гуманитардык жана илимий тажрыйба алмашуу чөйрөсүндө болгон күч-аракет жумшалып жатканын айтып өттү.

Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров жолугушууга өкүл болуп келген өлкөлөр менен кызматташуунун зор потенциалы бар экенине ишеним билдирип, бул багытта иштерди улантуу зарылчылыгын белгиледи.
2024/09/29 17:28:10
Back to Top
HTML Embed Code: