Telegram Web Link
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров “Германия – Борбор Азия” саммитинде инвесторлорду тартуу жана ишкерлердин укуктарын коргоону жакшыртуу боюнча Кыргызстандын активдүү чараларын баса белгиледи
******
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров на саммите «Германия – Центральная Азия» подчеркнул активные меры Кыргызстана по привлечению инвесторов и улучшению защиты прав предпринимателей
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “Кыргыз жараны” концепциясын иштеп чыгууга өнөктөш “ПисНексус” фондунун өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 17-сентябрда “ПисНексус” швейцариялык фондунун Башкаруучулар кеңешинин төрагасы, Элчи, ЕККУнун мурунку катчысы (2017-2020) Томас Гремингер, фонддун аткаруучу директору Катриона Гурлей жана фонддун Борбордук Азия боюнча менеджери Чынара Эсенгул менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында “Кыргыз жараны” жарандык иденттикти өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууга жана аны ишке ашырууга өнөктөш болгон “ПисНексус” фондуна терең ыраазычылык билдирди.

Мамлекеттик катчы “Кыргыз жараны” концепциясы Кыргыз Республикасындагы түрдүү этносторду бириктирип, элдин биримдигин бекемдеп, маданий ар түрдүүлүктү сактоого багытталганын белгиледи. Мындан сырткары бул концепция өлкөдөгү этностордун тилин жана маданиятын сактоо, аларды өнүктүрүү жаатындагы өзөктүү документтердин бири болуп саналат.

Өз кезегинде Томас Гремингер Кыргыз Республкиасында азыркы ишке ашырылып жаткан “Кыргыз жараны” концепциясы башка жакынкы, жадагалса алыскы мамлекеттерге үлгү болуучу бирден бир модель экендигин баса белгилеп, эки тараптуу кызматташуунун үзүрлүү болгонуна кененирээк токтолуп, ушул багытта дагы да өнөктөш болууга даяр экенин билдирди.

Эске салсак, 2020-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2021-2026-жылдарга “Кыргыз жараны” деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы бекитилген.
Государственный секретарь Суйунбек Касмамбетов провел встречу с представителями фонда «ПисНексус», который является партнёром в разработке концепции «Кыргыз жараны»

Государственный секретарь Кыргызской Республики Суйунбек Касмамбетов сегодня, 17 сентября, встретился с председателем Совета управляющих швейцарского фонда «ПисНексус», послом и бывшим генеральным секретарем ОБСЕ (2017-2020) Томасом Гремингером, исполнительным директором фонда Катрионой Гурлей и менеджером фонда по Центральной Азии Чынарой Эсенгул.

В ходе встречи была выражена глубокая благодарность фонду «ПисНексус», который является партнёром в разработке и реализации концепции развития гражданской идентичности «Кыргыз жараны» в Кыргызской Республике на 2021-2026 годы, утверждённой Указом Президента Кыргызской Республики.

Государственный секретарь отметил, что концепция «Кыргыз жараны» направлена на объединение различных этносов в Кыргызстане, укрепление единства народа и сохранение культурного разнообразия. Кроме того, эта концепция является одним из ключевых документов в области сохранения и развития языков и культур этносов, проживающих в стране.

В свою очередь, Томас Гремингер подчеркнул, что концепция «Кыргыз жараны», реализуемая в настоящее время в Кыргызской Республике, является уникальной моделью, которая может служить примером как для ближайших, так и для отдалённых стран. Он также отметил плодотворность двустороннего сотрудничества и выразил готовность продолжать партнерство в этом направлении.

Напомним, что 13 ноября 2020 года Указом Президента Кыргызской Республики была утверждена концепция развития гражданской идентичности «Кыргыз жараны» на 2021-2026 годы.
Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасына 17-сентябрда болгон бир күндүк иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Астана шаарында “Борбор Азия - Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышты.

Ошондой эле ал Германиянын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту. Президент бизнес-делегация мүчөлөрүнүн көңүлүн гидроэлектростанцияларды куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында кыргыз тарап менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө бурду. Анда ал Германиянын логистикалык компанияларына Кыргызстандагы стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуштады.

Мындан тышкары Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту. Президент Кыргызстандын башкы милдеттеринин бири чет элдик инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө экенин баса белгиледи. Кыргызстан германиялык компаниялардын өлкөгө алып келе турган тажрыйбасын жана билимин жогору баалайт.

Андан соң Эгемендүүлүк сарайында Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары менен Германиянын Федералдык канцлерин тосуп алуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи болду. Иш-чарага Казакстан, Германия, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышты.

Андан кийин өлкөлөрдүн лидерлери “Борбор Азия - Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Саммиттин катышуучуларынын көңүлүн Кыргызстандын инвесторлорду тартуу жана Ишкерлердин укуктарын коргоону жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан активдүү чараларга бурду.

Андан соң Мамлекет башчысы Борбор Азия өлкөлөрүнүн башка лидерлери менен бирге Германия бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуп, анда Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы инвесторлор үчүн жеңилдиктер жана преференциялар бар экенине басым жасады.

Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарын аяктап, 17-сентябрда Бишкек шаарына кайтып келди.
Завершился рабочий визит Президента Садыра Жапарова в Казахстан

Завершился однодневный рабочий визит Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Республику Казахстан, состоявшийся 17 сентября.

В рамках визита Садыр Жапаров принял участие во второй встрече глав государств «Центральная Азия – Германия» в г.Астана.

Также он встретился с представителями бизнес-сообщества Германии. Особое внимание членов бизнес-делегации Президент обратил на имеющийся потенциал сотрудничества с кыргызской стороной в области строительства гидроэлектростанций и развития возобновляемых источников энергии. Здесь же он предложил логистическим компаниям Германии принять участие в реализации стратегических проектов в Кыргызстане.

Кроме того, Садыр Жапаров встретился с Федеральным канцлером Германии Олафом Шольцем.

Президент подчеркнул, что одной из главных задач Кыргызстана является привлечение иностранных инвестиций и укрепление международного сотрудничества. Кыргызстан высоко ценит опыт и знания, которые германские компании могут принести в страну.

Далее во Дворце независимости состоялась церемония приветствия и совместного фотографирования глав государств Центральной Азии и Федерального канцлера Германии. В мероприятии приняли участие главы государств Казахстана, Германии, Кыргызстана, Таджикистана, Туркменистана и Узбекистана.

Далее лидеры стран приняли участие во второй встрече глав государств «Центральная Азия – Германия».

В своем выступлении Президент Садыр Жапаров обратил внимание участников Саммита на предпринимаемые активные меры Кыргызстана по привлечению инвесторов и улучшению защиты прав предпринимателей.

Затем Глава государства вместе с другими лидерами стран Центральной Азии встретился с представителями германского бизнеса, где акцентировал внимание германского бизнеса льготами и преференциями для инвесторов в приоритетные отрасли экономики Кыргызстана.

Завершив рабочий визит в Казахстан, Президент Садыр Жапаров 17 сентября вернулся в г.Бишкек.
2024/09/29 19:21:17
Back to Top
HTML Embed Code: