Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, иш сапары менен Казакстан Республикасына “Борбор Азия-Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн жөнөп кетти.

Расмий делегациянын курамындагылар:
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев;

- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев;

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев;

- Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия Федеративдүү Республикасынын (ГФР) ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу жана ГФРдин Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
*
Президент Садыр Жапаров вылетел с рабочим визитом в Казахстан


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 17 сентября, с рабочим визитом вылетел в Республику Казахстан для участия во второй встрече глав государств «Центральная Азия – Германия».

В составе официальной делегации:
– министр иностранных дел Кыргызской Республики Жээнбек Кулубаев;

– заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев;

– Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызстана в Казахстане Дастан Дюшекеев;

– министр природных ресурсов, экологии и технического надзора Медер Машиев;

– министр транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики Абсаттар Сыргабаев;

– директор Национального агентства по инвестициям при Президенте Талантбек Иманов.

Напомним, что в рамках визита Президент Садыр Жапаров также примет участие во встрече президентов стран Центральной Азии с предпринимателями ФРГ, проведет отдельную встречу с бизнес-сообществом Германии и двусторонние переговоры с Федеральным канцлером ФРГ Олафом Шольцем.
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Борбор Азия мамлекет башчылары менен Германиянын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди.

Мамлекет башчынын борту Казакстандын баш калаасынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары - Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси Галымжан Койшыбаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Эл аралык аэропортто ардак кароол тизилди.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия Федеративдүү Республикасынын (ГФР) ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу жана ГФРдин Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

****

Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в г.Астана

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 17 сентября, прибыл с рабочим визитом в г. Астана (Республика Казахстан) для участия во второй встрече глав государств Центральной Азии и Федерального канцлера Германии.

Борт Главы государства приземлился в международном аэропорту столицы Казахстана.

Президента Садыра Жапарова встретил Заместитель Премьер-министра - Руководитель Аппарата Правительства Республики Казахстан Галымжан Койшыбаев и другие официальные лица.
В международном аэропорту выстроен почетный караул.

Напомним, в рамках визита Президент Садыр Жапаров также примет участие во встрече президентов стран Центральной Азии с предпринимателями ФРГ, проведет отдельную встречу с бизнес-сообществом Германии, двусторонние переговоры с Федеральным канцлером ФРГ Олафом Шольцем.
Президент Садыр Жапаров Астанада Германиянын бизнес-делегация өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Казакстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Астана шаарында Германиянын бизнес-делегация өкүлдөрү менен иштиктүү жолугушуу өткөрдү.

Германиялык бизнестин өкүлдөрү менен учурашып жатып, Мамлекет башчысы бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жардам берерине ишенимин билдирди.

*********

Президент Садыр Жапаров в Астане встретился с представителями бизнес-делегации Германии

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 17 сентября, в рамках рабочего визита в Республику Казахстан провел деловую встречу с представителями бизнес-сообщества Германии в г. Астане.

Приветствуя представителей германского бизнеса, Глава государства выразил уверенность в том, что данная встреча будет способствовать дальнейшему развитию сотрудничества между двумя странами.

https://president.kg/news/all/25732
Президент Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Астана шаарында Германия Федеративдүү Республикасынын (ГФР) Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту.

Кыргыз-герман күн тартибинин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелери талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Европа Биримдигиндеги биздин маанилүү өнөктөшүбүздүн бири болгон Германия менен түзүлгөн достук мамилелерди жогору баалаарын белгиледи.

Ал кыргыз-герман кызматташтыгы активдешип жатканына канааттануусун билдирип, Федералдык Президент Франк-Вальтер Штайнмайердин өткөн жылы Кыргызстанга расмий сапары ийгиликтүү болгонун айтты.

Садыр Жапаров кыргыз тарап Германия менен экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө чоң көңүл буруп, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү байкалаарлык өсүп жатканына токтолду.

Президент Кыргызстандын башкы милдеттеринин бири чет элдик инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө экенин баса белгиледи. Бул багытта Германия кыргыз тарап үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналат. Кыргызстан германиялык компаниялардын өлкөгө алып келе турган тажрыйбасын жана билимин жогору баалайт. Өз кезегинде кыргыз тарап германиялык инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды, анын ичинде салык жеңилдиктерин жана инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылууга даяр.

Канцлер Олаф Шольц Садыр Жапаровго жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар жана даяр экенин канааттануу менен белгиледи.

Олаф Шольц Президент Садыр Жапаровдун былтыр Берлинге болгон сапарын эске салып, бул Кыргызстан менен Германия конкреттүү маселелер боюнча активдүү кызматташып жатканын ачык көрсөтүп турарын айтты.

Ал ошондой эле эки тараптын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн көптөгөн темалар бар экенин белгилеп, бүгүнкү күндө эң актуалдуу маселелердин бири –немис ишканаларын абдан кызыктырган Кыргызстандан Германияга адистердин миграциясы маселесине токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кыргыз-герман мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүү багытын улантуу боюнча макулдашууга жетишти.
Президент Садыр Жапаров встретился с Федеральным канцлером Германии Олафом Шольцем

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 17 сентября, в рамках рабочего визита в Республику Казахстан встретился с Федеральным канцлером Федеративной Республики Германия (ФРГ) Олафом Шольцем в г. Астане.

Обсуждены актуальные вопросы кыргызско-германской повестки в политической, торгово-экономической и культурно-гуманитарной сферах.

Президент Садыр Жапаров отметил, что Кыргызстан высоко ценит установившиеся дружественные отношения с Германией, являющейся одним из важных партнеров Кыргызстана в Европейском Союзе.

Он выразил удовлетворение активизацией кыргызско-германского сотрудничества, отметив успешно состоявшийся в прошлом году официальный визит Федерального Президента Франка-Вальтера Штайнмайера в Кыргызстан.

Садыр Жапаров акцентировал, что кыргызская сторона уделяет большое внимание развитию экономических связей с Германией, обозначив поступательное увеличение торгового оборота между двумя странами.

Президент подчеркнул, что одной из главных задач Кыргызстана является привлечение иностранных инвестиций и укрепление международного сотрудничества. В этом направлении Германия является для кыргызской стороны важным партнёром. Кыргызстан высоко ценит опыт и знания, которые германские компании могут принести в страну. В свою очередь кыргызская сторона готова обеспечить благоприятные условия для германских инвесторов, включая различные льготы и защиту прав инвесторов.

Канцлер Олаф Шольц, поблагодарив Садыра Жапарова за возможность встретиться, с удовлетворением отметил заинтересованность и готовность продолжать развивать двусторонние отношения с Кыргызстаном.

Олаф Шольц, вспоминая визит Президента Садыра Жапарова в Берлин в прошлом году, подчеркнул, что это наглядно показывает то, что Кыргызстан и Германия активно сотрудничают по конкретным вопросам.

Он также отметил, что существует множество тем для углубления сотрудничества между двумя сторонами, выделив одну из наиболее актуальных на сегодняшний день — это вопрос миграции специалистов из Кыргызстана в Германию, которые представляют большой интерес для немецких предприятий.

По итогам встречи сторонами достигнута договоренность продолжить курс на укрепление и развитие кыргызско-германских отношений по всем направлениям взаимного интереса.
Президент Садыр Жапаров “Германия – Борбор Азия” саммитинде инвесторлорду тартуу жана ишкерлердин укуктарын коргоону жакшыртуу боюнча Кыргызстандын активдүү чараларын баса белгиледи


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Астана шаарында “Германия-Борбор Азия” саммитинде сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

*******
Президент Садыр Жапаров на саммите «Германия – Центральная Азия» подчеркнул активные меры Кыргызстана по привлечению инвесторов и улучшению защиты прав предпринимателей


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 17 сентября, в рамках рабочего визита в Республику Казахстан выступил на Саммите «Германия – Центральная Азия» в г. Астана.

Текст выступления Главы государства:

https://president.kg/news/all/25734
2024/09/29 21:39:57
Back to Top
HTML Embed Code: