Telegram Web Link
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орундарды ээлеген жаш балбандар менен жолугушту

****

🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров встретился с призерами чемпионата мира по борьбе среди юниоров
Мурадин Тешебаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70 - беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, берген арызына ылайык Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Тешебаев Мурадин Жолдошович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

****

Мурадин Тешебаев освобожден от должности акима Аламудунского района Чуйской области

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому в соответствии с пунктом 6 части 1 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики, пунктом 1 части 1 статьи 10 Закона Кыргызской Республики «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления» Тешебаев Мурадин Жолдошович освобожден от занимаемой должности главы государственной администрации - акима Аламудунского района Чуйской области согласно поданному заявлению.
Азамат Эргешов Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Эргешов Азамат Казыбекович Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды.

****

Азамат Эргешов назначен акимом Аламудунского района Чуйской области

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал распоряжение, согласно которому в соответствии с пунктом 6 части 1 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Эргешов Азамат Казыбекович назначен главой государственной администрации – акимом Аламудунского района Чуйской области.
Авазбек Атаханов Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Атаханов Авазбек Койлубаевич Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

****

Авазбек Атаханов назначен Послом Кыргызстана в Пакистане

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому Атаханов Авазбек Койлубаевич назначен Чрезвычайным и Полномочным Послом Кыргызской Республики в Исламской Республике Пакистан.
Президент Садыр Жапаров коомдук башталышта иштеген бардык жардамчыларын жана кеңешчилерин бошотту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өз милдеттерин коомдук башталышта аткарган бардык жардамчыларды жана кеңешчилерди бошотуу чечимин кабыл алды.

Мындай чечим Президенттин Администрациясын реформалоо жана башкаруу системасын өркүндөтүүнүн алкагында кабыл алынды.

****

Президент Садыр Жапаров освободил всех помощников и советников, работавших на общественных началах

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров принял решение освободить всех помощников и советников, исполнявших свои обязанности на общественных началах.

Данное решение принято в рамках реформы Администрации Президента и совершенствования системы управления.
“Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык маданият жана искусство чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардак наамын Өзбекстан Республикасынын маданият министри Озодбек Назарбековго, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардак наамын Юнус Раджаби атындагы Өзбек улуттук музыкалык искусство институтунун “Макомду салттуу аткаруу” кафедрасынын улук окутуучусу Нуридин кизи Фарангиз Махмудовага ыйгарылды.

****

Подписан Указ «О присвоении почетных званий Кыргызской Республики»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому за значительный вклад в укрепление дружбы и сотрудничества в сфере культуры и искусства между Кыргызской Республикой и Республикой Узбекистан присвоено почетное звание «Народный артист Кыргызской Республики» министру культуры Республики Узбекистан Озодбеку Назарбекову, почетное звание «Заслуженный артист Кыргызской Республики» - старшему преподавателю кафедры «Традиционное исполнение макома» Узбекского национального института музыкального искусства имени Юнуса Раджаби Фарангиз Нуридин кизи Махмудовой.
Өлкө жетекчилиги тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жаңы Жобо бекитилди


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы –Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоонун алкагында резюменин жаңы форматы бекитилди.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы тескемеси менен өлкө жетекчилиги тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө Жобо бекитилген.

Бул Жобо жогоруда аталган номенклатурага кирген кызмат орундарына талапкерлерди тандоо маселелерин жөнгө салат. Тактап айтканда, тиешелүү талапкерди кароо максатында киргизиле турган документтердин тизмеси каралган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 27-августундагы тескемеси менен талапкерге байланыштуу толук маалыматтар чагылдырылган резюменин жаңы форматы бекитилген.

Резюменин жаңы форматы төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- туулган жери;
- жашаган жери;
- билими;
- биринчи иштеген жеринен баштап азыркы же акыркы кызмат ордуна чейин ырааттуу тартипте талапкердин иш тажрыйбасы.

Өлкөнүн жетекчилигине тандоо жана дайындоо үчүн талапкерлерди иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы резюменин ушул форматын жетекчиликке алууну өтүнөт.
Утверждено новое Положение о порядке отбора кандидатов для назначения на вакантные должности, входящие в номенклатуру должностей, назначаемых руководством страны

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал распоряжение, согласно которому утвержден новый формат резюме в рамках отбора кандидатов для назначения (утверждения) на вакантные должности, входящие в номенклатуру должностей, назначаемых (утверждаемых) Президентом Кыргызской Республики, Кабинетом Министров Кыргызской Республики, Председателем Кабинета Министров Кыргызской Республики –Руководителем Администрации Президента Кыргызской Республики.

Ранее распоряжением Президента Кыргызской Республики от 14 июня 2023 года было утверждено Положение о порядке отбора кандидатов для назначения (утверждения) на вакантные должности, входящие в номенклатуру должностей, назначаемых руководством страны.

Данное Положение регламентирует вопросы отбора кандидатов на должности, входящие в вышеназванную номенклатуру. В частности, предусмотрен список документов, которые должны быть внесены в целях рассмотрения соответствующей кандидатуры.

Отметим, что распоряжением Президента Кыргызской Республики от 27 августа 2024 года утвержден новый формат резюме, где отражаются подробные сведения относительно кандидата.

Новый формат резюме содержит сведения:
- место рождения;
- место проживания;
- образование;
- опыт работы кандидата в последовательном порядке, начиная с первого места работы и заканчивая нынешней либо последней должностью.

В целях изучения кандидатов для отбора и назначения руководством страны Администрация Президента Кыргызской Республики просит руководствоваться данным форматом резюме.
Жогорку Кеңештин кароосуна “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциядагы макулдашылган долбоору киргизилет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгында бүгүн, 5-сентябрда, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова, Президенттин кеңешчиси, Президенттин Администрациясынын башкармалык башчылары жана тармактык бөлүм башчылары, Башкы прокурор, ИИМ орун басары, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы, Президенттин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин мүчөлөрү, Аалымдар кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, белгилүү дин ишмерлеринин катышуусунда кеңешме өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору талкууланып, кеңешменин катышуучулары өз пикирлерин билдиришти.

Мамлекет башчысы аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда коомчулуктун бардык катмарларынын кызыкчылыгы эске алынышы керектигин айтып, айрыкча дин тармагындагы таанымал аалымдарды коомдук талкууга коюлган мыйзам долбооруна сунуштарды активдүү берүүгө чакырды.

Ошол эле учурда Президент Садыр Жапаров мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугу маселеси көңүл борборунда болушуна, диний ишмерлер жамаатташпай биримдикте иш алып баруусу керектигине көңүл бурду.

Жыйынтыгында бардык тараптардын пикирлерин эске алуу менен аталган мыйзамдын долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилмей болду.

****

На рассмотрение Жогорку Кенеша будет представлена согласованная новая редакция проекта Закона Кыргызской Республики «О свободе вероисповедания и религиозных организациях»

Сегодня, 5 сентября, под председательством Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова прошло совещание с участием Государственного секретаря Суйунбека Касмамбетова, заместителя Председателя Кабинета Министров – Председателя ГКНБ Камчыбека Ташиева, заместителя Председателя Кабинета Министров Эдиля Байсалова, депутата Жогорку Кенеша Шарапаткан Мажитовой, советника Президента, начальников управлений и руководителей отраслевых отделов Администрации Президента, Генерального прокурора, заместителя министра внутренних дел, председателя Государственной комиссии по делам религий, главы Духовного управления мусульман Кыргызстана, членов Экспертного совета по укреплению национального единства и религиозной политике при Президенте, а также председателя и членов Совета улемов и известных религиозных деятелей.

В ходе совещания участники обсудили проект Закона Кыргызской Республики «О свободе вероисповедания и религиозных организациях» и выразили свои мнения.

Глава государства отметил, что при разработке данного законопроекта необходимо учитывать интересы всех слоёв общества и призвал известных улемов активно вносить предложения по законопроекту, вынесенному на общественное обсуждение.

Вместе с тем Президент Садыр Жапаров акцентировал внимание на важности обеспечения безопасности государства и граждан, а также подчеркнул необходимость работы религиозных деятелей в духе единства, избегая разобщённости.

По итогам совещания, с учётом мнений всех сторон, согласованный вариант законопроекта будет представлен на рассмотрение Жогорку Кенеша.
2024/09/30 23:31:29
Back to Top
HTML Embed Code: