Telegram Web Link
Медер Машиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Машиев Медер Асанович мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды.

****

Медер Машиев назначен министром природных ресурсов, экологии и технического надзора

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому в соответствии с пунктом 2 части 1 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Машиев Медер Асанович назначен министром природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей.
Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сыргабаев Абсаттар Токтогулович мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды.


**********

Абсаттар Сыргабаев назначен министром транспорта и коммуникаций

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому в соответствии с пунктом 2 части 1 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Сыргабаев Абсаттар Токтогулович назначен министром транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей.
Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун ички иштер министрлерин кабыл алды


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-сентябрда, Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) ички иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Уюмдун ички иштер министрлерин кабыл алды.

Мамлекет башчысы коноктор менен учурашып жатып, түрк өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жыйыны биринчи жолу Кыргызстанда өтүп жатканы биз үчүн чоң сыймык экенин баса белгиледи.

“Бүгүнкү маанилүү иш-чара “күч бирдикте экендигин” таамай тастыктап, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн коопсуздугу – ар бириңиздер үчүн бийик милдет экендигин ачык көрсөтөт.

Боордош түрк элдеринин жалпы коопсуздугуна байланышкан аракетиңиздер, биздин ата-тегибизден бери келе жаткан биримдиктин анык далили болуп турат. Улуу түрк дүйнөсү ынтымакты туу тутуп, эли-журтунун тынчтыкта өмүр сүрүшүнө баардык күч аракетин жумшаган өзгөчөлүгү бар экендигин баарыбыз жакшы билебиз”, - деди Садыр Жапаров.

Бул контекстте Садыр Жапаров бул маанилүү иш-чараны мындан ары өнүктүрүп, чыңдоо максатында үзгүлтүккө учуратпай өткөрүп туруу зарылчылыгын айта кетти.

Президент тездик менен өнүгүп жаткан ааламдашуу доорунда, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча санариптештирүү багытында чогуу жана биримдикте иш алып баруу зарылдыгын да белгилеп өттү. Ички иштер министрлеринин жалпы коркунучтарга каршы туруу иш-аракеттери узак жылдар боюу, керек болсо кылымдар боюу кала турган биримдик болушу керек.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрү менен болгон өз ара мамилелерине кыскача токтолуп, ТМУ өлкөлөрүнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү жаңы позитивдүү этаптарды айтып өттү.

Жолугушуунун аягында Президент Садыр Жапаров Кыргызстан ТМУнун алкагындагы көп кырдуу кызматташууга, ошондой эле мүчө мамлекеттер менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Кыргызстан бул Уюмдун мамлекеттер аралык ынтымактын жана биримдиктин үлгүсү катары түптөлүшүнө кызыкдар. Ал ТМУнун ички иштер министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгы менен кабыл алына турган Декларация өз-ара тыгыз байланышты бекемдеп, коопсуздук маселесин мындан ары дагы кошумча чыңдоого жакшы өбөлгө түзөт, деген ишенимин билдирди.
Президент Садыр Жапаров принял министров внутренних дел Организации тюркских государств

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 6 сентября, в г. Чолпон-Ата принял министров внутренних дел Организации тюркских государств (ОТГ), прибывших в Кыргызстан для участия в заседании министров внутренних дел Организации.

Приветствуя гостей, Глава государства подчеркнул, что для Кыргызстана большая честь впервые принимать встречу министров внутренних дел тюркских государств.

«Сегодняшнее важное мероприятие ясно подтверждает, что сила в единстве, а безопасность всего тюркского мира является важной задачей для каждого из вас. Ваши усилия, направленные на общую безопасность братских тюркских народов, являются явным доказательством единства, которое передается нам от наших предков. Мы все хорошо знаем, что Великий тюркский мир имеет особенность — стремиться к единству и направлять все свои силы и усилия на обеспечение мирной жизни своих народов», - отметил Садыр Жапаров.

В данном контексте Садыр Жапаров отметил необходимость на регулярной основе проводить это важное мероприятие с целью его дальнейшего развития и укрепления.

Президент подчеркнул, что в эпоху стремительно развивающейся глобализации важна совместная и единая работа в области цифровизации борьбы с преступностью. Совместные усилия министров внутренних дел тюркских народов по противостоянию общим угрозам должны стать союзом, который будет длиться много лет, а возможно, даже века.

В ходе встречи Глава государства также кратко рассказал о текущих отношениях Кыргызстана с государствами Организации, подчеркнув новые положительные этапы в развитии двусторонних отношений между странами ОТГ.

В завершение встречи Президент Садыр Жапаров акцентировал, что Кыргызстан придает особое значение многогранному сотрудничеству в рамках ОТГ, а также двустороннему взаимодействию с государствами-членами. Кыргызстан заинтересован в том, чтобы эта Организация служила образцом межгосударственного согласия и единства. Он выразил уверенность в том, что Итоговая декларация встречи министров внутренних дел ОТГ, станет хорошей основой для дальнейшего укрепления взаимных связей и дополнительного усиления вопросов безопасности.
2024/11/05 19:13:29
Back to Top
HTML Embed Code: