Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаровдун дарегине чет мамлекеттердин башчыларынан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоолор келип түшүүдө (тизме улам толукталып турат)
****
Марокконун Королу Мохаммед VI Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Сизге жана Сиздин элиңизге болгон жылуу куттуктоолорумду жана мындан аркы прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалоолорумду кабыл алыңыз.

Мен биздин өлкөлөр ортосундагы достукка жана өз ара урматтоого негизделген мамилелерге терең канааттанам. Ошондуктан, мен биздин элдерибиздин тилектерин ишке ашыруу максатында кызматташуубузду бекемдөө жана кеңейтүү үчүн Сиз менен мындан ары да кызматташууну чыдамсыздык менен күтөм”, - деп айтылат Марокконун Королу Мохаммед VI куттуктоо телеграммасында.

Грузиянын Президенти Саломе Зурабишвили Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Грузия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелер регионалдык кызматташтыкты жана элдерибиздин бакубаттуулугун чыңдоого багытталган өз ара урматтоого негизделген.

Бул салтанаттуу күнү биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары тереңдетүү жана чыңдоо үчүн бир катар маанилүү кадамдарды жасайбыз жана кызматташуунун жаңы жемиштүү жолдорун белгилейбиз деген ишенимди билдирем.

Сизге болгон терең урмат-сыйымды ырастайм, өлкөңүзгө ак кызмат кылууда ийгиликтерди каалайм, ал эми дос Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Румыниянын Президенти Клаус Вернер Йоханис Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Сизге жана кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Румыния менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы саясий жана дипломатиялык мамилелер элдерибиздин жалпы жыргалчылыгы үчүн, ошондой эле Европа Бирлигинин Борбордук Азия мамлекеттери менен мамилесин тереңдетүү максатында мындан ары да бир ыргакта өнүгө берерине ишенеримди билдирем.

Ошону менен бирге Румыния регионалдык коопсуздукту камсыз кылуунун фундаменталдык элементи катары Европа Бирлигине мүчө-мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы экономикалык жана тармактык кызматташууну өнүктүрүүнү мындан ары да колдоого ала тургандыгына ишендирем”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Палестинанын Президенти Махмуд Аббас Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Палестина мамлекетинин, анын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана боордош Кыргыз Республикасынын элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Палестина менен Кыргызстандын ортосундагы бир туугандык мамилелер мындан ары да биздин өлкөлөрдүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн ийгиликтүү өнүгө берет деп ишенебиз”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Мен Ереван менен Бишкектин конструктивдүү маанайдагы салттуу өнүгүп келе жаткан мамилелери жана элдерибиздин достугу Армения менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты илгерилетүү үчүн бекем негиз катары кызмат кыла берерине ишенем.

Учурдан пайдаланып, Сизге чың ден соолук жана жаңы ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүүнү жана бардык жакшылыктарды каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

https://president.kg/news/all/25676
На имя Президента Садыра Жапарова поступают поздравления от глав иностранных государств по случаю Дня независимости Кыргызстана (список обновляется)
****
Король Марокко Мохаммед VI поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днём независимости

«Примите мои самые теплые поздравления Вам и Вашему народу и пожелания дальнейшего прогресса и процветания.

Я глубоко удовлетворен отношениями, основанными на дружбе и взаимоуважении между нашими странами. Поэтому я с нетерпением жду продолжения совместной работы с вами над укреплением и расширением нашего сотрудничества в целях реализации чаяний наших народов», - говорится в поздравительной телеграмме Короля Марокко Мохаммеда VI.

Президент Грузии Саломе Зурабишвили поздравила Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днём независимости

«Дружественные отношения между Грузией и Кыргызстаном основаны на взаимном уважении, которое направлено на укрепление регионального сотрудничества и благосостояния наших народов.

В этот торжественный день выражаю надежду, что мы предпримем ряд важных шагов для дальнейшего углубления и укрепления существующих дружеских отношений между нашими странами и наметим новые плодотворные пути сотрудничества.

Ваше Превосходительство, я подтверждаю Вам свое глубочайшее уважение, желаю Вам успехов в служении Вашей стране, а дружественному народу Кыргызстана желаю мира и процветания», - говорится в поздравительной телеграмме.

Президент Румынии Клаус Вернер Йоханис поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днём независимости

«По случаю Дня независимости Кыргызской Республики, я обращаю Вам и кыргызскому народу пожелания мира и процветания.

Выражаю убеждение, что политико-дипломатические отношения между Румынией и Кыргызской Республикой будут продолжать гармонично развиваться на общее благо наших народов, а также в целях углубления взаимосвязи Европейского Союза с государствами Центральной Азии.

В то же время заверяю Вас, что Румыния продолжит поддерживать развитие экономического и отраслевого сотрудничества между государствами-членами Европейского Союза и Кыргызской Республикой, как основополагающего элемента обеспечения региональной безопасности», - говорится в поздравительной телеграмме.

Президент Палестины Махмуд Аббас поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днём независимости

«От имени Государства Палестина, его народа и от себя лично сердечно поздравляю Вас и братский народ Кыргызской Республики по случаю 33-й годовщины Независимости Кыргызской Республики.

Мы надеемся, что братские отношения между Палестиной и Кыргызстаном далее будут развиваться так же благополучно во благо народов наших стран»,- говорится в поздравительной телеграмме.

Премьер-министр Армении Никол Пашинян поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днём независимости

«Убежден, что развивающиеся традиционно в конструктивном духе отношения между Ереваном и Бишкеком и дружба наших народов будут и впредь служить прочной основой для продвижения взаимовыгодного сотрудничества Армении и Кыргызстана во всех сферах, представляющих взаимный интерес.

Пользуясь случаем, желаю Вам крепкого здоровья и новых успехов, а дружественному народу Кыргызстана – благополучия и всяческих благ», - говорится в поздравительной телеграмме.

https://president.kg/news/all/25676
Президент Садыр Жапаров: Мамлекет өзүнүн мыкты, таланттуу, ар тараптан өнүккөн жарандарын моралдык да, материалдык да жактан колдоосун улантат


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтты:

https://president.kg/news/all/25678
******
Президент Садыр Жапаров: Государство продолжит оказывать поддержку своим выдающимся, талантливым и всесторонне развивающимся гражданам как в моральном, так и в материальном плане

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 31 августа, вручил государственные награды лицам, отмеченным государственными знаками отличия за выдающиеся заслуги перед страной и народом в честь 100-летия со дня образования Кара-Кыргызской автономной области и в связи с Днем независимости Кыргызской Республики.

В своем выступлении Глава государства отметил:

https://president.kg/news/all/25678
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров ата мекендик продукциялардын көргөзмө-жарманкесине катышты

*******

🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров посетил выставку-ярмарку отечественной продукции
Президент Садыр Жапаров мыкты делген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Бүгүн, 31-августта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө карата
өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мыкты делген инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Буга чейин Эгемендүүлүк күнүнө карата Президент Садыр Жапаров бир катар инсандарга “Кыргыз Республикасынын Баатыры” артыкчылык даражасын ыйгаруу, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Салтанаттуу иш-чарага искусство ишмерлери, мугалимдер, жазуучулар, инженерлер, экономисттер, юристтер, жаңы заманбап өндүрүштөрдүн адистери жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткан башка инсандар катышты.

Мамлекет башчы өз сөзүндө бүгүн сыйлык алып жаткан замандаштарыбыз - бабаларыбыз түптөгөн эгемен Кыргызстанды андан ары өнүктүрүүгө ар тараптан салым кошуп келаткан атуулдар деп баса белгиледи.

Бул контекстте Президент Садыр Жапаров тарыхтын тамырын тартып, жамы журтка белгилүү мамлекет түптөгөн аталарыбыздын каармандыгы тууралуу кепти эмнеге кайра-кайра козгоп жатканына токтолуп, азыркы Эгемен Кыргызстан ошол аталардын кажыбас кайраты, майтарылгыс эрки менен түзүлгөн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунан башат алганын айтып өттү.

Сыйлангандардын тизмеси тиркемеде.
**
Президент Садыр Жапаров вручил госнаграды отличившимся кыргызстанцам

Сегодня, 31 августа, состоялась торжественная церемония вручения государственных наград гражданам, отличившимся за выдающиеся заслуги перед страной и народом в честь 100-летия со дня образования Кара-Кыргызской автономной области и в связи с Днем независимости Кыргызской Республики.

Ранее по случаю Дня независимости Президент Садыр Жапаров подписал Указ о присвоении ряду деятелей степени отличия «Кыргыз Республикасынын Баатыры», а также «О награждении государственными наградами Кыргызской Республики».

На торжественном мероприятии присутствовали деятели искусства, педагоги, писатели, инженеры, экономисты, юристы, специалисты в новых современных отраслях и другие, вносящие свой посильный вклад в социально-экономическое развитие страны.

Глава государства в своей речи подчеркнул, что сегодняшние лауреаты, получающие награды, также вносят значительный вклад в дальнейшее развитие независимого Кыргызстана, продолжая дело своих предков.

В данном контексте Президент Садыр Жапаров отметил почему вновь и вновь поднимается вопрос о подвигах наших предков, основавших государство и ставших известными всему народу - современный независимый Кыргызстан берет свое начало от Кара-Кыргызской автономной области, созданной благодаря несгибаемой воле и неутомимому мужеству этих предков.

Список награжденных в приложении.

https://president.kg/news/all/25679
2024/10/01 19:19:45
Back to Top
HTML Embed Code: