Telegram Web Link
На имя Президента Садыра Жапарова поступают поздравления от глав иностранных государств по случаю Дня независимости Кыргызстана (список обновляется)

На имя Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова поступают поздравления от глав иностранных государств по случаю Дня независимости Кыргызстана.


В своей поздравительной телеграмме Президент Российской Федерации Владимир Путин поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости страны.

«Примите сердечные поздравления по случаю национального праздника Кыргызской Республики – Дня независимости.

Ваша страна добилась значимых успехов в социально-экономическом развитии и упрочении внутриполитической стабильности, играет конструктивную роль в решении актуальных вопросов региональной и международной повестки дня.

Российско-кыргызские отношения основываются на принципах стратегического партнерства и союзничества. Наши государства эффективно взаимодействуют в рамках ЕврАзЭС, ОДКБ, СНГ, ШОС и других многих многосторонних структур.

Уверен, что совместными усилиями мы будем и впредь планомерно наращивать взаимовыгодные российско-кыргызские связи во всех областях – на благо наших дружественных народов, в интересах обеспечения безопасности и стабильности на евразийском пространстве», - говорится в поздравительной телеграмме.

Владимир Путин пожелал Садыру Жапарову крепкого здоровья и успехов, а кыргызстанцам – счастья и процветания.

Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днем независимости

«От имени народа Казахстана и себя лично сердечно поздравляю Вас и всех Ваших соотечественников с Днем Независимости.

Этот знаменательный день в истории суверенного Кыргызстана, являясь символом единства и созидания, служит незыблемой основой дальнейшего укрепления государственности и прогресса.

Под Вашим умелым руководством Кыргызстан успешно реализует важные политические реформы и проводит социально-экономические преобразования, уверенно следуя по пути устойчивого развития, обеспечения благосостояния граждан и укрепления международного авторитета страны.

С большим удовлетворением отмечаю высокую динамику казахско-кыргызского сотрудничества, которое совместными усилиями наполняется новым практическим содержанием и в полной мере отвечает духу стратегического партнерства и союзничества», - говорится в поздравительном послании.

Касым-Жомарт Токаев пожелал Садыру Жапарову дальнейших успехов в ответственной государственной деятельности во имя благополучия и процветания братского Кыргызстана.

Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с Днём независимости

«По случаю национального праздника Вашей страны – Дня независимости рад поздравить Вас и братский кыргызский народ и передать мои наилучшие поздравления.

В результате масштабных изменений под Вашим умелым руководством за последние годы Кыргызстан стремительно развивается, поднимается уровень жизни населения. Еще больше повышается имидж страны на международной арене.

Бесконечно рад, что в результате нашей твердой политической воли и совместным усилиям отношения вечной дружбы, добрососедства и всеобъемлющего стратегического партнерства между нашими братскими странами последовательно укрепляются.

В частности, государственный визит, который Вы совершили в нашу страну в прошлом месяце, яркой страницей вошел в историю наших отношений. Полная реализация важных соглашений и проектов, достигнутых в результате продолжающихся плодотворных переговоров с Вами, послужит дальнейшему укреплению наших отношений.

Пользуясь случаем, желаю Вам долгих лет жизни, крепкого здоровья и больших успехов в Вашей ответственной государственной деятельности, а братскому кыргызскому народу – мира, прогресса и благополучия», - говорится в поздравительной телеграмме.

https://president.kg/news/all/25676
Президент Садыр Жапаровдун дарегине чет мамлекеттердин башчыларынан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоолор келип түшүүдө (тизме улам толукталып турат)

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине чет мамлекет башчыларынан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоолору келип түшүүдө.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин өзүнүн куттуктоо телеграммасында Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Сиздин өлкөңүз социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана ички саясий туруктуулукту бекемдөөдө маанилүү ийгиликтерге жетишти, регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүүдө конструктивдүү роль ойнойт.

Орус-кыргыз мамилелери стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделет. Биздин мамлекеттер ЕврАзЭС, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көптөгөн көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу өз ара аракеттенүүдө.

Биргелешкен аракеттер менен биз бардык тармактарда – дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн, Евразия мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара пайдалуу орус-кыргыз байланыштарын пландуу түрдө мындан ары да арттырабыз деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми кыргызстандыктарга бакыт-таалай жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана бардык мекендештериңизди Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы бул маанилүү күн биримдиктин жана жаратмандыктын символу катары мамлекеттүүлүктү жана прогрессти мындан ары чыңдоонун көөнөргүс негизи болуп саналат.

Сиздин иш билги жетекчилигиңиз астында Кыргызстан маанилүү саясий реформаларды ийгиликтүү ишке ашырып, туруктуу өнүгүү, жарандардын бакубаттуулугун камсыз кылуу жана өлкөнүн эл аралык аброюн бекемдөө жолуна ишенимдүү кадам таштоо менен социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдү жүргүзүүдө.

Казак-кыргыз кызматташтыгынын жогорку динамикасын чоң канааттануу менен белгилейм, ал биргелешкен аракеттер менен жаңы практикалык мазмунга толуп, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духуна толук өлчөмдө жооп берет”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев боордош Кыргызстандын бакубатчылыгы жана гүлдөп-өсүү максатында Садыр Жапаровго жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Өлкөңүздүн улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнүнө карата Сизди жана боордош кыргыз элин куттуктап, эң жакшы куттуктоолорумду жолдогонума кубанычтамын.

Сиздин иш билги жетекчилигиңиз алдында масштабдуу өзгөрүүлөрдүн натыйжасында акыркы жылдары Кыргызстан тездик менен өнүгүп, калктын жашоо деңгээли көтөрүлүүдө. Өлкөнүн эл аралык аренадагы аброю дагы жогорулап жатат.

Биздин бекем саясий эркибиздин жана биргелешкен аракетибиздин натыйжасында боордош өлкөлөрдүн ортосундагы түбөлүк достук, ынак коңшулук жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелер туруктуу бекемделип жаткандыгына чексиз кубанычтамын.

Тактап айтканда, Сиздин өткөн айда биздин өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарыңыз биздин мамилелерибиздин тарыхына көрүнүктүү бир барак болуп кирди. Сиз менен улантылып жаткан жемиштүү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилген маанилүү макулдашууларды жана долбоорлорду толук ишке ашыруу биздин мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө кызмат кылат.

Учурдан пайдаланып, Сизге узун өмүр, чың ден соолук жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө зор ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине – тынчтык, прогресс жана бакубатчылык каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

https://president.kg/news/all/25676
Президент Садыр Жапаров ата мекендик продукциялардын көргөзмө-жарманкесине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта ата мекендик продукциялардын көргөзмө-жарманкесине катышты.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган.

Көргөзмөгө тамак-аш, айыл чарба, текстиль, кол өнөрчүлүк, оор өнөр жай жана автомобиль өнөр жайы сыяктуу тармактарда иштеген 100дөн ашык ата мекендик компаниялардын товарлары коюлган.

Мамлекет башчысы көргөзмөдөгү продукциялар менен таанышып, ири эл аралык рыноктордо “Кыргызстанда жасалган” деген брендди илгерилетүүнүн жана экспорттун көлөмүн көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент Садыр Жапаров экономиканы чыңдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү жана ички жана тышкы рыноктордо продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында мамлекет ата мекендик өндүрүүчүлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантарын баса белгиледи.

****

Президент Садыр Жапаров посетил выставку-ярмарку отечественной продукции

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 31 августа, посетил выставку-ярмарку отечественной продукции на площади имени Турдакуна Усубалиева в г. Бишкек.

Мероприятие приурочено к 100-летию образования Кара-Кыргызской автономной области и Дню независимости Кыргызской Республики.

На выставке представлены товары более 100 отечественных компаний, работающих в таких отраслях, как пищевая промышленность, сельское хозяйство, текстиль, ремесленничество, тяжелая промышленность и автомобилестроение.

Глава государства ознакомился с продукцией, представленной на выставке, отметив важность продвижения бренда «Сделано в Кыргызстане» на крупных международных рынках и увеличения объема экспорта.

Президент Садыр Жапаров подчеркнул, что государство продолжит оказывать всестороннюю поддержку отечественным производителям в целях укрепления экономики, создания новых рабочих мест и повышения конкурентоспособности продукции на внутреннем и внешнем рынках.
2024/10/01 22:25:38
Back to Top
HTML Embed Code: