Telegram Web Link
“Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди” ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү Динара Кемелова БУУнун КРдагы агенттиктери менен тоо иштеринин күн тартибин илгерлетүүнү талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди” ишке ашыруу боюнча Атайын өкүлү Динара Кемелова Кыргыз Республикасындагы БУУнун системасынын өкүлдөрү жана Алматы жана Рим шаарларында жайгашкан эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Өз сөзүндө Динара Кемелова катышуучуларга Кыргызстанда көрүлүп жаткан чаралар жана тоо демилгелери тууралуу, ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясын жана “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди” ишке ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Динара Кемелова тоолуу аймактардын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу жана туруктуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу, тоолуу региондордун тургундарынын инфраструктурага, сууга, энергетикага жана санитарияга жеткиликтүүлүгү, анын ичинде аялдардын, балдардын жана башка аялуу топтордун жашоо шарттарын жакшыртуу жана тоо экосистемаларын коргоо боюнча чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле акыркы күндөрү Кыргызстанда болуп жаткан мөңгүлөрдүн эриши жана сел сыяктуу табигый кырсыктарга өзгөчө көңүл бурду.

БУУ тутумунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве БУУнун бүткүл структурасынын атынан Кыргызстандын Өкмөтү менен тоо маселелери жана климаттын өзгөрүүсү боюнча кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди.

БУУнун адистештирилген агенттиктеринин, уюмдарынын жана программаларынын, ошондой эле Тоо шериктештигинин катчылыгынын жетекчилери тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришип, өлкөдө тоолорду туруктуу өнүктүрүү , климаттын өзгөрүшү, калктын жашоо сапатын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана табигый кырсыктарга жана катаклизмдерге каршы күрөшүү маселелери боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлору тууралуу маалымат беришти.

Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин “2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Жол картасын ишке ашырууну талкуулашты.

Динара Кемелова бул Жол картасынын пункттарын ишке ашыруу боюнча КР мамлекеттик органдары менен БУУнун түзүмдөрүнүн биргелешкен ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйындын соңунда катышуучулар тоолор күн тартибин алдыга жылдыруу боюнча мындан аркы кызматташуу максатында жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча макулдашышты.
Специальный представитель Президента Кыргызской Республики по реализации «Пятилетия действий по развитию горных регионов» Динара Кемелова обсудила продвижение горной повестки с агентствами ООН в Кыргызстане

Специальный представитель Президента Кыргызской Республики по реализации «Пятилетия действий по развитию горных регионов» Динара Кемелова провела встречу с представителями системы ООН в Кыргызской Республике и международных организаций, расположенных в городах Алматы (Республика Казахстан) и Рим (Итальянская Республика).

В своем выступлении Динара Кемелова проинформировала участников встречи о предпринимаемых мерах и продвигаемых горных инициативах Кыргызстана, а также о реализации Резолюции Генеральной Ассамблеи ООН «Устойчивое горное развитие» и Дорожной карты по реализации «Пятилетия действий по развитию горных регионов».

Динара Кемелова отметила необходимость реализации мер по адаптации и повышению устойчивости горных регионов к изменению климата, решения проблем обеспечения доступа жителей горных районов к инфраструктуре, воде, энергии и санитарии, улучшения условий жизни горных сообществ, включая женщин, детей и другие уязвимые группы, а также защиты горных экосистем. Она также обратила особое внимание на проблемы таяния ледников и природных катаклизмов, таких как сели, происходящие в Кыргызстане в последние дни.

Постоянный координатор системы ООН в Кыргызской Республике Антье Граве от лица всей структуры ООН выразила готовность продолжать сотрудничество с Правительством Кыргызстана по горным вопросам и изменению климата.

Главы специализированных агентств, организаций и программ ООН, а также Секретариат горного партнерства выразили готовность к тесному сотрудничеству и проинформировали о своих проектах, реализуемых в стране по вопросам устойчивого горного развития, изменения климата, улучшения качества жизни населения, сохранения биоразнообразия и борьбы со стихийными бедствиями и катаклизмами.

Стороны также обсудили реализацию Дорожной карты, утвержденной Распоряжением Кабинета Министров в целях реализации Указа Президента Кыргызской Республики «Об объявлении периода 2023-2027 годов Пятилетием действий по развитию горных регионов».

Динара Кемелова подчеркнула важность совместной работы государственных органов КР и структур ООН по реализации пунктов указанной Дорожной карты.

В завершение встречи участники договорились проводить встречи на регулярной основе с целью дальнейшего сотрудничества по продвижению горной повестки.
Президент Садыр Жапаров Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, Бельгия Королдугуна иш сапарынын алкагында Брюссель шаарында тар жана кеңири курамда Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен жолугушту.

Тараптар кеңири чөйрөдө өз ара эки жактуу кызматташууну активдештирүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашып, соода-экономикалык кызматташтыктын келечеги, инвестиция тартуу жана энергетика, сейрек кездешүүчү металлдар, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты.

Шарль Мишель Садыр Жапаровду тосуп алып, өткөн жылы Кыргызстанга болгон сапарын жылуу эстей турганын белгиледи.

Ал демократия, адам укуктарын урматтоо жана мыйзам үстөмдүгү, ошондой эле экономикалык өз ара аракеттенүү принциптерине негизделген эки тараптуу масштабдуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө умтуларын ырастады.

Европа Кеңешинин Президенти Кыргызстан менен кызматташуунун энергетика, экологиялык таза технологиялар, транспорт жана башка келечектүү багыттарын белгиледи.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Шарль Мишелге расмий чакыруу, жылуу кабыл алуусу жана жалпы Кыргызстанга өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Европа Бирлиги кызматташтыгынын жаңы тепкичинин тарыхый босогосунда турат. Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашуу бир гана Европа Бирлиги эмес, баардык 27 мүчө мамлекеттер тарабынан кол коюлуп жаткандыгы, анын маанилүүлүгүн билдирип турат.

Мамлекет башчысы баарлашуунун жүрүшүндө климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө, анын ичинде миң жылдык мөңгүлөргө ээ болгон Кыргызстанга да таасир этип жатканын белгиледи.

Ал жакында Австриянын Вена шаарында Дүйнөлүк Банк менен биргеликте Кыргызстандын эң ири долбоорлорунун бири болуп эсептелген Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна атайын Донорлордун платформасы түзүлгөнүн айтты.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров Европа Бирлигинин «Глобалдык дарбаза» аттуу стратегиясын эске алуу менен ушул ири долбоорду курууга кошулууну сунуштады.

Ошондой эле Кыргызстандын Президенти азыркы учурда сейрек кездешүүчү металлдар тармагындагы кызматташуу кыргыз тарап үчүн маанилүү багыттардын бири экенин ырастады. Кыргыз Республикасында Европа өлкөлөрүн кызыктырган 17 маанилүү металл бар, алардын 10у кыйла көп санда, алар - европий, гадолиний, ниобий, литий жана башкалар.

Президент мындан улам потенциалдуу инвесторлорду жана каржы институттарын сейрек кездешүүчү металлдар боюнча долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга чакырды.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон, 2006-жылдан бери чечилбей келе жаткан транспорт тармагындагы маселеге токтолду.

Ал 2006-жылы Кыргызстан менен өлкөнүн авиакомпаниялары учуу коопсуздугу жаатындагы дал келбөөлөрдөн улам «Европа Бирлигинин учуу коопсуздугунун тизмесине», башкача айтканда «тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесине» киргизилгенин белгиледи. Ошондон бери Кыргызстандын учактары Европа Бирлигинин өлкөлөрүнө учуусун токтоткон.

Садыр Жапаров бул маселеге өзү өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи. Акыркы эки жыл ичинде өлкөдө 4 аэропорт реконструкцияланды, Жалал-Абад шаарында жаңы аэропорт пландаштырылып жатат. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча атайын Жарлык чыккан. Бардык имараттарын, техникаларын жаңыртууга талап кылынган каражаттын баары бөлүнүп берилип жатат. Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги 2023-жылдан баштап Еврокомиссиянын түзүмдөрү менен тыгыз иш алып келе жатат. Талап кылынган документтердин баары берилди.
Президент Садыр Жапаров провел переговоры с Президентом Европейского Совета Шарлем Мишелем

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 25 июня, в рамках рабочего визита в Королевство Бельгия в узком и расширенном форматах встретился с Президентом Европейского Совета Шарлем Мишелем в г. Брюссель.

Стороны обсудили актуальные вопросы двустороннего взаимодействия по широкому кругу вопросов, обменялись мнениями о перспективах торгово-экономического сотрудничества, инвестиций и реализации совместных проектов в сфере энергетики, редких металлов, сельского хозяйства и др.

Шарль Мишель, приветствуя Садыра Жапарова отметил, что с теплотой вспоминает свой визит в Кыргызстан, состоявшийся в прошлом году.

Он подтвердил свою приверженность дальнейшему углублению двустороннего широкомасштабного сотрудничества, опирающегося на принципы демократии, уважения прав человека и верховенства права, а также экономического взаимодействия.

Президент Европейского Совета обозначил перспективные направления сотрудничества с Кыргызстаном, такие как энергетика, экологические чистые технологии, транспорт и др.

В свою очередь Садыр Жапаров поблагодарил Шарля Мишеля за официальное приглашение, теплый прием и особое внимание к Кыргызстану в целом.

Он отметил, что сегодня Кыргызстан и Евросоюз стоят на историческом пороге нового уровня сотрудничества. Тот факт, что Соглашение о расширенном партнерстве и сотрудничестве подписывается не только Евросоюзом, но и всеми 27 государствами-членами, указывает на его важность.

В ходе беседы Глава государства также обозначил негативные последствия изменения климата, которые оказывают влияние на все страны мира, включая Кыргызстан с его тысячелетними ледниками.

Он рассказал, что недавно в Австрии, Вене, совместно со Всемирным Банком была создана специальная платформа доноров для строительства ГЭС Камбар-Ата-1, которая является одним из крупнейших проектов Кыргызстана.

В данном контексте Садыр Жапаров предложил присоединиться к строительству этого проекта с учетом стратегии Евросоюза под названием «Глобальные ворота».

Также Президент Кыргызстана отметил, что в настоящее время сотрудничество в сфере редких металлов считается для кыргызской стороны одним из важнейших направлений. В Кыргызской Республике имеется 17 важных металлов, представляющих интерес для европейских стран, 10 из них находятся в больших количествах, это европий, гадолиний, ниобий, литий и другие.

В этой связи Президент пригласил потенциальных инвесторов и финансовые институты к сотрудничеству для реализации проектов по редким металлам.

Кроме того, Глава государства затронул стратегически важный для Кыргызстана вопрос - сфера транспорта, который не решается с 2006 года.

Он отметил, что в 2006 году Кыргызстан и авиакомпании страны были внесены в «Список авиационной безопасности Европейского Союза», иначе говоря, в «список запрещенных авиакомпаний», из-за несоответствия требованиям безопасности полетов. С тех пор самолеты Кыргызстана перестали летать в страны Евросоюза.

Садыр Жапаров подчеркнул, что сам уделяет этому вопросу особое внимание. За последние два года в стране реконструированы 4 аэропорта, планируется новый аэропорт в Джалал-Абаде. Издан специальный Указ о совершенствовании деятельности Государственного агентства гражданской авиации. Выделяются все средства, необходимые для обновления всех зданий и оборудования. Государственное агентство гражданской авиации с 2023 года тесно сотрудничает со структурами Еврокомиссии. Все необходимые документы предоставлены.
Брюсселде Кыргызстан менен ЕБ ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи өттү

Бүгүн, 25-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Бельгия Королдугуна иш сапарынын алкагында Брюссель шаарында Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи өттү.

Президент Садыр Жапаровдун жана Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишелдин катышуусунда документке Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Европа Бирлигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү – Европа Комиссиясынын Вице-Президенти Жозеп Боррель, Европа Комиссиясынын Аткаруучу Вице-Президенти Валдис Домбровскис кол коюшту.

***

В Брюсселе состоялась церемония подписания Соглашения о расширенном партнерстве и сотрудничестве между Кыргызстаном и ЕС

Сегодня, 25 июня, в рамках рабочего визита Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Королевство Бельгия в г. Брюссель состоялась церемония подписания Соглашения о расширенном партнерстве и сотрудничестве между Кыргызстаном и Европейским Союзом.

В присутствии Президента Садыра Жапарова и Президента Европейского Совета Шарля Мишеля документ подписали министр иностранных дел Кыргызской Республики Жээнбек Кулубаев, Верховный Представитель ЕС по иностранным делам и политике безопасности — Заместитель Председателя Европейской Комиссии Жозеп Боррель, Исполнительный Вице-Президент Европейской комиссии Валдис Домбровскис.
Президент Садыр Жапаров Европа комиссиясынын аткаруучу Вице-президенти Валдис Домбровскис менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Брюссель шаарына болгон (Бельгия Королдугу) иш сапарынын алкагында Европа комиссиясынын аткаруучу Вице-президенти Валдис Домбровскис менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Соода-экономикалык кызматташууну тереңдетүү, инвестицияларды тартуу, тоо-кен өнөр жай биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу, жашыл экономика, ошондой эле санариптик технологияларды киргизүү жана адам ресурстарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Валдис Домбровскис Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул өңүттөн ал Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын баса көрсөттү.

Муну менен катар Европа комиссиясынын аткаруучу Вице-президенти экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жана ири энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорго катышууга даяр экендигин белгиледи.

Тактап айтканда, Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна кызыкдар экенин билдирип, алардын экономикалык потенциалын белгиледи.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюуга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул эки тараптуу кызматташуунун жетишкендиктерин мындан ары бекемдейт жана келечектеги эки жактуу өнөктөштүк үчүн жаңы, заманбап жана амбициалуу мыйзамдык базаны камсыз кылат деген ишеним билдирди.

Президент баса белгилегендей, Кыргызстан өзүнүн жайгашкан жерин жана транзиттик дараметин эске алуу менен соода жана инвестиция үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу менен катар жашыл күн тартибин активдүү илгерилетип жатат жана 2030-жылга карата парник газдарынын чыгарылышын 44% кыскартууну, ал эми 2050-жылга карата көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүнү көздөп жатат деп ырастады.

Жашыл экономиканы өнүктүрүү демилгесинин алкагында жана дүйнөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга биргелешип салым кошуу максатында Президент тышкы карызды жашыл долбоорлорго алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жүрүшүндө суу ресурстарын башкаруу жана Кыргызстанда тоо-кен иштетүү тармагында заманбап, экологиялык жактан таза технологияларды киргизүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча пикир алмашылды.
Президент Садыр Жапаров встретился с исполнительным Вице-президентом Европейской комиссии Валдисом Домбровскисом

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров в рамках рабочего визита в г. Брюссель (Королевство Бельгия) провел переговоры с исполнительным вице-президентом Европейской комиссии Валдисом Домбровскисом.

Обсуждены вопросы углубления торгово-экономического сотрудничества, привлечения инвестиций, реализация совместных проектов в горнорудной промышленности, зеленой экономике, а также внедрения цифровых технологий и развития человеческих ресурсов.


Валдис Домбровскис тепло поприветствовал Садыра Жапарова и отметил важность всестороннего углубления взаимодействия Кыргызстана и Европейского союза. В этом контексте он подчеркнул, что подписание Соглашения о расширенном партнерстве и сотрудничестве открывает новые возможности по реализации взаимовыгодных торгово-экономических проектов.

Наряду с этим, исполнительный Вице-президент Европейской комиссии отметил готовность к углублению экономического сотрудничества и рассмотреть возможность участия в крупных энергетических и инфраструктурных проектах.

В частности, он выразил заинтересованность в проекте строительства Камбаратинской ГЭС-1 и железной дороги Китай-Кыргызстан-Узбекистан, отметив их экономический потенциал.

В свою очередь, Садыр Жапаров поблагодарил за оказанную поддержку в подписании нового Соглашения о расширенном партнерстве и сотрудничестве Кыргызстана с Европейским союзом, выразив уверенность, что это позволит укрепить достигнутые договоренности и обеспечит новую, современную и амбициозную правовую основу для будущего двустороннего взаимодействия.

Президент подчеркнул, что Кыргызстан, благодаря своему географическому положению и транзитному потенциалу, представляет значительные возможности для торговли и инвестиций.

Наряду с реализацией совместных проектов, Глава государства констатировал, что Кыргызская Республика активно продвигает зеленую повестку и нацелена на сокращение выбросов парниковых газов на 44% к 2030 году, а также на достижение углеродной нейтральности к 2050 году.

В рамках инициативы по развитию зеленой экономики и в целях совместного вклада в улучшение экологической ситуации в мире, Президент предложил рассмотреть возможность обмена внешнего долга на зеленые проекты.

В ходе встречи также состоялся обмен мнениями по реализации проектов управления водными ресурсами и внедрения в Кыргызстане современных, экологически чистых технологий в горнорудной отрасли.
2024/06/29 00:58:58
Back to Top
HTML Embed Code: