Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров РФ Президенти Владимир Путинге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Дагестандагы террактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

"Дагестанда болуп өткөн террактка байланыштуу көңүл айтуумду кабыл алыңыз.

Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына сабыр тилеп, бул трагедиядан жабыркагандар тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм.

Кыргызстан терроризмдин бардык түрлөрүнө каршы турат жана Россия Өкмөтүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттерин колдойт", — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

***

Президент Садыр Жапаров выразил соболезнования Президенту РФ Владимиру Путину

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров направил телеграмму с соболезнованиями Президенту Российской Федерации Владимиру Путину в связи с терактом в Дагестане.

«Примите мои искренние соболезнования в связи с террористическим актом в Дагестане.

Желаю стойкости родным и близким погибших, скорейшего выздоровления пострадавшим в результате этой трагедии.
Кыргызстан решительно выступает против всех форм терроризма и поддерживает усилия российского Правительства по обеспечению своей национальной безопасности», — говорится в телеграмме Главы государства.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын 10-жыйынынын делегаттарына кайрылуу жолдоду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Кыргызстан элинин ассамблеясынын 10-жыйынынын делегаттарына кайрылуу жолдоду жана аларды Ассамблеянын 30 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Мамлекет башчысынын кайрылуусун катышуучуларга Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуду.

Ал бүгүнкү күндө 100дөн ашуун ар кандай этностун өкүлдөрү өлкөбүздүн жалпы элин түзүп, Кыргызстандын жетишкендиктерине чогуу кубанып, өткөөл кездерде башка түшкөн кыйынчылыктарды чогуу жеңип, ыйык Ала-Тообузда ынтымакта, достукта, биримдикте кол кармаша жашап келе жатканын белгиледи.

“Мындай жашоо баалуулуктары көөдөнүбүздө эле уялабастан, Конституция баштаган мыйзамдарыбызда Кыргыз Республикасынын ар бир жараны этносуна, динине, регионуна жана социалдык абалына карабастан, бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ деп ташка тамга баскандай бадырайып жазылып турат”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын кайрылуусунда.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө өлкөбүз өнүгүүнүн ишенимдүү жолуна түшкөнү белгиленет.

“Төрт жылга жакын убакыттын ичинде баарыбыздын жапа тырмак көргөн аракетибиздин аркасында мамлекеттик башкаруунун системасын калыбына келтире алдык, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө чечкиндүүлүктү иш жүзүндө көрсөтүп тартипке салып келатабыз, кирешелерди олуттуу көбөйтүп, экономикалык өсүшкө жетише алдык. Бул, албетте, ишибиздин башы гана. Өлкө элинин көп түрдүүлүгү, ынтымагы, достугу жана биримдиги болуп турса, Кыргызстанды гүлдөгөн өлкөгө айландырабыз деп бекем ишенем!”, - деп белгиленет кайрылууда.

Кыргызстан элинин ассамблеясы 1994-жылы Кыргызстан элинин Биринчи курултайында уюштурулуп, бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө элдин биримдигин бекемдөөгө, этностор аралык мамилелерди чыңдоо менен жарандык бирдейликти калыптандырууга өзүнүн салымын кошуп келүүдө.

“Президенттин милдетин аткарууга киришкен күндөн тарта өлкөдөгү этностор аралык мамилелер жаатындагы мамлекеттик саясатты күчөтүү максатындагы жарлыктарды чыгаргам. Элдин ынтымагын жана социалдык биригүүнү камсыз кылуудагы Кыргызстан элинин ассамблеясынын ролун эске алуу менен, “Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин ордун жана статусун жогорулатуу жөнүндө” Жарлыкка кол койгом. Анда Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү орган макамы берилген. Андан соң Кыргыз Республикасынын этностук жамааттарынын жарандык биригүүсүнүн жана “Кыргыз жараны” деп өзүн таануусунун, жарандардын кызыкчылыгы сакталган мамлекетти калыптандыруунун зарылчылыгын баамдап, атайын Жарлык менен 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында жарандар өздөрүн “кыргыз жараны” деп таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын бекиткенбиз”, - деп айтылат кайрылууда.

“Бүгүнкү күндө Ассамблеянын ишмердүүлүгү мамлекеттик деңгээлде чечилип, мамлекет тарабынан колдоого алынып жатат. Кыргыз Республикасында жашаган этностук коомчулуктун эне тилин, маданиятын, үрп-адаттарын сактоого жана өнүктүрүүгө да шарт түзүлгөнүн айта кетейин. Ошону менен бирге орус тили расмий тил катары өзүнүн маанилүү ролун улантат. “Канча тил билсең – ошончо адамсың” деген накыл кептегидей, тил аркылуу биз элибиздин сүйлөгөнүн эле эмес, дүйнө таанымын, руханий байлыктарын, көөнөрбөс баалуулуктарын арттыруубуз зарыл. “Кыргыз жаранын” мамлекеттик тилде, өзүнүн эне тилинде, расмий жана чет тилдерде эркин сүйлөгөн жаран катары калыптандырууга көмөктөшүү жана көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүүнү ишке ашыруу – бул бүгүнкү заман талабы экени жадыбызда болушу керек”, - деп көрсөтүлгөн кайрылууда.

Мындан тышкары Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусунда Кыргызстан элинин ассамблеясынын эл биримдигин бекемдөө жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо жаатындагы ордун эске алуу менен анын макамын жогорулатуу керектегине көңул бурулган.

Андан соң Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Президент Садыр Жапаров направил обращение к делегатам 10-го собрания Ассамблеи народа Кыргызстана

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 24 июня, направил обращение к делегатам 10-го собрания Ассамблеи народа Кыргызстана и поздравил их с 30-летием Ассамблеи.
Мероприятие, посвященное 100-летию образования Кара-Кыргызской автономной области, состоялось в государственной резиденции «Ала-Арча».

Обращение Главы государства участникам собрания зачитал Государственный секретарь Суйунбек Касмамбетов.
Он отметил, что сегодня более ста различных этнических групп составляют народ страны и вместе радуются успехам Кыргызстана, преодолевая трудности переходных периодов, живут в мире, дружбе и единстве, рука об руку на священной земле Ала-Тоо.

«Эти ценности не только живут в наших сердцах, но и закреплены в наших законах, начиная с Конституции, где четко прописано, что каждый гражданин Кыргызской Республики, независимо от этнической принадлежности, религии, региона и социального статуса, обладает равными правами и обязанностями», — говорится в обращении Главы государства.

Кроме того, отмечается, что сегодня наша страна уверенно идет по пути развития.

«За почти четыре года мы смогли восстановить систему государственного управления, продемонстрировали решимость в борьбе с коррупцией и организованной преступностью, значительно увеличили доходы и достигли экономического роста благодаря нашим совместным усилиям. Конечно, это только начало. Я твердо верю, что при многообразии, единстве и дружбе народа Кыргызстан станет процветающей страной!» — отмечено в обращении.

Ассамблея народа Кыргызстана была организована на первом курултае народа Кыргызстана в 1994 году и с тех пор вносит свой вклад в укрепление единства народа, развитие межэтнических отношений и формирование гражданского равенства.

«С момента вступления в должность Президента я издал указы, направленные на усиление государственной политики в области межэтнических отношений. Учитывая роль Ассамблеи народа Кыргызстана в обеспечении единства и социальной интеграции, я подписал указ «О повышении статуса и роли совета Ассамблеи народа Кыргызстана», предоставив ему статус консультативно-совещательного органа при Президенте Кыргызской Республики.

Кроме того, утверждена концепция развития гражданской идентичности «Кыргыз жараны» на 2021–2026 годы. Сегодня ведется значительная работа по формированию общей гражданской идентичности через эту концепцию», — говорится в обращении.

«Сегодня деятельность Ассамблеи поддерживается на государственном уровне. Созданы условия для сохранения и развития родных языков, культуры и традиций этнических сообществ, проживающих в Кыргызской Республике. В то же время русский язык продолжает играть важную роль как официальный язык. Как говорится: «Сколько языков знаешь — столько раз ты человек». Через язык мы не только говорим, но и обогащаемся духовно и культурно. Необходимо содействовать формированию гражданина Кыргызстана, свободно владеющего государственным, родным, официальным и иностранными языками, и развивать многоязычное образование, что является требованием нашего времени», — указано в обращении.

Кроме того, в обращении Президента Садыра Жапарова внимание уделено необходимости повышения статуса Ассамблеи народа Кыргызстана, учитывая её роль в укреплении единства народа и межэтнических отношений.

Далее Государственный секретарь Суйунбек Касмамбетов вручил государственные награды.

https://president.kg/news/all/25460
Президент Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Бельгия Королдугуна иш сапары менен учуп кетти.

Сапардын алкагында, 24-26-июнда Мамлекет башчысы Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү Президент Садыр Жапаровдун Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев;

- Президенттик Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Бельгия Королдугундагы, Нидерландыдагы жана Люксембургдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси ишин айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Европа Биримдигиндеги Туруктуу өкүлү Айдит Эркин;

- транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;

- экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

- финансы министринин орун басары Руслан Татиков.

****

Президент Садыр Жапаров вылетел с рабочим визитом в Бельгию

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 24 июня, с рабочим визитом вылетел в Королевство Бельгия.

В рамках визита, который состоится 24-26 июня, Глава государства встретится с Королем Бельгии Филиппом. В тот же день состоится официальная встреча Президента Садыра Жапарова с Президентом Европейского Совета Шарлем Мишелем.

В ходе переговоров будут обсуждены текущее состояние и перспективы торгово-экономического сотрудничества Кыргызстана с Европейским союзом и Бельгией.

В составе официальной делегации Кыргызской Республики:

- министр иностранных дел Жээнбек Кулубаев;

- начальник управления по подготовке решений Президента и Кабинета Министров Администрации Президента Азамат Кадыралиев;

- заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев;

- Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызстана в Королевстве Бельгия, в Нидерландах и Люксембурге по совместительству, Постоянный Представитель КР при Европейском союзе Айдит Эркин;

- министр транспорта и коммуникаций Тилек Текебаев;

- министр экономики и коммерции Данияр Амангельдиев;

- заместитель министра финансов Руслан Татиков.
🇰🇬🛬🇧🇪Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Брюсселге келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Брюсселге (Бельгия Королдугу) иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын борту Брюссель шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Европа тышкы аракеттер кызматынын Россия, Чыгыш өнөктөштүк, Борбордук Азия жана ЕККУ боюнча башкаруучу директорунун орун басары Люк Девинье тосуп алды.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында Мамлекет башчысы Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушат. Ошол эле күнү Президент Садыр Жапаровдун Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу болот, ошондой эле эки тараптуу биргелешкен документтерге кол коюлат.

******
🇰🇬🛬🇧🇪Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в Брюссель

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 24 июня, с рабочим визитом прибыл в Брюссель (Королевство Бельгия).

Борт Главы государства приземлился в международном аэропорту г. Брюссель.

Президента Садыра Жапарова встретил заместитель управляющего директора Европейской службы внешних действий по России, Восточному партнерству, Центральной Азии, региональному сотрудничеству и ОБСЕ Люк Девинье.

Напомним, что в рамках визита Глава государства встретится с Королем Бельгии Филиппом. В тот же день состоится официальная встреча Президента Садыра Жапарова с Президентом Европейского Совета Шарлем Мишелем, а также подписание двусторонних совместных документов.
Президент Садыр Жапаров Брюсселде Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, Бельгияга иш сапарынын алкагында Король Филипп менен жолугушту.

Бетме-бет өткөн жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, Кыргызстан менен Бельгиянын мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн бир катар келечектүү багыттары белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров Король Филиппти Кыргызстанга өзүнө ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

****

Президент Садыр Жапаров в Брюсселе встретился с Королем Бельгии Филиппом

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 25 июня в рамках рабочего визита в Бельгию встретился с Королем Филиппом.

В ходе встречи, которая прошла в формате тет-а-тет, стороны обсудили актуальные вопросы сотрудничества между Кыргызстаном и Бельгией.

Кроме того, состоялся обмен мнениями в вопросах экономического сотрудничества между двумя странами, а также обозначен ряд перспективных направлений дальнейшего взаимодействия между Кыргызстаном и Бельгией.

По итогам встречи Президент Садыр Жапаров пригласил Короля Филиппа посетить Кыргызстан с визитом в удобное для него время.
2024/07/01 04:01:01
Back to Top
HTML Embed Code: