Telegram Web Link
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 19-сентябрында кабыл алынган.
Кабыл алынган Мыйзам жергиликтүү кеңештердин сандык курамын белгилейт:
– Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештерине – 51 депутат;
– шаардык жана айылдык кеңештер:
20001ден 70000ге чейин - 31 депутат;

70001ден жана андан жогору - 41 депутат.

***

Внесены изменения в Законы «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления», «О статусе столицы» и «О статусе города Ош»


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления», «О статусе столицы», «О статусе города Ош»).

Данный Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики
19 сентября 2024 года.

Принятым Законом устанавливается численный состав местных кенешей:

- кенеши городов Бишкек, Ош– 51 депутат;

- городские и айылные кенеши:

от 20001 до 70000 - 31 депутат;

от 70001 и выше – 41 депутат.
Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Италияга жана Ыйык Тактыга (Ватикан) жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда расмий сапар менен Италия Республикасына жана Ыйык Тактыга (Ватикан) жөнөп кетти.

Расмий сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө, алардын жүрүшүндө кыргыз-италиялык өз ара мамилелердин бүтүндөй комплекси жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Таалай Базарбаев;

- Башкы прокурор Максат Асаналиев;

- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

- юстиция министри Аяз Баетов;

- Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;

- Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

- Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев.

********

Президент Садыр Жапаров с официальным визитом вылетел в Италию и Святой Престол (Ватикан)

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 2 октября, с официальным визитом вылетел в Итальянскую Республику и Святой Престол (Ватикан).

В ходе официального визита ожидаются двусторонние переговоры на высшем уровне, в ходе которых будет обсужден весь комплекс кыргызско-итальянских взаимоотношений и перспективы их развития.

В составе официальной делегации Кыргызской Республики:

- министр иностранных дел Жээнбек Кулубаев;

- заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев;

- Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызстана в Италии Таалай Базарбаев;

- генеральный прокурор Максат Асаналиев;

- министр культуры, информации, спорта и молодежной политики Алтынбек Максутов;

- министр юстиции Аяз Баетов;

- управляющий делами Президента Каныбек Туманбаев;

- директор Национального агентства по инвестициям при Президенте Талантбек Иманов;

- мэр города Бишкек Айбек Джунушалиев.
Президенттин Атайын өкүлү Динара Кемелова Тажикстандын Кыргызстандагы Элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту


Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча Атайын өкүлү Динара Кемелованын Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Назирмад Ализода менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тоолорду туруктуу өнүктүрүү, мөңгүлөр жана суу маселелери боюнча эл аралык демилгелер талкууланды.

Динара Кемелова Тажикстандын суу боюнча демилгелерине оң баа берип, Кыргыз Республикасынын БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (БУУКАК) алкагындагы тоо демилгелери тууралуу айтып, тоолуу аймактар климатка эң аялуу экенин, анын ичинде Кыргызстандын жана Тажикстандын да тоолуу жамааттарына жана экосистемаларына тиешелүү экендигин белгиледи.

Тараптар тоо демилгелерин илгерилетүү, мөңгүлөрдү сактоо жана мөңгүлөрдүн эриши, тоолордогу табигый кырсыктар, биоартүрдүүлүктүн жоголушу, тоолуу жайыттардын деградациясы, климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу аймактарга терс таасирлери ж.б. ушул сыяктуу тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн БУУнун, БУУКАКтын жана башка эл аралык платформалардын алкагында активдүү өз ара аракеттенүү ниетин билдиришти.

****

Спецпредставитель Президента Динара Кемелова провела встречу с Послом Таджикистана в Кыргызстане Назирмадом Ализодой


Специальный представитель Президента Кыргызской Республики по реализации Пятилетия действий по развитию горных регионов Динара Кемелова провела встречу с Послом Республики Таджикистан в Кыргызстане Назирмадом Ализодой.

В ходе встречи обсуждены международные инициативы по устойчивому горному развитию, ледникам и водным вопросам.

Динара Кемелова позитивно оценив водные инициативы Таджикистана, рассказала о горных инициативах КР в рамках Рамочной конвенции по изменению климата (РКИК ООН), отметив, что горные регионы наиболее уязвимы к изменению климата, включая горные сообщества и экосистемы Кыргызстана и Таджикистана.

Стороны выразили намерение активно взаимодействовать в рамках ООН, РКИК ООН и других международных площадок по продвижению горных инициатив, по сохранению ледников и в целях привлечения внимания глобального сообщества к проблемам горных стран таким, как таяние ледников, природные катаклизмы в горах, потеря биоразнообразия, деградация горных пастбищ, негативные последствия изменения климата на горные регионы и др.
Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Римге келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда, расмий сапар менен Рим шаарына (Италия Республикасы) келди.

Мамлекет башчысынын борту Римдин эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаров менен Биринчи айым Айгүл Жапарованы Италия тараптан Италиянын тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчиси Кристиано Маджипинто, “Алга, Италия” партиясынан Сенатор Франческо Сильвестро, Ватикан тараптан - Ыйык Тактынын Архиепискобу Франческо Каналини, Ыйык Тактынын Протоколунун жетекчиси Хавьер Фернандаз Гонзалез жана башка расмий адамдар тосуп алышты.


Эскерте кетсек, Италияга жана Ыйык тактыга (Ватикан) жасаган сапардын алкагында Президент Садыр Жапаровдун Италиянын Президенти Серджо Маттарелла, Министрлер Кеңешинин Төрагасы Джорджей Мелони, депутаттар Палатасынын Төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италия Сенатынын Төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болот.

*****
Президент Садыр Жапаров с официальным визитом прибыл в Рим

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 2 октября, с официальным визитом прибыл в г. Рим (Итальянская Республика).

Борт Главы государства приземлился в международном аэропорту Рима.

Президента Садыра Жапарова и Первую леди Айгуль Жапарову встретили от итальянской стороны Посол по особым поручениям Министерства иностранных дел Италии Кристиано Маджипинто, Сенатор от партии «Вперед, Италия» Франческо Сильвестро, от ватиканской стороны - Архиепископ Святого Престола Франческо Каналини, Руководитель протокола Святого Престола Хавьер Фернандаз Гонзалез и другие официальные лица.

Напомним, что в рамках визита в Италию и Святой Престол (Ватикан) запланированы двусторонние переговоры Президента Садыра Жапарова с Президентом Италии Серджо Маттарелла, Председателем Совета Министров Джорджей Мелони, Председателем Палаты депутатов Лоренцо Фонтана и Председателем Сената Италии Иньяцио Ла Русса.

Кроме того, состоится встреча Президента Садыра Жапарова с Папой Римским Франциском.
Президент Садыр Жапаровдун Италиянын Президенти Серджо Маттарелла менен расмий жолугушуу аземи болду

Рим шаарында бүгүн, 3-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Италия Республикасынын Президенти Серджо Маттарелла менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчысынын кортежи Квиринале Сарайына келгенде Садыр Жапаров менен Биринчи айым Айгүл Жапарованы Италиянын Президенти Серджо Маттарелла жана анын кызы Лаура Маттарелла тосуп алды.

Садыр Жапаровдун келишинин урматына Кыргызстандын желеги салтанаттуу көтөрүлдү. Оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарып, Ардак кароолдун башчысы салам рапортун берди.

Андан соң Сарайда эки өлкөнүн мамлекеттик желектеринин фонунда сүрөткө түшүү аземи жана делегацияларды тааныштыруу болду. Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин Садыр Жапаров менен Серджо Маттарелла сүйлөшүүлөргө өтүштү.

**********

Состоялась церемония официальной встречи Президента Садыра Жапарова с Президентом Италии Серджо Маттареллой

В г. Рим сегодня, 3 октября, состоялась церемония официальной встречи Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова с Президентом Итальянской Республики Серджо Маттареллой.

Кортеж Главы государства прибыл во Дворец Квиринале, где Садыра Жапарова и Первую леди Айгуль Жапарову встретили Президент Италии Серджо Маттарелла и его дочь Лаура Маттарелла.

В честь прибытия Садыра Жапарова был торжественно поднят флаг Кыргызстана. Оркестр исполнил государственные гимны двух стран, а начальник Почетного караула отдал приветственный рапорт.

Далее во Дворце состоялась церемония фотографирования на фоне государственных флагов двух стран и представление делегаций. В завершение церемонии официальной встречи Садыр Жапаров и Серджо Маттарелла перешли к переговорам.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаровдун Италиянын Президенти Серджо Маттарелла менен расмий жолугушуу аземи болду

**

🎥Видео: Состоялась церемония официальной встречи Президента Садыра Жапарова с Президентом Италии Серджо Маттареллой
2025/01/04 01:42:17
Back to Top
HTML Embed Code: