Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров Италиянын Президенти Серджо Маттарелла менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-октябрда, Италия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында өлкө Президенти Серджо Маттарелла менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Садыр Жапаровду жылуу тосуп алган Серджо Маттарелла Кыргызстандын Президентине Римге жасаган сапары үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарга кошумча дем берет деген ишенимин билдирди.

Италиянын Президенти Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) жана башка эл аралык түзүмдөрдүн алкагында Кыргызстан менен Италиянын өз ара аракеттенүү маселелерине токтолуп, эл аралык мамилелер системасын чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Серджо Маттареллага Италияга расмий сапар менен келүүгө чакырганы жана кыргыз делегациясына көрсөтүлүп жаткан меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, бул жолугушуу Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы акыркы 25 жыл ичиндеги биринчи жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп саналат. Буга чейин мамлекеттер аралык байланыштар БУУ жана ЕККУ багыты боюнча иш-чаралардын алкагында тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги байланыштар менен гана чектелип келген.

Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу жана жалпысынан Италияга болгон расмий сапары кыргыз-италиялык мамилелердин тарыхында жаңы баракты ачат, деген ишенимин билдирди. Ал өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн потенциал абдан чоң экенин айтты.

Президент Кыргызстан Италия жана жалпы Европа Биримдиги менен саясий диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстандын ушул жылдын июнь айында Брюсселде Европа Биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюусу - Европа Биримдиги өлкөлөрү, анын ичинде Италия менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Кыргызстан демократиялык жана укуктук мамлекет катары мындан ары да ишенимдүү өнүгүүгө ниеттенип жатканына өзгөчө басым жасады.

“2021-жылдан тартып реформалар өлкөнүн жашоосунун дээрлик бардык негизги багыттарында жүргүзүлүүдө. Мен Кыргызстанды ар бир жаран жана чет өлкөлүк, ал тургай чет өлкөлүк инвестор өзүн толук коопсуз сезип, өз ишин тынч жүргүзө ала турган өлкөгө айлантууга умтулам. Салык мыйзамдарын реформалоонун натыйжасында өлкөдө либералдуу салык режими иштеп жатат”, - деп белгиледи ал.

Ошондой эле тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер тууралуу пикир алмашты.

Президент Садыр Жапаров Серджо Маттарелланы өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Президент Садыр Жапаров провел переговоры с Президентом Италии Серджо Маттареллой

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 3 октября, в рамках официального визита в Итальянскую Республику провел переговоры с Президентом страны Серджо Маттареллой.

Тепло приветствуя Садыра Жапарова, Серджо Маттарелла поблагодарил Президента Кыргызстана за визит в Рим и выразил уверенность, что результаты сегодняшних переговоров придадут дополнительный импульс двусторонним политическим, экономическим и культурно-гуманитарным связям.

Президент Италии отметил важность укрепления системы международных отношений, остановившись на вопросах взаимодействия Кыргызстана и Италии в рамках ООН, ОБСЕ и других международных структур.

Президент Садыр Жапаров выразил благодарность Серджо Маттарелла за приглашение посетить Италию с официальным визитом и гостеприимство, оказываемое кыргызской делегации.

Он подчеркнул, что данная встреча является первой встречей на высшем уровне между Кыргызстаном и Италией за последние 25 лет. До этого межгосударственные связи ограничивались лишь контактами на уровне министров иностранных дел в рамках мероприятий по линии ООН и ОБСЕ.

Садыр Жапаров выразил уверенность в том, что сегодняшняя встреча и в целом официальный визит в Италию откроют новую страницу в истории кыргызско-итальянских взаимоотношений. Он отметил, что потенциал для развития сотрудничества между странами весьма велик.

Президент подчеркнул, что Кыргызстан придает важное значение развитию политического диалога и сотрудничества с Италией и Европейским Союзом в целом.

Садыр Жапаров обозначил, что подписание Кыргызстаном в июне этого года в Брюсселе Соглашения с Европейским Союзом о расширенном партнёрстве и сотрудничестве способствует дальнейшему укреплению взаимодействия со странами Евросоюза, в том числе с Италией, в политической, торгово-экономической и культурно-гуманитарной сферах.

В ходе беседы Садыр Жапаров особо акцентировал внимание на том, что Кыргызстан намерен и далее уверенно развиваться как демократическое и правовое государство.

«С 2021 года реформы проводятся практически во всех ключевых направлениях жизнедеятельности страны. Я стремлюсь к тому, чтобы Кыргызстан стал страной, где каждый гражданин и иностранец, а тем более иностранный инвестор, ощущал себя в полной в безопасности и мог спокойно вести свое дело. В результате реформы налогового законодательства, в стране действует либеральный налоговый режим», - отметил он.

Также стороны обменялись мнениями об актуальных вопросах международной повестки.

Президент Садыр Жапаров пригласил Серджо Маттарелла посетить Кыргызстан в удобное для него время.
2025/01/01 05:49:15
Back to Top
HTML Embed Code: