Telegram Web Link
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Казакстанда Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты

****

🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров принял участие в открытии Пятых Всемирных игр кочевников в Казахстане
Президент Садыр Жапаров Беларустун Кыргызстандагы Элчиси Сергей Молуновду кабыл алды


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Молуновду кабыл алды.

Мамлекет башчысы Сергей Молуновду кызматка дайындалышы менен куттуктап, ал Президенттин Администрациянын жаңы имараты – “Ынтымак Ордодо” Ишеним грамоталарын расмий тапшыруу сыймыгына ээ болгон биринчи элчи экенин айтты.

Садыр Жапаров жалпысынан акыркы мезгилде Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу мамилелер кыйла активдешкенин, чындап эле жакшы өнөктөштүк жана достук мамилелер түзүлгөнүн баса белгиледи.

“Биз дээрлик бардык тармактарда кызматташуудабыз. Бардык деңгээлдерде саясий өз ара аракеттенүү ырааттуу ишке ашырылууда, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү өсүүдө, туруктуу негизде маданий-гуманитардык байланыштар кеңейүүдө”, - деди Президент.

Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн практикалык жагына өтүү менен Мамлекет башчысы Кыргызстандын саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири өнөр жай секторун өнүктүрүү экенин белгиледи. Бул жагынан алып караганда Беларустун бай тажрыйбасы бар өнөр жай долбоорлорунун биргелешкен кооперациясы үчүн зор потенциал көрүнүп турат.

Президент Садыр Жапаров эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде Элчи Сергей Молунов Садыр Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-белорус кызматташтыгын кеңейтүү үчүн өзүнүн кесиптик жана адамдык сапаттарынын максимумун жумшай тургандыгын ишендирип өттү.

Ал Беларустун Президенти Александр Лукашенко Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүшүн “мыкты” деп баалай турганын айта кетти.

Элчи ошондой эле Кыргызстан менен Беларустун ортосунда активдүү өнүгүп жаткан соода-экономикалык мамилелерди белгилеп, белорус тарап Кыргызстан менен тоо-кен өнөр жайы, энергетика жана транзиттик тармак сыяктуу маселелер боюнча ар тараптуу билим жана тажрыйба алмашууга даяр экендигин белгиледи.

Сүйлөшүүнүн аягында Президент Садыр Жапаров Беларустун Элчиси Сергей Молуновго дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалады.
Президент Садыр Жапаров принял Посла Беларуси в Кыргызстане Сергея Молунова

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 10 сентября, принял новоназначенного Чрезвычайного и Полномочного Посла Республики Беларусь в Кыргызстане Сергея Молунова.

Глава государства поздравил с назначением на должность Сергея Молунова, отметив, что он стал первым Послом, который удостоен чести официально вручить свои Верительные грамоты в новом здании Администрации Президента – «Ынтымак Ордо».

Садыр Жапаров подчеркнул, что в целом за последний период двусторонние отношения между Кыргызстаном и Беларусью заметно активизировались, сложились по-настоящему добрые партнерские и дружеские отношения.

«Мы сотрудничаем практически во всех сферах. Последовательно на всех уровнях осуществляется политическое взаимодействие, растет товарооборот между двумя странами, на постоянной основе расширяются культурно-гуманитарные контакты», - отметил Президент.

Переходя к практической стороне двустороннего взаимодействия, Глава государства обозначил, что одним из приоритетных направлений политики Кыргызстана является развитие промышленного сектора. В этом плане видится огромный потенциал для совместной кооперации промышленных проектов, по которым у Беларуси имеется богатый опыт.

Президент Садыр Жапаров особо акцентировал о важности использовать весь имеющийся потенциал двустороннего взаимодействия.

В свою очередь, Посол Сергей Молунов, поблагодарив Садыра Жапарова за поздравления, заверил, что приложит максимум своих профессиональных и человеческих качеств для расширения кыргызско-белорусского сотрудничества.

Он подчеркнул, что Президент Беларуси Александр Лукашенко, говоря о динамичном развитии двусторонних отношений с Кыргызстаном, отмечает их как «блестящие».

Посол также обозначил активно развивающиеся торгово-экономические отношения между Кыргызстаном и Беларусью, отметив, что белорусская сторона готова всячески делиться знаниями и опытом с Кыргызстаном в таких вопросах, как горнодобывающая промышленность, энергетика и транзитная сфера.

В завершение беседы Президент Садыр Жапаров пожелал Послу Беларуси Сергею Молунову успехов в его дипломатической миссии.
Президент Садыр Жапаров Кореянын Кыргызстандагы Элчиси Ким Кванджэни кабыл алды


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Кванджэни ишеним грамоталарын тапшыруу аземине катышканына байланыштуу кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн мындан 32 жыл мурда түзүлгөн дипломатиялык мамилелери элдердин достук салттарына, руханий жана маданий жакындыгына, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтык принциптерине негизделгенин белгиледи.

Бул контекстте Мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык чөйрөсүнүн маанилүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы оң натыйжаларды баса белгиледи.

Кыргызстан менен Кореянын Экономикалык өнүгүү кызматташтыгы фондунун (EDCF) алкагында, саламаттыкты сактоо жана финансы тармактарында ар түрдүү өкмөттөр аралык жана кредиттик келишимдер түзүлүп, маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Өз кезегинде Кореянын Элчиси Ким Кванджэ жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын экономикалык өнүгүүнү камсыздоодогу, жумуш орундарын түзүүдөгү жана ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруудагы маанилүү жетишкендиктерин канааттануу менен белгиледи.

Муну менен катар Ким Кванджэ корей тарап кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар жана эки өлкөнүн өз ара аракеттенүү потенциалын кеңейтүү үчүн алдыңкы тажрыйба жана заманбап технологиялар менен бөлүшүүгө даяр экендигин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.
Президент Садыр Жапаров принял Посла Кореи в Кыргызстане Ким Кванджэ

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 10 сентября, принял Чрезвычайного и Полномочного Посла Республики Корея в Кыргызской Республике Ким Кванджэ по случаю вручения верительных грамот и поздравил его с началом дипломатической миссии в Кыргызстане.

Садыр Жапаров отметил, что дипломатические отношения двух стран, установленные 32 года назад, основаны на традициях дружбы народов, духовной и культурной близости, а также на принципах взаимовыгодного сотрудничества.

В этом контексте Глава государства подчеркнул положительные результаты в реализации совместных проектов в важных отраслях социально- экономической сферы развития страны.

В рамках Фонда экономического сотрудничества и развития (EDCF) между Кыргызстаном и Республикой Корея заключены различные межправительственные соглашения и реализуются важные проекты.

В свою очередь, Посол Кореи Ким Кванджэ выразил благодарность за тёплый приём и с удовлетворением отметил важные достижения Кыргызстана в обеспечении экономического развития, создании рабочих мест и реализации крупных инфраструктурных и социальных проектов.

Наряду с этим Ким Кванджэ акцентировал, что корейская сторона заинтересована в углублении сотрудничества и готова поделиться передовым опытом и современными технологиями для расширения потенциала взаимодействия двух стран.

По итогам встречи стороны выразили готовность к дальнейшему развитию и укреплению многопланового сотрудничества между Кыргызстаном и Кореей.
2024/09/30 23:42:31
Back to Top
HTML Embed Code: