Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды.

Мамлекет башчысы Элчинин Ишеним грамоталарын кабыл алып, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

“Сиз Кыргызстандын жакын жана эзелки досусуз, биздин өлкөнү, элибизди жакшы билесиз. Ошондуктан, мен Сизди азыр жаңы кызматта тосуп алганыма абдан кубанычтамын”, - деди Садыр Жапаров.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча да пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы кыргыз-орус мамилелери эки элдин жалпы тарыхы бою абдан жогорку деңгээлде экенин баса белгиледи.

Өлкөлөр ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын олуттуу активдешүүсү байкалууда.

Ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрү ырааттуу иштеп, Кыргызстанда тогуз мектептин курулушу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы, Ысык-Көлдө быйыл өзүнүн 10 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган Кыргыз-Россия экономикалык форуму ишин баштаары белгиленди.

Президент Фонддун өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын баса белгиледи, ал экономиканын дээрлик бардык тармактарында 640 миллион АКШ долларына бааланган төрт миңге жакын долбоорду ишке ашырып жана азыркы кезде ишке ашырууда.

Өз кезегинде Элчи Сергей Вакунов Мамлекет башчысына Россия менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча позициясы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн мындан ары тереңдетүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого ниеттенип жаткандыгын билдирди.

Мындан тышкары, тараптар жогорку деңгээлдеги пландалып жаткан иш-чараларды талкуулашты.

“Белгиленген бардык иш-чаралар биздин мамлекеттер ортосундагы өз ара мамилелердин жана өз ара аракеттенүүнүн чыныгы жандуу жана бай палитрасын айгинелейт”, - деди Президент Садыр Жапаров.

Элчи Сергей Вакунов эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди ишке ашыруу Россиянын мамлекеттик кызматкерлеринин жана коомдук ишмерлеринин ишмердүүлүгүнө баа берүүнүн башкы критерийи экенин баса белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-россиялык кызматташтыктын мындан ары акырындык менен тереңдетүүнү жактай тургандыктарын тастыкташты.
Президент Садыр Жапаров принял Посла России в Кыргызстане Сергея Вакунова

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 10 сентября, принял Чрезвычайного и Полномочного Посла Российской Федерации в Кыргызской Республике Сергея Вакунова.

Глава государства принял верительные грамоты от Посла и поздравил с началом дипломатической миссии в Кыргызстане.
«Вы являетесь большим и давним другом Кыргызстана, очень хорошо знаете нашу страну, наш народ. Поэтому я очень рад теперь приветствовать Вас в новом качестве», – отметил Садыр Жапаров.
В ходе встречи также состоялся обмен мнениями по актуальным вопросам двустороннего сотрудничества.

Глава государства подчеркнул, что кыргызско-российские отношения находятся на весьма высоком уровне за всю общую историю двух народов. Наблюдается значительная активизация политического, торгово-экономического и культурно-гуманитарного сотрудничества между странами.

Кроме того, Садыр Жапаров отметил, что правительства двух стран работают слаженно, ведется соответствующая работа по строительству девяти школ в Кыргызстане, на Иссык-Куле начнет работу Кыргызско-Российский экономический форум, который организован Российско-Кыргызским фондом развития, отмечающим в этом году свой 10-летний юбилей с момента образования.

Президент подчеркнул большой вклад Фонда в экономическое развитие страны, который реализовал и реализует в настоящее время около четырёх тысяч проектов, практически во всех отраслях экономики, на сумму порядка 640 миллионов долларов США.

В свою очередь, Посол Сергей Вакунов выразил благодарность Главе государства за его позицию по всем направлениям сотрудничества с Россией и заверил, что намерен приложить все усилия для дальнейшего углубления взаимодействия двух стран.
Кроме того, стороны обсудили планируемые мероприятия высокого уровня.

«Все отмеченные мероприятия свидетельствует о действительной яркой, богатой и насыщенной палитре взаимоотношений и взаимодействия между нашими государствами», – сказал Президент Садыр Жапаров.

Посол Сергей Вакунов подчеркнул, что реализация договорённостей между двумя странами, достигнутых на высшем уровне, является главным критерием оценки деятельности государственных служащих и общественных деятелей России.

В завершение стороны подтвердили свою приверженность к дальнейшему поступательному углублению кыргызско-российского сотрудничества.
Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Юсупов Азамат Маматович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды.

****

Азамат Юсупов назначен директором Государственной комиссии по делам религий

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому в соответствии со статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Юсупов Азамат Маматович назначен директором Государственной комиссии по делам религий Кыргызской Республики, и он освобожден от ранее занимаемой должности.
Президент Садыр Жапаров Франциянын Кыргызстандагы Элчиси Николя Файды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда Франция Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Файды кабыл алды.

Мамлекет башчысы Элчинин ишеним грамоталарын кабыл алып, Николя Файды Кыргызстанда дипломатиялык миссиянын башталышы менен куттуктап, анын бул жогорку кызматтагы ишмердүүлүгү кыргыз-француз мамилелеринин мындан ары да өнүгүшүнө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров Франция менен кызматташуу Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Азыркы учурда Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык активдүү түрдө өнүгүп жатат. Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү жыл сайын өсүп, гидроэнергетика жана туризм тармактарындагы долбоорлор да ишке ашырылып жатат.

Президент бирге жүргүзүп жаткан иш аракеттер, долбоорлордун турмушка ашырылышы эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Өз кезегинде Элчи Николя Фай акыркы жылдары кыргыз-француз кызматташтыгынын активдешүүсүн канааттануу менен белгилеп, бул багыттагы ишти улантууга даяр экендигин айтты.

Николя Фай эки тараптуу кызматташтыкты илгерилеткен эки өлкөнүн лидерлеринин байланыштарына көңүл бурду.

Ошону менен бирге Элчи Николя Фай соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, туризм жаатында жана башка артыкчылыктуу багыттарда эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга даярдыгын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн аягында Президент Садыр Жапаров Франциянын Элчиси Николя Файга дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалады.
Президент Садыр Жапаров принял Посла Франции в Кыргызстане Николя Фай

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 10 сентября, принял Чрезвычайного и Полномочного Посла Французской Республики в Кыргызстане Николя Фай.

Глава государства принял верительные грамоты от Посла и поздравил Николя Фай с началом дипломатической миссии в Кыргызстане и выразил уверенность, что его деятельность на этом высоком посту будет способствовать дальнейшему развитию кыргызско-французских отношений.

Садыр Жапаров отметил, что взаимодействие с Францией является одним из приоритетных направлений для Кыргызстана. В настоящее время политическое, торгово-экономическое и культурно-гуманитарное сотрудничество между двумя странами активно развивается. Объем товарооборота между Кыргызстаном и Францией ежегодно растет, также реализуются проекты в области гидроэнергетики и туризма.

Президент выразил уверенность в том, что совместные усилия и реализация проектов будут способствовать укреплению экономического сотрудничества между двумя странами.

В свою очередь, Посол Николя Фай с удовлетворением отметил активизацию кыргызско-французского сотрудничества за последние годы и подчеркнул готовность продолжить работу в данном направлении.

Николя Фай акцентировал внимание на состоявшихся контактах лидеров двух стран, которые способствовали продвижению двустороннего сотрудничества.

Вместе с тем, Посол Николя Фай обозначил готовность к наращиванию двустороннего сотрудничества в торгово-экономической, культурно-гуманитарной сферах, области туризма и других приоритетных направлениях.

В завершение беседы Президент Садыр Жапаров пожелал Послу Франции Николя Фай успехов в его дипломатической миссии.
Президент Садыр Жапаров бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда үчүнчү өлкөлөрдө резиденциясы менен аккредитацияланган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды.

Ишеним грамоталарын Колумбия Республикасынын Элчиси – Эктор Исидро Аренас Нейра, Австралия Бирлигинин Элчиси – Джон Уильям Гиринг, Малайзиянын Элчиси – Ильхам Туа Бин Иллиас, Словения Республикасынын Элчиси – Дарья Бавдаж Курет, Камбоджа Королдугунун Элчиси – Сок Чеа, Египет Араб Республикасынын Элчиси – Ибтиссам Ракха Ахмед Хассан, Бангладеш Эл Республикасынын Элчиси – Мохаммад Монирул Исламдар тапшырды.

Салтанаттуу азем чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын башчыларын Ардак кароолдун тосуп алышы менен башталып, андан соң Элчилер Президент Садыр Жапаровго ишеним грамоталарын тапшырды.

Мамлекет башчысы элчилерди дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, Кыргыз эли эзелтен эле элчилик вазийпасын жогору баалап, кадырлап келгенин белгиледи.

Президент Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү мааракелик даталарынын – Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгынын алдында ачылган Президенттин жаңы Администрациясынын «Ынтымак Ордо» имаратында алгачкы жолу эл аралык иш-чара – ишеним грамоталарын тапшыруу аземи өтүп жатканын айтты.

Мамлекет башчысы элчилердин дипломатиялык ишмердиги жаңы Кыргызстандын өнүгүү дооруна дал келгенин канааттануу менен билдирди. Ошону менен катар акыркы үч жыл ичинде экономиканын активдүү өсүшү байкалганын, өлкөнүн кайра жаралуусу боюнча тынымсыз иштер жүрүп жатканын белгиледи.

“Кыргызстандын экономикасы орточо темпи 7%дан кем эмес ишенимдүү өсүштү көрсөтүп келүүдө. 2023-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) биринчи жолу 1 триллион сомдон ашты, ал эми 2024-жылы экономиканын өсүшү 8,7%га жетти. Биз 2030-жылга чейин ички дүң продукциянын көлөмүн 30 миллиард АКШ долларына жеткирүүнү максат койдук”, - деди Президент.

“Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата өлкө боюнча 100 жаңы өндүрүштүк жана социалдык объекттер ачылды. Аталган сандар жана экономикалык көрсөткүчтөр Кыргызстан алдыга көздөй туруктуу өнүгүү жана саясий, ошондой эле социалдык-экономикалык чөйрөдө сапаттуу прогресске ишенимдүү кадам таштап жатканын көрсөтүп турат”, - деп Мамлекет башчысы белгиледи.

Аягында Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы дипломатиялык миссиялардын башчылары өкүл болгон мамлекеттер менен кызматташтыкты мындан ары да улантууга жана өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгилеп, элчилердин ишине ийгилик каалады.
2024/10/01 01:35:46
Back to Top
HTML Embed Code: