Telegram Web Link
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео. Президент Садыр Жапаров: Кыргызстан 2030-жылга чейин алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киребиз деген амбициялуу максатты койду
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео. БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш: Кыргызстанга болгон бир нече иш сапарларымда азыркыдай динамизмди көргөн эмесмин
Президент Садыр Жапаров 5576 метр бийиктиктеги аты жок чокуга "Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу" деген ысым ыйгарды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке Ысык-Көл облусундагы чокуга “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген ысым берилгендиги туурасында сертификат тапшырды.

Мамлекет башчысы БУУнун планетадагы бардык адамзат үчүн тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү сактоого, глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ишмердигин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен мамилелерин чыңдоо максатында, ошондой эле БУУнун кызматкерлеринин курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүдөгү алдыңкы ролун белгилеп, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке "Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу" деген ысым берилгендиги туурасында сертификатын тапшырды.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Тянь-Шань тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагындагы бийиктиги 5576 метр болгон аты жок тоо чокусуна "Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу" деген географиялык аталыш ыйгарылганын билдирди.

******
Президент Садыр Жапаров присвоил безымянному пику высотой 5576 метров наименование «Пик Организации Объединенных Наций»


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 2 июля, вручил Генеральному секретарю ООН Антониу Гутерришу сертификат о присвоении пику в Иссык-Кульской области названия «Пик Организации Объединенных Наций».

Глава государства, в целях укрепления отношений Кыргызской Республики с Организацией Объединенных Наций с учётом деятельности ООН, направленной на поддержание мира всего человечества на планете и решение глобальных социально-экономических и климатических проблем, а также отмечая ведущую роль сотрудников ООН в охране окружающей среды и устойчивом развитии горных территорий, вручил Генеральному секретарю ООН Антониу Гутерришу сертификат о присвоении безымянному пику названия организации ООН «Пик Организации Объединенных Наций».

Президент Садыр Жапаров заявил, что географическое название «Пик Организации Объединенных Наций» присвоен безымянной горной вершине высотой 5576 метров в районе ледника Южный Энильчек Тянь-Шанского хребта Иссык-Кульской области Кыргызской Республики.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров 5576 метр бийиктиктеги аты жок чокуга "Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу" деген ысым ыйгарды
*****
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров присвоил безымянному пику высотой 5576 метров наименование «Пик ООН»
Президент Садыр Жапаров Антониу Гутерришке кыргыздын улуттук аспабы - комузду белек кылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш бүгүн, 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборуна барышты.

Конокторго опера ырчыларынын катышуусундагы концерттик программа, ошондой эле балет спектакли тартууланды.

Президент Садыр Жапаров менен БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш комуз түрүндө курулган пирстен басышты, ошол жерден аларга улуттук кийимчен комузчулар фольклордук музыканы аткарып беришти.

Андан соң Президент Садыр Жапаров терең урматтоо иретинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке эстеликке белегин, улуттук аспап - комузду тартуу кылды.

****

Президент Садыр Жапаров подарил Антониу Гутерришу кыргызский национальный инструмент - комуз

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров и Генеральный секретарь ООН Антониу Гутерриш сегодня, 2 июля, посетили культурный центр "Рух-Ордо" в городе Чолпон-Ата Иссык-Кульской области.

Гостям была представлена концертная программа с участием оперных певцов, а также балетное выступление.

Президент Садыр Жапаров и Генеральный секретарь ООН Антониу Гутерриш прошлись по пирсу, построенному в виде комуза, на котором комузисты в национальной одежде исполнили фольклорную музыку.

Затем Президент Садыр Жапаров в знак глубокого уважения вручил Генеральному секретарю ООН Антониу Гутерришу памятный подарок, национальный инструмент - комуз.
2024/10/01 19:28:23
Back to Top
HTML Embed Code: