Telegram Web Link
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке кыргыздын улуттук аспабы - комузду белек кылды

*****

🎥Видео: Президент Садыр Жапаров подарил Генсекретарю ООН Антониу Гутерришу кыргызский национальный инструмент - комуз
Президент Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстанга иш сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 3-4-июлда Казакстан Республикасынын Астана шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери уюмдун форматында көп тараптуу жана көп векторлуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясаттын маселелерин талкуулашат.

Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Астана декларациясына кол коюлат.

Ошондой эле ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн саясий, экономикалык, энергетикалык жана башка чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган макулдашууларга жана документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Соода-экономикалык мамилелерди жана туризмди өнүктүрүүдө экологиялык маселелерге, регионалдык жана эл аралык коопсуздукка, санариптик технологияларды андан ары өнүктүрүүгө көп көңүл бурулат.

Казакстан тараптын төрагалыгы астында өтө турган Кеңештин ишине ШКУга мүчө-мамлекеттердин - Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Узбекистан, Кытай, Пакистан, Индия, ошондой эле Беларустун башчылары катышат, Беларусь бул отурумда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет статусун алуу процедурасынын аякташын күтүүдө.

ШКУнун алкагында Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин жана Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт», — деп Муратбек Азымбакиев билдирди.
Президент Садыр Жапаров совершит рабочий визит в Казахстан для участия в очередном заседании Совета глав государств ШОС

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров 3-4 июля совершит рабочий визит в г. Астана Республики Казахстан, в рамках которого примет участие в очередном заседании Совета глав государств Шанхайской организации сотрудничества. Об этом сообщил заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Кыргызской Республики Муратбек Азымбакиев.

«Лидеры стран ШОС обсудят важные вопросы многостороннего и многовекторного сотрудничества в формате организации, а также вопросы региональной и международной политики.

По итогам встреч на высшем уровне будет подписана Астанинская декларация Совета глав государств-членов Шанхайской организации сотрудничества.

Также планируется подписание соглашений и документов, направленных на укрепление взаимодействия стран-членов ШОС в политической, экономической, энергетической и других сферах, а также расширение и совершенствование деятельности Шанхайской организации сотрудничества.

Большое внимание будет уделено вопросам экологии, региональной и международной безопасности, дальнейшего развития цифровых технологий в продвижении торгово-экономических связей и туризма.


В работе Совета, под председательством казахской стороны, примут участие главы государств-членов ШОС – России, Казахстана, Кыргызстана, Таджикистана, Узбекистана, Китая, Пакистана, Индии, а также Беларуси, которая на данном заседании ожидает завершения процедуры получения статуса государства-члена Шанхайской организации сотрудничества.

Президент Садыр Жапаров на полях ШОС проведет двусторонние встречи с Председателем Китайской Народной Республики Си Цзиньпинем и с Президентом Монголии Ухнаагийн Хурэлсухом», – сообщил Муратбек Азымбакиев.
Президент Садыр Жапаров жана БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш бейформал жолугушуу өткөрүштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш бүгүн, 2-июлда, Ысык-Көлдү бойлото теплоходдо бейформал жолугушуу өткөрүштү.

Теплоход менен сейилдегенден кийин Садыр Жапаров менен Антониу Гутерриш “Номад” этно-комплексиндеги этномаданий программа менен таанышты.

Улуттук стилде жасалгаланган боз үй шаарчасы кыргыз улуттук кол өнөрчүлүгүнүн ар түрдүүлүгүн көрсөттү.

Жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен таанышуу учурунда Президент Садыр Жапаров Антониу Гутерришке кыргыз баш кийимин — ак калпакты белекке берди.

Жогорку даражалуу коноктор үчүн ат оюндары, жаа атуу, тайгандар жана бүркүттөр менен мергенчилик уюштурулду. Маданий иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

*********

Президент Садыр Жапаров и Генеральный секретарь ООН Антониу Гутерриш провели неформальную встречу

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров и Генеральный секретарь ООН Антониу Гутерриш сегодня, 2 июля, провели неформальную встречу на теплоходе по озеру Иссык-Куль.

После прогулки на теплоходе Садыр Жапаров и Антониу Гутерриш ознакомились с этнокультурной программой в этно-комплексе «Номад».

Юрточный городок, оформленный в национальном стиле, демонстрировал разнообразие колорита кыргызского национального рукоделия.

Во время знакомства с рукоделием местных мастериц Президент Садыр Жапаров подарил Антониу Гутерришу кыргызский головной убор — ак калпак.

Для высоких гостей были организованы конные игры, стрельба из лука, охота с тайганами и беркутами. Культурное мероприятие завершилось концертной программой.
2024/10/01 22:33:27
Back to Top
HTML Embed Code: