Telegram Web Link
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания курган "Мурас" жаңы турак жай комплексин ачты

****

🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров открыл новый жилой комплекс «Мурас», построенный Государственной ипотечной компанией в Бишкеке
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Россия Федерациясына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда, иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) келди.

Мамлекет башчынын борту "Пулково" эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Санкт-Петербург шаарынын Губернатору Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Мамлекет башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында ЕАЭБдин Армения төрагалык кылган жылдык иштин жыйынтыктары чыгарылат, Биримдиктин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери каралат, интеграциялык процесстерди тереңдетүүнүн келечектүү багыттары талкууланат.

Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу пландаштырылууда, анын ичинде ЕАЭБдин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө Макулдашууга жана Биримдик жөнүндө келишимге иликтөөлөрдү жүргүзүүдө жана атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууда өзгөчө механизмге тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколго кол коюлат.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусунда 2024-жылдагы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктары чыгарылат, келечекке карата негизги милдеттер аныкталат, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот", - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

****

Президент Садыр Жапаров прибыл с рабочим визитом в Российскую Федерацию


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 24 декабря, прибыл с рабочим визитом в г. Санкт-Петербург (Российская Федерация).

Борт Главы государства приземлился в международном аэропорту «Пулково».

Президента Садыра Жапарова встретили Губернатор г. Санкт-Петербург Александр Беглов и другие официальные лица.

Глава государства примет участие в неформальной встрече глав государств – участников Содружества Независимых Государств и очередном заседании Высшего Евразийского экономического совета. Об этом сообщил заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Кыргызской Республики Муратбек Азымбакиев.

«В ходе заседания Высшего Евразийского экономического совета будут подведены итоги работы ЕАЭС в год армянского председательства, рассмотрены актуальные вопросы деятельности Союза, обсуждены перспективные направления углубления интеграционных процессов.

Планируется принятие ряда важных решений и документов, в том числе будут подписаны Соглашение о единой системе таможенного транзита ЕАЭС и третьей стороны (третьих сторон) и Протокол о внесении изменений в Договор о Союзе в части, касающейся особого механизма при проведении расследований и принятии решений о применении или неприменении специальных защитных, антидемпинговых и компенсационных мер.

На неформальной встрече руководителей государств-членов Содружества Независимых Государств будут подведены итоги взаимодействия в 2024 году, определены основные задачи на перспективу, состоится обмен мнениями по актуальным международным и региональным темам», - отметил Муратбек Азымбакиев.
Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Грант жөнүндө макулдашуу грант берүү тартибин карайт, анын алкагында Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Кыргыз Республикасында 9 жалпы билим берүү уюмдун курулушун, аларды материалдык-техникалык жабдууну жана аларды Кыргыз Республикасына акысыз жана кайтарымсыз (гранттык) негизде өткөрүп берүүнү камсыз кылат.

*******

Ратифицировано Соглашение о гранте между Кыргызстаном и Евразийским банком развития

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения о гранте между Кыргызской Республикой и Евразийским банком развития, подписанного 23 июля 2024 года в городе Бишкек».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 27 ноября 2024 года.

Соглашение предусматривает порядок предоставления гранта, в рамках которого ЕАБР обеспечивает строительство 9 общеобразовательных организаций в Кыргызской Республике, их материально-техническое оснащение и передачу их Кыргызской Республике. Кыргызская Республика, в свою очередь, обеспечивает выполнение обязательств, предусмотренных Соглашением для успешной реализации Проекта.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 29-ноябрындагы чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн соттун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тийиштүү сунуштама киргизүү боюнча ыйгарым укугун алып салуу боюнча түзөтүүлөр сунушталган.

Ошентип, мындан ары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору гана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш киргизе алат.

**********

Внесены изменения в Закон «О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 14 ноября 2024 года в реализацию решения Конституционного суда Кыргызской Республики от 29 ноября 2023 года.

Законом внесены поправки, исключающие полномочие суда вносить представление в Жогорку Кенеш Кыргызской Республики для получения согласия на привлечение депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики к уголовной ответственности.

Таким образом, отныне только Генеральный прокурор Кыргызской Республики может вносить представление в Жогорку Кенеш Кыргызской Республики для получения согласия на привлечение депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики к уголовной ответственности.
Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевге Азербайжандын жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген азербайжандык жүргүнчү учагынын трагедиялуу кыйрашы тууралуу бүгүнкү суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана ушул трагедиянын кесепетинен жабыр тарткандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Орду толгус жоготуунун аза-кайгысын тең бөлүшөм”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

********

Президент Садыр Жапаров выразил соболезнования Президенту Азербайджана Ильхаму Алиеву

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров направил телеграмму с соболезнованиями Президенту Азербайджанской Республики Ильхаму Алиеву в связи с крушением азербайджанского пассажирского самолета.

«С огромной болью в сердце узнал о произошедшем сегодня трагическом крушении азербайджанского пассажирского самолета, повлекшем за собой многочисленные человеческие жертвы.

От имени народа Кыргызской Республики и от себя лично выражаю самые глубокие соболезнования семьям и близким погибших и желаю скорейшего выздоровления всем пострадавшим в результате этой трагедии.

Разделяю боль и горечь невосполнимой утраты», — говорится в телеграмме Главы государства.
2024/12/31 23:47:48
Back to Top
HTML Embed Code: