Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Магдебургдагы трагедияга байланыштуу Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“2024-жылдын 20-декабрында Магдебург шаарындагы Рождество базарында автоунаанын сүзүшүнөн улам адамдардын курмандыгына жана жаракат алышына алып келген кырсык тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Бул кырсыкта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын бат сакайып кетишине тилектешмин”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

***

Президент Садыр Жапаров выразил соболезнования Федеральному Президенту ФРГ Франк-Вальтер Штайнмайеру

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров направил телеграмму с соболезнованиями Федеральному Президенту Федеративной Республики Германии Франк-Вальтеру Штайнмайеру в связи с трагедией в Магдебурге.

«С глубокой скорбью воспринял известие о трагедии, случившейся 20 декабря 2024 года на рождественской ярмарке в Магдебурге, где в результате наезда автомобиля погибли и пострадали люди.

Примите мои искренние соболезнования семьям и близким погибших. Пострадавшим желаю скорейшего восстановления», — говорится в телеграмме Главы государства.
Президент Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцко көңүл айтты


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Олаф Шольцко Магдебург шаарында болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Германиянын Магдебург шаарында болгон кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул окуянын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

****

Президент Садыр Жапаров выразил соболезнования Федеральному Канцлеру ФРГ Олафу Шольцу

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров направил телеграмму с соболезнованиями Федеральному Канцлеру Федеративной Республики Германии Олафу Шольцу в связи с трагедией в Магдебурге.

«С глубокой скорбью воспринял трагическую новость о происшествии в городе Магдебург.
Выражаю искренние соболезнования семьям и близким погибших, а пострадавшим желаю скорейшего выздоровления», — говорится в телеграмме Главы государства.
Президент Садыр Жапаров: “Мамлекет аймактардын жашоочулары үчүн ипотекалык турак-жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт”

"Мамлекет аймактардын жашоочулары үчүн ипотекалык турак-жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт", - деп бүгүн, 21-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров үчүнчү Элдик Курултайдын жүрүшүндө делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып белгиледи.

Делегаттардын көбү аймактарды турак-жай менен камсыз кылуу, социалдык тармактын кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу тууралуу маселени козгошту.

Мамлекет башчысы учурда облустук маанидеги шаарларда, орто жана ири шаарларда үйлөр курулуп жатканын, ошондой эле айыл жерлеринде инфраструктура өнүгүп жатканын айтты. Ал кийин бара-бара ипотекалык компанияга айылдагы үйлөрдү дагы заказ берсе, 20-25 жылга бөлүп төлөө менен эски үйлөрдү бузуп, жаңы үйлөрдү салып бергенге мүмкүнчүлүгү жетерин белгиледи.

Президент турак-жай менен камсыз кылуу процессин тездетүү үчүн кезекте турган жарандарга нарктын 50% төлөп, калган сумманы 15 жылга ипотекага жол-жоболоштуруу шартында кезексиз турак-жай алууга мүмкүндүк берүүчү программалар иштелип чыкканын айтты. Мамлекет башчысы мындай программалар турак-жай шарттарын жакшыртууга жардам берүү үчүн иштелип чыкканын кошумчалады.

Садыр Жапаров ошондой эле жакынкы күндөрү мурдагы №47 колониянын ордуна турак-жай комплексинин курулушунун биринчи этабын аяктоо күтүлүп жатканын, бул дагы миңдеген шаардыктарды турак-жай менен камсыз кылууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

2022-жылдан тартып турак жайды бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн электрондук кезек киргизилген, анда кезексиз "бирөө аттап өтүү" деген жок. Жакынкы 2-3 жылдын ичинде бул адамдардын бардыгы үй алышат. Анткени республика боюнча 40 миңден ашык квартиралуу үйлөр курулуп жатат. Президент ар бир жаранды ыңгайлуу турак-жай менен камсыз кылуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтты. Ал 30 жыл чыдагандарды эми 3-5 жыл кичине чыдап турууга чакырды.

*******
Президент Садыр Жапаров: «Государство обеспечит доступность ипотечного жилья для жителей регионов»

«Государство обеспечит доступность ипотечного жилья для жителей регионов», - отметил Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 21 декабря, отвечая на вопросы делегатов в ходе третьего Народного Курултая.

Большинство делегатов затронули вопрос обеспечения жильем в регионах, о строительстве многоэтажных домов для работников социальной сферы.

Глава государства рассказал, что в настоящее время ведется строительство домов в городах областного значения, средних и крупных городах, а также развивается инфраструктура в сельских районах. Он отметил, что в будущем ипотечная компания сможет предоставлять заказы на строительство домов в сельской местности, предлагая возможность обмена старого жилья на новое с рассрочкой на 20-25 лет. Это позволит людям обновить свои дома и улучшить условия проживания.

Президент подчеркнул, что для ускорения процесса обеспечения жильем разработаны программы, позволяющие гражданам, стоящим в очереди, получить жилье вне очереди при условии оплаты 50% стоимости и оформления оставшейся суммы в ипотеку на 15 лет. Такие программы разработаны для помощи людям в улучшении жилищных условий добавил Глава государства.

Садыр Жапаров также отметил, что в ближайшие дни ожидается завершение первого этапа строительства жилого комплекса на месте бывшей колонии №47, что позволит обеспечить жильем еще тысячи горожан.

С 2022 года внедрена электронная очередь для обеспечения прозрачности и справедливости в распределении жилья, что исключает возможность продвижения вне очереди. В ближайшие 2-3 года все эти люди получат жилье.

Строится более 40 тысяч квартир по всей республике. Президент заверил, что прилагаются все усилия для обеспечения каждого гражданина комфортным жильем. Он призвал потерпеть немного, напомнив, что если кто-то терпел 30 лет, то сможет подождать еще 3-5 лет.
Президент Садыр Жапаров: “КСДПны колдоо жана Кыргызстанда адам укуктарын коргоо боюнча резолюция кабыл алган Европарламенттин депутаттарына кайрылып кетким келип жатат”

"КСДПны колдоо жана Кыргызстанда адам укуктарын коргоо боюнча резолюция кабыл алган Европарламенттин депутаттарына кайрылып кетким келип жатат. Мен сиздерге берчү жоопту өзүңүздөрдүн эле кесиптешиңер, Франциянын депутаты Тьерри Мариани берип койду. Ал кесиптештерин бир тараптуу пикирлерди таратпоого, фактыларга таянууга чакырды", - деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, үчүнчү Элдик Курултайдын жүрүшүндө делегаттын суроолоруна жооп берип жатып, билдирди.

Мамлекет башчысы КСДП партиясы жергиликтүү шайлоолордо 1,5 млн сомдон ашуун каражатты добуш сатып алуу үчүн элге таратканын белгиледи. Бишкек шаары боюнча 69 агитатор жалданып, анын ичинен 44ү расмий каттоодон өткөн эмес. Ал делегаттарга бийлик буга көз жумуп, мыйзам бузгандарды башынан сылашы керекпи, деп суроо узатты.

Президент алдыда маанилүү окуялар – парламенттик жана президенттик шайлоолор турганын белгиледи. Ал мамлекет тарабынан таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, шайлоо процессин ачык-айкын өткөрүүгө 2 миллиард сом жумшалганын айтып берди.

Мамлекет башчысы ойлонуп, тандоо жасоо маселеси жарандардын колунда экенин кошумчалап, келечекте үйдөн отуруп алып, түз эле добуш берүү жеткиликтүү болоруна ишеним билдирди.

Садыр Жапаров шайлоо жана өлкөнүн ички иштерине байланышкан маселелер Кыргыз Республикасынын эгемендүү укугу экенин белгиледи. Мамлекет улуттук мыйзамдардын, жарандардын кызыкчылыктарынын жана демократиянын принциптеринин негизинде өз алдынча чечимдерди кабыл алат. Ал сырттан кийлигишүү жана бир тараптуу көз караштарды таңуулоо аракеттерине жол берилбей турганын жана бул эл аралык укукка туура келбээрин баса белгиледи.

Мындан башка Президент Садыр Жапаров Кыргызстан дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен тең укуктуулук жана өз ара кызыкчылыктын негизинде кызматташууга даяр экенин айтты.

***

Президент Садыр Жапаров: «Хотел бы обратиться к депутатам Европарламента, которые приняли резолюцию в поддержку СДПК и защиты прав человека в Кыргызстане»

«Хотел бы обратиться к депутатам Европарламента, которые приняли резолюцию в поддержку СДПК и защиты прав человека в Кыргызстане. На их действия отреагировал их же коллега, депутат Франции, представитель Европарламента Тьерри Мариани, который призвал своих коллег не распространять односторонние мнения, а опираться на факты», - сказал Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 21 декабря, отвечая на вопросы делегата в ходе третьего Народного Курултая.

Глава государства отметил, что партия СДПК во время выборов в местные кенеши раздавала избирателям более 1,5 млн сомов. Были наняты 69 агитаторов по Бишкеку, из них 44 без официальной регистрации. Он спросил у делегатов, должны ли власти закрывать на это глаза и хвалить тех, кто нарушает законы.

Президент отметил, что впереди стоят важные события — выборы в парламент, выборы президента. Он подчеркнул, что государство создало все условия для проведения честных и прозрачных выборов, вложив в это 2 миллиарда сомов, чтобы обеспечить прозрачный процесс выборов.

Глава государства добавил, что вопрос остается за гражданами, которые должны делать свой выбор обдуманно, и выразил уверенность, что в будущем голосование станет доступным прямо из дома.

Садыр Жапаров констатировал, что вопросы, связанные с выборами и внутренними делами страны, являются суверенным правом Кыргызской Республики. Государство самостоятельно принимает решения, опираясь на национальное законодательство, интересы граждан и принципы демократии. Он подчеркнул, что вмешательство извне и попытки навязать односторонние взгляды неприемлемы и не соответствуют нормам международного права.

Кроме того, Президент Садыр Жапаров отметил, что Кыргызстан готов сотрудничать со всеми странами мира на основе равноправия и взаимной выгоды.
Президент Садыр Жапаров: “Сөз эркиндиги жок деген сайттардын өздөрүнүн сөз эркиндиги жок”

“Сөз эркиндиги жок деген сайттардын өздөрүнүн сөз эркиндиги жок”, - деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, үчүнчү Элдик Курултайда билдирди.

Мамлекет башчысы оппозициялык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштаган делегаттын суроосуна жооп берди.

“Массалык маалымат каражаттарын чакырышты, бирок алар келишкен жок. Баш тартышты десек да болот. Сөз эркиндиги жок деген сайттардын өздөрүнүн сөз эркиндиги жок, анткени толугу менен тышкы кожоюндарына баш ийишет”, - деп Садыр Жапаров белгиледи

Президент ошондой эле чет өлкөлөрдөн НПОлорго, ММКларга келген каражаттар боюнча маалыматтар менен бөлүшө кетти:
“Кактус.Медиа” маалымат агенттиги 2021-жылы 35 000 АКШ долларын “Сорос” фондунан алган. 2022-жылы 23 185 АКШ долларын “Интерньюстан” жана 22 250 АКШ долларын “Сорос” фондунан алган. “Клооп Медиа” 2021-жылы Демократияны колдоо фондунан 585 500 АКШ долларын алган. Ал эми 2022-жылы 25 250 АКШ долларын АКШнын элчилигинен, 9 305 АКШ долларын “Сорос” фондунан, 23 185 АКШ долларын “Интерньюстан” жана 8 миллион сом ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө алышкан.
“Азаттык” 2023-жылы 2 270 000 АКШ долларын Демократияны колдоо фондунан, 2024-жылы болсо – 2 297 000 АКШ доллар алган.
“Говори ТВ” 2021-жылы 34 000 АКШ долларын жана 83 627 еврону Демократия үчүн Европа фондунан алган. “Политклиника” маалымат агенттиги 2020-жылы 41 800 АКШ долларын алган. 2021-жылы - 54 000 АКШ долларын алган.
“Кылым Шамы” уюму 2018-жылы 8 586 844 сом алган.

“Бул акчалардын эсеби, отчету шарттуу түрдө эле жазылат экен. Алардын тышкы спонсорлору болсо “Ооба, жакшы иштеп жатышат” деп калышат.
Бул жактан кылган иштери болсо жалаң жалган маалыматты таратмай, жамандык издемей, бирөөнүн аброюна далилсиз шек келтирмей. Анан алар сотко берсе, сөз эркиндигине кысым болуп жатат деп кыйкырып чыгышат”, - деп Президент баса белгиледи.

Мамлекет башчысы АКШнын Мамлекеттик департаментинин жетекчилигине кайрылды: “Эгер акча каражаттарды кайда жумшай турганыңарды билбей жатсаңыздар, бизге, мамлекетке түз эле берсеңиздер. Биз дарегине жеткирип, эффективдүү колдонушун камсыз кылабыз. Журналистиканы жогорку деңгээлге көтөрүш керек болсо - көтөрөбүз. Сөз эркиндигин толук камсыздоо керек болсо, толук камсыз кылганга кепилдик беребиз”.
Президент Садыр Жапаров: «Сайты, заявляющие об отсутствии свободы слова в нашей стране, сами лишены этой свободы»

«Сайты, заявляющие об отсутствии свободы слова в нашей стране, сами лишены этой свободы», — заявил Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 21 декабря, на третьем Народном Курултае.

Глава государства ответил на вопрос делегата, который предложил предоставить возможность выступить представителям оппозиционных СМИ.

«Мы пригласили средства массовой информации, но они не пришли. Можно сказать, что они отказались. Сайты, заявляющие об отсутствии свободы слова в нашей стране, сами лишены этой свободы, поскольку полностью подчиняются своим зарубежным хозяевам», — отметил Садыр Жапаров.

Президент также поделился данными о финансовых поступлениях для НПО и СМИ:


В 2021 году информационное агентство «Кактус.Медиа» получило 35 000 долларов США от фонда «Сорос». В 2022 году — 23 185 долларов США от «Интерньюс» и 22 250 долларов США снова от фонда «Сорос».
«Клооп Медиа» в 2021 году получило 585 500 долларов США от Фонда поддержки демократии. В 2022 году — 25 250 долларов США от посольства США, 9 305 долларов США от фонда «Сорос», 23 185 долларов США от «Интерньюс» и 8 миллионов сомов в виде добровольных пожертвований.
«Азаттык» в 2023 году получило 2 270 000 долларов США от Фонда поддержки демократии, а в 2024 году — 2 297 000 долларов США.
«Говори ТВ» в 2021 году получило 34 000 долларов США и 83 627 евро от Европейского фонда за демократию.
Информационное агентство «Политклиника» в 2020 году получило 41 800 долларов США, а в 2021 году — 54 000 долларов США.
Организация «Кылым Шамы» в 2018 году получила 8 586 844 сома.

«Эти средства учитываются в отчетах весьма условно. Их зарубежные спонсоры заявляют: «Да, они хорошо работают». А что происходит на деле? Здесь они распространяют ложную информацию, ищут негатив, подрывают репутацию других. А когда на них подают в суд, сразу обвиняют в давлении на свободу слова», — подчеркнул Президент.

Глава государства обратился к руководству Госдепартамента США:
«Если вы не знаете, куда направить свои средства, передайте их напрямую нам, государству. Мы обеспечим их эффективное использование. Нужно повысить уровень журналистики? Мы это сделаем. Хотите полного обеспечения свободы слова? Мы это гарантируем».
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган Жарлыктарга кол койду.

https://president.kg/kg/news/21/26314

***

Подписаны Указы «О награждении государственными наградами Кыргызской Республики»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указы, согласно которым ряд кыргызстанцев отмечен государственными наградами.

https://president.kg/ru/news/21/26314
Президент Садыр Жапаров энергетика тармагынын кызматкерлерине: “Сиздер – Кыргызстан энергетикасынын жүрөгү, алдыңкы күчү жана негизги таянычысыңар. Сиздердин күнү-түнү тыным албаган мээнетиңиздер аркасында ар бир үйдө жарык, жылуулук, ал эми өлкөбүздө туруктуулук жана өсүп-өнүгүү болуп жатат”

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргызстандын энергетикасынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чара республиканын энергетика тутумунун өнүгүү тарыхына арналган тасманы көрсөтүү менен башталды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын энергетика тармагына берилүү менен кызмат кылып келе жаткан бардык кызматкерлерди жана бул тармактын түптөлүп, өркүндөшүнө бүтүндөй өмүрүн арнап, салымын кошкон ардагерлерди 90 жылдык маараке жана Энергетиктер күнү менен куттуктады.

https://president.kg/kg/news/21/26315

****

Президент Садыр Жапаров, обращаясь к работникам энергетической отрасли: «Вы – сердце, движущая сила и опора энергетической системы Кыргызстана. Благодаря вашему самоотверженному труду в каждом доме есть свет и тепло, а в стране – стабильность и развитие»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 23 декабря, в Кыргызской национальной филармонии имени Т. Сатылганова принял участие в торжественном мероприятии, посвященном 90-летию энергетики Кыргызстана.

Мероприятие началось с показа фильма, посвященного истории развития энергосистемы республики.

Выступая с речью, Президент Садыр Жапаров поздравил с 90-летним юбилеем и Днем энергетика всех, кто преданно служит энергетической отрасли Кыргызстана, а также ветеранов, посвятивших свои жизни становлению и развитию этой сферы.

https://president.kg/ru/news/21/26315
2024/12/26 07:36:39
Back to Top
HTML Embed Code: