Telegram Web Link
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров үчүнчү Элдик Курултайда кайрылуу жасады
***
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров выступил с обращением на третьем Народном Курултае
Элдик Курултайдын биринчи күнү аяктады


Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен Үчүнчү Элдик Курултай өтүүдө. Бүгүн, 20-декабрда, анын ишинин биринчи күнү болуп өттү.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат катышты. Ошондой эле чет өлкөдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү келишти. Иш-чара өлкөнүн акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү тууралуу тасманы көрсөтүү менен башталды.

Андан кийин Мамлекет башчысы кайрылуу жасап, анда негизги реформалардын жыйынтыгын чыгарып, өлкөнү өнүктүрүү пландарын айтып өттү. Негизги көңүл коррупцияга каршы күрөшүү, экономикалык өсүш, чек ара маселелерин жөнгө салуу, ишкерликти колдоо, социалдык коргоону чыңдоо, ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо үчүн шарттарды жакшыртууга бурулду.

Садыр Жапаров азык-түлүк коопсуздугу, инфраструктуралык объекттерди куруу жаатындагы жетишкендиктерди, элдин биримдигинин, каада-салтты жана улуттук баалуулуктарды сыйлоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Курултайдын биринчи күнүндө 105 адам чыгып сүйлөп, алар өлкөнү комплекстүү өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга умтулууну чагылдырган маселелерди айтышты.

Делегаттар инфраструктураны өнүктүрүүгө жана суу менен камсыздоону жакшыртууга басым жасап, мугалимдерди, дарыгерлерди жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык жактан колдоо маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле айыл чарбасын жана ишкерликти колдоо боюнча чараларды көрүү өтүнүчтөрү айтылды.
Делегаттар шаарларды өнүктүрүүгө каражат бөлүү, ошондой эле чет өлкөдө жүргөн жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү, анын ичинде виза режимин жеңилдетүү боюнча сунуштар менен кайрылышты.

Эскерте кетсек, эртең Элдик Курултай өз ишин улантат.

Түз алып баруу УТРКнын эфиринде, республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда жеткиликтүү болот.

Түз эфирдин башталышы - 21-декабрда саат 10:00.
Завершился первый день Народного Курултая

В Бишкеке проходит третий Народный Курултай с участием Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова. Сегодня, 20 декабря, состоялся первый день его работы.

Курултай собрал около 700 делегатов со всех регионов страны. Также присутствуют представители мигрантов, проживающих за рубежом, и религиозных конфессий. Мероприятие началось с показа фильма об основных показателях социально-экономического развития страны за последние годы.

Далее Глава государства выступил с обращением, в котором подвёл итоги ключевых реформ и обозначил планы развития страны. Основное внимание было уделено борьбе с коррупцией, экономическому росту, урегулированию вопросов границ, поддержке предпринимательства, укреплению социальной защиты, а также улучшению условий для образования и здравоохранения.

Садыр Жапаров отметил достижения в сфере продовольственной безопасности, строительства инфраструктурных объектов и подчеркнул важность единства народа, уважения традиций и национальных ценностей.

В первый день Курултая выступили 105 человек, которые озвучили вопросы, отражающие стремление к комплексному развитию страны и улучшению качества жизни населения.

Делегаты акцентировали внимание на развитии инфраструктуры и улучшении водоснабжения, подняли вопросы социальной поддержки учителей, врачей и лиц с ограниченными возможностями. Также были озвучены просьбы принять меры по поддержке сельского хозяйства и предпринимательства.

Делегаты обратились с предложениями о выделении средств на развитие городов, а также о содействии в решении проблем граждан, находящихся за границей, включая упрощение визового режима.

Напомним, что завтра Народный Курултай продолжит свою работу.

Прямая трансляция будет доступна в эфире НТРК, на республиканских и областных телеканалах, а также на страницах в социальных сетях.

Начало трансляции — 21 декабря в 10:00 часов.
2024/12/28 21:14:31
Back to Top
HTML Embed Code: