Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россияга барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 7-8-октябрда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясына (Москва шаары) барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Россия Федерациясында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

******

Президент Садыр Жапаров посетит Россию для участия в очередном заседании Совета глав государств СНГ

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров 7-8 октября посетит Российскую Федерацию (г.Москва) для участия в очередном заседании Совета глав государств СНГ. Об этом сообщил заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Кыргызской Республики Муратбек Азымбакиев.

«8 октября текущего года в Российской Федерации состоится очередное заседание Совета глав государств Содружества Независимых Государств.

В ходе предстоящего заседания Совета глав государств СНГ будут приняты важные решения, направленные на расширение и укрепление сотрудничества государств – участников Содружества в торгово-экономической и культурно-гуманитарной сферах.

Ожидается, что в данном саммите СНГ примут участие главы государств Содружества», - отметил Муратбек Азымбакиев.
Президент Садыр Жапаровдун Жарандык авиация күнүнө карата куттуктоосу


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, өлкөнүн жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Кыргыз авиация тармагынын урматтуу кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Өлкөнүн өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналган авиация тармагы экономикалык, маданий жана социалдык жактан маанилүү ролду ойнойт. Кыргызстандын тоолуу жана деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин эске алганыбызда жарандык авиация өлкөбүздүн ички аймактары жана башка мамлекеттер менен карым-катнаш жүргүзүүдө өтө маанилүү тармак экени маалым.

Мына ушундай маанилүү тармактын кызматкерлери кыргыз авиациясынын эл аралык коопсуздук жана сапат стандарттарына жооп бериши үчүн болгон күч-аракеттерин жумшап келишти. Ушул жылдын август айында Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Эл аралык жарандык авиация уюмунун авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча аудитинен ийгиликтүү өткөндүгү кубанычтуу кабар болду. Бул Кыргызстандын авиациясы бардык эл аралык стандарттар менен талаптарга жооп берет деген сөз.

Ошону менен катар Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында бүгүнкү күндө «Манас» эл аралык аэропортунун жеке каражатынын эсебинен «Кербен», «Каракол», «Талас», «Нарын» жана «Казарман» аймактык аэропорттору толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, четинен колдонууга бериле баштады. Ал эми аба кемелери паркыбыз жаңы учактар менен толукталып, жаңыртылууда.

Мындан тышкары, жаңы эл аралык «Жалал-Абад» аэропортун куруу маселеси иштелип жатат.

Соңку жылдары жаңы багыттар ачылып, Кувейт, Түштүк Корея, Азербайджан, Сауд Аравиясы менен аба каттамдары жолго коюлду. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн агымы барган сайын артып барат. Бул дагы өлкөбүздүн эл аралык кызматташтыгын бекемдөөнүн үстүндө иштер кызуу жүрүп жаткандыгын күбөлөйт. Ушу тапта «Манас» эл аралык аэропорту болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкендигин сыймыктануу менен белгилейм. Эгер 2019-жылы «Манас» эл аралык аэропортунун таза кирешеси 2 млрд 108 млн сомду түзсө, 2023-жылы таза кирешеси 6 млрд. сомго жетип, өсүү темпи 52 % түздү.

Өлкөнүн авиация тармагындагы мындай ийгиликтүү кадамдар бара-бара элибиздин бакубат турмушу үчүн мындан да ыңгайлуу шарттарды түзөт деп бекем ишенем.

Урматтуу мекендештер, жогоруда тизмектелген жетишкендиктер – кыргыз авиациясынын 90 жылдан ашуун мезгилди камтыган тарыхында сыймыктануу менен белгилей турган чоң ийгиликтер. Мына ошондуктан, ар күнү өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн жан үрөгөн жарандык авиациянын кызматкерлери менен ардагерлерине ыраазычылыгымды билдирем.

Урматтуу авиаторлор!

Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм.

Авиация тармагы мындан да өнүгүп, эл-журтубузга эле эмес, өлкөбүздүн меймандарынын коопсуз, ыңгайлуу учуп-конууларын камсыз кылып, өлкөбүздүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтө беришиңиздерге тилектешмин.

Элибиздин аба мейкиндиги аркылуу карым-катнашын камсыз кылууга багытталган жоопкерчиликтүү ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун!

Асманыңыздар ачык болсун!».
Поздравление Президента Садыра Жапарова с Днём гражданской авиации


Президент Садыр Жапаров сегодня, 7 октября, поздравил работников гражданской авиации страны с профессиональным праздником.

Текст поздравления Главы государства:

«Уважаемые ветераны и работники гражданской авиации!

Примите мои искренние поздравления с вашим профессиональным праздником!

Гражданская авиация – важнейшая часть нашего развития, играющая ключевую роль в экономических, культурных и социальных процессах. Поскольку Кыргызстан является горной страной и не имеет выхода к морю, авиация становится критически важным средством связи как внутри страны, так и с другими государствами.

Сотрудники этой значимой отрасли прилагают все усилия для обеспечения соответствия кыргызской авиации международным стандартам безопасности и качества.

Радостной новостью стало успешное прохождение аудита Государственным агентством гражданской авиации Международной организацией гражданской авиации по авиационной безопасности и упрощению формальностей в августе текущего года. Это подтверждает, что гражданская авиация Кыргызской Республики соответствует всем международным стандартам и требованиям.

В рамках Национальной программы развития Кыргызстана, на сегодняшний день за счет собственных средств Международного аэропорта «Манас» проведена реконструкция региональных аэропортов «Каракол», «Казарман», «Кербен», «Талас» и «Нарын». В ближайшее время планируется возобновление полетов в эти аэропорты. Парк воздушных судов также пополняется и обновляется новыми самолетами.

Кроме того, рассматривается возможность строительства нового международного аэропорта в Джалал-Абадской области.

В последние годы были налажены воздушные сообщения с Кувейтом, Южной Кореей, Азербайджаном и Саудовской Аравией, что привело к ежегодному росту пассажиропотока. Эти достижения свидетельствуют о том, что наша страна активно укрепляет международные связи и сотрудничество. С гордостью отмечаю, что Международный аэропорт «Манас» достиг значительных успехов. Если в 2019 году чистая прибыль аэропорта составляла 2 млрд 108 млн сомов, то в 2023 году она выросла до 6 млрд сомов, что обеспечило темп роста на 52%.

Убежден, что эти успешные шаги в развитии авиационной отрасли нашей страны постепенно создадут ещё более благоприятные условия для благополучия нашего народа.

Уважаемые соотечественники! Все вышеупомянутые достижения — это значительные успехи, которыми мы можем с гордостью отметить более чем 90-летнюю историю кыргызской авиации. В этой связи хочу выразить искреннюю благодарность сотрудникам и ветеранам гражданской авиации, которые ежедневно вносят свой вклад в развитие нашей страны.

Уважаемые авиаторы!

Примите ещё раз мои искренние поздравления с профессиональным праздником! Уверен, что авиационная отрасль нашей страны будет продолжать развиваться и процветать, обеспечивая безопасные и комфортные полеты для граждан и гостей, внося значительный вклад в экономическое и социальное развитие страны.

Пусть ваши ответственные усилия, направленные на поддержание связей нашего народа через воздушное пространство, всегда будут сопровождаться успехами! Пусть наши небеса будут ясными, а авиация — надежной и процветающей!».
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, иш сапары менен Россия Федерациясына КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

- Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев;

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев;

- Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.

Эскерте кетсек, КМШнын Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

*****
Президент Садыр Жапаров вылетел с рабочим визитом в Россию

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 7 октября, с рабочим визитом вылетел в Российскую Федерацию для участия в очередном заседании Совета глав государств СНГ (СГГ СНГ).
В составе официальной делегации Кыргызской Республики:

- первый заместитель Председателя Кабинета Министров, национальный координатор Кыргызстана по делам СНГ Адылбек Касымалиев;

- министр иностранных дел Жээнбек Кулубаев;

- заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев;

- Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызстана в Российской Федерации Кубанычбек Боконтаев;

– директор Национального агентства по инвестициям при Президенте Талантбек Иманов;

– полномочный представитель Кыргызстана в Комиссии по экономическим вопросам при Экономическом совете Содружества Независимых Государств Улукбек Кармышаков.

Напомним, что в ходе предстоящего заседания СГГ СНГ будут приняты важные решения, направленные на расширение и укрепление сотрудничества государств – участников Содружества в торгово-экономической и культурно-гуманитарной сферах.
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Москва шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, иш сапары менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) келди.

Мамлекет башчынын борту "Внуково-2" эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

*****

Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в г. Москва

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 7 октября, с рабочим визитом прибыл в г. Москва (Российская Федерация).

Борт Главы государства приземлился в международном аэропорту «Внуково-2». Президента Садыра Жапарова встретил заместитель министра иностранных дел Российской Федерации Александр Панкин.

В рамках визита Садыр Жапаров примет участие в очередном заседании Совета глав государств Содружества Независимых Государств.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Москва шаарына келди

*****

🎥Видео: Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в г. Москва
Президент Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Чоң Кремль сарайына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Чоң Кремль сарайына келди.

Иш-чарага келген КМШ мамлекет башчыларын Кремль сарайында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкөлөрдүн лидерлери тар форматтагы жыйын залына өтүштү.

*******
Президент Садыр Жапаров прибыл в Большой Кремлевский дворец для участия в заседании СГГ СНГ

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 8 октября, прибыл в Большой Кремлевский дворец для участия в очередном заседании Совета глав государств – участников Содружества Независимых Государств (СГГ СНГ).

В Кремлевском дворце глав государств СНГ, прибывших на мероприятие, приветствовал Президент Российской Федерации Владимир Путин.

После завершения церемонии приветствия и совместного фотографирования лидеры стран перешли в зал заседаний в узком формате.
Президент Садыр Жапаров Москвада КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, Москва шаарында (Россия Федерациясы) өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышуучу Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын тар форматында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчылары Шериктештиктин алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелерин, регионалдык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу аспектилерин талкуулашты.

Садыр Жапаров шериктештиктин мейкиндигинде өнүгүүнүн натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү болуп акыркы жылдары байкалган улуттук экономикалардын туруктуу өсүшү, социалдык-экономикалык кырдаалдын жакшырышы, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин калкынын бакубаттуулугунун жогорулашы саналарын айтты.

https://president.kg/news/all/25810

****
Президент Садыр Жапаров выступил на заседании Совета глав государств СНГ в Москве

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 8 октября, выступил на очередном заседании Совета глав государств – участников Содружества Независимых Государств (СГГ СНГ) в узком формате, проходящего в г. Москва (Российская Федерация).

Главы государств обсудили вопросы углубления сотрудничества в рамках Содружества, актуальные аспекты региональной и международной повестки дня.

Садыр Жапаров отметил, что ключевыми показателями эффективности развития на пространстве Содружества являются наблюдаемые в последние годы устойчивый рост национальных экономик, улучшение социально-экономической ситуации, а также повышение благополучия населения государств-членов СНГ.

https://president.kg/news/all/25810
2025/01/08 17:01:45
Back to Top
HTML Embed Code: