Telegram Web Link
Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Нью-Йоркто бир катар чет элдик делегациялардын башчылары жана өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын талаасында бир катар чет өлкөлүк делегациялардын башчылары жана өкүлдөрү менен жолугушту.

Муратбек Азымбакиев Вануатунун премьер-министри Шарлот Салвай Табимасмас, Папуа Жаңы Гвинеянын премьер-министри Джеймс Марапе, Сент-Винсент жана Гренадин премьер-министри Ральф Гонсалвес, Гренаданын премьер-министри Дикон Митчелл жана Сент-Люсиянын тышкы иштер министри Альва Романус Баптист менен жолугушууларды өткөрдү.

Өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин көрсөтүү, шайланган учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги өлкөнүн пландары жана артыкчылыктары тууралуу маалымат берди.

Баарлашуунун аягында аларга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун алдыдагы шайлоодо Кыргызстандын талапкерлигин колдоо боюнча өтүнүч-катын тапшырды.

Мындан тышкары, Муратбек Азымбакиевдин ККП БКнын Саясий бюросунун мүчөсү, ККП БКнын тышкы иштер боюнча комиссиясынын канцеляриясынын башчысы жана Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен Малайзиянын тышкы иштер министри Мохамад Хасан жана Ватикандын Мамлекеттик катчысы кардинал Пьетро Паролин менен кыска жолугушуулары болду.

Ошондой эле Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Зомбулук экстремизмдин алдын алуу боюнча глобалдык фонддун Башкаруучулар кеңешинин төрагасы Стефано Мансервиси менен жолугушту.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Глобалдык фонддун террордук коркунучтарга каршы туруу жана зомбулук экстремизмдин алдын алуу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

**

Заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев встретился с главами и представителями ряда зарубежных делегаций в г. Нью-Йорк


Заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Кыргызской Республики Муратбек Азымбакиев встретился с главами и представителями ряда зарубежных делегаций на полях Недели высокого уровня 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН в г. Нью-Йорк.

Так, Муратбек Азымбакиев провел встречи с премьер-министром Вануату Шарлот Салвай Табимасмасом, премьер-министром Папуа Новой Гвинеи Джеймсом Марапе, премьер-министром Сент-Винсента и Гренадин Ральфом Гонсалвесом, премьер-министром Гренады Диконом Митчеллом и министром иностранных дел Сент-Люсии Альва Романус Баптистом.

В ходе прошедших переговоров заведующий отделом внешней политики Администрации Президента информировал о выдвижении кандидатуры Кыргызстана на место непостоянного члена Совета безопасности ООН на 2027–2028 годы, о планах и приоритетах страны в Совете безопасности ООН в случае её избрания.

В завершение бесед, он передал собеседникам послание Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова с просьбой о поддержке кандидатуры Кыргызстана на предстоящих выборах.

Кроме того, состоялись короткие встречи на ногах Муратбека Азымбакиева с членом Политбюро ЦК КПК, главой канцелярии Комиссии ЦК КПК по иностранным делам и министром иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И, с министром иностранных дел Малайзии Мохамад Хасаном и с Государственным секретарем Ватикана, кардиналом Пьетро Паролином.

Также состоялась встреча заведующего отделом внешней политики Администрации Президента с Председателем совета управляющих Глобального фонда по предотвращению насильственного экстремизма Стефано Мансервиси.

В ходе беседы стороны обсудили вопросы сотрудничества Кыргызстана с Глобальным фондом в области противодействия террористическим угрозам и предотвращения насильственного экстремизма.
Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Зардалы айылына барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына барды.

Сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

Ал алыскы аймактардагы калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана ири долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров келерки жылдын жазында калктуу конушка баруучу жолдун курулушу башталаарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.

Айыл тургундары Президентке ыраазычылык билдирип, бул Мамлекет башчынын алардын калктуу конушуна болгон биринчи сапары экенин белгилешти.

Алардын айтымында, негизги көйгөйлөр болуп жолдун жана электр энергиясынын жоктугу саналат.

Мындан тышкары, жашоочулар уюлдук байланыш маселесин чечүү өтүнүчү менен кайрылышты, ал боюнча Президент Садыр Жапаров Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине тиешелүү тапшырмаларды берди.
*******
Президент Садыр Жапаров посетил село Зардалы Баткенской области

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 29 сентября, посетил отдаленное село Зардалы в Баткенской области.

В ходе визита Глава государства рассказал о социально-экономических достижениях страны.

Он отметил важность развития инфраструктуры и реализации крупных проектов для улучшения качества жизни населения в отдаленных регионах.

Садыр Жапаров обозначил, что весной следующего года начнется строительство дороги в населённый пункт, после чего будут проведены работы по обеспечению Зардалы электроэнергией.

Жители села выразили благодарности Президенту, отметив, что это первый визит Главы государства в их населенный пункт.

Основными проблемами, по их словам, являются отсутствие дороги и электричества.

Кроме того, жители обратились с просьбой решить вопрос сотовой связи, на что Президент Садыр Жапаров дал соответствующие поручения сотрудникам Администрации Президента.
2024/10/01 09:28:49
Back to Top
HTML Embed Code: