Telegram Web Link
Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Нью-Йоркто чет элдик делегациялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү


Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын талаасында Эсватини мамлекетинин Премьер-министри Рассел Мисо Дламини жана бир катар чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү менен жолугушту

Жолугушууда Глобалдык Түштүктү туруктуу өнүктүрүү маселелерине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу жана көп тараптуу аянтчаларда начар өнүккөн өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын биргелешип коргоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле Муратбек Азымбакиевдин Тринидад жана Тобаго тышкы иштер министри Эмери Браун, Соломон аралдарынын өнүгүүсүн улуттук пландаштыруу жана координациялоо министри Рексон Рамофафия, Эль-Сальвадордун тышкы иштер министринин орун басары Адриана Мира, Гватемаланын инвестиция жана өнүгүү катчысы Карлос Мендоса Альварадо менен жолугушуулары болду.

Болуп өткөн баарлашуулардын жүрүшүндө Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев аларга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчүн камтыган кайрылуусун айтты.
Заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев в г. Нью-Йорк провел ряд встреч с представителями зарубежных делегаций


Заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Кыргызской Республики Муратбек Азымбакиев встретился с Премьер-министром государства Эсватини Рассел Мисо Дламини и представителями ряда зарубежных делегаций на полях Недели высокого уровня 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН в г. Нью-Йорк

На встрече обсуждены вопросы повышения внимания мирового сообщества к вопросам устойчивого развития Глобального Юга и совместного отстаивания интересов наименее развитых стран на многосторонних площадках.

Состоялись также встречи Муратбека Азымбакиева с министром иностранных дел Тринидад и Тобаго Эмери Брауном, министром национального планирования и координации развития Соломоновых островов Рексоном Рамофафия, заместителем министра иностранных дел Эль-Сальвадора Адрианой Мира, секретарем по инвестициям и развитию Гватемалы Карлосом Мендоса Альварадо.

В ходе прошедших бесед заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев передал собеседникам послание Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова, в котором содержится просьба о поддержке кандидатуры Кыргызстана на место непостоянного члена Совета безопасности ООН на 2027–2028 годы.
Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгында бир катар чет элдик делегациялардын өкүлдөрү менен жолугушту

Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын талаасында бир катар чет элдик делегациялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Муратбек Азымбакиев Лесотонун Премьер-министри Нцокоане Самуэль Матекане менен жолугушту.

Ошондой эле анын Тимор-Лешти мамлекетинин тышкы иштер жана кызматташтык министри Бендито дос Сантос Фрейташ, соода жана экономикалык өнүгүү министри Тонги Вилиами Лату менен жолугушуулары болду.

Тараптар БУУнун алкагында деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен чакан аралдардагы өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин көп тараптуу кызматташтыгын эл аралык аренада бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Болуп өткөн баарлашуулардын жүрүшүндө Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев аларга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчүн камтыган кайрылуусун айтты.

***
Заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев на полях Недели высокого уровня 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН встретился с представителями ряда зарубежных делегаций

Заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев по поручению Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова встретился с представителями ряда зарубежных делегаций на полях Недели высокого уровня 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН в г. Нью-Йорк.

Так, Муратбек Азымбакиев встретился с Премьер-министром Лесото Нцокоане Самуэль Матекане.

Состоялись также его встречи с министром иностранных дел и сотрудничества государства Тимор-Лешти Бендито дос Сантос Фрейташ, министром торговли и экономического развития Тонги Вилиами Лату.

Стороны обсудили вопросы укрепления многостороннего сотрудничества развивающихся стран, не имеющих выхода к морю и малых островных развивающихся государств на международной арене в рамках ООН.

В ходе прошедших бесед заведующий отделом внешней политики Администрации Президента передал собеседникам послание Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова, в котором содержится просьба о поддержке кандидатуры Кыргыстана на место непостоянного члена Совета безопасности ООН на 2027–2028 годы.
Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында бир катар жолугушууларды өткөрүп, жогорку деңгээлдеги отурумга катышты

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын талаасында БУУнун жана чет мамлекеттердин жогорку даражалуу өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү жана жасалма интеллекттин потенциалын өнүктүрүү жаатында эл аралык кызматташуу боюнча жогорку деңгээлдеги отурумга катышты.

Иш-чаралардын алкагында Муратбек Азымбакиев БУУнун Башкы катчысынын орун басары, терроризмге каршы башкармалыктын башчысы Владимир Воронков менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы терроризм жана зордук-зомбулук экстремизмге каршы күрөштө өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланды. Ошондой эле эл аралык коопсуздуктун негизги маселелери жана террористтик коркунучтарга биргелешип каршы туруу боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, Муратбек Азымбакиев Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Салеумхай Коммасит менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө, ага шайланган учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги өлкөнүн пландары жана артыкчылыктары тууралуу маалымат берди жана маектешине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун алдыдагы шайлоодо Кыргызстандын талапкерлигин колдоо боюнча өтүнүчүн-катын жеткирди.

Муратбек Азымбакиев Тувалунун юстиция, коммуникация жана тышкы иштер министри Паулсон Панапа менен да жолугуп, Кыргызстандын талапкерлигин колдоо боюнча ушундай эле өтүнүч-катты тапшырды.

Муратбек Азымбакиев дипломаттар менен болгон жолугушуулардан тышкары Кытай Эл Республикасы жана Замбия Республикасы тарабынан уюштурулган жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча эл аралык кызматташтык боюнча жогорку деңгээлдеги отурумга катышты.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында өткөн бул отурум технологияларды өнүктүрүү жана аларды Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын кызыкчылыктарында колдонуу перспективаларын талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды.

Отурумдун тематикасы санариптик ажырымды жоюуга жана бардыгы үчүн алдыңкы технологияларга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгелерине ылайык келет.
Заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев провел ряд встреч на полях 79-й сессии Генассамблеи ООН и принял участие в заседании высокого уровня

Заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Кыргызской Республики Муратбек Азымбакиев провел ряд встреч с высокопоставленными представителями ООН и зарубежных государств на полях 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН в Нью-Йорке и принял участие в заседании высокого уровня по международному сотрудничеству в области развития потенциала искусственного интеллекта.

В рамках мероприятий Муратбек Азымбакиев встретился с заместителем Генерального секретаря ООН, главой Контртеррористического управления Владимиром Воронковым.

В ходе встречи обсуждалось укрепление партнерства между Кыргызстаном и ООН в сфере борьбы с терроризмом и насильственным экстремизмом.
Также состоялся обмен мнениями по ключевым вопросам международной безопасности и совместного противодействия террористическим угрозам.

Кроме того, Муратбек Азымбакиев провел встречу с заместителем премьер-министра и министром иностранных дел Лаосской Народно-Демократической Республики Салеумхаем Коммаситом.
В ходе встречи заведующий отделом внешней политики Администрации Президента информировал о выдвижении кандидатуры Кыргызстана на место непостоянного члена Совета безопасности ООН на 2027–2028 годы, о планах и приоритетах страны в Совете безопасности ООН в случае её избрания и передал собеседнику послание Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова с просьбой о поддержке кандидатуры Кыргызстана на предстоящих выборах.

Муратбек Азымбакиев также встретился с министром юстиции, коммуникации и иностранных дел Тувалу Паулсоном Панапой и передал аналогичное послание с просьбой о поддержке кандидатуры Кыргызстана.

Помимо встреч с дипломатами, Муратбек Азымбакиев принял участие в заседании высокого уровня по международному сотрудничеству в области развития искусственного интеллекта, организованном Китайской Народной Республикой и Республикой Замбия.
Данное заседание, состоявшееся на полях 79-й сессии Генассамблеи ООН, стало важной площадкой для обсуждения перспектив развития технологий и их применения в интересах стран Глобального юга, включая Кыргызстан.
Тематика заседания соответствует инициативам Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова, направленным на устранение цифрового разрыва и обеспечение равного доступа к передовым технологиям для всех.
Президент Садыр Жапаров япон ишкерлери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-сентябрда Япониядан келген бизнес өкүлдөр менен жолугушту.

Мамлекет башчысы конокторду тосуп алууда Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, биргелешкен аракеттер бизнес үчүн жаңы перспективаларды түзүүгө жардам берет.

Президент 2021-жылдан бери Кыргызстанда өлкөнүн жашоо-тиричилигинин дээрлик бардык негизги багыттарында реформалар жүргүзүлүп жатканына көңүлдү бурду. Өлкөдө коррупцияга каршы катуу күрөш жарыяланып, ал экономикага, башкарууга жана коомго кеңири тараган. Кыргызстанда ар бир жаран жана ар бир чет элдик инвестор өзүн коопсуз сезген, ишин тынч алып барган өлкөгө айландырууга баардык күч-аракеттер жумшалып жатат.

Мындан башка Мамлекет башчысы салык мыйзамдарын реформалоонун натыйжасында өлкөдө либералдуу салык режими түзүлгөнүн белгилеп өттү. Салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча туруктуу иш жүрүүдө, анын ичинде салык органдары тарабынан санариптик технологияларды колдонуу менен кызмат көрсөтүү ишке ашырылууда, бул салык тутумунун ачыктыгын камсыздоого шарт түзөт.

Президент Садыр Жапаров акыркы жылдары өлкөнүн экономикасына түз чет элдик инвестициялардын агымы көбөйгөнүн айтып, Кыргызстан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен активдүү диалогго жана кызматташууга ачык экенин баса белгиледи.

Япониянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү өз кезегинде Президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы жана жеке жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгү үчүн чын дилинен ыраазычылык билдиришти. Алар мындай диалогдун ишкер мамилелерди чыңдоо жана мындан аркы кызматташуу үчүн маанилүүлүгүн айтышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө алар медицина, анын ичинде диагностикалык борборлорду түзүү жана бул мекемелердин медициналык кызматкерлерин окутуу сыяктуу тармактарда кызматташууга кызыкдар экендиктерин баса белгилешти. Ошондой эле бизнес өкүлдөр банк иши, туризм, энергетика жана спорт тармактарында иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун аягында Президент Садыр Жапаров экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиевге япон ишкерлери менен тыгыз байланышта болуп, пайда болгон маселелерди чечүүдө аларга ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырды.
Президент Садыр Жапаров встретился с японскими бизнесменами

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 27 сентября, встретился с представителями бизнеса из Японии.

Приветствуя гостей, Глава государства подчеркнул важность обсуждения возможностей для сотрудничества между Кыргызстаном и Японией. Он отметил, что совместные усилия могут способствовать созданию новых перспектив для бизнеса.

Президент акцентировал внимание на том, что с 2021 года в Кыргызстане проводятся реформы практически во всех основных сферах жизнедеятельности страны. В стране объявлена решительная борьба с коррупцией, которая широко затрагивает экономику, управление и общество. Прилагаются все усилия, чтобы Кыргызстан стал страной, где каждый гражданин и иностранный инвестор могут чувствовать себя в безопасности и вести свои дела спокойно.

Кроме того, Глава государства обозначил, что в результате реформы налогового законодательства, в стране был установлен либеральный налоговый режим. Ведется постоянная работа над совершенствованием налогового управления, включая внедрение цифровых технологий в деятельность налоговых органов, что создает условия для обеспечения прозрачности налоговой системы.

Президент Садыр Жапаров отметил, что в последние годы поток прямых иностранных инвестиций в экономику страны значительно увеличился, подчеркнув, что Кыргызстан остается открытым для активного диалога и сотрудничества с зарубежными партнерами.

Представители японского бизнес-сообщества в свою очередь выразили искреннюю благодарность Президенту Садыру Жапарову за теплый прием и возможность провести личную встречу. Они отметили значимость такого диалога для укрепления деловых отношений и дальнейшего сотрудничества.

В ходе беседы они подчеркнули свою заинтересованность в сотрудничестве по таким направлениям, как медицина, включая создание диагностических центров и обучение медицинского персонала этих учреждений. Также представители бизнеса выразили готовность работать в таких сферах, как банковское дело, туризм, энергетика и спорт.

В завершение встречи Президент Садыр Жапаров поручил министру экономики и коммерции Данияру Амангельдиеву поддерживать тесный контакт с японскими бизнесменами и предоставить им всестороннюю помощь в решении возникающих вопросов.
Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын талаасында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү улантууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Фиджи Республикасынын Президенти Рату Вильям Мэйвалили менен жолугушту.

Андан кийин анын Бруней-Даруссалам Мамлекетинин тышкы иштер министри Эриван Юсуф, Индонезия Республикасынын тышкы иштер министри Ретно Марсуди жана Микронезия Федеративдик Штаттарынын тышкы иштер министринин орун басары Рики Кантеро менен жолугушуулары болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Муратбек Азымбакиев 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болууга Кыргызстан талапкерлигин көрсөткөндүгү, шайланган учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги өлкөнүн пландары жана артыкчылыктары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле ал жолуккандарына Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун алдыдагы шайлоого Кыргызстандын талапкерлигин колдоо боюнча өтүнүч катын тапшырды.

Мындан тышкары, Муратбек Азымбакиев Өзбекстан Республикасы БУУнун Цивилизациялар альянсы менен биргеликте уюштурган “Маданияттар аралык жана региондор аралык диалог аркылуу туруктуу өнүгүү үчүн бейпил жана инклюзивдик коомчулуктарды алдыга жылдыруу” темасындагы жогорку деңгээлдеги панелдик талкууга катышты.

Жогорку деңгээлдеги иш-чарага Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов, Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сиярто, Бириккен Араб Эмираттарынын маданият министри Шейх Салем Аль Кассими жана эл аралык уюмдардын жана делегациялардын өкүлдөрү катышты.

Панелдик дискуссиянын катышуучулары тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн маданияттар аралык жана региондор аралык диалогду бекемдөөнүн актуалдуулугун белгилешти.
Заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев продолжает проводить ряд двусторонних встреч на полях Недели высокого уровня 79-й сессии ГА ООН

Заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Кыргызской Республики Муратбек Азымбакиев продолжает проводить ряд двусторонних встреч на полях Недели высокого уровня 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН в г. Нью-Йорк


Заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Кыргызской Республики Муратбек Азымбакиев встретился с Президентом Республики Фиджи Рату Вильям Мэйвалили.

Далее состоялись его встречи с министром иностранных дел Государства Бруней-Даруссалам Эриван Юсуфом, министром иностранных дел Республики Индонезия Ретно Марсуди и заместителем министра иностранных дел Федеративных Штатов Микронезии Рики Кантеро.

В ходе переговоров Муратбек Азымбакиев информировал о выдвижении кандидатуры Кыргызстана на место непостоянного члена Совета безопасности ООН на 2027–2028 годы, планах и приоритетах страны в Совете безопасности ООН в случае её избрания.

Также он передал собеседникам послание Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова с просьбой о поддержке кандидатуры Кыргызстана на предстоящих выборах.

Кроме того, Муратбек Азымбакиев также принял участие в панельной дискуссии высокого уровня по теме: «Продвижение мирных и инклюзивных сообществ для устойчивого развития через межкультурный и межрегиональный диалог», организованной Республикой Узбекистан совместно с Альянсом цивилизаций ООН.

В мероприятии высокого уровня приняли участие министр иностранных дел Узбекистана Бахтиёр Саидов, министр иностранных дел и торговли Венгрии Петер Сиярто, министр культуры ОАЭ Шейх Салем Аль Кассими и представители международных организаций и делегаций.

Участники панельной дискуссии отметили актуальность укрепления межкультурного и межрегионального диалога для обеспечения мира и устойчивого развития.
2024/09/29 17:26:33
Back to Top
HTML Embed Code: