Telegram Web Link
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында сөз сүйлөдү

***

🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров выступил на 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН
Президент Садыр Жапаровдун Нью-Йоркко болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 21-24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу алкагында Нью-Йоркко (Америка Кошмо Штаттары) болгон иш сапары аяктады.

22-сентябрда Мамлекет башчысы Келечек саммитине катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөп, Садыр Жапаров Дүйнөлүк банктын эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын фонддорун, ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоодо маанилүү роль ойногон башка эл аралык финансы институттарынын өнүктүрүү фонддорун толуктоого активдүү катышууга чакырды.

Ал белгилегендей, дал ушул эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана ушул сыяктуу уюмдар жакырчылыкты жоюуга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана глобалдык чакырыктарга туруктуулукту жогорулатууга көмөктөшүп, кирешеси төмөн өлкөлөргө маанилүү жардам көрсөтөт.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

24-сентябрда Мамлекет башчысы Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух жана Финляндиянын Президенти Александер Стубб менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кызматташтыктын бардык негизги багыттары боюнча эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Андан соң Президент БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын ачылыш аземине катышып, Жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

Иш сапарын аяктап, 25-сентябрда Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарына кайтып келди.
Завершился рабочий визит Президента Садыра Жапарова в Нью-Йорк

Завершился рабочий визит Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Нью-Йорк (Соединённые Штаты Америки), состоявшийся 21-24 сентября в рамках участия в мероприятиях Недели высокого уровня 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН.

22 сентября Глава государства принял участие в работе Саммита будущего.

Выступая на мероприятии, Садыр Жапаров призвал принять активное участие в предстоящем пополнении фондов Международной ассоциации развития Всемирного банка, а также в пополнении фондов развития других международных финансовых институтов, которые играют важную роль в поддержке развивающихся стран.

Он подчеркнул, что именно Международная ассоциация развития и подобные организации оказывают важную помощь странам с низким уровнем дохода, способствуя искоренению нищеты, развитию инфраструктуры и повышению устойчивости к глобальным вызовам.

В этот же день Садыр Жапаров встретился с Президентом Европейского совета Шарлем Мишелем, Федеральным канцлером Германии Олафом Шольцем и Генеральным секретарём ООН Антониу Гутерришем.

24 сентября Глава государства провёл переговоры с Президентом Монголии Ухнаагийном Хурэлсухом и Президентом Финляндии Александером Стуббом.

Обсуждены актуальные вопросы двустороннего взаимодействия по всем основным направлениям сотрудничества.

Далее Президент принял участие в церемонии открытия и выступил на Общих дебатах 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН.

Завершив свой рабочий визит, 25 сентября Президент Садыр Жапаров вернулся в г. Бишкек.
2024/12/28 03:09:21
Back to Top
HTML Embed Code: