Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында Келечек саммитинде сөз сүйлөдү


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өтүп жаткан Келечек саммитинде сөз сүйлөдү.


https://president.kg/news/all/25752

************

Президент Садыр Жапаров выступил на Саммите будущего в рамках 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 сентября, в г. Нью-Йорк (США) выступил на Саммите будущего, проходящего в рамках 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН.

https://president.kg/news/all/25752
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында Келечек саммитинде сөз сүйлөдү
****
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров выступил на Саммите будущего в рамках 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН
Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Катчылыгынын имаратында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Жолугушуунун алдында Садыр Жапаров БУУнун ардактуу коноктор китебине Уюмга жакшы каалоо-тилектери менен жазуу калтырды.

Антониу Гутерриш Мамлекет башчысы менен учурашып жатып, анын Кыргызстанга болгон сапарында көрсөтүлгөн меймандостугу жана жылуу мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Садыр Жапаровду өзүнүн жакын досу деп эсептей турганын айтып, БУУнун эшиги ал үчүн дайыма ачык экенин белгиледи.

Башкы катчы ошондой эле Кыргызстан тоо демилгелерин ишке ашыруу боюнча Борбор Азияда өзгөчө орунду ээлеп, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана климаттык долбоорлор чөйрөсүндө лидерлик позицияны ээлөө үчүн олуттуу потенциалы бар экенин айтып өттү.

Бул маселелерде Антониу Гутерриш Мамлекет башчысынын жеке аракетин белгилеп, ага Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюму менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө үчүн чоң түрткү берген Антониу Гутеррештин Кыргызстанга болгон сапарын жылуу эскерерин белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмду кадыр-барктуу жана универсалдуу эл аралык уюм катары тааныйт жана анын ишмердиги мындан ары да тынчтыкты жана бүткүл адамзаттын гүлдөп-өнүгүшүн колдоого, глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталат деген ишенимин билдирди.

Президент Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн Кыргызстан негизги артыкчылыкты - адамды өнүктүрүүгө негизделген саясатты карманарын айтты. Ал Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча экинчи улуттук ыктыярдуу сереп башталганын маалымдады, ал өлкөнү мындан ары өнүктүрүүгө жана 2030-жылга чейин дүйнөнүн эң мыкты 30 өлкөсүнүн катарына кирүү амбициялуу максатка жетишүүгө багытталган.

Мамлекет башчысы мөңгүлөрдүн эриши жана суу ресурстарынын азайышы сыяктуу аймак үчүн климаттык көйгөйлөрдү белгиледи. Ал БУУнун энергонатыйжалуу жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча региондук борборду түзүү демилгесин колдоого чакырып, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө олуттуу салым боло турган мамлекеттик карызды “жашыл” долбоорлорго алмаштыруу механизмин сунуштады.

Муну менен катар Президент Садыр Жапаров тоо күн тартибин илгерилетүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл буруп, БУУну 2027-жылы өтө турган Экинчи “Бишкек+25” глобалдык тоо саммитин даярдоого катышууга жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди координациялоо үчүн «БУУ-Тоолор» эл аралык платформасын түзүүгө чакырды.
Президент Садыр Жапаров встретился с Генсеком ООН Антониу Гутерришем

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 сентября, в здании Секретариата Организации Объединенных Наций в г. Нью-Йорк (США) встретился с Генеральным секретарем ООН Антониу Гутерришем.

Перед началом встречи Садыр Жапаров оставил запись в Книге почетных посетителей ООН с наилучшими пожеланиями для Организации.

Приветствуя Главу государства, Антониу Гутерриш выразил благодарность за гостеприимство и радушие, оказанные во время его визита в Кыргызстан.

Он подчеркнул, что считает Садыра Жапарова своим большим другом и отметил, что двери ООН всегда открыты для него.

Генеральный секретарь также отметил, что Кыргызстан занимает особое место в Центральной Азии по реализации горных инициатив и имеет значительный потенциал, чтобы занять лидирующие позиции в сфере возобновляемых источников энергии и климатических проектов.

В этих вопросах Антониу Гутерриш отметил личные усилия Главы государства и выразил ему благодарность за активную позицию в достижении Целей устойчивого развития.

Садыр Жапаров отметил, что с теплотой вспоминает визит Антониу Гутерриша в Кыргызстан, который придал мощный импульс дальнейшему укреплению сотрудничества между Кыргызстаном и ООН.

Глава государства подчеркнул, что Кыргызстан признает ООН как авторитетную и универсальную международную организацию, и выразил уверенность, что её деятельность будет и впредь направлена на поддержание мира и процветания всего человечества, а также на решение глобальных социально-экономических и климатических проблем.

Президент подтвердил приверженность Кыргызстана Целям устойчивого развития, акцентируя внимание на политике, ориентированной на человека. Он сообщил о начале второго добровольного национального обзора ЦУР, который направлен на дальнейшее развитие страны и достижение амбициозной цели — войти в число 30 лучших стран мира к 2030 году.

Глава государства обозначил климатические вызовы для региона, такие как таяние ледников и сокращение водных ресурсов. Он призвал к поддержке создания Регионального центра ООН по энергоэффективности и предложил механизм обмена государственного долга на «зеленые» проекты, что станет значимым вкладом в борьбу с изменением климата.

Наряду с этим, Президент Садыр Жапаров обратил внимание на важность продвижения горной повестки, пригласил ООН принять участие в подготовке Второго глобального горного саммита «Бишкек+25», который состоится в 2027 году, и предложил создать международную платформу «ООН-Горы» для координации действий по устойчивому развитию горных регионов.
Президент Садыр Жапаров Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Нью-Йоркто (АКШ) өтүп жаткан Келечек саммитинин талаасында Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен жолугушту.

Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын негизги маселелери саясий диалогду жана экономикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө контекстинде талкууланды.

Ал Кыргызстан Европа биримдигинин өлкөнүн прогрессивдүү жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого кошкон салымын жогору баалай турганын баса белгиледи.

Шарль Мишель Кыргызстан менен өзгөчө туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүүсүнүн күн тартибинин алкагында тыгыз кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Тараптар регионалдык жана глобалдык чакырыктарды чечүү үчүн мындан аркы диалогдун маанилүүлүгүн ырасташты.

************

Президент Садыр Жапаров встретился с Президентом Европейского Совета Шарлем Мишелем

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 сентября, на полях Саммита будущего, проходящего в г. Нью-Йорк (США), встретился с Президентом Европейского Совета Шарлем Мишелем.

Обсуждены ключевые вопросы сотрудничества между Кыргызстаном и Европейским союзом в контексте укрепления политического диалога и экономического взаимодействия.

Он подчеркнул, что Кыргызстан высоко ценит вклад Европейского союза в обеспечение поступательного и устойчивого развития страны.

Шарль Мишель выразил готовность продолжать тесное сотрудничество с Кыргызстаном, особенно в рамках повестки по устойчивому развитию и климатическим изменениям.

Стороны подтвердили важность дальнейшего диалога для решения региональных и глобальных вызовов.
Президент Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан Келечек саммитинин талаасында Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту.

Экономикалык, инвестициялык жана билим берүү чөйрөлөрүндө кыргыз-герман кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Германияга туруктуу өнүгүү жана социалдык-экономикалык реформалар жаатындагы ар дайым колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Федералдык канцлер Олаф Шольц өз кезегинде Германия Кыргызстан менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даярдыгын билдирип, өлкөнүн Борбор Азиядагы негизги өнөктөш катары маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар климаттык күн тартибинин алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулап, регионалдык маселелерди чечүү боюнча демилгелерди колдошту.

***********

Президент Садыр Жапаров встретился с Федеральным канцлером Германии Олафом Шольцем

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 сентября, на полях Саммита будущего, проходящего в г. Нью-Йорк (США), встретился с Федеральным канцлером Федеративной Республики Германия (ФРГ) Олафом Шольцем.

Обсуждены вопросы углубления кыргызско-германского сотрудничества в экономической, инвестиционной и образовательной сферах.

Глава государства выразил благодарность Германии за постоянную поддержку в области устойчивого развития и социально-экономических реформ.

Федеральный канцлер Олаф Шольц, в свою очередь, выразил готовность Германии развивать партнерство с Кыргызстаном, подчеркнув значимость страны как ключевого партнера в Центральной Азии.

Стороны обсудили перспективы развития сотрудничества в рамках климатической повестки и поддержали инициативы по решению региональных вопросов.
2024/09/29 21:22:43
Back to Top
HTML Embed Code: