Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов менен жолугуп, Мунарбек Сейитбек уулунун жеңишине кошкон салымы үчүн ага ыраазычылык иретинде унаа белек кылды.

Мамлекет башчысы Акмаль Хасанов менен болгон баарлашууда анын бул жасаган кадамы Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун жана биримдигин даңазалаганын баса белгиледи.

“Дүйнө жүзү Борбор Азия элдеринин ынтымагына, достугуна, бир бирине жан тартып турарына күбө болду. Спортту тынчтыктын элчиси деп аташат. Силер ушундай кадамыңар менен өз ара ынтымакты бекемдөөгө салым кошуп келесиңер. Мындан ары дагы ынтымагыңар бекем болсун”, - деди Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле Париждеги Олимпиадада өзбек спортчуларынын жакшы көрсөткүчтөрүн белгиледи.

“Өзбекстан спортко өзгөчө көңүл бөлөт. Биз акыркы үч жылда гана спортчуларыбызды активдүү колдой баштадык. Мурда мелдештерге катышуу үчүн каражатты өз убагында бере албай калган учурлар болгон. Учурда мамлекет витаминдерге чейин алып берип, бардык зарыл шарттарды түзүп жатат”, — деп Мамлекет башчысы баса белгиледи.

Садыр Жапаров Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу өзгөчө колдоого муктаж болуп турганда Акмаль Хасанов баатырдык иш жасаганын өзгөчө айтып өттү.

“Биздин ата-бабаларыбыз илгери баатырларына ат тартуулашкан. Азыр унааларды берүү салтка айланган, бирок салттын мааниси ошол бойдон калууда - бул деген өзгөчө кызматы үчүн урмат-сый жана ыраазычылык билдирүү”, - деп Президент кошумчалады.

Өз кезегинде Акмаль Хасанов жылуу сөздөрү үчүн Президентке ыраазычылык билдирип, Мунарбек Сейитбек уулу менен спорттук даярданууларда көп жолу жолукканын жана анын секунданты болууга эч ойлонбостон макул болгонун айтып берди.

Ал ошондой эле Президент Садыр Жапаровду жана бардык кыргызстандыктарды татыктуу жеңиши менен куттуктап, Кыргызстандын спортчулары кийинки Олимпиада оюндарында алтын медаль утуп алышын каалады.
Президент Садыр Жапаров встретился с узбекским тренером по боксу Акмалем Хасановым

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 11 сентября, встретился с узбекским тренером по боксу Акмалем Хасановым и подарил ему автомобиль в знак благодарности за его вклад в победу Мунарбека Сейитбек уулу.

Глава государства в беседе с Акмалем Хасановым подчеркнул, что его поступок прославил дружбу и единство народов Кыргызстана и Узбекистана.

«Весь мир увидел, что народы Центральной Азии поддерживают друг друга, демонстрируя сплочённость и дружеские отношения. Спорт называют послом мира. Своим примером вы вносите вклад в укрепление взаимного согласия. Желаю, чтобы наше единство только укреплялось», — сказал Садыр Жапаров.

Президент также отметил хорошие результаты узбекских спортсменов на Олимпиаде в Париже.

«Узбекистан уделяет большое внимание спорту. Мы же только последние три года начали активно поддерживать наших спортсменов. Раньше бывали случаи, когда мы не могли своевременно выдать средства для участия на соревнованиях. Сейчас государство создаёт все необходимые условия, вплоть до обеспечения витаминами», — подчеркнул Глава государства.

Садыр Жапаров особо отметил, что Акмаль Хасанов совершил героический поступок, когда наш серебряный призёр Олимпийских игр Мунарбек Сейитбек уулу особенно нуждался в поддержке.

«Наши предки в знак признания преподносили своим героям скакунов. Сейчас принято дарить автомобили, но дух традиции остаётся неизменным — это выражение уважения и благодарности за выдающиеся заслуги», — добавил Президент.

В свою очередь, Акмаль Хасанов выразил благодарность за тёплые слова и отметил, что много раз встречался на сборах с Мунарбеком Сейитбек уулу и не задумываясь согласился стать его секундантом.

Он также поздравил Президента Садыра Жапарова и всех кыргызстанцев с заслуженной победой, пожелав, чтобы спортсмены Кыргызстана завоевали золотую медаль на следующих Олимпийских играх.
Президент Садыр Жапаров “Ас-Сафа” Кувейт кайрымдуулук фондунун төрагасы Мохаммад Абдурахман Альшаяны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда “Ас-Сафа” Кувейт кайрымдуулук фондунун төрагасы Мохаммад Абдурахман Альшаяны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө гуманитардык жана социалдык тармактардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесинин Кыргызстандагы билим берүү, социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорун колдоого багытталган ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров социалдык жана билим берүү объектилерин курууда, ошондой эле өлкөнүн алыскы аймактарында ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда фонддун ишинин маанилүүлүгүн айтты.

Президент “Ас-Сафа борборунун” демилгелери менен миңдеген адамдардын жашоо шарты, өзгөчө айыл жерлеринде, кыйла жакшырып, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзөрүн баса белгиледи.

Өз кезегинде “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Мохаммад Абдурахман Альшая фонддун демилгелерин ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, Министрлер Кабинети жана Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен активдүү кызматташуусуз долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Ал “Ас-Сафа борбору” адамдардын, өзгөчө калктын аярлуу катмарындагы жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн мындан ары да күч-аракетин жумшай турганын айтып өттү.

Мохаммад Абдурахман Альшая ошондой эле фонддун коомду туруктуу өнүктүрүүгө багытталган кайрымдуулук жана билим берүү программаларын кеңейтүүгө даярдыгын белгилеп, мамлекет менен мындан ары да жемиштүү кызматташууга үмүт артарын билдирди.
Президент Садыр Жапаров принял председателя Кувейтского благотворительного фонда «Ас-Сафа» Мохаммада Абдурахман Альшая

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 11 сентября, принял председателя Кувейтского благотворительного фонда «Ас-Сафа» Мохаммада Абдурахман Альшая.

Обсуждены вопросы взаимодействия в гуманитарной и социальной сферах.

Глава государства выразил признательность за деятельность общественного объединения «Центр Ас-Сафа», направленную на поддержку образовательных, социальных и благотворительных проектов в Кыргызстане.

Садыр Жапаров отметил значимость работы фонда в строительстве социальных и образовательных объектов, а также в обеспечении доступа к чистой питьевой воде в отдаленных регионах страны.

Президент подчеркнул, что благодаря инициативам «Центра Ас-Сафа», существенно улучшаются условия жизни тысяч людей, особенно в сельских районах, что способствует социально-экономическому развитию страны.

В свою очередь основатель общественного объединения «Центр Ас-Сафа» Мохаммад Абдурахман Альшая выразил благодарность Главе государства за оказываемую поддержку в реализации инициатив фонда и отметил, что успешная реализация проектов не была бы возможна без активного сотрудничества с Кабинетом министров и органами местного самоуправления Кыргызстана.

Он подчеркнул, что «Центр Ас-Сафа» продолжит прилагать усилия для улучшения условий жизни людей, особенно в уязвимых слоях населения.

Мохаммад Абдурахман Альшая также отметил готовность фонда расширять свои благотворительные и образовательные программы, направленные на устойчивое развитие общества, выразив надежду на дальнейшее плодотворное сотрудничество с государством.
Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Кыргызстанга иш сапары менен келген Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды.

Регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле Уюмдун алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Балыкчы шаарында Имангали Тасмагамбетов байкоо салган ЖККУнун Жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрү менен “Өз ара аракеттенүү-2024” командалык-штабдык машыгуулардын ийгиликтүү аяктаганын канааттануу менен белгиледи.

Бул контекстте Садыр Жапаров аскердик-саясий чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу үчүн бул иш-чаранын маанилүүлүгүн айтты. Ал ошондой эле машыгуулардын жүрүшүндө коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттер ийгиликтүү иштелип чыгып, ар кандай сценарийлер сыноодон өткөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров азыркы учурда Кыргызстандын мамлекеттик органдары 2025-жылы ЖККУга өлкөнүн төрагалыгынын приоритеттерин иштеп чыгууда, мында бардык актуалдуу факторлор жана сунушталган маселелердин маанилүүлүгү эске алынарын белгиледи.

ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов өз кезегинде Кыргызстандын жетекчилигине бул маанилүү иш-чаралардын сапаттуу даярдалышы жана өткөрүлүшү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Президент Садыр Жапаровго өткөрүлгөн машыгуулар биздин мамлекеттердин жамааттык жана улуттук коопсуздугуна келтирилген ар кандай чакырыктарга жана коркунучтарга жооп кайтарууга уюмдун жамааттык күчтөрүнүн даярдыгынын жогорулагандыгын көрсөткөнүн маалымдады.
2024/09/30 05:29:42
Back to Top
HTML Embed Code: