Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров Кореянын Кыргызстандагы Элчиси Ким Кванджэни кабыл алды


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Кванджэни ишеним грамоталарын тапшыруу аземине катышканына байланыштуу кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн мындан 32 жыл мурда түзүлгөн дипломатиялык мамилелери элдердин достук салттарына, руханий жана маданий жакындыгына, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтык принциптерине негизделгенин белгиледи.

Бул контекстте Мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык чөйрөсүнүн маанилүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы оң натыйжаларды баса белгиледи.

Кыргызстан менен Кореянын Экономикалык өнүгүү кызматташтыгы фондунун (EDCF) алкагында, саламаттыкты сактоо жана финансы тармактарында ар түрдүү өкмөттөр аралык жана кредиттик келишимдер түзүлүп, маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Өз кезегинде Кореянын Элчиси Ким Кванджэ жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын экономикалык өнүгүүнү камсыздоодогу, жумуш орундарын түзүүдөгү жана ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруудагы маанилүү жетишкендиктерин канааттануу менен белгиледи.

Муну менен катар Ким Кванджэ корей тарап кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар жана эки өлкөнүн өз ара аракеттенүү потенциалын кеңейтүү үчүн алдыңкы тажрыйба жана заманбап технологиялар менен бөлүшүүгө даяр экендигин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.
Президент Садыр Жапаров принял Посла Кореи в Кыргызстане Ким Кванджэ

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 10 сентября, принял Чрезвычайного и Полномочного Посла Республики Корея в Кыргызской Республике Ким Кванджэ по случаю вручения верительных грамот и поздравил его с началом дипломатической миссии в Кыргызстане.

Садыр Жапаров отметил, что дипломатические отношения двух стран, установленные 32 года назад, основаны на традициях дружбы народов, духовной и культурной близости, а также на принципах взаимовыгодного сотрудничества.

В этом контексте Глава государства подчеркнул положительные результаты в реализации совместных проектов в важных отраслях социально- экономической сферы развития страны.

В рамках Фонда экономического сотрудничества и развития (EDCF) между Кыргызстаном и Республикой Корея заключены различные межправительственные соглашения и реализуются важные проекты.

В свою очередь, Посол Кореи Ким Кванджэ выразил благодарность за тёплый приём и с удовлетворением отметил важные достижения Кыргызстана в обеспечении экономического развития, создании рабочих мест и реализации крупных инфраструктурных и социальных проектов.

Наряду с этим Ким Кванджэ акцентировал, что корейская сторона заинтересована в углублении сотрудничества и готова поделиться передовым опытом и современными технологиями для расширения потенциала взаимодействия двух стран.

По итогам встречи стороны выразили готовность к дальнейшему развитию и укреплению многопланового сотрудничества между Кыргызстаном и Кореей.
Президент Садыр Жапаров Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды.

Мамлекет башчысы Элчинин Ишеним грамоталарын кабыл алып, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

“Сиз Кыргызстандын жакын жана эзелки досусуз, биздин өлкөнү, элибизди жакшы билесиз. Ошондуктан, мен Сизди азыр жаңы кызматта тосуп алганыма абдан кубанычтамын”, - деди Садыр Жапаров.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча да пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы кыргыз-орус мамилелери эки элдин жалпы тарыхы бою абдан жогорку деңгээлде экенин баса белгиледи.

Өлкөлөр ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын олуттуу активдешүүсү байкалууда.

Ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрү ырааттуу иштеп, Кыргызстанда тогуз мектептин курулушу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы, Ысык-Көлдө быйыл өзүнүн 10 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган Кыргыз-Россия экономикалык форуму ишин баштаары белгиленди.

Президент Фонддун өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын баса белгиледи, ал экономиканын дээрлик бардык тармактарында 640 миллион АКШ долларына бааланган төрт миңге жакын долбоорду ишке ашырып жана азыркы кезде ишке ашырууда.

Өз кезегинде Элчи Сергей Вакунов Мамлекет башчысына Россия менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча позициясы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн мындан ары тереңдетүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого ниеттенип жаткандыгын билдирди.

Мындан тышкары, тараптар жогорку деңгээлдеги пландалып жаткан иш-чараларды талкуулашты.

“Белгиленген бардык иш-чаралар биздин мамлекеттер ортосундагы өз ара мамилелердин жана өз ара аракеттенүүнүн чыныгы жандуу жана бай палитрасын айгинелейт”, - деди Президент Садыр Жапаров.

Элчи Сергей Вакунов эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди ишке ашыруу Россиянын мамлекеттик кызматкерлеринин жана коомдук ишмерлеринин ишмердүүлүгүнө баа берүүнүн башкы критерийи экенин баса белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-россиялык кызматташтыктын мындан ары акырындык менен тереңдетүүнү жактай тургандыктарын тастыкташты.
2024/09/30 15:26:45
Back to Top
HTML Embed Code: