Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаровдун Билим күнү менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу окуучулар жана студенттер!
Кымбаттуу агай-эжейлер!

Жаңы окуу жылынын башталышында бардык мектептер, жогорку окуу жайлар жана башка билим берүү мекемелери эшигин ачып, келечек ээлерин чыдамсыздык менен күтүп алышат. Бул окуу жылында республика боюнча 127 миңден ашуун жеткинчек алгач ирет билим уясынын босогосун аттап, билим дүйнөсүнө сүңгүп, келечекке сапар алууга кадам таштаганы турат.

Мына ошондуктан баарыңыздарды: агай-эжейлерди, окуучуларды, студенттерди жана ата-энелерди 1-сентябрь – Билим күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Бүгүнкү тез өзгөрүп жаткан дүйнө жүзүндө санариптин, технология заманынын арааны жүрүп жаткан кезде, кайсы гана мамлекет болбосун, билим берүү тутуму өнүгүүнүн өзөгүн түзөрүн аңдап, бул тармакка өзгөчө мамиле жасап келатышат.

Биз дагы дүйнө агымынан артта калбай, билим берүү тармагын туруктуу өнүктүрүүнү мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатынын артыкчылыктуу багыты катары карап, окутуунун сапатын арттыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү далалатын көрүп келебиз. Бүгүнкү күндө республика аймактарында мамлекет тарабынан балдар үчүн камкордуктар күчөтүлүп, бардык шарттары бар заманбап жаңы мектептер курулуп, четинен ишке берилүүдө.

Быйыл билим берүүнүн сапатын арттырууга багытталган «Алтын казык» мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында мектептерде билим берүү системасын 12 жылдык форматка өткөрүү боюнча бир катар абдан маанилүү чечимдерди кабыл алдык.

Өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга каражат бөлүндү. Буюрса, биринчи этапта алар STEM предметтеринин мугалимдери, андан кийин бардык мектеп мугалимдери камсыз болот.

Мектептерде окуучулардын илимий-техникалык жактан билимин көтөрүүгө абдан көңүл бурулууда. Ошону менен бирге, улууларды, устаттарды урматтоого, элибиздин нарк-насилин, каада-салтын аздектөөгө, Кыргызстандын жараны катары кыргыз тилин так билүүгө маани берилүүдө.

Ошентип, ааламдашуу мезгилинде улуттук кызыкчылыктарыбызды эске алуу менен өлкөбүздүн билим берүү системасын жакшыртууга, аны дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоого аракеттер жүрүп жатат.

Мына ушундай шартта, билимдүүлөрдүн заманы келаткан маалда окуучуларга, студенттерге: “Ар тараптан билим алууга умтулгула,” - деп кайрылар элем. - Үйдөн адептүү болууга татыктуу тарбия, мектептен ар тараптуу терең билим алсаңар, Кыргызстандын атагын чыгарып, эгемен өлкөбүздүн туусун бийик желбирете турган ийгиликтерге жетесиңер”.

"Билим гана адамды эркин жана бийик кылат" деген жакшы сөз бар. Мектеп босогосун аттап жаткан жеткинчектердин сапары байсалдуу болсун. Жалпы мектеп окуучулары, студенттер жаңы окуу жылына жаңы дем, жаңы күч, жаңы жигер менен кирсин.

Агай-эжейлерибизге чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.

Жаңы башталган 2024-2025-окуу жылыбыз жемиштүү болсун!

1-сентябрь – Билим күнү майрамыңыздар кут болсун!”.
Поздравление Президента Садыра Жапарова с Днем знаний


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 1 сентября, поздравил кыргызстанцев с Днем знаний.

Поздравление Главы государства:

“Уважаемые школьники и студенты!
Дорогие учителя и наставники!

С началом нового учебного года все школы, высшие учебные заведения и другие образовательные учреждения открывают свои двери, с нетерпением ожидая наше будущее поколение. В этом учебном году более 127 тысяч детей по всей республике впервые переступят порог школы, погрузятся в мир знаний и начнут свой путь в будущее.

Именно поэтому я от всей души поздравляю всех Вас – учителей, учащихся, студентов и родителей – с Днем знаний – 1 сентября!

В сегодняшнем быстро меняющемся мире, где царит эра цифровых технологий, каждая страна осознает, что система образования является основой развития, и уделяет ей особое внимание. Мы также стремимся не отставать от мировых тенденций и рассматриваем устойчивое развитие сферы образования как одно из приоритетных направлений государственной политики.

Для повышения качества образования мы создаем все необходимые условия. В настоящее время государство усиливает заботу о детях в регионах республики, строит современные школы с необходимыми условиями, которые постепенно вводятся в эксплуатацию.

В этом году в рамках реализации государственной программы «Алтын казык», направленной на повышение качества образования, мы приняли ряд важных решений по переходу школьной системы образования на 12-летний формат.

Впервые в истории страны выделены средства на покупку ноутбуков для учителей. На первом этапе будут обеспечены учителя STEM-предметов, а затем все учителя школ.

В школах уделяется особое внимание повышению научно-технического уровня знаний учащихся. Наряду с этим важное значение придается воспитанию уважения к старшим, наставникам, сохранению национальных традиций и обычаев, а также знанию кыргызского языка, как языка гражданина Кыргызстана.

Таким образом, с учетом национальных интересов в эпоху глобализации, мы прилагаем усилия для улучшения системы образования в нашей стране и ее интеграции в мировое образовательное пространство.

В такое время, когда приходит эпоха знающих людей, я хотел бы обратиться к учащимся и студентам: «Стремитесь к разносторонним знаниям». Достойно воспитанный дома, получив всестороннее и глубокое образование в школе, Вы добьетесь успехов, которые прославят Кыргызстан и поднимут флаг нашей суверенной страны.

Есть хорошая фраза: «Только знание делает человека свободным и великим». Пусть путь ребят, переступающих порог школы, будет успешным. Желаю всем школьникам и студентам войти в новый учебный год с новым духом, новой силой и энергией.

Нашим учителям желаю творческих успехов.

Пусть наш новый 2024-2025 учебный год будет плодотворным!

С Днем знаний – 1 сентября!”.
Азис Сапаралиев мурда жүктөлгөн жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруудан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Сапаралиев Азис Айнабаевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруудан бошотулду.

****

Азис Сапаралиев освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей министра природных ресурсов, экологии и технического надзора

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому в соответствии с пунктом 4 части 1 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Сапаралиев Азис Айнабаевич освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей министра природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики.
Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Машиев Медер Асанович Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Медер Машиевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

****

Медер Машиев назначен исполняющим обязанности министра природных ресурсов, экологии и технического надзора


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому в соответствии с пунктом 2 части 1 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Машиев Медер Асанович назначен исполняющим обязанности министра природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики.

Кандидатура Медера Машиева вносится для согласования в Жогорку Кенеш Кыргызской Республики для назначения на должность министра природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики.
Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” өткөрмө пунктунун ачылышына байланыштуу кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек арада “Бедел” жаңы өткөрмө пунктунун ачылышына байланыштуу кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

https://president.kg/news/all/25685


************

Обращение Президента Садыра Жапарова по случаю открытия нового пункта пропуска «Бедель» на государственной границе между Кыргызстаном и Китаем


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сделал обращение по случаю открытия нового пункта пропуска «Бедель» на государственной границе между Кыргызской Республикой и Китайской Народной Республикой.

Текст обращения Главы государства:

https://president.kg/news/all/25685
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Билим күнүнө карата ачык сабак өттү


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 2-сентябрда, Билим күнүнө карата Т.Сатылганов атындагы №69 мектептин 10-11-класстарына ачык сабак өттү.

Онлайн-конференция форматындагы иш-чарага республика боюнча 100 билим берүү мекемесинин окуучулары катышты.

Сабак башталаар алдында чакырылгандарга концерттик программа тартууланды. Мектеп окуучулары эл артисттери Т.Сатылгановдун, К. Орозовдун жана К. Султанбековдун чыгармаларын аткарышты.

Ачык сабакта сөз сүйлөгөн Сүйүнбек Касмамбетов окуучуларды жана мугалимдерди Билим күнү менен куттуктап, терең билим жана татыктуу тарбия алуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө азыркы Кыргызстандын калыптанышынын жана өнүгүшүнүн башатында турган кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталарыбыздын салымын өзгөчө белгиледи.

Сүйүнбек Касмамбетов азыркы эгемендүү мамлекетибиздин башаты Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнөн башталаарын белгиледи.

“1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин азыркы биз билген өзбек, тажик, казак, түрмөн, каракалпак жана башка боордош элдердин баары Россия Союздук Федерациясынын курамында болгон. Ошол жылдардан баштап биздин Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев, Иманаалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Жанузаков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев өңдүү аталарыбыз кыргыз элинин өз алдынча, эркин, эгемен мамлекет болушун демилгелеп, ар кандай аракеттерди көрүп, РСФСР жетекчилигине “кыргыз деген өзүнчө маданияты, өзүнө тиешелүү жери бар, өзүнчө эл” деп кайра-кайра кат жазып жүрүп, акыры Кара-Кыргыз автономдуу облусу катары 1924-жылы 14-октябрда бөлүп чыгышкан. Бул жерде баса белгилей кете турган нерсе, ошол аталарыбыз ошол кездерде болгону 20-30 жаштарда эле болгон”, - деди Мамлекеттик катчы.

Ал белгилегендей, ушундай жапжаш курактарында өзүнчө мамлекет кылып түзүп чыгуу үчүн алар эмне деген гана катаал кырдаалдарды, оор сыноолорду баштарынан өткөрүшкөн жок. Алардын мындай демилгесин улутчул деп баалап, бийликке каршы чыгышат деп коркунучтуу душман катары жаманатты кылып көрсөтүп, жалган жалааларды жабышкан.
“Ошентип, автономиялуу облустун түзүлүшү азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы алгачкы кадам болгон. Биз жогоруда аттарын атаган аталарыбыз болбогондо, жалпы кыргыз эли эгемен эл, көз карандысыз мамлекет болот белек, ким билет... Ошол аталарыбыздын көрөгөчтүгү менен 1991-жылы 31-августта Кыргызстан эгемен мамлекет болуп, дүйнөлүк саясий картадан орун алды”, - деди Сүйүнбек Касмамбетов.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов негиздөөчү аталардын акылмандыгы жана көрөгөчтүгү менен Кыргызстан өз көз карандысыздыгын сактап, саясий туруктуулугун арттырып, эл аралык өнөктөштөр менен бекем байланыш түзө алгандыгын айтып өттү. Алардын аракеттери өлкөдөгү демократиялык институттарды, укук тартибин жана адам укуктарын өнүктүрүүгө негиз түздү.

Ачык сабактын аягында окуучулар мамлекеттеги саясий процесстерге, тарыхка, мекенчилдикти өнүктүрүүгө жана улуттук иденттүүлүктү сактоого байланыштуу суроолорун беришти.
2024/10/01 04:25:52
Back to Top
HTML Embed Code: