Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров Япониянын түштүк-батышында жакында болгон жер титирөөгө байланыштуу жапон элине колдоо сөздөрүн билдирди.

Алар кыргыз-япон мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, ошондой эле эки тараптуу жана регионалдык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Өз кезегинде Фумио Кисида Япония Кыргызстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен мамилелерди чыңдоого берилгендигин айтты.

***

Состоялся телефонный разговор Президента Садыра Жапарова с Премьер-министром Японии Фумио Кисида

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 13 августа, провел телефонный разговор с Премьер-министром Японии Фумио Кисида.

Садыр Жапаров выразил слова поддержки японскому народу в связи с произошедшим недавно землетрясением на юго-западе Японии.

Собеседники обсудили текущее состояние и перспективы развития кыргызско-японских отношений, а также обменялись мнениями по вопросам двустороннего и регионального сотрудничества.

В свою очередь Фумио Кисида отметил о неизменной приверженности Японии укреплению отношений с Кыргызстаном и другими странами Центральной Азии.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥 Видео: XXXIII жайкы Париж Олимпиадасынын катышуучуларын жана байге ээлерин сыйлоо салтанаттуу аземи болуп өттү

****

🎥 Видео: Состоялась торжественная церемония чествования участников и призеров XXXIII летних Олимпийских игр в Париже
Некролог – Орозакун Мамбетакунов

Үстүбүздөгү жылдын 14-августунда “Социалисттик Эмгектин Баатыры”, “Кыргыз ССРнин мал чарбасына эмгек сиңирген устаты”, “Ленин” ордени, эки жолку “Эмгек Кызыл Туу” ордендеринин ээси Орозакун Мамбетакунов 84 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Орозакун Мамбетакунов 1940-жылы 5-октябрда Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туулган. Эмгек жолун Ача-Кайыңды айылында малчы болуп баштаган. 1964-жылдары совхоздун баш чабаны болгон. Малдын санын көбөйтүүдө жана жүн өндүрүүдө мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, 1971–1975-жылдары ар жүз тубар койдон 143-166дан козу, ар койдон 4,0-5,4 килограмм жүн кыркып алган.

Айыл чарбасындагы үлгүлүү эмгеги үчүн 1973-жылы “Социалисттик Эмгектин Баатыры” наамын алган. 1977-жылы мал чарбачылыгына кошкон салымы бааланып, “Кыргыз ССРнин мал чарбасына эмгек сиңирген устаты” ардактуу наамы ыйгарылган. 1973-жылы Ленин ордени, 1971-1976-жылдары эки жолку “Эмгек Кызыл Туу” ордендери менен сыйланган.

1979–1984-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Республиканын “Ардактуу аксакалы” наамы ыйгарылган.

2022-жылы О. Мамбетакуновдун ысымы Ача-Кайыңды айылындагы балдар бакчасына берилген.

Орозакун Мамбетакунов үй-бүлөсүндө камкор ата, күйүмдүү жар болуп, байбичеси экөө үч уул, беш кызга, отуздан ашык небере-чөбөрөсүнө татыктуу билим-тарбия беришкен.

Ал эмгекчил, адамгерчилиги бийик инсан катары эли-журтунун эсинде калды.

Орозакун Мамбетакуновдун үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, А.А. Касымалиев, К.К. Ташиев, Б.Э. Торобаев, Э.Ж. Байсалов, А.Б. Кенжебаев, А.С. Кадыралиев, М.К. Укушов, А.К. Осмонов жана башкалар.
Некролог – Орозакун Мамбетакунов

14 августа текущего года в возрасте 84 лет скончался Орозакун Мамбетакунов, житель села Ача-Каинды Ат-Башинского района, «Герой Социалистического Труда», «Заслуженный мастер животноводства Киргизской ССР», кавалер ордена «Ленина», дважды–ордена «Трудового Красного Знамени».

Орозакун Мамбетакунов родился 5 октября 1940 года в селе Ача-Кайынды Ат-Башинского района Нарынской области. Свой трудовой путь начал чабаном в селе Ача-Кайынды. С 1964 года стал старшим чабаном совхоза. В 1971–1975 годы в среднем получал по 143–166 ягнят от каждой сотни овцематок и настригал в среднем по 4,0–5,4 килограмм шерсти с каждой овцы.

В 1973 году за образцовую работу в сельском хозяйстве ему было присвоено звание «Героя Социалистического Труда». В 1977 году его вклад в животноводство был высоко оценен и ему присвоено почетное звание «Заслуженный мастер животноводства Киргизской ССР». В 1973 году он был награжден орденом Ленина, а в 1971–1976 годах дважды награжден орденом Трудового Красного Знамени.

В 1979–1984 годах был депутатом Верховного Совета СССР. Удостоен звания «Заслуженный аксакал» республики.

В 2022 году имя Мамбетакунова Орозакуна присвоено детскому саду в селе Ача-Каинды.

Орозакун Мамбетакунов был заботливым отцом, любящим мужем, он дал достойное воспитание трем сыновьям, пяти дочерям и более тридцати внукам.

В народе он запомнился как трудолюбивый человек с высоким нравственным стержнем.

Выражаем глубокие соболезнования семье и близким Орозакуна Мамбетакунова и разделяем горе их утраты.

С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов,
А.А. Касымалиев, К.К. Ташиев, Б.Э. Торобаев, Э.Ж. Байсалов,
А.Б. Кенжебаев, А.С. Кадыралиев, М.К. Укушов, А.К. Осмонов и др.
Байышбек Астанакулов Талас шаарынын мэри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Астанакулов Байышбек Кахроманович Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас шаарынын мэри болуп дайындалды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон башка тескемеге ылайык Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Байышбек Астанакулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

******
Байышбек Астанакулов назначен мэром города Талас

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал распоряжение, согласно которому в соответствии со статьей 71 Конституции Кыргызской Республики, частью 1 статьи 47 Закона Кыргызской Республики «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления» Астанакулов Байышбек Кахромановича назначен мэром города Талас Таласской области.

Отметим, что другим распоряжением Президента Садыра Жапарова Байышбек Астанакулов освобожден от занимаемой должности главы государственной администрации – акима Тонского района Иссык-Кульской области в связи с переходом на другую работу.
Президент Садыр Жапаров Франциянын Кыргызстандагы Элчиси Франсуа Делаусту дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта, Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Франсуа Делаусту анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Кабыл алуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Франсуа Делаусту миссиясынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, анын өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымын белгиледи.

Мамлекет башчысы Элчи Франсуа Делаустун миссиясынын алкагында Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакалар жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн айтты.

Садыр Жапаров француз тарапты Олимпиада оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алганы менен куттуктап, Париж Олимпиадасы кыргыз эли, кыргыз мамлекети үчүн тарыхый иш-чара болгонун, себеби кыргыз спортчулары жакшы жыйынтык көрсөтүшкөнүн белгиледи.

Президент экономикалык кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө гидроэнергетика жана туризм тармактарындагы долбоорлорго француз инвесторлорунун катышуусу маанилүү экенине токтоло кетти.

Мамлекет башчысы Элчиге билим берүү тармагында биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө жана кыргыз студенттердин Францияда билим алуусуна шарт түзүп берүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Президент ошондой эле француз тилинин Кыргызстанда жайылтылышына жана маданий алмашуу программаларына колдоо көрсөткөндүгү үчүн рахматын айтты.

Садыр Жапаров мындан ары да Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө динамикалуу өнүгө берет, деген ишенимин айтты.

Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Франсуа Делаус Президент Садыр Жапаровго дипломатиялык миссиясы маалында жылуу кабыл алгандыгы жана жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки өлкө ортосундагы мамилелердин мындан ары бекемделишинин чоң келечеги бар экенин айтты.

Франсуа Делаус Президент айткан тармактарда ишти улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, ошондой эле Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы достук мамилелер жалаң бекемделе берерине ишенимин билдирди.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Президент Садыр Жапаров Франсуа Делауска жеке өзүнүн жана кыргыз элинин атынан Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси катары көрсөткөн иши үчүн терең ыраазычылык билдирип, мындан аркы ийгиликтерди каалады.
2024/10/02 14:27:48
Back to Top
HTML Embed Code: