Telegram Web Link
Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.


Мыйзам 2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.


Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, аларга ылайык бажы органдарына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде (Экономикалык контрабанда), 241-беренесинде (Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу), 285-беренесинде (Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдардын контрабандасы) көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча тергөө жүргүзүүгө ыйгарым укук берилет.
Внесены изменения в некоторые законодательные акты по вопросам преступлений в сфере таможенного дела

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам преступлений в сфере таможенного дела».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 5 июня 2024 года.

Принятым Законом предусматриваются поправки в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики и Уголовный кодекс Кыргызской Республики, согласно которым таможенные органы наделяются полномочием расследовать уголовные дела по преступлениям, предусмотренным статьями 231 (Экономическая контрабанда), 241 (Уклонение от уплаты таможенных платежей), 285 (Контрабанда предметов, в отношении которых установлены специальные правила перемещения через таможенную границу Кыргызской Республики) Уголовного кодекса Кыргызской Республики.
“Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндөгү иш боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2022-жылдын 28-декабрындагы чечимин ишке ашырууга багытталган.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси жаңы редакцияда баяндалып, азыркы учурда күчүндө турган редакциясына салыштырмалуу кошумча квалификациялык белгилер менен толукталууда, тактап айтканда баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарды багууга милдеттүү болгон адамдын өз эмгек акысын жана ага теңештирилген кирешелеринин өлчөмүн жашырган, төмөндөткөн, ошого тете соттун чечими боюнча ишке орношуудан баш тарткан адамдар үчүн жазык жоопкерчилиги каралууда.
Подписан Закон «О внесении изменения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики»

Президент Кыргызской Республики Саыдр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 29 мая 2024 года.

Цель принятого Закона направлена на реализацию решения Конституционного суда Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года по делу о проверке конституционности статьи 178 Уголовного кодекса Кыргызской Республики.

Принятым Законом статья 178 Уголовного кодекса Кыргызской Республики излагается в новой редакции и в отличие от действующей редакции дополняется дополнительным квалификационным признаком, согласно которому за уклонение родителей от выплаты на основании судебного решения средств на содержание ребенка либо совершеннолетних, но нетрудоспособных и нуждающихся в материальной помощи детей, а также за сокрытие, занижение размера своей заработной платы и приравненных к ней доходов лицом, обязанным содержать ребенка, либо совершеннолетних, но нетрудоспособных и нуждающихся в материальной помощи детей, а равно уклонение от трудоустройства по судебному решению, устанавливается уголовная ответственность.
“Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоодо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү жарандардын арыздарын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берүү мүмкүнчүлүгү, жана ошондой эле жарандык абалдын актыларын электрондук форматта мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү ишке киргизүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү белгилеген өзгөртүүлөрдү караштырат.
Внесены изменения в Закон «Об актах гражданского состояния»


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республике «Об актах гражданского состояния».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 5 июня 2024 года.

Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республике «Об актах гражданского состояния» (далее – Закон) принят в целях усовершенствования работы уполномоченного государственного органа в сфере регистрации населения при осуществлении государственной регистрации актов гражданского состояния.
Принятый Закон предусматривает внесение изменений в Закон Кыргызской Республике «Об актах гражданского состояния», которые устанавливают возможность граждан на подачу заявлений о государственной регистрации акта гражданского состояния посредством Государственного портала электронных услуг, а также внедрение свидетельств о государственной регистрации актов гражданского состояния в электронном формате.
Президент Садыр Жапаров капиталдык реконструкциядан кийинки «Теплые ключи» санаторийлик-курорттук комплексине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, капиталдык реконструкциядан өткөн «Теплые ключи» санаторийлик-курорттук комплексине барды.

Чүй облусунда жайгашкан «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплекси энергетика тармагынын кызматкерлери үчүн өндүрүштүн зыяндуу шарттарынан дарылоо, саламаттыгын чыңдоо жана эс алуу максатында ишке киргизилген.

Аталган комплексте узак жылдар бою эч кандай оңдоо иштери жасалган эмес. Бардык тазалоочу курулмалары жарактан чыгып, талаптарга жооп бербегендиктен санаторий жараксыз болуп калган.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2023-жылдын 31-январында дарылоо-ден соолук чыңдоо комплекси Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүп берилген. Ушундан соң курулуш-калыбына келтирүү иштери башталган.

Президент Садыр Жапаров дарылоо-ден соолук чыңдоо комплексин кыдыруу учурунда санаторийдин 6 айдын ичинде коттедждер оңдолуп, эмеректери жана электр жабдуулары жаңыланган биринчи бөлүгүн көрүп чыкты. Анда ошондой эле электр жарыгы жана интернет кошулуп, радондук сантехника калыбына келтирилген.

Ар бир бөлмөдө смарт-ачкычтар орнотулган. Ашканасы жаңы жабдуулар менен модернизацияланды. Мындан тышкары тейлөөчү кызматкерлер үчүн имарат курулган.

Бардык ички жолдору асфальтталып, тротуардык такта төшөлгөн. Куураган бак-дарактардын ордуна арча, Тянь-Шань карагайы, гүлдөр отургузулган. Аянт көрктөндүрүлгөн.

Комплекстин экинчи бөлүгүнөн Мамлекет башчысы капчыгайды карап курулган ачык терраса, 100 орундуу ресторан, реконструкцияланган бассейн, радон суусу жана мончо, парафин менен кайра жасалган дарылоо бөлмөлөрү жана башкалар менен таанышты. Имараттын ичинде желдетүү тутуму орнотулган. Мындан тышкары каньондон комплекске чейинки жол дагы асфальтталды.

Президент Садыр Жапаров дарылоо-ден соолук чыңдоо комлпексин көрүп чыккан соң санаторийдин кызматкерлери менен маектешти.

Мамлекет башчысы кызматкерлердин ойлорун угуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге ден соолукту чыңдоо комплексинин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселесин кароону тапшырды.

Президент комплексте түзүлгөн шарттар «Ала-Арча» сыяктуу эс алуу жайларындагы жүктөмдү азайтууга жардам берерин баса белгиледи. Садыр Жапаров белгилегендей, учурда «Теплые ключи» санаторийи кыргызстандыктарды да, туристтерди да ден соолугун чыңдоо жана эс алуу үчүн кабыл алууга даяр.
2024/11/20 03:37:57
Back to Top
HTML Embed Code: