Telegram Web Link
Жылдыз Орозобекова Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Орозобекова Жылдыз Калмашевна ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

**************

Жылдыз Орозобекова освобождена от должности заместителя председателя Национальной комиссии по государственному языку и языковой политике

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал распоряжение, согласно которому, руководствуясь статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Орозобекова Жылдыз Калмашевна освобождена от занимаемой должности заместителя председателя Национальной комиссии по государственному языку и языковой политике при Президенте Кыргызкой Республики.
Канатбек Сейдалиев Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Сейдалиев Канатбек Шакирович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

*********

Канатбек Сейдалиев назначен заместителем председателя Национальной комиссии по государственному языку и языковой политике

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал распоряжение, согласно которому, руководствуясь статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Сейдалиев Канатбек Шакирович назначен заместителем председателя Национальной комиссии по государственному языку и языковой политике при Президенте Кыргызской Республики.
Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып Юсупов Азамат Маматович Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары болуп дайындалды.

*********

Азамат Юсупов назначен заместителем директора Государственной комиссии по делам религий

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал распоряжение, согласно которому, руководствуясь статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Юсупов Азамат Маматович назначен заместителем директора Государственной комиссии по делам религий Кыргызской Республики.
Президент Садыр Жапаров Азербайжан Республикасына иш сапар менен барат


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 5-6-июлда Азербайжан Республикасына иш сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкө башчыларынын бейформал Саммитине катышат.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы "Транспорт, байланыш жана климаттык иш-чаралар аркылуу туруктуу келечекти түзүүнү камсыз кылуу" болуп саналат.

Тараптар жаратылыш коркунучтарынан келип чыккан табигый кырсыктарга, климаттын өзгөрүшүнө жамааттык жооп кайтаруу чараларын жана ТМУга мүчө өлкөлөрдүн транспорттук өз ара байланышын бекемдөөнү талкуулашат.

Саммиттин ишине Уюмдун катышуучу-мамлекеттеринин – Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын мамлекет башчылары, Түркия Республикасынын жана Венгриянын өкмөт башчылары катышат”, - деп Муратбек Азымбакиев билдирди.

********

Президент Садыр Жапаров совершит рабочий визит в Азербайджанскую Республику


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров 5-6 июля совершит рабочий визит в Азербайджанскую Республику. Об этом сообщил заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Кыргызской Республики Муратбек Азымбакиев.

«Глава государства примет участие в неформальном Саммите глав стран-участниц Организации тюркских государств.

Темой внеочередной встречи глав-государств Организации является «Транспорт, связь и обеспечение формирования устойчивого будущего посредством климатической деятельности».

Стороны обсудят меры коллективного реагирования на стихийные бедствия, вызванные природными опасностями, на изменение климата и укрепление транспортной взаимосвязанности стран-членов ОТГ.

В работе Саммита примут участие главы государств-участниц Организации – Азербайджанской Республики, Республики Казахстан, Республики Узбекистан, а также главы правительств Турецкой Республики и Венгрии», - сообщил Муратбек Азымбакиев.
Президент Садыр Жапаров “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууга катышууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында өтүп жаткан "ШКУ плюс" форматындагы жолугушууга катышууда.

Уюмга мүчө-мамлекеттердин делегация башчылары менен сүрөткө түшүү аземи болуп өттү.

*******
Президент Садыр Жапаров принимает участие во Встрече в формате «ШОС плюс»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 4 июля, принимает участие во Встрече в формате «ШОС плюс», которая проходит на полях заседания Совета глав государств ШОС.

Состоялась церемония фотографирования с главами делегаций государств-членов Организации.
Президент Садыр Жапаров Индиянын Премьер-министри Нарендра Модиге трагедиялуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Индия Республикасынын Уттар-Прадеш штатында болгон кайгылуу окуяга байланыштуу Индиянын Премьер-министри Нарендра Модиге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Индия Республикасынын Уттар-Прадеш штатында орун алган трагедиялуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”, - деп айтылат телеграммада.

********
Президент Садыр Жапаров выразил соболезнования Премьер-министру Индии Нарендре Моди в связи с многочисленными человеческими жертвами в результате трагического инцидента

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров направил телеграмму с соболезнованиями Премьер-министру Индии Нарендре Моди в связи с трагическим инцидентом, произошедшем в штате Уттар-Прадеш, Республика Индия.

«С глубоким прискорбием воспринял печальную весть о больших человеческих жертвах в результате трагического инцидента. От имени народа Кыргызской Республики и от себя лично выражаю искренние соболезнования семьям и близким погибших, разделяю боль невосполнимой утраты. Прошу у Всевышнего скорейшего выздоровления всем пострадавшим», - говорится в телеграмме.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаровдун "ШКУ плюс" форматындагы жолугушууда сүйлөгөн сөзү

***

🎥 Видео: Выступление Президента Садыра Жапарова на Встрече в формате «ШОС плюс»
Президент Садыр Жапаровдун "ШКУ плюс" форматындагы жолугушууда сүйлөгөн сөзү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Казакстан Республикасынын Астана шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында өтүп жаткан "ШКУ плюс" форматындагы жолугушууда сөз сүйлөдү.

https://president.kg/news/all/25514
*********
Выступление Президента Садыра Жапарова на Встрече в формате «ШОС плюс»


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 4 июля, выступил на Встрече в формате «ШОС плюс», которая проходит на полях Саммита Шанхайской Организации Сотрудничества (ШОС) в г. Астана, Республики Казахстан.

https://president.kg/news/all/25514
Президент Садыр Жапаровдун Астанадагы ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуусу аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуусу аяктады.

Иш сапарынын биринчи күнүндө, 3-июлда, Мамлекет башчысы Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

4-июлда Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.

Иш-чара Беларустун ШКУга толук кандуу мүчөлүгү тууралуу документке кол коюу аземи менен башталды.

Отурумда сөз сүйлөп, Садыр Жапаров терроризм, киберкоркунучтар жана эл аралык кылмыштуулук сыяктуу учурдагы глобалдык көйгөйлөр тыкыр көңүл бурууну жана биргелешкен ишти талап кылаарын белгилеп, Кыргызстандын Бишкек шаарында эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борбор түзүү тууралуу сунушталган демилгесинин маанилүүлүгүн айтты.

ШКУ саммитинин жыйынтыгы боюнча өлкө лидерлери уюмдун мүчөлөрүнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар көп тараптуу документтерге кол коюшту.

Андан соң Садыр Жапаров ШКУ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында өткөн "ШКУ плюс" форматындагы жолугушууга катышты.

Иш-чарага ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары, байкоочу өлкөлөр, ошондой эле эл аралык уюмдардан БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев жана башкалар катышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө азыркы дүйнөдө өз ара байланыш жана глобалдык чакырыктар шартында тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн көп тараптуу диалогду бекемдөө зарыл экенин айтып өттү. Бул өз ара пайдалуу кызматташуунун оптималдуу жолдорун табууга, ошондой эле эч бир өлкө жалгыз чече албаган көйгөйлөрдү чечүү үчүн ресурстарды, билимди жана тажрыйбаны бириктирүүгө жагымдуу мүмкүнчүлүк берет.

Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарын аяктап, 4-июлда Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарына кайтып келди.
2024/10/02 20:38:33
Back to Top
HTML Embed Code: