Telegram Web Link
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров жана БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш бейформал жолугушуу өткөрүштү

*****

🎥Видео: Президент Садыр Жапаров и Генеральный секретарь ООН Антониу Гутерриш провели неформальную встречу
Президент Садыр Жапаров Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассисти кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, өлкөгө расмий сапар менен келген Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассисти кабыл алды.

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташтыктын кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болуп, анын ичинде саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу күн тартиби, региондор аралык кызматташтык, Швейцариянын Кыргызстандагы долбоордук ишмердүүлүгү, туризмди жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы дипломатиялык мамилелер орногондон бери эки өлкө ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты канааттануу менен белгиледи.

Президент 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард АКШ долларынан ашкандыгын айтып, бул көрсөткүчтү мындан ары жогорулатуунун үстүндө биргеликте жигердүү иш алып баруу зарылдыгы боюнча пикирин билдирди.

Биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу контекстинде Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча ишкананы, ошондой эле Швейцария 20 миллион швейцариялык франктан ашык салым кошкон Ат-Башы ГЭСинин реконструкцияланышын айтып өттү.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле банк жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты бекемдөөнү, тоо күн тартибин алдыга жылдырууну сунуштады.

Өз кезегинде Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын олуттуу потенциалын белгиледи.

Ал Швейцария өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин спектри боюнча өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө даяр экендигин баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров принял главу Федерального департамента иностранных дел Швейцарии Иньяцио Кассиса

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 3 июля, принял главу Федерального департамента иностранных дел Швейцарской Конфедерации Иньяцио Кассиса, прибывшего в страну с официальным визитом.

Состоялся обмен мнениями по широкому кругу вопросов сотрудничества между Кыргызстаном и Швейцарией, в частности обсуждены актуальная повестка взаимодействия в политической, торгово-экономической сферах, межрегиональное сотрудничество, проектная деятельность Швейцарии в Кыргызстане, развитие туризма и горных регионов.

Глава государства с удовлетворением отметил плодотворное сотрудничество двух стран с момента установления дипломатических отношений.

Президент констатировал, что по итогам 2023 года объем двусторонней торговли превысил 1 миллиард долларов США, и выразил мнение о необходимости продолжать совместную активную работу с целью обеспечения дальнейшего роста этого показателя.

В контексте успешной реализации совместных проектов Садыр Жапаров отметил предприятие по переработке молочной продукции в Иссык-Кульской области, а также реконструкцию Ат-Башинской ГЭС, в которую Швейцария внесла вклад в размере свыше 20 миллионов швейцарских франков.

Президент Садыр Жапаров также предложил укреплять сотрудничество в банковской сфере, в области туризма и продвижения горной повестки.

В свою очередь, глава Федерального департамента иностранных дел Швейцарии Иньяцио Кассис выразил признательность за теплый прием и радушие, а также отметил значительный потенциал сотрудничества между двумя странами.

Он подчеркнул, что Швейцария готова к углублению взаимодействия по спектру вопросов, представляющих взаимный интерес.
Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Шанхай Кызматташтык Уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин (ШКУ МБК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Казакстан Республикасына жөнөп кетти.

4-июлда өтө турган ШКУ МБК жыйынында катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери уюмдун форматында көп тараптуу жана көп вектордуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясатты талкуулашат.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров ШКУ саммитинин талааларында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин жана Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Расмий делегациянын курамындагылар:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;

- тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, Кыргызстандан ШКУнун улуттук координатору Казыбек Кочконов.

********

Президент Садыр Жапаров вылетел с рабочим визитом в Казахстан

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 3 июля, с рабочим визитом вылетел в Республику Казахстан для участия в очередном заседании Совета глав государств ШОС (ССГ ШОС).

На заседании ССГ ШОС, который состоится 4 июля, лидеры стран-участниц обсудят важные вопросы многостороннего и многовекторного сотрудничества в формате организации, а также вопросы региональной и международной политики.

Кроме того, Президент Садыр Жапаров на полях ШОС проведет двусторонние встречи с Председателем Китайской Народной Республики Си Цзиньпинем и с Президентом Монголии Ухнаагийн Хурэлсухом.

В составе официальной делегации:

- министр иностранных дел Жээнбек Кулубаев;

- заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев;

- Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызстана в Казахстане Дастан Дюшекеев;

- управляющий делами Президента Кыргызской Республики Каныбек Туманбаев;

- посол по особым поручениям Министерства иностранных дел, национальной координатор ШОС от Кыргызстана Казыбек Кочконов.
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди.

Мамлекет башчысынын борту Астана шаарындагы Н. Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинген, килем төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

********

Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в Астану

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 3 июля, с рабочим визитом прибыл в г. Астана (Республика Казахстан).

Борт Главы государства приземлился в международном аэропорту им. Н. Назарбаева г. Астана.

Президента Садыра Жапарова встретил Премьер-министр Казахстана Олжас Бектенов и другие официальные лица.

На флагштоках аэропорта вывешены государственные флаги государств-участников ШОС, расстелена ковровая дорожка, выстроена рота почетного караула.

Напомним, в рамках рабочего визита Садыр Жапаров примет участие в заседании Совета глав государств-членов ШОС.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

****

🎥Видео: Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в Астану
Президент Садыр Жапаров Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары тереңдетүү, ошондой эле тоо-кен тармагында жана туризм чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров акыркы жылдары Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы саясий диалогдун активдешүүсү байкалганын, бул эки өлкөнүн кызматташтыгынын кеңири спектрин тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн баса белгиледи.

Бул контекстте соода-экономикалык кызматташтык алдыңкы планга чыгып жатканын Мамлекет башчысы белгилеп, Кыргызстан үчүн Монголия менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү - эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири экенин кошумчалады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүүнү өнүктүрүүгө багыт алып жатканын жана Монголиянын рыногунда суроо-талапка ээ болгон жогорку сапаттагы жана экологиялык жактан таза продукцияны сунуштай аларын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров эки тараптуу мамилелерди мындан ары жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Монголиянын лидерин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Өз кезегинде Президент Ухнаагийн Хурэлсух Садыр Жапаров менен жылуу саламдашып, Кыргызстандын Президентинин Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча көптөгөн тармактарда салттуу байланыштар бекемделгенин канааттануу менен белгиледи. Жетишилген макулдашуулар ишке ашырылууда.

Ал Монголия Кыргызстан менен кызматташтыкты эки тараптуу жана көп тараптуу форматта өнүктүрүүгө ниеттенип жатканын баса белгиледи.

Муну менен катар Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстан менен транспорттук-логистикалык, билим берүү жана өз ара кызыкчылык туудурган башка чөйрөлөрдү өнүктүрүү боюнча өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жагын карап чыгууну сунуштады.

Сөзүнүн аягында Монголиянын лидери Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакыруусун кабыл алды.
Президент Садыр Жапаров встретился с Президентом Монголии Ухнаагийном Хурэлсухом

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 3 июля, в рамках рабочего визита в Республику Казахстан встретился с Президентом Монголии Ухнаагийном Хурэлсухом.

В ходе встречи состоялось обсуждение дальнейшего углубления торгово-экономического и культурно-гуманитарного сотрудничества, а также реализации совместных проектов в горнодобывающей отрасли и сфере туризма.

Садыр Жапаров подчеркнул, что в последние годы наблюдается активизация политического диалога между Кыргызстаном и Монголией, что создает благоприятные условия для углубления и расширения широкого спектра сотрудничества двух стран.

В этом контексте на передний план выходит торгово-экономическое сотрудничество, которое как отметил Глава государства, является для Кыргызстана одним из важнейших направлений двустороннего сотрудничества с Монголией.

Глава государства констатировал, что Кыргызстан проводит курс на развитие производства экологически чистой сельскохозяйственной продукции и может предложить высококачественную и экологически чистую продукцию, которая будет востребована на монгольском рынке.

Президент Садыр Жапаров, отмечая важность дальнейшего улучшения двусторонних отношений, пригласил лидера Монголии посетить с визитом Кыргызстан.

В свою очередь, Президент Ухнаагийн Хурэлсух тепло поприветствовал Садыра Жапарова и с удовлетворением отметил, что по итогам государственного визита Президента Кыргызстана в Монголию укрепились традиционные контакты во многих сферах. Идет реализация достигнутых договоренностей.

Он подчеркнул, что Монголия намерена развивать сотрудничество с Кыргызстаном как в двустороннем, так и в многостороннем форматах.

Наряду с этим, Ухнаагийн Хурэлсух предложил рассмотреть углубление взаимодействия с Кыргызстаном по развитию транспортно-логистической, образовательной и других сфер, представляющих взаимный интерес.

В заключение лидер Монголии принял приглашение Президента Садыра Жапарова посетить Кыргызстан с официальным визитом.
Президент Садыр Жапаров Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

https://president.kg/news/all/25504

*********

Президент Садыр Жапаров провел переговоры с председателем Китая Си Цзиньпином

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 3 июля, встретился с Председателем Китайской Народной Республики (КНР) Си Цзиньпином в г. Астана (Республика Казахстан).

https://president.kg/news/all/25504
2024/10/02 16:25:27
Back to Top
HTML Embed Code: