Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу – бул жөн гана транспорттук коридор эмес, бул – Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө болуп саналат»

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда, Жалал-Абад облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушунун башталышына старт берди.

Масштабдуу аймактык долбоордун негизинде курулушту баштоо аземи Жалал-Абад шаарынын Төш-Кутчу айылында өттү.

Мамлекет башчынын сөзү:

https://president.kg/kg/news/all/26344

***********

Президент Садыр Жапаров: «Железная дорога «Китай–Кыргызстан–Узбекистан» – это не просто транспортный коридор, это важный стратегический мост, который свяжет страны Востока и Запада»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 27 декабря, в ходе рабочей поездки в Джалал-Абадскую область дал старт началу строительства железной дороги «Китай-Кыргызстан-Узбекистан.

Церемония закладки первого камня в основание масштабного регионального проекта состоялась в селе Тош-Кутчу города Джалал-Абад.

Выступление Главы государства (свободный перевод):

https://president.kg/ru/news/all/26344
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров – Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы аскер бөлүктөрүнө күжүрмөн тууларды тапшырды
***
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров - Верховный Главнокомандующий Вооруженными Силами Кыргызстана вручил боевые знамя воинским частям
Президент Садыр Жапаров «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушунун башталышына старт берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушун баштоо аземине катышты.

Масштабдуу аймактык долбоордун негизинин курулушу Жалал-Абад шаарынын Төш-Кутчу айылында башталды.

Мамлекет башчы салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөп, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу – бул жөн гана транспорттук коридор эмес, бул – Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө экенин баса белгиледи.

«Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат.
Долбоор аймактар аралык байланыштарды чыңдайт, транспорттук багыттарды диверсификациялоо жана эл аралык транспорттук-транзиттик хаб катары аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин максаттарына жооп берет», - деп ырастады Садыр Жапаров.

Андан соң Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чжэн Шаньцзе КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин кайрылуусун окуду.

Ал белгилегендей, бул долбоор Азия менен Европаны бириктирген жаңы кургактагы коридордун курулушуна шарт түзүп, үч өлкөнүн ортосундагы адамдардын кыймылынын жана соода жүгүртүүнүн деңгээлин бир топ жогорулатат. Долбоор өнөр жайды натыйжалуу өнүктүрүүгө, ресурстарды өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле соода жүргүзүүгө жана инвестиция тартууга шарт түзөт. Бул аймактын гүлдөп-өсүшүнө чоң таасирин тийгизмекчи.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Өзбекстандын вице-премьер-министри Жамшид Хожаев окуп берген кайрылуусунда «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушунун башталышы биздин достош өлкөлөр дээрлик 30 жылдан бери келе жаткан тарыхый окуя экени белгиленген.

Ал Борбор Азия чөлкөмүн Кытай менен эң кыска кургактыктагы жол аркылуу байланыштырган эл аралык маанидеги жаңы транспорттук артерия үч мамлекеттин көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө болорун баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаров «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушунун негизине алгачкы ташты салуу аземине катышты.
2024/12/29 08:20:02
Back to Top
HTML Embed Code: