Telegram Web Link
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчилиги менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ирак жана Сирия лагерлериндеги Кыргызстандын жарандарын (аялдар жана балдар) мекенине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу Балдарга жардам берүү эл аралык фондунун (ЮНИСЕФ) жетекчилиги Джунг Таппа Самман жана Хил Силви менен жолугушту.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын балдарына ар тараптуу жардам көрсөтүү жана аларды коргоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Марат Иманкулов Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын координациясы жана ЮНИСЕФтин активдүү колдоосу менен Ирак жана Сирия лагерлеринен Кыргызстанга аялдар жана балдар кайтарылганын белгиледи. Азыркы учурда бул жарандар тажрыйбалуу психологдордун, социалдык жана дин кызматкерлеринин жардамы менен кайра социалдаштыруу, коомго реинтеграциялоо жана аларды реабилитациялоо процессинен өтүп жатышат.

Өз кезегинде Джунг Таппа Самман Президент Садыр Жапаровдун Ирак жана Сирия лагерлеринен Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу маселесиндеги чечкиндүү позициясын жогору баалап, бул ишке тартылган бардык мамлекеттик органдардын жакшы иш алып баргандыгын белгиледи.

*********

Секретарь Совета безопасности Марат Иманкулов встретился с руководством ЮНИСЕФ в Кыргызстане

Cекретарь Совета безопасности Кыргызской Республики Марат Иманкулов встретился с руководством Международного чрезвычайного фонда помощи детям при Организации Объединенных Наций (ЮНИСЕФ) Джунг Таппа Самман и Хил Силви в рамках работы проводимой по репатриации граждан Кыргызстана (женщины и дети) из лагерей Ирака и Сирии.

В ходе рабочей встречи были обсуждены актуальные вопросы по оказанию всесторонней помощи детям Кыргызстана и их защите.

Марат Иманкулов отметил, что по поручению Президента Садыра Жапарова при координации секретариата Совета безопасности и активной поддержке ЮНИСЕФ из лагерей Ирака и Сирии в Кыргызстан были возвращены женщины и дети. В настоящее время данные граждане с помощью опытных психологов, социальных работников и представителей духовенства проходят процесс ресоциализации, реинтеграции в общество и их реабилитация.

В свою очередь, Джунг Таппа Самман высоко оценил решительную позицию Президента Садыра Жапарова в вопросах репатриации граждан Кыргызстана из лагерей Ирака и Сирии, где они находились в тяжелых условиях, а также отметил хорошую работу всех задействованных в этой работе государственных органов.
Президент Садыр Жапаров Ленинград облусунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Ленинград облусунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышууда.

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары - Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян (видеоконференция форматында), Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын Президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев Армениянын төрагалыгынын жылындагы ЕАЭБдин ишинин жыйынтыктарын чыгарышат, Бирликтин ишинин актуалдуу маселелерин карашат, интеграциялык процесстерди тереңдетүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашат.

ЖЕЭКтин чакан курамдагы жыйыны башталаар алдында иш-чарага келген делегация башчыларын Россиянын Президенти Владимир Путин тосуп алды.

Андан кийин отурум ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлери сөз сүйлөп, делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен кеңири курамда улантылат.

Анда бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу пландаштырылууда, анын ичинде ЕАЭБдин бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жана үчүнчү тарап (үчүнчү тараптар) жөнүндө Макулдашууга жана Бирлик жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколго кол коюлат.

******

Президент Садыр Жапаров принимает участие в заседании ВЕЭС в Ленинградской области

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 26 декабря, в Ленинградской области принимает участие в заседании Высшего Евразийского экономического совета (ВЕЭС).

Главы государств Евразийского экономического союза - Президент Кыргызстана Садыр Жапаров, Премьер-министр Армении Никол Пашинян (в формате видеоконференции), Президент Беларуси Александр Лукашенко, Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев, Президент России Владимир Путин и председатель коллегии Евразийской экономической комиссии Бакытжан Сагинтаев подведут итоги работы ЕАЭС в год армянского председательства, рассмотрят актуальные вопросы деятельности Союза, обсудят перспективные направления углубления интеграционных процессов.

Перед началом заседания ВЕЭС в узком составе глав делегаций, прибывших на мероприятие, приветствовал Президент России Владимир Путин.

Далее заседание продолжится в расширенном составе с участием членов делегаций, где выступят лидеры государств ЕАЭС.

Ожидается принятие ряда важных решений и документов, в том числе будут подписаны Соглашение о единой системе таможенного транзита ЕАЭС и третьей стороны (третьих сторон) и Протокол о внесении изменений в Договор о Союзе.
Айбек Молдогазиев Кыргызстандын АКШдагы Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Молдогазиев Айбек Бейшеевич Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

****

Айбек Молдогазиев назначен Послом Кыргызстана в США

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому Молдогазиев Айбек Бейшеевич назначен Чрезвычайным и Полномочным Послом Кыргызской Республики в Соединенных Штатах Америки.
Ленинград облусунда өткөн ЖЕЭКтин кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

26-декабрда Ленинград облусунда (Россия Федерациясы) өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Кеңейтилген курамдагы отурумда мамлекеттердин лидерлери ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекеттердин башчыларына жана чакырылган Иран делегациясынын башчысына сөз берүү чечимин кабыл алышты, анткени негизги талкуулар чакан курамдагы отурумдун жүрүшүндө өттү.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев сөз сүйлөдү, Кубанын Президенти Мигель Марио Диас-Канель Бермудестин видео кайрылуусу болду, чакырылган мамлекеттин делегация башчысы - Ирандын өнөр жай, кен жана соода министри Сейед Мохаммад Атабакка сөз берилди.

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаевдин сөзүнөн кийин бир катар маанилүү чечимдер жана документтер кабыл алынды.

Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин башчылары бир келишимге жана бир протоколго кол коюшту - ЕАЭБдин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө Макулдашуу жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге иликтөөлөрдү жүргүзүүдө жана атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууда өзгөчө механизмге тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол.

Мындан тышкары ЖЕЭК 18 актыны кабыл алды.

2025-жылы ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуу Армениядан Беларуска өттү.

***

По итогам очередного заседания ВЕЭС в Ленинградской области подписан ряд документов


По итогам очередного заседания Высшего Евразийского экономического совета (ВЕЭС), прошедшего 26 декабря в Ленинградской области (Российская Федерация), подписан ряд документов.

На заседании в расширенном составе лидеры государств ЕАЭС приняли решение предоставить слово главам государств-наблюдателей при ЕАЭС и приглашенному главе делегации Ирана, поскольку основные обсуждения прошли в ходе заседания в узком составе.

Выступил Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев, было заслушано видеообращение Президента Кубы Мигеля Марио Диас-Канель Бермудеса, дали слово главе делегации приглашенного государства - министру промышленности, рудников и торговли Ирана Сейеду Мохаммаду Атабаку.

После выступления председателя коллегии Евразийской экономической комиссии Бакытжана Сагинтаева был принят ряд важных решений и документов.

Главы государств — членов Евразийского экономического союза подписали одно соглашение и один протокол - Соглашение о единой системе таможенного транзита Евразийского экономического союза и третьей стороны (третьих сторон) и Протокол о внесении изменений в Договор о Евразийском экономическом
союзе от 29 мая 2014 года в части, касающейся особого механизма при проведении расследований и принятии решений о применении или неприменении специальных защитных, антидемпинговых и компенсационных мер.

Кроме этого приняли 18 актов ВЕЭС.

В 2025 году председательство в органах ЕАЭС переходит от Армении к Беларуси.
2024/12/28 02:23:20
Back to Top
HTML Embed Code: