Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда: “Учуру келгенде калк үчүн кызмат кылган уул-кыздарын эл өзү эле алкап да, мактап да, жактап да, көтөрүп да алат экен. Андай уул-кыздарыбыздын ысымы элибиздин эсинде түбөлүк кала берет”

“Учуру келгенде калк үчүн кызмат кылган уул-кыздарын эл өзү эле алкап да, мактап да, жактап да, көтөрүп да алат экен. Андай уул-кыздарыбыздын ысымы калк жадымынан чыкпай, элибиздин эсинде түбөлүк кала берет”, - деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда, Ынтымак Ордодо өткөн салтанаттуу иш-чарада өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, белгиледи.

https://president.kg/kg/news/21/26317

****

Президент Садыр Жапаров во время вручения государственных наград: «Когда приходит время, народ сам воздаёт должное своим сыновьям и дочерям, служащим ему с преданностью. Он возносит их, прославляет, поддерживает и увековечивает их имена в своей памяти»

«Когда приходит время, народ сам воздаёт должное своим сыновьям и дочерям, служащим ему с преданностью. Он возносит их, прославляет, поддерживает и увековечивает их имена в своей памяти», - отметил Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 23 декабря, вручая государственные награды, отличившимся кыргызстанцам за особые заслуги перед страной, на торжественной церемонии в «Ынтымак Ордо».

https://president.kg/ru/news/21/26317
Президент Садыр Жапаров мыкты делген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда, Ынтымак Ордодо өткөн салтанаттуу иш-чарада өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Аземге өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон жазуучулар, маданият ишмерлери, мугалимдер жана дарыгерлер, ишкерлер жана спортчулар, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана башка көрүнүктүү инсандар катышты.

“Улуу муундан мурас калган улуу дөөлөттөрдү, нарк-насилди өз бойлоруна сиңирип, кийинки муунга Ата Мекенге кызмат кылуунун өрнөгү катары өткөрүп берүүчү бүгүнкү сыйлык ээлеринин айрымдарына токтолуп өтүүнүн өзү мен үчүн дагы, эл үчүн дагы сыймык десем жаңылышпаймын. “Сыйлыгы жеке мен үчүн болсо, сыймыгы – жамы эл үчүн” деген накыл кеп дал ошондон калса керек деп ойлойм", - деп Мамлекет башчысы өз сөзүндө белгиледи.

Президент сыйлык тапшыруу аземине Кыргызстандын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон көрүнүктүү ишмерлер чогулганын айтты.

Жаӊы кыргыз мамлекетинин түптөлүшүндөгү тарыхый ролу үчүн маркум Абдыкадыр Орозбековго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку наамын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алынган.

“Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры” наамына татыктуу болгондордун арасында кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучусу, прозаик, публицист Кеңеш Жусупов, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Кубат Осмонбетов бар.

III даражадагы "Манас" орденине профессор, педагогика илимдеринин доктору Абакир Мамытов менен Кыргыз эл акыны, Улуттук жазуучулар союзунунун президиумунун мүчөсү Акбар Рыскулов арзыды.

"Даңк" ордени менен Жалал-Абад мамлекеттик университети, Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозаров жана башкалар сыйланышты.

Президент ошондой эле Акылбек Мураталиевдин маданиятка, Рыскул Боромбаевдин цирк өнөрүн жандандырууга, Канатбек Абдрахматовдун илимге, Замирбек Айдаровдун курулушка, Таалайбек Акматовдун медицинага, Сейитбек уулу Мунарбектин спортко кошкон салымын жана башкаларды белгиледи.

Президент Садыр Жапаров сыйлангандарга Ата Мекенге ак ниет кызмат кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, алардын сиңирген эмгеги элди шыктандырып, Кыргызстан үчүн сыймыктанууну бекемдээрин белгиледи. Ал бардыгын сыйлыктары менен куттуктап, ден соолук, бакубат турмуш жана жаңы жетишкендиктерди каалады.
2024/12/28 21:17:25
Back to Top
HTML Embed Code: