Telegram Web Link
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери боюнча кереге кеңеш өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 10-октябрда мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелерине арналган кереге кеңеш өткөрдү. Иш-чарага Президенттин Администрациянын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетекчилиги, ЖОЖдордун ректорлору, профессорлор, окутуучулар, коомдук ишмерлер, жаштар жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Кереге кеңештин негизги максаты - мамлекеттик тилдин позициясын мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөөгө байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоо, ошондой эле аны коомдук турмуштун ар кыл тармактарында колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү үчүн чечимдерди издөө.

Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынгандан бери кыргыз тилин мыйзамдык жактан колдоо үчүн бекем негиздер түптөлүп, аны өнүктүрүү үчүн маанилүү кадамдар жасалды. Бирок, жетишилген ийгиликтерге карабастан, коомдук турмуштун бир катар маанилүү чөйрөлөрүндө мамлекеттик тил дагы эле кеңири колдонулбай келет. Мамлекеттик катчы кыргыз терминологиясын бир түргө келтирүү жана башка тилден кирген сөздөрдү жана түшүнүктөрдү кыргыз тилине которуу боюнча ишти активдештирүү зарылдыгына басым жасады.

Кереге кеңештин катышуучулары, кыргыз таануу жаатындагы адистер мамлекеттик тилди мындан ары да өнүктүрүү боюнча демилгелер менен бөлүшүп, окуу жайларда окутуунун сапатын жогорулатуунун жана тил даярдоону күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле жаштар арасында тилди жайылтуу жана медиа чөйрөсүндө анын ээлеген ордун бекемдөө маселелери көтөрүлдү.

**********

Госсекретарь Суйунбек Касмамбетов провел совещание по вопросам развития государственного языка

Государственный секретарь Кыргызской Республики Суйунбек Касмамбетов сегодня, 10 октября, провел совещание, посвященное вопросам развития государственного языка. В мероприятии приняли участие представители Администрации Президента, руководство Национальной комиссии по государственному языку и языковой политике при Президенте КР, ректоры ВУЗов, профессора, преподаватели, общественные деятели, представители молодежи и СМИ.

Основной целью совещания стало обсуждение актуальных вопросов, связанных с дальнейшим развитием и укреплением позиций государственного языка, а также поиск решений для расширения сферы его применения в различных областях общественной жизни.

В своем выступлении Суйунбек Касмамбетов подчеркнул, что с момента принятия Закона Кыргызской Республики "О государственном языке" были заложены прочные основы для законодательной поддержки кыргызского языка, сделаны важные шаги для его развития. Однако, несмотря на достигнутый прогресс, в ряде важных сфер общественной жизни государственный язык все еще недостаточно широко используется. Госсекретарь обратил внимание на необходимость активизировать работу по унификации кыргызской терминологии и переводу заимствованных слов и понятий на кыргызский язык.

Участники совещания, специалисты в области кыргызоведения поделились инициативами по дальнейшему продвижению государственного языка, отметив важность повышения качества преподавания и усиления языковой подготовки в учебных заведениях. Также поднимались вопросы популяризации языка среди молодежи и укрепления его позиций в медийной сфере.
Президент Садыр Жапаров Элдик Курултайды өткөрүүгө сапаттуу даярдык көрүү тапшырмасын берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовду, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиевди жана Элдик Курултайдын Катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө быйылкы жылы өтө турган Элдик Курултайды уюштуруу боюнча маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысынын чечими боюнча түзүлгөн уюштуруу комитети календардык планды, иш-чаралар планын жана жер-жерлерде жооптуу жетекчилерди окутуу графигин бекиткени белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө кабыл алынган Жарлыкка ылайык өз убагында тиешелүү сапаттуу чараларды көрүү тапшырмасын берди.

********
Президент Садыр Жапаров дал поручение обеспечить качественную подготовку к проведению Народного Курултая

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 10 октября, принял Государственного секретаря Кыргызской Республики Суйунбека Касмамбетова, начальника Управления по подготовке решений Президента и Кабинета Министров Азамата Кадыралиева и руководителя Секретариата Народного Курултая Мыктыбека Абдылдаева.

В ходе встречи обсуждены вопросы по подготовке и проведению Народного Курултая, который состоится в этом году.

Отмечено, что созданный по решению Главы государства организационный комитет утвердил календарный план, план мероприятий и график проведения обучений ответственных руководителей на местах.

По итогам встречи Президент Садыр Жапаров поручил принять своевременные и качественные меры в соответствии с Указом о проведении III Народного Курултая.
Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Ашхабад шаарына түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышуу үчүн жөнөп кетти.

Расмий делегациянын курамындагылар:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

- Кыргызстандын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров.

*************

Президент Садыр Жапаров вылетел с рабочим визитом в Туркменистан

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 11 октября, по приглашению Президента Туркменистана Сердара Бердымухамедова, вылетел в г. Ашхабад для участия в международном форуме «Взаимосвязь времен и цивилизаций – основа мира и развития», приуроченном к 300-летию туркменского поэта и философа Махтумкули Фраги.

В составе официальной делегации:

- министр иностранных дел Жээнбек Кулубаев;

- заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев;

- министр культуры, информации, спорта и молодежной политики Алтынбек Максутов;

- Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызстана в Туркменистане Азизбек Мадмаров.
Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Базарбеков Замирбек Курамаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

*********

Замирбек Базарбеков освобожден от должности председателя Верховного суда

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому в соответствии с пунктом 5 части 4 статьи 70 Конституции Кыргызской Республики, частью 3 статьи 20 конституционного Закона Кыргызской Республики «О статусе судей Кыргызской Республики» и по предложению Совета судей Кыргызской Республики, Базарбеков Замирбек Курамаевич досрочно освобожден от должности председателя Верховного суда Кыргызской Республики по собственному желанию.
Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Ашхабад шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) иш сапары менен келди.

Мамлекет башчынын борту Түркмөнстандын баш калаасынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Баймырад Аннамамедов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропортто килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен балдар Садыр Жапаровго салам айтып, гүл сунушту.

Эскерте кетсек, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган "Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи" аттуу эл аралык форумга катышат.


******


Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в г. Ашхабад

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 11 октября, прибыл с рабочим визитом в г. Ашхабад (Туркменистан).

Борт Главы государства приземлился в международном аэропорту столицы Туркменистана.

Президента Садыра Жапарова встретил заместитель Председателя Кабинета министров Туркменистана Баймырад Аннамамедов и другие официальные лица.

В аэропорту была расстелена ковровая дорожка, выстроен почетный караул. Дети в национальных костюмах, приветствуя Садыра Жапарова, преподнесли ему цветы.

Напомним, что Президент Садыр Жапаров, по приглашению Президента Туркменистана Сердара Бердымухамедова, примет участие в международном форуме «Взаимосвязь времен и цивилизаций — основа мира и развития», приуроченном к 300-летию туркменского поэта и философа Махтумкули Фраги.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Ашхабад шаарына келди

***

🎥Видео: Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в г. Ашхабад
Президент Садыр Жапаров түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган форумга катышуу үчүн Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасына түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтык жана өнүгүүнүн негизи” эл аралык форумуна катышуу үчүн келди.

Мамлекет башчысын Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары форумга катышуу үчүн залга өтүштү.

**********

Президент Садыр Жапаров прибыл в Торгово-промышленную палату Туркменистана для участия в форуме, приуроченном к 300-летию туркменского поэта и философа Махтумкули Фраги

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 11 октября, прибыл в Торгово-промышленную палату Туркменистана для участия в международном форуме «Взаимосвязь времен и цивилизаций – основа мира и развития», приуроченном к 300-летию туркменского поэта и философа Махтумкули Фраги.

Главу государства приветствовал Президент Туркменистана Сердар Бердымухамедов.

После завершения церемонии приветствия и совместного фотографирования главы делегаций перешли в зал для участия в форуме.
2025/01/09 17:36:03
Back to Top
HTML Embed Code: