Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров Италиянын ишкер жана чыгармачыл чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-октябрда, Италия Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана маданият ишмерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, Кыргызстандын негизги тармактарына инвестиция тартуу, ошондой эле эки өлкөнүн маданий байланыштарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы бизнес жана маданият мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоонун куралы катары маанилүү экенин белгилеп, Кыргызстандын италиялык ишкерлер жана инвесторлор менен өнөктөштүккө кызыкдар экенин белгиледи.

Президент Кыргызстан Италия менен өз ара аракеттенүүнү ар тараптуу бекемдөөгө, биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди илгерилетүүгө ниеттенип жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Италиянын ишкер жана чыгармачыл чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, соода, өнөр жай, туризм жана маданият өңдүү тармактарда өз ара аракеттенүү үчүн олуттуу потенциалды белгилешти.

Италиянын бизнес-коомчулугу Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга жана ар кыл тармактарда алдыңкы технологиялар менен тажрыйба алмашууга даяр экендигин баса белгилешти.

Жолугушууда эки өлкөнүн маданий байланыштарын, анын ичинде искусство, кино, музыка жана театр тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу чыңдоонун маанилүүлүгү да белгиленди.
Президент Садыр Жапаров провел встречу с представителями деловых и творческих кругов Италии

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 3 октября, в рамках официального визита в Итальянскую Республики провел встречу с представителями бизнес-сообщества и деятелями культуры.

Обсуждены вопросы углубления экономического сотрудничества, привлечения инвестиций в ключевые отрасли Кыргызстана, а также развития культурных связей между двумя странами.

Глава государства подчеркнул важность бизнеса и культуры как инструментов для укрепления межгосударственных отношений и отметил заинтересованность Кыргызстана в партнерстве с итальянскими предпринимателями и инвесторами.

Президент обозначил, что Кыргызстан намерен всесторонне укреплять взаимодействие с Италией и содействовать продвижению совместных проектов и инициатив.

В свою очередь, представители деловых и творческих кругов Италии выразили заинтересованность в развитии сотрудничества с Кыргызстаном, отметив значительный потенциал для взаимодействия в таких областях, как торговля, промышленность, энергетика, туризм и культура.

Они подчеркнули готовность деловых кругов Италии инвестировать в экономику Кыргызстана и поделиться передовыми технологиями и опытом в различных отраслях.

В ходе встречи также была отмечена важность укрепления культурных связей между двумя странами, в том числе через совместные проекты в области искусства, кино, музыки и театра.
Ватиканда Президент Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болду

Бүгүн, 4-октябрда Ыйык Тактыга (Ватикан) жасаган расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова Рим Папасы Франциск менен жолугушту.

Мамлекет башчысы тынчтыктын, адилеттүүлүктүн жана элдер менен диндердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн жогорку принциптерин жана идеалдарын илгерилетүүгө болгон берилгендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Рим Папасы Францисктин дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында чыр-чатактарды чечүүгө жана адилеттүүлүктү орнотууга кошкон жеке чоң салымын айтып өттү.

Президент Кыргызстан ондогон этникалык топтордун өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашаган светтик көп улуттуу мамлекет экенин баса белгиледи. Мамлекет дин тутуу эркиндигин кепилдейт жана дин тутуп, сыйынуусуна кийлигишпейт.

Конфессиялар аралык ынтымак тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров Кыргызстанда өлкөнүн бардык диний жамааттары биздин коомдун ажырагыс бөлүгү болуп саналарын жана анын өнүгүшүндө маанилүү ролду ойной турганын кошумчалады.

Ал ошондой эле Кыргызстандын салттуу баалуулуктарынын бири дайыма толеранттуулук жана маданий көп түрдүүлүктү урматтоо болуп келгенин белгиледи. Руханий-адеп-ахлактык принциптер тарых бою кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүндө маанилүү роль ойногон.

Рим Папасы Франциск да Кыргызстандын көп улуттуу жана көп конфессиялуу коомду колдоо аракетин жогору баалап, бул баалуулуктарды сактоо боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Баарлашуунун аягында Президент Садыр Жапаров Рим Папасы Францискти анын өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
В Ватикане состоялась встреча Президента Садыра Жапарова с Папой Римским Франциском

Сегодня, 4 октября, в рамках официального визита в Святой Престол (Ватикан) состоялась встреча Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и Первой леди Айгуль Жапаровой с Папой Римским Франциском.

Глава государства выразил сердечную признательность за неизменную преданность продвижению высоких принципов и идеалов мира, справедливости и взаимопонимания между народами и религиями.

Садыр Жапаров отметил большой личный вклад Папы Римского Франциска в разрешение конфликтов и восстановление справедливости в самых разных уголках мира.

Президент подчеркнул, что Кыргызстан является светским многонациональным государством, в котором в мире и согласии живут представители десятков этнических групп. Государство гарантирует свободу вероисповедания и не вмешивается в отправление культов.

Говоря о межконфессиональном согласии, Садыр Жапаров добавил, что в Кыргызстане
все религиозные общины страны являются неотъемлемой частью нашего общества и играют важную роль в его развитии.

Он также отметил, что одной из ключевых традиционных ценностей Кыргызстана всегда были толерантность и уважение к культурному многообразию. Духовно-нравственные принципы на протяжении всей истории играли важную роль в развитии кыргызской государственности.

Папа Римский Франциск также высоко оценил усилия Кыргызстана в поддержке многонационального и многоконфессионального общества, отметив важность продолжения работы по сохранению этих ценностей.

В завершение беседы Президент Садыр Жапаров пригласил Папу Римского Франциска посетить Кыргызстан с визитом в любое удобное для него время.
2024/12/25 06:37:47
Back to Top
HTML Embed Code: