Telegram Web Link
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Чүй облусунда фармацевтикалык завод ачты

****

🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров открыл фармацевтический завод в Чуйской области
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров “Бай Элим” айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү заводун ачты 


****


🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров открыл завод по переработке сельхозпродукции компании «Бай Элим» в Чуйской области
Президент Садыр Жапаровдун Карылар күнүнө карата куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Ардактуу аталар, кымбаттуу энелер!

Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!

Кылымдарды карыткан кыргыз элинде улууларды урматтоо эзелтен эле калыптанып, каны-жаны менен бүгүнкү күнгө чейин жеткен. “Карынын кебин капка сал”, “Карынын сөзү - жамак, жамагы жашоого - сабак”, “Карынын сөзү кеп болот, калайыкка эп болот”, “Ак сакалдуу карыя – акылы терең дарыя” деген макалдарыбыз буга таасын күбө.

Улуу муунга кам көрүү биздин абийирибиздеги милдет жана ар-намыс экенин жакшы түшүнөбүз. Ата-бабаларыбыздан келаткан нарк-насилди сактап, улууларды баалап-барктоого бар күчүбүздү жумшайбыз.

Биздин улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясатыбыз адам укуктарын ишке ашыруу жаатындагы ратификацияланган эл аралык келишимдерге, Конституциябыз баш болгон мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылып келет.

Негизги максатыбыз – улуу муундун өкүлдөрү коопсуз коомдо кадыр-барктуу өмүр сүрүүсүн, мамлекеттин өнүгүүсүнө толук кандуу катышуусун камсыз кылуу. Анын негизинде Кыргызстанда карыларыбыздын турмуш шарттарын жакшыртуу саясатын жүргүзүү боюнча активдүү иш-чаралар күч алууда.

Ата-апаларыбызды татыктуу пенсия менен камсыздоо аракеттери акыркы үч жылда чоң көрсөткүчкө жогорулады. Алсак, 2022-жылы пенсиялар орточо 33 %га көбөйсө, 2023-жылы 30 миң сомго чейинки пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 38% га жогорулады. 2024-жылы пенсияларды эки этап менен жогорулатып, октябрь айынан тарта өлкөдөгү эң аз пенсияны 6900 сомго жеткирүү тапшырмасын койгонмун. Бул тапшырманын негизинде 1-июлдан тартып пенсиялар пенсиянын толук базалык бөлүгүнө чейин, тагыраагы 3170 сомго жеткирилген. 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 %га жогорулап, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйүп, минималдуу пенсия 6900 сомду түзөт.

Мына ушундай аракеттердин жана жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин ченемдерин аткарууга жетиштик. Мамлекет мындан ары да улуу курактагы адамдар үчүн татыктуу, туруктуу жана канааттандырарлык келечекти камсыз кылуу маселелерин чечүү боюнча тынымсыз иш алып барууда.

Урматтуу аталар жана апалар!

Буга чейинки басып өткөн өмүр жолуңуздарда өлкөбүздүн, кийинки муундун жаркын келечеги деп кылган кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. “Карынын сөзү – акылдын көзү” деген накыл кеп сымал, сиздердин берген кеп-кеңешиңиздер азыр да биз үчүн абдан баалуу.

Жашооңуздардын ар бир күнү жакындарыңыздардын жылуулугу менен толуп турсун! Ар дайым ата-бабаларыбыздан калган нарк-насилди нускоочу тирегибиз болуп жүрө бериңиздер.

Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалайм!

Бар болуңуздар!”.
Поздравление Президента Садыра Жапарова с днем пожилых людей

Президент Садыр Жапаров сегодня, 1 октября, поздравил кыргызстанцев с днем пожилых людей.

Приводим текст поздравления Главы государства:

«Достопочтенные отцы, дорогие матери!

Уважаемые представители старшего поколения!

У кыргызского народа, традиция почитания и уважения к старшим формировалась издревле и сохранилась до наших дней. Об этом свидетельствуют народные пословицы «Слова старца собирай в мешок», «Совет пожилого – урок на всю жизнь», «Речь старца как мудрость, произнесенная среди народа», «Умный старик – текущая река».

Мы понимаем, что забота о старшем поколении – наш долг и честь. Мы сделаем все возможное, чтобы сохранить ценности, переданные нашими предками, и уважать старших.

Наша государственная политика в отношении пожилых людей осуществляется в соответствии с ратифицированными международными соглашениями в сфере реализации прав человека, законами, основанными на нашей Конституции.

Наша основная цель – обеспечение достойной жизни для наших представителей старшего поколения в безопасном и достойном обществе и их полноценного участия в развитии государства. В этом направлении, а также с учетом основных принципов и норм в области активного старения, в целях улучшения условий жизни пожилых в Кыргызстане набирает силу направление политики активного долголетия.

За последние три года значительно возросли усилия по обеспечению наших дедушек и бабушек достойной пенсией. Например, в 2022 году пенсии выросли в среднем на 33 %, в 2023 году страховые части пенсий до 30 тысяч сомов повысились на 38 %. В 2024 году я поставил задачу повысить пенсии в два этапа, и начиная с октября минимальная пенсия в стране составит 6900 сомов. На основании этого решения с 1 июля текущего года пенсии были увеличены до полной базовой части пенсии, а точнее до 3 170 сомов. С 1 октября 2024 года страховая часть пенсии увеличится на 18 %, минимальная сумма увеличится как минимум на 1 000 сомов, а минимальная пенсия составит 6900 сомов.

В результате таких усилий и реформ впервые в истории независимого Кыргызстана нам удалось выполнить нормы статьи 44 Конституции Кыргызской Республики. Государство продолжает неустанно работать над обеспечением достойной, стабильной и благополучной жизни пожилым гражданам.

Дорогие наши дедушки и бабушки!

Я хотел бы поблагодарить вас за вклад, который вы внесли в развитие нашей страны и светлое будущее следующих поколений. Как говорится «Слово старца – глаза разума», ваши советы для нас по-прежнему очень ценны. Поэтому не зря говорится, что «У кого есть старики, у того есть и счастье».

Пусть каждый день вашей жизни будет наполнен теплотой и любовью ваших близких! Вы всегда останетесь опорой ценностей, оставленных нашими предками.

Желаю Вам долгих лет жизни и благополучия!

Будьте здоровы!»
Президент Садыр Жапаров Италияга жана Ыйык Тактыга (Ватикан) расмий сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 2-4-октябрь күндөрү Италия Республикасына жана Ыйык Тактыга (Ватикан) расмий сапар менен барат.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“3-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Италия Республикасынын Президенти Серджо Маттарелла, Италия Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Джорджей Мелони, Италия Республикасынын Депутаттар палатасынын Төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италия Республикасынын Сенатынын Төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Италияга болгон сапардын алкагында тараптар кыргыз-италиялык мамилелеринин бүтүндөй комплексин жана алардын өнүгүү келечегин талкуулашат, ошондой эле эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашат.

2024-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болот”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.
**
Президент Садыр Жапаров с официальными визитами посетит Италию и Святой Престол (Ватикан)

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров посетит Итальянскую Республику и Святой Престол (Ватикан) 2-4 октября 2024 года с официальными визитами.

Об этом сообщил заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Кыргызской Республики Муратбек Азымбакиев.

«3 октября запланированы двусторонние переговоры Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова с Президентом Итальянской Республики Серджо Маттарелла, Председателем Совета Министров Итальянской Республики Джорджей Мелони, Председателем Палаты депутатов Итальянской Республики Лоренцо Фонтана и Председателем Сената Итальянской Республики Иньяцио Ла Русса.

В рамках визита в Италию стороны обсудят весь комплекс кыргызско-итальянских взаимоотношений и перспективы их развития, а также обменяются мнениями по международной повестке.

4 октября 2024 года состоится встреча Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова с Папой Римским Франциском», - отметил Муратбек Азымбакиев.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 менен кабыл алынган “Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

Алсак, кабыл алынган Мыйзам төмөнкү ченемдерди караштырат:

– сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандарынан добуш берүү мүмкүндүгү алынып салууда;
– эгерде талапкер мамлекеттик же муниципалдык ишкананын жетекчиси болсо, көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат;
– эгерде талапкер мамлекеттик саясий кызматчы болсо, көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот;
– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочуларды маалымдоо боюнча зарыл чараларды көрүүнү жогорулатуу бөлүгүндө шайлоо комиссияларга жана маалыматтык материалдарга кошумча талаптар белгиленүүдө;
– кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө байланыштуу жана (же) администрациялык-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылган учурда Президент жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону шайлоо күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен дайындайт;
– эмгек келишиминин (контракттын) негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жумушка алынган кызматкер жергиликтүү кеңештин депутаты боло албайт.
2024/12/26 06:45:05
Back to Top
HTML Embed Code: