Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Зардалы айылына барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына барды.

Сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

Ал алыскы аймактардагы калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана ири долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров келерки жылдын жазында калктуу конушка баруучу жолдун курулушу башталаарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.

Айыл тургундары Президентке ыраазычылык билдирип, бул Мамлекет башчынын алардын калктуу конушуна болгон биринчи сапары экенин белгилешти.

Алардын айтымында, негизги көйгөйлөр болуп жолдун жана электр энергиясынын жоктугу саналат.

Мындан тышкары, жашоочулар уюлдук байланыш маселесин чечүү өтүнүчү менен кайрылышты, ал боюнча Президент Садыр Жапаров Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине тиешелүү тапшырмаларды берди.
*******
Президент Садыр Жапаров посетил село Зардалы Баткенской области

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 29 сентября, посетил отдаленное село Зардалы в Баткенской области.

В ходе визита Глава государства рассказал о социально-экономических достижениях страны.

Он отметил важность развития инфраструктуры и реализации крупных проектов для улучшения качества жизни населения в отдаленных регионах.

Садыр Жапаров обозначил, что весной следующего года начнется строительство дороги в населённый пункт, после чего будут проведены работы по обеспечению Зардалы электроэнергией.

Жители села выразили благодарности Президенту, отметив, что это первый визит Главы государства в их населенный пункт.

Основными проблемами, по их словам, являются отсутствие дороги и электричества.

Кроме того, жители обратились с просьбой решить вопрос сотовой связи, на что Президент Садыр Жапаров дал соответствующие поручения сотрудникам Администрации Президента.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Зардалы айылына барды


***

🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров посетил село Зардалы Баткенской области
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Япониянын U-20 жаштар курама командаларынын футбол беттешине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргыз Республикасынын жана Япониянын U-20 жаштар командаларынын ортосундагы футболдук беттешке барды.

Кыргызстан менен Япониянын курама командаларынын беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Бул беттеш 2025-жылдагы U-20 жаштар арасындагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында өттү.

****

Президент Садыр Жапаров посетил матч молодёжных команд U-20 Кыргызстана и Японии

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 29 сентября, на столичном стадионе им. Долона Омурзакова посетил футбольный матч между молодёжными командами U-20 Кыргызской Республики и Японии.

Матч между командами Кыргызстана и Японии завершился вничью со счетом 1:1.

Данный матч проходил в рамках Отборочных игр Кубка Азии 2025 среди молодежных команд U-20.
2024/09/30 21:33:10
Back to Top
HTML Embed Code: