Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров встретился с японскими бизнесменами

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 27 сентября, встретился с представителями бизнеса из Японии.

Приветствуя гостей, Глава государства подчеркнул важность обсуждения возможностей для сотрудничества между Кыргызстаном и Японией. Он отметил, что совместные усилия могут способствовать созданию новых перспектив для бизнеса.

Президент акцентировал внимание на том, что с 2021 года в Кыргызстане проводятся реформы практически во всех основных сферах жизнедеятельности страны. В стране объявлена решительная борьба с коррупцией, которая широко затрагивает экономику, управление и общество. Прилагаются все усилия, чтобы Кыргызстан стал страной, где каждый гражданин и иностранный инвестор могут чувствовать себя в безопасности и вести свои дела спокойно.

Кроме того, Глава государства обозначил, что в результате реформы налогового законодательства, в стране был установлен либеральный налоговый режим. Ведется постоянная работа над совершенствованием налогового управления, включая внедрение цифровых технологий в деятельность налоговых органов, что создает условия для обеспечения прозрачности налоговой системы.

Президент Садыр Жапаров отметил, что в последние годы поток прямых иностранных инвестиций в экономику страны значительно увеличился, подчеркнув, что Кыргызстан остается открытым для активного диалога и сотрудничества с зарубежными партнерами.

Представители японского бизнес-сообщества в свою очередь выразили искреннюю благодарность Президенту Садыру Жапарову за теплый прием и возможность провести личную встречу. Они отметили значимость такого диалога для укрепления деловых отношений и дальнейшего сотрудничества.

В ходе беседы они подчеркнули свою заинтересованность в сотрудничестве по таким направлениям, как медицина, включая создание диагностических центров и обучение медицинского персонала этих учреждений. Также представители бизнеса выразили готовность работать в таких сферах, как банковское дело, туризм, энергетика и спорт.

В завершение встречи Президент Садыр Жапаров поручил министру экономики и коммерции Данияру Амангельдиеву поддерживать тесный контакт с японскими бизнесменами и предоставить им всестороннюю помощь в решении возникающих вопросов.
Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын талаасында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү улантууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Фиджи Республикасынын Президенти Рату Вильям Мэйвалили менен жолугушту.

Андан кийин анын Бруней-Даруссалам Мамлекетинин тышкы иштер министри Эриван Юсуф, Индонезия Республикасынын тышкы иштер министри Ретно Марсуди жана Микронезия Федеративдик Штаттарынын тышкы иштер министринин орун басары Рики Кантеро менен жолугушуулары болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Муратбек Азымбакиев 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болууга Кыргызстан талапкерлигин көрсөткөндүгү, шайланган учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги өлкөнүн пландары жана артыкчылыктары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле ал жолуккандарына Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун алдыдагы шайлоого Кыргызстандын талапкерлигин колдоо боюнча өтүнүч катын тапшырды.

Мындан тышкары, Муратбек Азымбакиев Өзбекстан Республикасы БУУнун Цивилизациялар альянсы менен биргеликте уюштурган “Маданияттар аралык жана региондор аралык диалог аркылуу туруктуу өнүгүү үчүн бейпил жана инклюзивдик коомчулуктарды алдыга жылдыруу” темасындагы жогорку деңгээлдеги панелдик талкууга катышты.

Жогорку деңгээлдеги иш-чарага Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов, Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сиярто, Бириккен Араб Эмираттарынын маданият министри Шейх Салем Аль Кассими жана эл аралык уюмдардын жана делегациялардын өкүлдөрү катышты.

Панелдик дискуссиянын катышуучулары тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн маданияттар аралык жана региондор аралык диалогду бекемдөөнүн актуалдуулугун белгилешти.
Заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев продолжает проводить ряд двусторонних встреч на полях Недели высокого уровня 79-й сессии ГА ООН

Заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Кыргызской Республики Муратбек Азымбакиев продолжает проводить ряд двусторонних встреч на полях Недели высокого уровня 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН в г. Нью-Йорк


Заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Кыргызской Республики Муратбек Азымбакиев встретился с Президентом Республики Фиджи Рату Вильям Мэйвалили.

Далее состоялись его встречи с министром иностранных дел Государства Бруней-Даруссалам Эриван Юсуфом, министром иностранных дел Республики Индонезия Ретно Марсуди и заместителем министра иностранных дел Федеративных Штатов Микронезии Рики Кантеро.

В ходе переговоров Муратбек Азымбакиев информировал о выдвижении кандидатуры Кыргызстана на место непостоянного члена Совета безопасности ООН на 2027–2028 годы, планах и приоритетах страны в Совете безопасности ООН в случае её избрания.

Также он передал собеседникам послание Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова с просьбой о поддержке кандидатуры Кыргызстана на предстоящих выборах.

Кроме того, Муратбек Азымбакиев также принял участие в панельной дискуссии высокого уровня по теме: «Продвижение мирных и инклюзивных сообществ для устойчивого развития через межкультурный и межрегиональный диалог», организованной Республикой Узбекистан совместно с Альянсом цивилизаций ООН.

В мероприятии высокого уровня приняли участие министр иностранных дел Узбекистана Бахтиёр Саидов, министр иностранных дел и торговли Венгрии Петер Сиярто, министр культуры ОАЭ Шейх Салем Аль Кассими и представители международных организаций и делегаций.

Участники панельной дискуссии отметили актуальность укрепления межкультурного и межрегионального диалога для обеспечения мира и устойчивого развития.
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда мунайды кайра иштетүүчү «Кыргыз Петролеум Компани» заводун модернизациялоого “мезгил кутусун” салды


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү “Кыргыз Петролеум Компани” заводун модернизациялоого “мезгил кутусун” салуу иш-чарасына катышты.

“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому менен “ПетроКыргызстан” (Джерси) жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда “Кыргыз Петролеум Компани” биргелешкен ишканасын түзүү боюнча келишим түзүлгөнү белгиленди. “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому өлкөдөгү нефтини кайра иштетүүчү ири өндүрүштүк ишкана болуп саналат жана үч түрлүү мунай продукциясын өндүрөт: АИ 80 бензин, дизель жана мазут. Бул бүтүмдүн катышуучуларынын ортосунда үлүштөр 50/50 пайыздан бөлүштүрүлгөн. 1995-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен инвестициялык макулдашууга кол коюлгандан кийин, чет өлкөлүк инвестор инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттенмелерди каржылоо үчүн инвестициялык каражаттарды, анын ичинде мунай иштетүүчү заводду курууга жана өнүктүрүүгө алгачкы салымды берген. Жалал-Абад шаарында нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушу 1996-жылдын январында башталып, ошол эле жылдын сентябрь айында бүткөрүлгөн. “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАКунун мунайды кайра иштетүүчү заводун көп жылдан бери модернизациялоо зарылчыгы болуп келген, бирок ал иштер максатына жетпей келген.

Мамлекет башчысы чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, бүгүнкү окуя - өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи. Бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо менен гана чектелбестен, мунай иштетүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө боло турган олуттуу натыйжага жетишилет.

https://president.kg/news/all/25774
*******
Президент Садыр Жапаров заложил капсулу, символизирующую модернизацию нефтеперерабатывающего завода в г. Джалал-Абад


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров, сегодня, 28 сентября, в ходе рабочей поездки в Джалал-Абадскую область принял участие в закладке капсулы, символизирующую модернизацию нефтеперерабатывающего завода «Кыргыз Петролеум Компани» в г. Джалал-Абад.

Отмечается, что между открытым акционерным обществом «Кыргызнефтегаз» и обществом с ограниченной ответственностью «ПетроКыргызстан» (Джерси) заключено соглашение о создании совместного предприятия «Кыргыз Петролеум Компани». Закрытое акционерное общество «Кыргыз Петролеум Компани» является крупнейшим нефтеперерабатывающим предприятием в стране, производящим три вида нефтепродуктов: бензин АИ-80, дизельное топливо и мазут. Доли между участниками данного соглашения распределены 50/50 процентов. В декабре 1995 года, после подписания инвестиционного соглашения с Правительством Кыргызской Республики, иностранный инвестор внес первоначальные средства для финансирования обязательств по этому соглашению, включая строительство и развитие нефтеперерабатывающего завода. Строительство нефтеперерабатывающего завода в г. Джалал-Абад началось в январе 1996 года и было завершено в сентябре того же года. Необходимость модернизации нефтеперерабатывающего завода «Кыргыз Петролеум Компани» существовала на протяжении многих лет, но эти работы не достигли своей цели.

Глава государства, выступая перед собравшимися, отметил, что сегодняшнее событие является важным для экономики страны. Реализация этого проекта позволит не только обеспечить энергетическую безопасность Кыргызстана, но и достигнуть значительных результатов, способствующих развитию нефтеперерабатывающей отрасли на новый уровень.

https://president.kg/news/all/25774
Президент Садыр Жапаров Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы административдик жана окуу корпустарын ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы административдик жана окуу корпустарынын ачылыш аземине катышты.

2024-жылы 3 кабаттуу, 1500 орундуу, жалпы аянты 4580 чарчы метрлик окуу корпусунун курулушу аяктаган. Мындан тышкары 2080 чарчы метрлик 3 кабаттуу административдик имараттын курулушу аяктады. Жаңы корпустар заманбап компьютердик технологиялар, эмеректер жана керектүү жабдуулар менен жабдылган.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул окуянын облустун жана жалпы республикадагы билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү маанисин белгиледи.

Садыр Жапаров Жалал-Абад мамлекеттик университети Кыргызстандын алгачкы окуу жайлардын бири болгонун, бул жерде алгач 1923-жылы кыска мөөнөттүү педагогикалык окуу курсу ачылганын айта кетти. Ал эми 1993-жылы болсо агроөнөр жай, педагогикалык билим берүү, курулуш, электроника, энергетика боюнча жогорку билимдүү адистерди даярдоо максатында Жалал-Абад мамлекеттик университети түптөлөт. Ал сыймыктануу менен ошол күндөн тарта ушул күнгө чейин университеттен жогоруда аталган тармактарды өнүктүрүүгө зор салым кошуу менен өлкөнүн өнүгүшүнө из калтырган миңдеген адистер чыкканын белгиледи.

Президент илимдин 36 доктору, 92 кандидаты башында турган профессордук-окутуучулук курамга ишке берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Садыр Жапаров окутуучулар жамаатынын ичинде Кыргыз Республикасынын илимине, билим берүүсүнө жана экономикага эмгек сиңирген ишмерлер, мамлекеттик сыйлыктардын ээлери, билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун, экономиканын жана спорттун мыктылары бар экени окуу жайда сапаттуу курам эмгектенерин айгинелеп турарын айтты.

Мамлекет башчысы окутуучулук курамга кайрылып, өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн бардык тармактарда күчтүү, квалификациялуу, заманбап адистер талап кылынып жатканына токтоло кетти. Мындан улам аларды кесипкөй адистерди даярдап чыгаруу жаатындагы ишмердиктин натыйжасын көрсөтүүгө чакырды.

Мындан тышкары Садыр Жапаров Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун алкагында миллиондогон сомдук долбоорлордун үстүндө иштеп жаткан студенттердин ишмердүүлүгүн жогору баалап, бул, албетте, университеттин келечеги үчүн жаңы перспективаларды ача турганын белгиледи.

“Биздин эң чоң ресурсубуз билимдүү жаштарыбыз менен сабаттуу элибиз болгондуктан, билим берүү маселелерине өзгөчө көңүл бурабыз жана артыкчылык беребиз. Бүгүн силердин университетиңердеги жаңы окуу корпустары, чынында силер үчүн, силердин сапаттуу билим алышыңар үчүн курулду. Биз тарыхыбызга таазим кылып, Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатабыз. Мына ошондогу мамлекет түптөөчү аталарыбыздын эң негизги максаты - элинин эркиндиги, билимге умтулуу, эли-журтунун кат-сабатын жоюу болгон. Алар чоң-чоң иштерге билимдин аркасынан гана жетүүгө болоорун аңдап-түшүнүшкөн. Биз мына жаңы Кыргызстанды курууга бет алдык”, - деп Мамлекет башчысы жаштарга кайрылды.

Президент сөз сүйлөгөндөн кийин жаңы корпустарды кыдырып, окуу класстарын, спорт жана жыйындар залдарын, ашкананы, лабораториялар жана башка жайларды, анын ичинде робототехника кабинетин көрүп чыкты.

Андан соң Мамлекет башчысы студенттер менен баарлашып, заман агымынан артта калбай, университетте жакшы окуп, андан ары билимди өркүндөтүп, тандаган кесиптин татыктуу адиси болууга умтулуп, жаңы Кыргызстанды курууга жигердүү катышуу керектигине басым жасады.
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик колдоо жана университеттин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууда жана жаңы Кыргызстанды курууга жигердүү катыша турган кадрларды даярдоодо оң натыйжаларды берерине ишенимин билдирди.
2024/09/29 11:14:35
Back to Top
HTML Embed Code: