Президент Садыр Жапаровдун Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
“Урматтуу мекендештер!
Сиздерди бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Мамлекеттик тил – эгемен мамлекеттин эң башкы белгилеринин бири.
Биздин тарых-таржымалыбыз менен көөнө маданиятыбыз эне тилден башат алат. Улут уңгусуна, анын нарк-насилине жан салып сактап келген, сактай турган дагы дал ушул эне тилибиз!
Көп тилдерден айырмаланып, кыргыз тили көөнө тил корун түзгөн тилдердин катарына кирет. Ошондой эле биздин эне тилибиз – жалпы түркий тектеш тилдердин өзөгү болуп келген улуу тил. Анын башкалардан өзгөчөлүгү мына ушунда.
Дегеле, ким болбосун тилди таза сактап, дилди аруу тутууга тийиш. Тил менен дил өз ара жуурулушканда гана ата-бабаларыбыздан кылымдардын кыйрынан бери муундан-муунга таберик болуп келаткан нарк-насил менен салт-санаа, акыл-парасат менен адеп-ахлактык келечекке өз кызматын үзгүлтүксүз өтөй алат. Ал эми өз эне тилине дилин бербеген, дитин койбогон, анын келечегине кам көрбөгөн элдин арымы кыска, келечеги бүдөмүк болот.
Мына ошондуктан мамлекеттик тил саясаты мамлекеттик саясаттын эң маанилүү ажырагыс бөлүгү. Ага жараша азыркы ааламдашуу доорунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жигердүү аракет жасоого тийишпиз, ансыз болбойт. Жашоо-турмушубуздун бардык тармагын кучагына алган санарип технологиясы менен мамлекеттик тилдин колдонуу айдыӊын кеңейтүү аркылуу биз билим берүү сапатын жакшыртабыз, этностор аралык биримдикти чыңдайбыз жана ошондой эле улуттук баалуулуктарыбызды бекемдей алабыз.
Урматтуу мекендештер!
Кезинде кыргыз тили адабияттын, маданияттын тили боло алабы деген сындуу собол турган. Ага мезгил өзү жооп берди. Кыргыз тили мамлекеттик деӊгээлдеги иш кагаздарынын тилине, анын ичинде мыйзам тилине, илим менен билимдин тилине айланды.
Кыргызстандыктарды бир туунун астына бириктирип, коомдогу туруктуулукту камсыз кылып келаткан эне тилибизди аздектеп сактоо жана аны жалпы улуттук орток тил катары өнүктүрүү – биздин башкы парзыбыз.
Улуттук биримдикти жана социалдык туруктуулукту сактап, келкели келип турган келечек муунга эне тилибизди татыктуу өткөрүп берели!
Дагы бир жолу баарыңыздарды Мамлекеттик тил майрымыӊыздар менен куттуктайм!”.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 23-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоо сөзүн окуду.
Эске салсак, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын кабыл алган.
*****
Государственный секретарь Суйунбек Касмамбетов принял участие в торжественном мероприятии в честь Дня государственного языка
Государственный секретарь Кыргызской Республики Суйунбек Касмамбетов сегодня, 23 сентября, принял участие в торжественном мероприятии в честь 35-летия принятия Закона Кыргызской Республики “О государственном языке Кыргызской Республики” в Кыргызской национальной филармонии имени Т. Сатылганова.
Мероприятие организовано Национальной комиссией по государственному языку и языковой политике при Президенте Кыргызской Республики, где Суйунбек Касмамбетов зачитал поздравление Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова с Днем государственного языка.
Отметим, что 23 сентября 1989 года Верховный совет Киргизской ССР принял закон «О государственном языке Киргизской ССР».

Бишкекте кезектеги III Элдик Курултай өтөт
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасында элдик бийликтин негиздерин, улуттук аң-сезимди, элдин биримдигин жана ынтымагын мындан ары бекемдөө, жарандык коомду консолидациялоо, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында, “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 11-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
1. Бишкек шаарында кезектеги III Элдик Курултайды
(мындан ары – Элдик Курултай) өткөрүү 2024-жылдын 20-декабрына дайындалсын.
2. Элдик Курултайдын 700 (жети жүз) делегатынын квоталарга бөлүнүшү тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетине, Элдик Курултайдын катчылыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, ошондой эле Кыргызстан элинин ассамблеясына (макулдашуу боюнча) тапшырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
жер-жерлерде делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча чараларды көрсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын
29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы;

29-ноябрындагы № 324 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгы.

В Бишкеке пройдет очередной III Народный Курултай
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ «О проведении очередного III Народного Курултая».
В целях дальнейшего укрепления основ народной власти, национального сознания, единства и согласия народа Кыргызской Республики, консолидации гражданского общества, устойчивого развития страны, в соответствии со статьями 3, 11 конституционного Закона Кыргызской Республики «О Народном Курултае», статьями 70, 71 Конституции Кыргызской Республики постановляется:
1. Назначить проведение очередного III Народного Курултая (далее – Народный Курултай) в городе Бишкек на 20 декабря 2024 года.
2. Утвердить распределение квот 700 (семьсот) делегатов Народного Курултая согласно приложению.
3. Кабинету Министров Кыргызской Республики совместно с Управлением делами Президента Кыргызской Республики принять соответствующие меры, вытекающие из настоящего Указа.
4. Организацию проведения выборов делегатов Народного Курултая поручить организационному комитету по проведению очередного III Народного Курултая и координации работы по выборам делегатов, секретариату Народного Курултая, полномочным представителям Президента Кыргызской Республики в областях, местным государственным администрациям, органам местного самоуправления, Министерству иностранных дел Кыргызской Республики, Министерству труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики, Министерству культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики, а также Ассамблее народа Кыргызстана (по согласованию).
5. Министерству внутренних дел Кыргызской Республики принять меры по охране общественного порядка и безопасности в период организации и проведения выборов делегатов на местах.
6. Признать утратившими силу:
– Указ Президента Кыргызской Республики «О проведении Народного Курултая» от 29 августа 2023 года № 215;
– Указ Президента Кыргызской Республики «О внесении изменений в Указ Президента Кыргызской Республики «О проведении Народного Курултая» от 29 августа 2023 года № 215» от 29 ноября 2023 года № 324.
https://president.kg/news/all/25758

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында (Америка Кошмо Штаттары) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты.
Дебат башталар алдында Мамлекет башчысы жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин саламдашуу салтанаты болуп өттү.
Андан соң БУУнун Башкы катчысы дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышкан дебаттардын ачылышында баяндамасын жасады.
Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.
Анын сүйлөгөн сөзү 24-сентябрдан 25-сентябрга караган түнү болжол менен Бишкек убактысы боюнча саат 02:00-03:00 чамасында күтүлүүдө.
Түз алып берүүнү УТРК каналынан жана социалдык тармактардан көрсө болот.
**********
Президент Садыр Жапаров принял участие в церемонии открытия Общих дебатов 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 24 сентября, принял участие в открытии Общих дебатов 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН, проходящих в Нью-Йорке (Соединённые Штаты Америки).
Перед началом дебатов состоялась церемония приветствия Главы государства Генеральным секретарём ООН Антониу Гутерришем.
Далее Генсек ООН выступил с докладом на открытии дебатов, в которых принимают участие главы государств и делегации из 193 стран мира.
Президент Садыр Жапаров выступит в первый день дебатов Генеральной Ассамблеи ООН.
Его выступление ожидается в ночь с 24 на 25 сентября, ориентировочно в 02:00-03:00 по времени Бишкека.
Прямую трансляцию можно будет посмотреть на канале НТРК и на страницах социальных сетей.

Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты
**
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров принял участие в церемонии открытия Общих дебатов 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН

Президент Садыр Жапаров Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.
Тараптар соода-экономикалык, энергетикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда кызматташууга тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
Президент Садыр Жапаров эки тараптуу байланыштарды мындан ары тереңдетүүнүн, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Өз кезегинде Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух бардык багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдирип, илим, билим берүү жана экология чөйрөсүндө өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айта кетти.
Лидерлер өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө жана эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган негизги долбоорлорду биргелешип алга жылдырууга ишенимин билдиришти.
***********
Президент Садыр Жапаров встретился с Президентом Монголии Ухнаагийном Хурэлсухом
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 24 сентября, в рамках мероприятий Недели высокого уровня 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН, проходящей в г. Нью-Йорк (США), встретился с Президентом Монголии Ухнаагийном Хурэлсухом.
Стороны обсудили широкий круг вопросов, касающихся сотрудничества в торгово-экономической, энергетической и транспортно-логистической сферах.
Президент Садыр Жапаров подчеркнул важность дальнейшего углубления двусторонних связей, а также реализации совместных проектов.
Президент Монголии Ухнаагийн Хурэлсух, в свою очередь, выразил готовность к активизации сотрудничества по всем направлениям, подчеркнув важность развития партнерства в сфере науки, образования и экологии.
Лидеры выразили уверенность в дальнейшем укреплении партнерства и совместном продвижении ключевых проектов, направленных на устойчивое развитие двух стран.