Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров дүйнөгө белгилүү музыканттар Даниэль Лозакович менен Элен Мерсьенин концертине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн дүйнөгө белгилүү скрипкачы Даниэль Лозакович менен атактуу пианист Элен Мерсьенин классикалык музыка концертине барды.

Музыканттар биринчи жолу өз таланттарын бириктирип, эмоцияга толгон жана техникалык жактан мыкты уникалдуу программа түзүп, Бахтын, Брамстын сонаталарын жана виртуоздук пьесаларды аткарышып, көрүүчүлөрдү чеберчилиги менен таң калтырышты.

Концерттен кийин Президент Садыр Жапаров Даниэль Лозакович жана Элен Мерсье менен баарлашып, алардын өлкөнүн маданий турмушуна кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди, мындай нерселер руханий байланыштарды бекемдей турганын, заманбап коомдогу искусствонун маанилүүлүгүн белгилей кетти, жана артисттерге эстеликке белектерди тапшырды.

****
Президент Садыр Жапаров посетил концерт всемирно известных музыкантов Даниэля Лозаковича и Элен Мерсье

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров, сегодня, 20 сентября, посетил концерт классической музыки всемирно известных скрипача Даниэля Лозаковича и выдающейся пианистки Элен Мерсье, который прошел в Кыргызской национальной филармонии им. Т. Сатылганова.

Музыканты впервые объединили свои таланты для создания уникальной программы, полной эмоций и технического совершенства, исполнив произведения сонат Баха, Брамса и виртуозные пьесы, которые поразили публику своим мастерством.

После концерта Президент Садыр Жапаров побеседовал с Даниэлем Лозаковичем и Элен Мерсье, выразив благодарность за их вклад в культурную жизнь страны и отметил, что такие события укрепляют духовные связи и подчеркивают важность искусства в современном обществе и вручил артистам памятные подарки.
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, Нью-Йорк шаарына (Америка Кошмо Штаттары) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Келечек Саммитинин ишине катышып, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын талааларында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, жана бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөт.

Расмий делегациянын курамындагылар:
- Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев;
- Президенттин Администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Бакыт Сыдыков;
- Кыргызстандан Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.
*

Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом вылетел в Нью-Йорк

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 21 сентября, вылетел в г. Нью-Йорк (Соединенные Штаты Америки) для участия в мероприятиях Недели высокого уровня 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН.
В рамках визита Глава государства примет участие в работе Саммита Будущего и выступит на общих дебатах Генеральной Ассамблеи ООН.
Кроме того, на полях Генеральной Ассамблеи ООН состоится ряд двусторонних встреч, включая с Генеральным секретарем ООН Антониу Гутерришем.
В составе официальной делегации:
- министр иностранных дел Жээнбек Кулубаев;
- заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев;
- Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызстана в США Бактыбек Аманбаев;
- начальник управления политических и экономических исследований Администрации Президента Бакыт Сыдыков;
- Постоянный представитель Кыргызстана при ООН в г. Нью-Йорк Аида Касымалиева.
Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркко иш сапары менен келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына (Америка Кошмо Штаттары) келди.

Мамлекет башчысынын учагы Джон Кеннеди атындагы эл аралык аэропортко конду.

Эскерте кетсек, 22-сентябрда Президент Келечек Саммитинин ишине катышат, анын алкагында “Келечек пактынын” жыйынтыктоочу документи кабыл алынат.

24-сентябрда, өткөн жылдагыдай эле, Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар, анын ичинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу болот.

**

Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в Нью-Йорк

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 21 сентября, прибыл в г. Нью-Йорк (Соединенные Штаты Америки) для участия в мероприятиях Недели высокого уровня 79-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН.
Борт Главы государства приземлился в международном аэропорту имени Джона Кеннеди.

Напомним, что 22 сентября Президент примет участие в работе Саммита Будущего, в рамках которого будет принят итоговый документ «Пакт будущего».

24 сентября, также как и в прошлом году, выступление Садыра Жапарова состоится в первый день общих дебатов Генеральной Ассамблеи ООН.


Кроме того, на полях Генеральной Ассамблеи ООН состоится ряд двусторонних встреч, включая с Генеральным секретарем ООН Антониу Гутерришем.
2025/01/07 15:55:50
Back to Top
HTML Embed Code: