Telegram Web Link
Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасына Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын ысымы берилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын кыргыз-түрк мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымын таануу иретинде анын ысымы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасына ыйгарылды.

Мындан ары медициналык борбор “Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасы” деп аталат.

Бүгүнкү күндө дарылоо мекемеси коммерциялык эмес уюм болуп саналат, анын ишмердүүлүгү дарылоо-диагностикалык иштин сапатын жакшыртууга жана жарандардын саламаттыгын коргоого багытталган.

Достук ооруканасы ачылгандан бери өлкөнүн калкы медициналык кызматтардын жогорку технологиялуу түрлөрүн алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Медициналык борбордун түзүмү төмөнкүлөрдү камтыйт: медициналык тез жардам кызматы, анестезия бөлүмү, терапевттик бөлүм, гастроэнтерология, жалпы хирургия, пульмонология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, кардиология бөлүмдөрү, мындан башка поликлиника жана радиология бөлүмү.

Оорукана калкка медициналык кызмат көрсөтүүдөн тышкары, илимий иштерди да жүргүзөт.

*****

Бишкекской государственной больнице кыргызско-турецкой дружбы присвоено имя Президента Турции Реджепа Тайипа Эрдогана

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому в знак признания выдающегося вклада Президента Турецкой Республики Реджепа Тайипа Эрдогана в укрепление и развитие кыргызско-турецких отношений, его имя присвоено Бишкекской государственной больнице кыргызско-турецкой дружбы.

В дальнейшем медицинский центр будет называться «Бишкекская государственная больница кыргызско-турецкой дружбы имени Реджепа Тайипа Эрдогана».

Сегодня лечебное учреждение является некоммерческой организацией, деятельность которой направлена на улучшение качества лечебно-диагностической работы и охраны здоровья граждан.

С момента открытия больницы дружбы население страны получило доступ к высокотехнологичным видам медицинских услуг.

Структура медицинского центра включает в себя: службу экстренной медицинской помощи, отделение анестезии, терапевтическое отделение, отделения гастроэнтерологии, общей хирургии, пульмонологии, сердечно-сосудистой хирургии, кардиологии, а также поликлинику и радиологическое отделение.

Помимо оказания медицинских услуг населению, больница также занимается научной деятельностью.
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

https://president.kg/news/all/25701

*****

Подписан Указ «О роспуске местных кенешей Кыргызской Республики и назначении выборов депутатов местных кенешей
Кыргызской Республики»



Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ «О роспуске местных кенешей Кыргызской Республики и назначении выборов депутатов местных кенешей Кыргызской Республики».

https://president.kg/news/all/25701
Тойгонбай Абдыкаров Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевич берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

****

Тойгонбай Абдыкаров освобожден от должности директора Государственной комиссии по делам религий

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому руководствуясь статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевич освобожден от занимаемой должности директора Государственной комиссии по делам религий Кыргызской Республики согласно поданному заявлению.
Президент Садыр Жапаров Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 8-сентябрда Казакстан Республикасынын Астана шаарына Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн иш сапары менен барат.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Кезектеги Оюндар Казакстандын борборунда 8-13-сентябрь аралыгында өтөт. Иш-чарага 80ден ашуун өлкөдөн 3000ден ашык спортчулар катышат", - деп Муратбек Азымбакиев белгиледи.

**************

Президент Садыр Жапаров примет участие в церемонии открытия Пятых Всемирных игр кочевников

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров 8 сентября совершит рабочий визит в г. Астана Республики Казахстан для участия в церемонии открытия Пятых Всемирных игр кочевников.

Об этом сообщил заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Кыргызской Республики Муратбек Азымбакиев.

«Очередные Игры пройдут в казахстанской столице в период с 8 по 13 сентября.
В мероприятии примут участие более 3000 спортсменов из более 80 стран мира», - отметил Муратбек Азымбакиев.
Бектур Алиев Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Алиев Бектур Кубанычбекович Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

**

Бектур Алиев назначен заместителем председателя Национального банка


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал распоряжение, согласно которому в соответствии с пунктом 2 части 5 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики, частью 5 статьи 60 конституционного Закона Кыргызской Республики «О Национальном банке Кыргызской Республики» Алиев Бектур Кубанычбекович назначен заместителем председателя Национального банка Кыргызской Республики.
Некролог - Бекбосун Джайчибеков


Кыргыз Республикасынын искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады. 2024-жылдын 6-сентябрында 76 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун ардактуу жараны, жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээси Джайчибеков Бекбосун Карабекович узакка созулган оорудан соң каза болду.

Джайчибеков Бекбосун Карабекович 1948-жылы 27-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Корумду айылында туулган.
жылы Алматыдагы көркөм-сүрөт окуу жайын, ал эми 1982-жылы Москва полиграфия институтун аяктаган.

1983-жылдан тартып “Байчечекей”, “Мектеп”, “Кыргызстан”, “Адабият”, “Шам”, “Кут аалам” басмаларында улук көркөм редактор, башкы сүрөтчү болуп эмгектенген.

Б. Джайчибеков Кыргызстандагы балдар китептеринин көрүнүктүү иллюстратору болгон. Түркмөнстандын, Беларустун, Казакстандын, АКШнын, Швейцариянын китеп басмаларынын китептерин көркөмдөөгө катышып, республикалык жана эл аралык китеп көргөзмөлөрүн жана конкурстарын жеңип алган.

Анын эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, бир катар жогорку сыйлыктар менен сыйланган:

– 2007-жылы Кыргыз Республикасынын “Билим берүүнүн мыктысы” жана “Маданияттын мыкты кызматкери” наамдары ыйгарылган;
– 2011-жылы “Даңк” ордени менен сыйланган;
– 2022-жылы “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү” наамы ыйгарылган.

Бекбосун Джайчибеков Мамлекеттик туунун авторлошу катары Кыргызстандын тарыхый мурасынын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Анын мамлекетибиздин символун жаратууга кошкон салымы – бул жөн гана сүрөтчүнүн эмгеги эмес, ал баарыбызды бирдиктүү түстөр жана идеялар менен бириктирген патриоттуулуктун үлгүсү.

Ал өзүнүн өнөрү жана таланты менен Кыргызстандын биримдигин, рухун жана баалуулуктарын чагылдырган символдорду түбөлүккө калтырды. Чыгармачылыгында мекенге болгон сүйүүнү туу туткан жана улуттук өзгөчөлүгүбүздүн тереңдиги менен маанисин чагылдырган.

Джайчибеков Бекбосун Карабековичтин жаркын элеси элибиздин, чыгармачыл интеллигенциянын жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталып кала берет.
Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н.Жапаров, Н.Т.Шакиев, А.У.Жапаров, С.С.Касмамбетов, А.А. Касымалиев, Э.Ж.Байсалов, М.М.Иманкулов, А.А.Максутов, М.Ш.Шеримкулов, А.Дж.Джунушалиев, У.Э.Далиев, Ч.Эсенгул уулу, Т.М.Ажымалиев, Г.К.Абдыкалыкова, М.Т.Тагаев, Ж.Д.Джунушев, Ж.Матаев, С.М.Дубанаев, Т.Курманов, Т.С.Усубалиев, М.С.Мамбетов ж.б.
Некролог - Бекбосун Джайчибеков

Искусство Кыргызской Республики понесло невосполнимую утрату.

6 сентября 2024 года в возрасте 76 лет после продолжительной болезни скончался один из авторов Государственного флага Кыргызской Республики, народный художник Кыргызской Республики, почетный гражданин города Бишкек и Иссык-Кульской области, обладатель высоких государственных наград, Джайчибеков Бекбосун Карабекович.
Бекбосун Джайчибеков родился 27 ноября 1948 года в селе Корумду Тюпского района Иссык-Кульской области.

В 1972 году окончил художественное училище в Алматы, а в 1982 году – Московский полиграфический институт.

С 1983 года работал старшим художественным редактором и главным художником в издательствах «Байчечекей», «Мектеп», «Кыргызстан», «Адабият», «Шам», «Кут аалам».

Бекбосун Джайчибеков – стал известен как один из ведущих иллюстраторов детских книг в Кыргызстане. Принимал участие в оформлении книг книжных издательств Туркменистана, Белоруссии, Казахстана, США, Швейцарии, был победителем республиканских и международных книжных конкурсов и выставок.

Его труд был высоко оценен государством и отмечен рядом высоких наград:

– в 2007 году ему были присвоены звания «Отличник образования» и «Отличник культуры» Кыргызской Республики;
– в 2011 году награжден орденом «Данк»;
– в 2022 году присвоено звание «Народный художник Кыргызской Республики».

Бекбосун Джайчибеков как соавтор государственного флага стал неотъемлемой частью исторического наследия Кыргызстана. Его вклад в создание символа государства – это не просто работа художника, а акт патриотизма, который объединяет нас всех под едиными цветами и идеалами.

Своим талантом и вдохновением он навсегда запечатлел символы, которые отражают единство, дух и ценности Кыргызстана. Его творчество пронизано любовью к родине, и через его работы мы обретаем глубину и силу нашей национальной идентичности.

Светлая память о Бекбосуне Джайчибекове навсегда останется в сердцах нашего народа, творческой интеллигенции и родных.
Выражаем глубокие соболезнования его семье и близким и разделяем боль и горечь невосполнимой утраты.


С.Н.Жапаров, Н.Т.Шакиев, А.У.Жапаров, С.С.Касмамбетов, А.А. Касымалиев, Э.Ж.Байсалов, М.М.Иманкулов, А.А.Максутов, М.Ш.Шеримкулов, А.Дж.Джунушалиев, У.Э.Далиев, Ч.Эсенгул уулу, Т.М.Ажымалиев, Г.К.Абдыкалыкова, М.Т.Тагаев, Ж.Д.Джунушев, Ж.Матаев, С.М.Дубанаев, Т.Курманов, Т.С.Усубалиев, М.С.Мамбетов и др.
Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн иш сапары менен Казакстан Республикасына жөнөп кетти.

Расмий делегациянын курамындагылар:

- Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

- Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев.

*****

Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом вылетел в Казахстан

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров, сегодня 8 сентября, с рабочим визитом вылетел в Республику Казахстан для участия в церемонии открытия Пятых Всемирных игр кочевников.

В составе официальной делегации:

– Государственный секретарь Суйунбек Касмамбетов;

– заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев;

– министр культуры, информации, спорта и молодежной политики Алтынбек Максутов;

– Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызстана в Казахстане Дастан Дюшекеев.
Президент Садыр Жапаров Астанага келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди.

Мамлекет башчысынын борту Казакстандын баш калаасындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эл аралык аэропортто килем төшөлүп, баатырлар тизилди.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

****

Президент Садыр Жапаров прибыл в Астану

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 8 сентября, с рабочим визитом прибыл в г. Астана (Республика Казахстан).

Борт Главы государства приземлился в международном аэропорту столицы Казахстана.

Президента Садыра Жапарова встретил Премьер-министр Казахстана Олжас Бектенов и другие официальные лица.


В международном аэропорту столицы Казахстана расстелена ковровая дорожка, выстроены баатыры.

Напомним, в рамках рабочего визита Президент Садыр Жапаров примет участие в церемонии открытия Пятых Всемирных игр кочевников.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Астанага келди

****

🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров прибыл в Астану
Президент Садыр Жапаров Казакстанда Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, Казакстандын баш калаасындагы “Астана Арена” стадионунда өткөн Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Оюндардын ачылышынын алдында Садыр Жапаровду Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды, чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин өлкө лидерлери жана башка делегация башчылары оюндардын ачылыш аземи өтчү стадионго бет алышты.

Оюндардын ачылыш аземине Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Татарстан Республикасынын Башчысы Рустам Минниханов, Саха Республикасынын (Якутия) Башчысы Айсен Николаев жана башкалар да катышты.

Салтанаттуу иш-чара Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучу өлкөлөрдүн парады менен башталды.

Андан соң иш-чаранын конокторуна Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, көчмөндөрдүн тарыхы жана дүйнө таанымы тууралуу видеоролик жана театралдаштырылган шоу көрсөтүлдү. Оюндарга катышкан өлкөлөрдүн чыгармачыл жана бий топтору өнөрлөрүн тартуулашты.

Эске салсак, оюндар 8-13-сентябрь аралыгында Астанада өтөт. Иш-чарага дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнөн 3000ден ашуун спортчулары катышууда.

Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарын аяктап, 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү Бишкек шаарына кайтып келди.

*******

Президент Садыр Жапаров принял участие в открытии Пятых Всемирных игр кочевников в Казахстане

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 8 сентября, посетил церемонию открытия Пятых Всемирных игр кочевников, которая прошла на стадионе «Астана Арена» в столице Республики Казахстан.

Перед началом открытия игр Садыра Жапарова поприветствовал Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев, после совместного фотографирования лидеры стран, а также главы других делегаций направились на стадион, где проходила церемония открытия игр.

В церемонии открытия также приняли участие Президент Республики Узбекистан Шавкат Мирзиёев, Председатель Халк Маслахаты Туркменистана Гурбангулы
Бердымухамедов, Глава Республики Татарстан Рустам Минниханов, Глава Республики Саха (Якутия) Айсен Николаев и другие.

Торжественное мероприятие началось с парада стран-участниц Всемирных игр кочевников.

Далее гостям мероприятия был представлен видеоролик и театрализованное шоу о Всемирных играх кочевников, истории и мировоззрении кочевников. Выступили творческие и танцевальные коллективы стран-участниц игр.

Напомним, что Игры пройдут в Астане в период с 8 по 13 сентября. В мероприятии примут участие более 3000 спортсменов из более 80 стран мира.

Завершив рабочий визит в Казахстан, Президент Садыр Жапаров в ночь с 8 на 9 сентября вернулся в г. Бишкек.
2024/09/30 23:43:25
Back to Top
HTML Embed Code: